кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Биринчи бөлүм

V

Жоо чапкыр! Капыстан кармаганда кайда алпарат? Кимдин алдына чөк түшүрөт? Ордо кайда? Бийлик кайда? Минтип замандын көчү экен жолдун айрылышында кылтылдап турган кезде кимге ким өкүм чыгара алмакчы! Караламан жигиттердин бири болсо экен, ал Бекназар да. Токтоо керек, күтүү керек, заман көчү, куруп кеткир кайда оойт?.. Бекназар жанкечтинин ташы козголуп калгансыды, же ойдо тоголонор, же аңгектеп сай ылдый кетер... ыя, анда убакыт утулуп калар бекен, кийин кеч болуп калар бекен?..

Мына ушинтип, дудала болуп жаткан чагында Абил-бийге ордодон киши келип калды. Жыйын жайлоодо болду.

Шашылыш кабар угуп, эл тагдырың чечишке тиешеси бар деп өзүлөрүн кубаттуу сезген айыл бийлери, аксакалдары тебетейлерин калдайтып жигиттеринен окчундай бастырышып, топ-топ болуп келип жатышты. Топ аралап, эл оозуна кирип жакшы атанып кетүүгө дилгир жаш уландар эмес, хандан элчи келиптир деген кабар кызыктырып, алдында аты, колунда камчысы бар жай адамдар да көп келди. Келгендер салтка жараша, урук салмагына карап, көк тектирге Абил-бий атайы көтөртүп эшигине карал койдурган өргөөлөргө түшүп, жай алышты. Өргөө аралары кишилерге бакашака болуп, көк тектирдин төштөрүнө ат батпай кетти.

Келер эл келип бүттү деген күнү улуу шашкеде көк тектирдин дөңүнө керней тартылды. Абил-бийдин өргөөсүнөн бир топ адам чыкты. Керней улам күчөп, кулак тундуруп, тоо арасына кандайдыр бир шаң толтуруп, элди топтолууга чакырып жатты. Топ кишилердин алдында Абил-бий менен бир чоочун адам келатты:

Узун бойлуу, кыркма кара сакалдуу, кабагы бийик. Элчи ушул. Ал жаңы келген күндөгүсүнөн кыйла жашаргансып, пешенеси жайылып, бети жаңырып жылтырап калыптыр. Дуулдап тосо чыгып, жардап турган элдин түрүнө астыртан серп салып, тик көздөрү менен ар тарабын бат-бат чалып келатты. Элдин көзү анда. Кай бирөө кызыгып, кай бирөө таңыркап тиктеп, ич ара шыбырашып узатып турушту.

Абил-бий эл арасынан шыбырларды угуп, аларды эңкейе карап түртүшүп тургандарды көрүп келатты. Ал дайыма ордого барганда кийчү саймалуу кызыл кымкап тонун, пансаттык султаны бар ак сеңсел көрпө бөркүн кийген. Маңдайы жарык.

– Ассалому алейкум!..

Аксакалдар колдорун көкүрөктөрүнө алышып, үн көтөрө салам айтып калып жатышты.

– Валейкума ассалам!..

Хан элчиси, Абил-бий алмак-салмак алик алышып, сылыктык үчүн баш ийкей өтүп келе беришти.

– Ассалому алейкум!

– Валейкума ассалам!..

Эл алардын артынан самсыды.

Керней үнү тоо арасына жаңырык түшүрүп, шаңдантып, хан элчиси дөңгө салынган килемге келип отурганга чейин үн баспады.

Абил-бий жакшылык тилеп кол жайып бата кылды. Дөңдүн түбүн жакалай келип жамырап орун алган эл дуулдап коштоду.

Ушундан соң Абил-бий ордунан кайра козголуп туруп, элди кыдырата тиктеп, элдин бүткүл дити өзүнө бурулганда:

– О, журт! – деп сөз баштады, – мына, ордодон элчи келип отурат бизге. Бөтөн киши эмес. Баягы кайран Мусулманкул аталыктын уулу Абдырахман. Өзүңөр жакшы билесиңер, кайран аталык биздин уруктун эмчектеш тууганы эле го. Мына, Абдырахман карагым бизди туугансып, ордо менен элеттин ортосуна түшүп, элчилик кылып келип калыптыр, ошого шылтоолоп бир жагы тууган таанып кетейин деп келип калыптыр... – деп, жүзүн жаркытып туруп сүйлөп, элчини көпчүлүккө тааныштырды.

Эл арасы дуу-дуу боло түштү.

Абил-бий муңайым үн салды:

– Силердей асылдардын бактына, жаңы караламан калктын тагдырына тиешелүү маселелер пайда болуп олтурат... Мына, элчи айтып келди, кудайым жолун ачып, бактияр сеид Кудаяр качанкы кеткен ооматы кайра келип, ата арбагы жар болуп, иши агынан тактына кайра миниптир!

