кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Экинчи бөлүм

I

Наркы 1842-жылдын жайы...

Шерали ээн жайытта оттоп жүргөн мал сыяктуу бейгам болучу. Эрте менен муздак кымыраңдан карды керилгенче жутуп алып, дикилдеген ылдам көк байталды минип, түнкү жайыттан саан бээлерди айдап келди да, желенин башына имерип токтотуп, кулундарды укуруктап кармап байлай баштады. Күндө кыла жүргөн иши. Эч ойсуз, капарсыз эле. Кулундарды байлап бүтөрдө ага жигит келди:

– Шерали, датка атам чакырып жатат, жүр! – деди шаштырып. Жыл маалында бир назар салып тиктеп койбогон чоң таай эмне жакшы көрүп калды экен? Шерали акыркы кулунду байлап, анан шылкыйып ойлонуп, жигитке кошулуп басты.

Оң босогосуна узун шырык орнотуп ак туу сайылган чоң өргөө. Өргөөдөн обочо жерге тартылган кермелерде чоочун аттар. Кечетен бери ар айылдан аксакалдар келип котолоп жатышкан болучу. Шерали кайдан билсин? Ажыбай даткага келип жүрүшкөн баягы көп саламчылар го деп ойлогон. Киши көп окшойт. Ичкертен кишилердин кобуру бал аарынын уюгундай бир калыпта күңгүрөп угулуп жатты. Шералини сүр басты. Чекесин кашып, жүрөкзаада болуп туруп, айласы кеткенде кирпигин араң кыймылдатып, араң салам айтып кирди. Бүт Таластын кадырман карылары, жакшы чыкма мырзалары он эки канат кең өргөөгө толуп отурушуптур.

Төрдө карала кымкап жамынып отурган Ажыбай-даткадан башкасы орундарынан дүрүлдөп тура калышып, Шералинин саламына алик алышты. Бул эмнеси? Эч качан мындай ызаатты көрбөгөн, көрөм деп эч качан көксөбөгөн бечара Шерали апкаарый түштү. Үй толгон көздөр чачырап аваз кылып карап, Шерали ансайын кысылып, өз денеси өзүнө артыкбаш болуп кетти.

Жаак терилери шылбырап, башы кылтылдап, эти жок тизелери эки ийнине жетип, чөккөн арык буурадай пас болуп мүңкүрөп отурган Ажыбай-датка башын көтөрдү:

– Шералисиңби? Келдиңби? – деди, анын боз чалган нурсуз көздөрү жансыз тиктеп турду. – Жакын келчи, жарыгым...

Шерали тез бүгүлүп, чалдын сөөктүү, арык колдорун кош колдоп, урматтап, акырын кармады:

– Келдим, таяке... Чакырткан экенсиз... – деп жүүнү бош сүйлөдү.

– Отур ошондой, жарыгым...

Шерали сыңар тизелей калып, бир ууч сөөк болуп кичирейип өтө карыган таякесинин кара сепкил баскан, акылдуу жүзүнө ынтаа коюп, күтүп тиктеп калды. Ажыбай-датка же үргүлөп кеткени, же ойго чөккөнү белгисиз, алсыз үлдүрөп, көзүн жуумп бирпас отурду да:

– Мына бу эл сени карап отурат, – деди акырын, алсыз, – жарыгым, кулак салып отурасыңбы?...

– Кулагым сизде, таяке...

Ажыбай датка аппак суюк сакалын калтыраган алсыз колу менен акырын сылап, акырын жөтөлүп:

– Жакшы атанын кашык менен жыйнаган мүлкүн жаман уул чөмүч менен чачып түгөтөт деген ырас. Амир Темир Көрөгөн ченсиз зор өлкөсү өзүнүн көзү өткөн соң, жок дегенде, жүз жылга бүтүн турбады. Мураска алып, ар шаарда, ар элде бийлик жүргүзүп турган балдары бири-бирине баш койбой, ар кимиси ар жакка чоюп, эң акырында өлкө бытырап бөлүнүп кетти. Амир Темир Көрөгөндүн Миран-Шах деген бир уулунан Султан-Мухаммад, андан Абусаид, андан Өмөр-шайх. Фаргана ошол Өмөр-шайхтын энчиси болгон. Бир күнү ал дагы Самаркандагы улуу амирден өз алдынча болуп алды. Ал убакта өкүмдарлар атак үчүн жанына ырчы, чоорчу, чечен топточу экен, шаани үчүн ордосуна тотукуш, аккептер бакчу экен. Бир күнү Аксы шаарынын касабасынын кырында отуруп, аккептерлерине жем чачып отуруп, кептеркана кокустан урап кетип, Өмөр-шайх учуп өлүптүр. Ошондо тун уулу Бабыр он эки жашар экен. Ал ошол 899-жылы атасынын ордун басып султан болуп көтөрүлөт. Султан Бабыр акылы жетик, кайраттуу азамат чыгып, Амир Темир бабасынын өлкөсүнүн бөлүнгөнүн бириктирем деп, чачылганын жыйнайм деп, кол баштап чыгат. Ошол учурда илгерки Саин хандын иниси Шайбандын тукумунан ошол түп атасынын атын алып Шайбани хан деген кыйын чыгып, Эдил боюндагы Көк ордодон, андан берки Ак ордодон сан тийбегенден кийин күн чыгышты карай жортуул баштап, Самарканга кирип келип калган эле. Өз туугандарынын ыркы жоктугуна чыдаса да, бабасынын Самаркандагы ыйык тагын атасы бөлөк бирөө келип ээлешине Султан Бабыр чыдай албай, Шайбани-хан менен катуу кармашып, үч жолу Самаркандан Шайбани-ханды сүрүп чыгып, бирок, биротоло көчүк басып калышка арты алсыздык кылды, анын дитин түшүнүп көмөк көрсөтүшкө ыркы жок туугандарынын бири да жарабады го, өз агасын агалай албаган жаттын улагасын сагалайт, көмөк көрсөтмөк түгүл, кайта Шайбани-ханды жамынышып, Султан Бабырдан Фаргананын өзүн талашты го, акыры келип кайран баатыр бактысын башка жактан издеп Оуган тарапка жер которуп кетишке аргасыз болду...

Тамагын кыр-кыр дегизип, алсыз жөтөлүп отуруп, Ажыбай датка жай сүйлөдү. Шерали кирпигин ойсуз кыбыратып, баш көтөрбөй, бул сөздөрдүн кимге айтылып жатканын ажырата албай, дал болуп отура берди.

– Султан Бабыр үй-бүлөсүн гана алып, аз гана кишилери менен качып жолго чыккан экен ошондо. Атаңдын көрү, бапасыз дүнүйө... Ооматы кеткенде өз токоюнда жүрүп жолборс ачка өлөт деген ырас белем. Киндик каны тамган ата-журтунан, атабабасынын ушунча кең өлкөсүнөн таман коёр, баш калкалар жер калбаптыр го ошондо. Ошол кезде Сейде-Бак деген бир зайыбынын боюнда бар экен, айы-күнүнө жетишип турган чагы экен. Тоо жамынып баратышкан ченде Сейде-Бак толгоо тартып калат. Айла куруганда аттан түшүрөт. Ошерде Сейде-Бак кылыч таянып отуруп көз жарып, уул табат экен. Эми эмне кылышмакчы? Артта куугунчу. Алдыда кыйын жол... Тизгин жыйбай катуу жүрүш керек андан нары. Кызыл эт бала шалкылдап атка урунар, тердеп, кургап камыгар. Ага карап жайбаракат болушса, арттан куугунчу жетип, баарынын башына жапа түшүп калары белгилүү иш. Эмне айла бар? Кана, эмне айла бар? Мүмкүн болушунча, аттардын кубаты барынча тез, катуу кетиш зарыл. Мындан башка акыл жок. Бала кантет? Ала кетишсе да өлүм, таштап кетишсе да өлүм. Атка урунуп өлөрү бышык, а жол боюна таштап кетишсе, кокус бирөө кез келип таап алса аман калышы ыктымал, бирөө таап албаса, баягы бир өлүм. Ушинтип тегеретип ойлоп турушуп, баланы жол боюна тагдырдын эркине таштап кетишмек болушат. Энесинин уузу менен оозантып, алтын сырлуу бешикке салып, үстүнө ак шайы оромол жаап, жуп аттанарда түтпөй Султан Бабыр наристенин маңдайына колунун учун тийгизип өөп, бир үшкүрүп, анан белиндеги каухар кемерин чечип бешиктин үстүнө арта таштайт. Ошол бойдон эки эмчегинин сүтү дирилдеп ийип көкүрөгүн жууп, көзүнүн жашы бетин жууп, үңүлдөп ыйлап кетип бараткан Сейде-Бакты жандап бастырышып, колтугунан сүйөшүп, жөнөп кете беришкен экен. Аргасыздан ата кетти жүрөгү сыздап, бала калды боору катып солуп ыйлап...