Эл тымтырс боло түштү.

– Журт! Хан элчиси келгенине мына бир апта болуп кетти. Ич күптүнү ачык айтыштык, көңүл кирлери жуулду. Кудаярхан амирин тутушту сураптыр. Кана, айткылачы, макул дебей коё алабызбы? Хансыз эл эгесиз үй сыяктуу.

Ошол учурда Абил-бий те четте түшпөй камчысын бөйрөгүнө мадап сөздү кунт коюп угуп турган Бекназарды көрдү. Ал жалгыз эмес эле. Жанында он чакты жигит бар. Катуу жүрүп келишкен өңдүү, аттары кара моюн болуп тердеген, көздөрү менен жыйын арасын акмалап шүк турушту. Сес болсун деп, четтетип Бекназарды жыйынга чакыртпай калтырган болучу. Бу сапар кабак чытыбады, чоочубады андан Абил-бий. «Тур ошондой четте» деп, таба кылып, мурчуюп, салабат менен сөзүн уланта берди.

– О, эстүүлөр, акыл тегеретип көргүлө, замана бузулуп турган чак, хазрети алтын тагына кайра келип көңүлү бир жагынан жайланса да, бир жагынан эл тагдырына көз салып, жаки бир саргая муңайып, бир кызара жакшы үмүтүнөн кубат алып сооронуп отурган кези. Уккан эмессиңерби? Ташкенге Чырпай паша кирди...

Эл арасы үрөйү учуп, шыпшынып, күүлдөп ыкшалып кетти.

– Оо, жараткан... Алар не кылар экен бизди?..

– Кырып таштайт го!..

– О, жараткан, ал күнүңдү көрсөтпө...

Абил-бий элдин түрүн карап, сөз жүйөсүн жоготпой сүйлөп жатты.

– Кече, элеттин даткалары бүт ичкиликти, тоолукту баштап барып, ордого кирип Кудаярдын башынан тажыны жулуп алганда, танат белек, биздин жигиттер да кошо барышкан, кошо кылычы чабышкан. Ал кудайга да, Кудаярдын өзүнө да дайын. Эми карагылачы, элдин биримдиги үчүн ошол өктөсүн кечирип, убагында өзүнөн өткөн күнөйү да болбой койбогон, ошол болгон күнөйүн унутууну кошо сурап, минтип барыбызга кадырлуу адамды кадыр салдырып отурат. Какайганга какайгын машайыктын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин атаңдан калган кул эмес. Сөздүн түгөнөр жери ушул ки, ордо биздики, андай болгон соң анын алдында тизе бүгүү биздин элчилик, пенделик парызыбыз... – деди Абил-бий.

– Ак сөз! – деп Домбу обдулуп койду. – Тезинен ак кагазга кат кылып, элчисин кайтарып, хандын көңүлүн тындырыш керек!

Кудаяр-хан Кокон тактысына келерин келип, элеттен көңүлү тынбай, туш-тушка элчи салып, эски сөөк улатып, күн санап бекемденүү аракетинде эле. Бул ордонун эң зарыл иши болучу, бирок, ордодогу аярлардын мунун кабатында бүткөрүп калсак деген ойлору, үмүттөрү башкача болучу. Эгер ордого ушул эле керек боло турган болсо, анда Абил-бий мынча топуратып жыйып чакырып, толгонуп сүйлөп отурмак эмес, ал элчинин алдына ат тартып, тон жаап, көңүлүн чак кылып, амирине ыркарлыктын белгиси катарында кыйбат тартуу жиберип, бат эле өзү билип жөнөтүп салмак. Бул жерде ортого ачып таштап чечмейинче болбой турган чалкеш маселе бар болучу.

– О, пансат үкөм... О, жакшылар, соболго жооп барбы?

Эл үн чыккан жаакка дуу эте карап калышты. Элдин орто ченинен бир адамдын малакайы көрүндү. Таягына сүйөнүп, билермандар жакты калтылдап тиктеп турат. Бул көтөрүм чал эмнени айтар экен? Буга жыйында эмне бар, баласынын азасын күтүнүп, үйүндө тынч жатсачы! Эл тымтырс болду.

Кары жөтөлүп алды:

– Элчи келиптир дегенди угуп... өзүм эле... башым ооп келип калдым...

– О, жарыктык, сөзүңүз угулбайт, бери жакын келип айтыңыз! – деди Абил-бий.

– Ыя?.» – деди кары киркиреп, жанындагылардан бийдин сөзүнүн маанисин угуп алып, аярлап алдыга жылып басты. – Чөлдө элем... Биртике базыра таруу бар эле, ошону балдарга тесте салдырып жүрдүм эле... Тирилик да... жан сактоонун далалаты да...