Үй ичи түйшөлө түштү. Кайра дым болуп, баары Ажыбай датканын оозун тиктеп калышты.

– Ошол кезде ошол жерлерде кыргыз кыпчак, кырк, миң деген уруктар бир жамагат болушкан экен го. Султан Бабыр баласын таштап кеткен жерден көчкө жайыт чалып өтүп баратып, али эл коно элек тоо арасынан жаш баланын ыңалап ыйлаган үнүн угуп, улап барып, бадалдын түбүндө турган жабуулуу алтын бешикти таап алат бир адам...

Үй ичи дагы түйшөлө түштү. Бул окуя бир Шерали эмес, бу отургандардын баарына эле белгисиз болучу.

– О кудурети күчтүү, көкө теңир! Сактаарыңды кыл үстүнөн сактайсың... – деп, дуулдап кетишти.

– Ошол таап алган адам баланы бешиги менен, кымбат баалуу каухар кемери менен айылга апкелет. Ошол кыргыз кыпчак уруктарынын жакшылары чогулуп, жети өлчөп бир кесип дегендей, баланын тагдырына ойлук кылышат экен. Ана көз ача элек кызыл эт бала... Алтын бешик... Кунда жок каухар кемер... Жөн тегин адамдын баласы эмес, узун элдин учуна кыска элдин кыйрына кабар кылып, таанып алары чыкпаган соң, кеңешип туруп, миң уругунун айлынан сүтү бар зайып табышып, балага алтын бешиги менен табылган бала дешип Алтынбешик деп ат коюшуп, бактырып коюшат. Шерали, угуп отурасыңбы, айланайын?..

Шерали аңкайып тиктеди.

– Сен ошол Алтынбешиктин тукумусуң. Уктуңбу, сен султандын тукумусуң.

Үй ичи дуу-дуу болуп кетти. Баары бүгүн көрүп отурушкандай Шералини таңыркап тиктеп калышты. Шерали нестейип, иреңи бир кубарып, бир кызарып, же кубанарын, же кайгырарын билбей, сөздүн акырына акылы жетпей кеңгиреп отурду.

– Кийин... о кийин... Султан Бабыр бүткүл Индстанга падишах болуп турган чагында быякка элчи жиберип, баласына суроо салдырган дейт. Издеп жүрүп, белгилерин айтып жүрүп, элчилер Алтынбешикти табышкан дейт. Бирок, баккан эл бербей койгон экен. Не бар, не жок, султандын бир тукуму арабызда жүрсүн деп, бербей койгон экен. Кийин Алтынбешик балакатка жеткенде ага эл жакшылары кыргыз кыпчактын ошол аймакта жашаган төрт уругунан төрт кыз алып беришкен экен. Ошол төрт зайыптын бири Кутлуккан миң уругунун кызы болуптур. Ошол Кутлуккандан Алтынбешик Теңиряр деген уул көрөт...

Ажыбай датка чарчап, тиши жок кызыл ээгин ачып, акырын энтигип, оюн жыйнактап токтоло калды. Ага кыпкызыл кырма кесе менен кымыз сунушту. Ажыбай датка кымыздан биртике жутуп, тамагын нымдады да, ыракаттанып тамшанып алып, кайра сөзүн улады:

– О кийин... Шайбани-хандын тукумунан Бухаранын өкүмдары Абдулмомун деген бу Фаргананы сурап турган өзүнүн бир ата өтүшкөн тууганы Өзүбек-ханды чаап, анын бийлигин жок кылып, Фаргананы өзүнө каратып, кайра Бухарага кайтып бараткан жолдо ич арадан тымызын уюшкан кутумдарынын колунан өзү да өлүп тынат. Мына ушуну менен Шайбани тукумунун бийлиги токтолуп, Бухарада маңгыт уругунан Аштархани тукуму такка келет экен. Так талашуу оңойбу? Ошол так талашуу коогасында Бухаранын өкүмдарлары, кимиси болсо да, өзүлөрү менен өзү алышып, быяктагы Фаргананы кармап турууга кубатсыз болуп калат, Фаргананын тыңдары бухара амирлигинен моюн толгоп, өз алдынча болуп кетүүгө умтулуп, султан тукуму деп Теңирярды бий көтөрүп жиберишет. Ошондо Теңиряр алтымыш жашта экен дейт. Бул иш пайгамбардын жыл эсебинде 1006-жылы чендерде болот... Ушинетип, Теңирярдан баштап Нарбото бийге чейин Алтынбешиктин тукумунан саналуу он үч бийи өттү. Угуп тур, жарыгым, көкүрөгүңө түйүп ал. Алтынбешиктин төрт уруктан алган зайыптарынан тараган балдары чөлдө, тоодо, эч кимге түзүк баш койбой «өзү бий», «элет» атанып, эндекей жаткан уруулардын ортосуна данакер болуп, башын бириктирип келишти. Бир кезде Шады деген бийи Маргалаңдын үстүнө тоого ууга чыгып уудан кайтып келе жатып, бу кыргыз элети кантип жатыры экен деп, байкай өтөйүнчү деп, башка кийим кийип алып, бир жолоочу кейпи менен кыргыз айылдарын кыдырып түшөт, касты жеткенби, бир айылда аны тааныппы, же тааныбайбы, кыргыздар аты-тонун сыйрып алып, өзүн өлтүрүп салышкан экен. Ал кезде бийинин кунун, өчүн алышка кубаттары келишкен эмес. О 1174-жылдарда кытайлар Кашкарды басып, андан бери жунгар калмактарын катуу кырып, быякты карай түргөн. Калмактардын өлгөнүнөн калганы жаңы жер бошотуп алыш үчүн Фарганага самсып кирип келген эле. Алтынбешиктин балдары ошондо ишке жарайт, ошолор жол баштап, ошолор кол баштап, калмактардын селин токтотуп, үшүн тайдырып, башка тарапка оодуруп жиберип, ошондо барктары катуу көтөрүлөт. Эң акыркы бий Нарбото ичтен чыккан, тигиндей тыштан кирген жоого туруштук бере ала турган бирдиктүү ордо уюштурмакчы болуп, 1216-жылы тун уулу Алимди ак кийизге салдырып хан көтөрттү...

Өргөөдөгү отурган эл кары датканын сөзүн өтө кунт коюп угушуп, тиги орто жашап калган, сейрек кара сакалдуу, көзү алагар, корунчак, жүдөө Шералини үн катпай тиктеп отурушту.

– Ошол күндөн Кокон ордо аталды. Сарай салынды. Хан атынан алтын, күмүш теңге чыгарылып, казына жыйылып, казынанын эсебинен аскер күтүлүп, ар кандай өкүм хан атынан айтылып, бийлик бир колго чогултулду. Алим-ханды көрүп калдым. Ташкан суудай кайраттуу, өтө айлакер, акылы тетик, кишиге оңой ишенбеген, аяганды билбеген залим киши эле. Эми мурдагыдай уруулардын ага бийи эмес, алда канча бирдиги бар, бухара амирлигине ыкрар кылбаган, кыйла күчтүү мамлекеттин башында турганын көргөн соң, эл алышка, дагы жер кеңитишке катуулап киришти. Аталары муну акырындап, дос, сөөк арттыруу аркылуу жүргүзүп келишкен көбүнчө. А Алим-хан кылыч менен күргүчтөдү. Аргымактардын туягын, азаматтардын канын аяган жок. Бүткүл хандык доорун тынымсыз жортуулда өткөрдү. Ошондо, жарыгым, күндүз десе күндүз, түндө десе түндө аттанып чаап бердик биз дагы. Алим-хандын тушунда Кокон жел тийген өрттөй күч алып өстү. Шерали, кулак салып отурасыңбы, жарыгым? Алим-хан кишиге оңой ишенбеген киши эле дебедимби. Саалдан кийин, Нарбото бийдин көзү өткөндөн кийин, ал кокустан такка мураскор болуп чыгып калат ко деп кичине эле шектенген алыс-жакын туугандарынын көзүн жойду. Биринчи болуп, угуп отурасыңбы, жарыгым, сенин атаң Хажи бийдин башы кетти...

Шерали селт деп карап, көздөрү чекчейип кетти.

– Хажи бий менен Нарбото бий атасы бир, энеси башка бир тууган болучу. Эки бир тууган батышпай, Хажи бий көбүнчө Чаткалда тагаларын жамынып жүргөн. Биз менен сөөк жаңыртып, сенин энеңди ушу Таласта алган. Ошо Нарбото бий өлгөндө ариетине барып, анан ошол бойдон ордодо кала берген болучу. Ошентип, эч капарсыз ордодо жүргөн убагында жанагинтип шек санап, кайран сөөгүбүздү Алим-хан күмжам кылып салды. Бул иш 1223-жылы болду. Ошондо мен да ордодо элем. Жигиттеримди ээрчитип, карындашымды коштоп, сени өңөрүп алып, түн катып ордодон чыгып кеттим...