Домбу ачууланып карарып кетти:

– Айныган чал! – деди ал. – Мында сенин тарууңдун маселеси чечилип жатабы, айныган чал!..

Карынын кулагы муну угуп, ал Домбуну кызыл көзү менен томсоруп бир тиктеп алды, карынын алма кактай бырыштуу, сөлсүз бети ансайын кубара түштү:

– Менин сөзүм кыска... – деп, кары чыйралып алдыга өттү.

– Бийлер... Кудаяр көрбөй жүргөн Кудаяр беле... өзү элетте туулуп, элетте чоңойгон бала... Бактысыбы, шорубу, эки жолу хан болду эле, мына эми үчүнчү жолу кудайым мурадына жеткирип салыптыр... Кут болсундан башка кааларыбыз барбы, кут болсун. Кудаяр-Кудаяр болуп жүрүп, айткылачы, не бейиш көрсөттү эле ушул элге?..

– Ой, тилиңди тарта кеп ур! – дем Домбу ордунан тура калды.

Эл толкуп, шамал термеген дарактын башындай толкуп, күңгүрөп кетти.

– Ой, Домбу! – деди кары, сөөмөйлөп сая көрсөтүп каарыды: – Домбу! Бул жер жыйын, ордодон киши келип олтурат! Ушундай учурда тил тартабы?

Домбу сөзгө жыгылып калды.

– Абил, атаң Караш-бий, кудай бейишинин берсин, кайран агабыз жакшы адам эле, мына сен да жаман болгон жоксуң, атадан арта туулбасаң кем туулбадың, айтчы жарыгым, бу Кудаяр амирин туткан элге не жакшылык убада кылыптыр?..

Бул ак суроо эле. Абил-бий журтчулукту, динди ортого салып, эритип сүйлөп жатканда ооз ача албай балык болуп тостоюп отуруп калган адамдар эми сөз өзүлөрүнүн эртеңки көрөр күнүнө келип урунганда эстерине келе түшүштү. Ыя? Чын эле, эмне жакшылык кылам дептир? Акылдуу карынын суроосу жыйындын түрүн өзгөртүп жиберди.

– Ак суроо! Айтсын элчиси!

– Баягы кыпчактарга көрсөткөн бейишидир!

– Ачык айтсын элчи!

Ушул жерде Абдырахман ордунан турду. Элдин кыйкырыгы дароо тыйылып, бүт жыйын анын оозун карап калды. Элчи бая күнкү Абил-бийдин өргөсүнө киргендегидей жупуну эле, андагыдай көздөрү кооптонуп чимирилип кыбыр эткен кыймылды карабай, көңүлү жай сыяктуу. Бүркүт кабактын алдынан өткүр көздөр жыйынды бийиктен имерип тиктеп, сыр тартып турду.

– Туугандарым, – деп баштады бийик сүйлөп элчи, – туугандарым, мына бий агабыз ачык айтты, хан менен бул элеттин ортосунда өкүнүчтүү болмуштардын бар экени бар. Жок деген болсок, биз ат арытып мында келбеген болор элек да, туугандарым. Анын баары өткөн иш, айыккан жара, азыр аларды жаңыртып отуруу мамлекеттин бирдигине зыян. А көрөкчө, айыга элек жара болгон күндө да, аны жамыга таандык иштин кадыры үчүн көптөп дарылап, калуусуз кылып айыктырып койсо болобу? Болот, туугандарым, болот! – Ал узун боюн алга кичине эңилте, башын бир жагына биртике кыңырайта, көзүн балбылдатып, жагымдуу коңур үн салып, мал телигендей муңайым сүйлөп жатты. – Ойлонуп көргүлө, о акылы жетик карылар, ойлонуп көргүлө силер да, о каны кызуу уландар... Мамлекет түгүл бир үй-бүлөнүн ортосунда да кермур кеп өтүшөт го. Аны бүлө башчысы акырын териштирип, ар кимисинин күнөйүнө жараша, тигиндей бол, мындай бол деп, калыстык айтып, тыйып коё алат. Ошондон кийин кулагына сөз кирген бүлө кычаштыкты коюп, ынтымак жагына оойт. Агер, бүлө башчысы калыс сүйлөө ордуна, бирине жан тартып, бирине акарат кылса, анда не болот, туугандарым? Анда үйдүн тынччылыгы кетет, казанынын берекеси учат. Анда үй бузулат.

– А бали, ошону айтыңыз! – кубаттады Абил-бий.

Абдырахман оң колун көкүрөгүнө койду.