Шерали кайра шылкыйып отуруп калды. Ал өзүнүн тегин билчү эмес, Ажыбай датканын эрке карындашынын артынан ээрчип келген саяк бала катары гана жүрүп, минтип жашы улгайып бараткан болучу. Көзүнө жаш тегеренип келе баштады.

– Билбейсиң... Кайдан билесиң, анда жаш элең, акыл токтото элек көөдөк элең. Хандардын көзүнөн алыс, кулагынан алыс, караламанга тегиңди жашырып, канатымдын астына асырадым, жарыгым. Алим-хандан кийин анын бир тууганы Өмөр-хан болду. Так талашчулардан кутулам деп, Өмөр-хан да Алим-хандын адатын кылды. Алим-хандын эр жетип, кол баштап калган уулу Шахрух-бектин башы кетти биринчи болуп. Алим-хандан дагы Ибрагим бек, Мурад бек деген эки уулу бар эле. Аларды энеси Самарканга ала качып өлүмдөн арачалап кетти. Өмөр-хан Алимханга караганда кыйдыраак, ишти кылыч эмес акыл менен жүргүзүшкө жөндөмү бар хан чыкты. Алим-хан тажы кийген эмес, койкоюп такка отурган эмес, ат үстүнөн оокат жеп, ат үстүндө уктап, өмүрүн жоокерчиликте өткөргөн. Тажыны биринчи Өмөр-хан кийди, такка отуруп арыз сураганды биринчи Өмөр-хан баштады. Ал шаарларга мечит, медресе салдырды, кайракы жерлерге кош арык чыгартты. Коңшулары менен достошуп душманын азайтты. Ушинтип, агасы Алим-хан адамдын канына жууруп жараткан мамлекетин ичтен бекемдеди. Өмөр-хандын көзү өттү. Өмөр-хандын көзү өткөндөн кийин анын уулу Мадали ордун басты. Эй, жакшы атанын кашык менен жыйнаган мүлкүн жаман уул чөмүч менен чачып түгөтөт деген миң мерте ырас экен го. Шарият урганды хан көтөргөндө салтанатына мен да барган элем. Эркеликтен жинди өскөн, чыргоо, ачуулуу, андан калса ордодогу кошоматчылардын кошоматы, шарап, катын, айланасындагы кишилердин жаман жүрүмү, оңолбой турган кылып бузган, тиртеңдеген арык бала болучу. Кокондун кулачы бир жагы Вадахшан, бир жагы Жети-шаар, бир жагы Арал деңизине жетип калган эле. Бир, же эки шаарын алдырып тим болсо кана! Акылсыз Мадали аталары улуу эмгек менен кураган ордонун таркин кетирди, баарын колунан чыгарды. Мына быйыл жазда Бухаранын амири Насрулла-батыр-хан капилеттен кол салып, Мадали-хандын колун Кожон шаарынын жанында кыйратып таштап, Коконго кириптир. Кулак салып отурасыңбы? Коконго кириптир. Өлөрүнө жакын Өмөр-хан бир кожонун сулуу кызына ынак экен. Өмөр-хандын көзү өткөндөн кийин шарият урган Мадали сулуулугуна азгырылып, жолоп койгон имиш! Насурулла батыр-хан мына ушул жерден кармаптыр. «Мадали энесин алды. Шарияттан чыкты. Шарияттан чыккан карабет киши мусулман тагында отура албайт!» деп жайып, уруш баштаптыр. Көрдүңбү, Насурулла-батыр-хандын айласын. Мадали дин урганды жырылбас жерден кармап, элден чыгарып туруп жыгыптыр. Дин урганды ордосунун босогосуна мууздатып таштап, Кокондун бүт эли, бүт жери Бухара-и-Шарифдин бактылуу амираны Насурулла-батырхандын адил бийлиги астына ыкрар болду деп жар чакыртып, Коконго өзүнүн бегин коюп кетиптир. Мына уктуңбу муну, жарыгым? Жетим элең жетилдиң, карып элең оңолдуң. Эми замандын кезмети сага келди. Аттан эми. Багыңды Насурулла-батыр-хандын колунан талашып ал. Талашпасаң так жок, күтүнбөсөң бак жок, жарыгым... Учур деген бир келет. Мына учур келди...

Ажыбай датка акырын кыр-кыр жөтөлүп, алдында турган кырма кесени өйдө алып, калтыраган колу менен кымызын акырын чайкап, дагы биртике жутту. Аяр чалдын көңүлү, бүт дити Шерали жакта, андан акылдуу бир сөздү күткөнсүп калды. Шерали жашыды:

– Таяке... Мен жалгыз кайда барам...

Ажыбай датка башын ийкегилеп:

– Андан кам санаба, жарыгым, – деди эркелете, – бул отурган эл сени жалгыз аттандырбайт. Бүт Аксы, бүт Талас, Чаткал азыр сенин колуңда. Ат жалын тартып минишке жараганы сенин кошунуң, жарыгым. Эмне? Жүрөксүп турасыңбы? Эч жүрөксүбө. Жумуру баштын мойнунда бир өлүм бар, анын эртеси, кечи баары бир. Көп караламандын бири болсоң бир жөн эле, султанзаада болгон соң атамурасын талашпай, көр оокаттын артынан коңулда калган намыс. А намыс өлүмдөн катуу болот... Сенин ыйык каның бузулуп, уругуң бачикиленип кетпесин деп, тектүү жер тандап, тубай уругунун бийи Токтоназардын кызын алып бердим. Уучуң куру эмес, артыңда үч балаң бар. Жүрөксүнөр жөнүң жок. Сенин төрт тарабың кыбыла... – Карылыгы жеттиккен датка чарчап, тиши жок кызыл ээгин дагы ачып, акырын энтигип, токтоп, жай сүйлөп, өзүнүн оң жагында отурган чоочун киши жакка колунун учун жаңсады. – Мына, Аксынын бийи Нүзүп бий...

Суюк сары сакалдуу чукчуйган чоочун кишини Шерали алдыртан уурданып тиктеди. Ителгинин көзүндөй тирмейген тик көз көзүнө уруна түштү. Ажыбай датка сол жагында отурган нооча кара жигитти карата жаңсады:

– А муну болсо тааныйсың. Өзүбүздүн инибиз Сыйдалы бек.Мына жарыгым, бири колбашчың, бири жолбашчың...

Шерали өйдө тиктей албады, ыраазылыгын билдиргени болдубу, бүк түшүп эңкейип, таякесинин карала кымкап тонунун этегине тооп кылды. Ажыбай датка алсыз жөтөлдү:

– О бири кем дүйнө!.. Баягыдай жүзүмдө нур, билегимде каруу бар чагым болгондо... Көрүп турасың го, жарыгым, мен тоголонуп карыдым. Ушул азаматтардын этегин кармап барсаң, мурадына жеткен соң, эсиң болсо ыраазылыгың алып, кадырлашып кетерсиң. Бирөөнүн адал кызматын адал кызматың менен өтөй бил. Мындан нары сенин этегиңе тооп кылат эл. Элге кенен бол, бурадарга күйүмдүү бол, жарыгым. Тарлык тар кишинин кылар иши...

Шерали тердеп кетти. Оозуна эчтеме кирбеди.

Ажыбай датка Нүзүп бийге назар салды, башы тез-тез калтылдап:

– Нүзүп үкем, баштаган ишиң кыйын иш... – деди ал ойлуу. – Бирок мезгилдин күчү сен жакта, мунун өтөсүнө чыгасың. Көл дайыма эле жар чапчып толкуп турбайт, көлдү бороон толкутат. Эл деген көл сыяктуу. Насурулла-батыр-хандын бороону үркүтүп, элди биртике козголтуп койду окшойт. Аттана бер тартынбай. Жөн учурда бул элди уруп чогултуп ууга толук алып чыга албайсың. Азыр кичине дем берип туруп, кайда баштасаң, ошол жакты сел болуп каптап өтүп берет. Ушуну билипсиң, түзүк үкем, эсиң, көзүң бар экен. Жолуң ачылсын. Аталардын арбагы колдосун. Омийин!.. – деп, сөөктүү, арык колдорун жайып бетине бата тартты. – Шералини силерге тапшырдым, силерди ыманыңарга тапшырдым... Аллау акбар!..

– Аллау акбар...

– Аллау акбар...

Дүрүлдөп бата кылышты. Нүзүп тирмейген тик көздөрүн сүзүп, ийилип, Ажыбай датканын колун кош колдоп кармап, акырын тооп кылды:

– Өзүңүздөй көрүңүз бизди... – деди ал.

Эртеси күнү Нүзүп Ажыбай датка кошуп берген жетимиш жигит менен Шералини алып, түн катып Кара-Буура ашуусу аркылуу Аксы багытына ашып кетти.