– Мына, туугандар, атабыз бир кезде аталык болуп турган кезде эки ортодогу шумдардын кыяпаты жетип, кесепети уруп, ордо бузулду, нечен бейкүнөө мусулмандардын каны суудай акты, кайран атамдын башы кетти, калмышында Кудаяр тактысынан ажырады. Муну ким билбейт? Мына, туугандарым, мен кек алсам болор эле, кек да кылдым, Алымкул менен Алымбек-датканы ээрчип жүрдүм, эмне таптым, ырк кеткенинен башка эмнени көрдүм, ушу бүгүн силерди жамынып кубат сурасам, бир көңүлдү сындырат белеңер, сындырбайт элеңер... Бирак, мен кайра Кудаяр менен саруу тагаларынын ортосун колдон келсе данакер болуп кайтайын деп келдим...

Жыйын дым тартпай ойго батып калды. Ак сөз! Ынтымак, туугандык бар болсо, кудайдын буйруган ырыскысы өзү табылар. Ак сөз! Ынтымактан ыйык эмне бар! Жыйын аздап кыймылга келип, ич ара күүлдөп, толкуй баштады. Абил-бий жаркырады. Элдин бирдиктүү түрүнө кубанып карап, ал дагы толкуп турду. Ал ордунан копшоло берип, эки колун бийик көтөрө жыйынга кайрылды:

– Журт! – деди ал азыр өктөм. Абдырахмандын колунан бир ором кагазды, хандын мөөрү менен тастыкталган кагазды кош колдоп алып, урматтап өйдө көтөрдү, бешенесине, эрдине тийгизип тооп кылды. – Бул, о эл агасы жакшылар, силерге айтам, о эр көкүрөк баатырлар, бул хазретинин бизге жиберген жарлыгы!

Төштө оттоп жүргөн токулуу аттардын бейпил бышкырыгы, майда жортмолоп турган серүүн желдин үзүл-кесил шуу-шуу эткен шоокумунан башка угулбай, жыйын дем тартпай тымтырс болуп, Абил-бийдин колундагы бекайбат кагазды тиктеп калды.

– Мамлекеттин зарылы үчүн кылкуйруктан тандалган аргымактар керек, аргымактарга минип чаба турган азамат жигиттер керек. Кылчаңдоо болбойт! Хан жарлыгы бир! Баягы колго барып жүргөн жигиттер бүт аттанат! Кошумча жыябыз, Бир айлык күлазыгы, коштогон аты, куралы толук болсун! Мен өзүм кол баштайм. Токтоо болбойт! Кайра жыйын, кайра маслахат куруп отурушка убакыт жок. Жигиттерди тез-тез шайландыргыла. Нары кетсе бир айдын ичинде, түгөлүбүз менен Коконго түшүп, тажынын алдына таазим кылабыз!

– Пансат аке! Элчиге бир собол!

Жыйын Абил-бийдин сөзүн бузган бийик үн чыккан жакка дүркүрөп бурулду. Бекназар! Ал ат үстүндө үзөңгүнү кере тээп обдулуп турган эле, Абил-бийдин көзүнө кан толо түштү.

– Тууган! – деди Бекназар кыйкырып. – Хандын бизге кылар жакшылыгы ушул беле!? Эртең миңдеп айдап орус мылтыктын оозуна тосмокчу беле!? Сиз менен биз билебиз, орус мылтык түз болот, орус мылтык алыска тиет, бат атылат!

– Орус мылтыктын оозуна тосмокчу эмес, сиз менен биздин, бүт мусулмандын үйүнө чакыртпай кирип алган душманын куумакчы.

Ушундай айтсаңыз туура болот, баатыр жигит... – деп оңдоду Абдырахман элчи.

– Ошондой деп да коёлу... Тууган, бул ордонун акылы, амирин туталы дедик. Чабышып жүрүп оңдукпу? Бир жакка ооп көчүшүп кетпегенден кийин кайсы жагына болсо да ынтымактан бөлөк чара жок эле. Мына, тууган, амирин тутар замат ордо бизди Чырпай пашага аттандырат турбайбы!? Куп, аттаналы, Ордо биздики, коргойлу. Бирак, Ордо башылар акыл тапсын, Чырнай пашаныкындай түз, алыс атар, бат атар мылтык тапсын! Кыңырак жарабайт эми! – Бекназар кылычын өйдө ыргытып кайра сабынан тосуп алды. – Бул эми түн каткан ууруга гана пеш боло алат, болсо уктуңузбу, мылтык берсин. Замбирек берсин дебей эле коёлу... Ой баса түштү элчини. Жыйын анын оозун тиктеп калды.

Абил бий күйүп кетти:

– Бекназар! Токтот, Бекназар! – деп чаңырып жиберди. А Бекназар токтолбой элчиге тике кадалып:

– Тууган! Жан күйөрлүк кылыңыз, бизден ушул дубай саламды ала кетиңиз, – деди. – Тапсын бат атар мылтык, казынаны алтынын нары-бери качкан сайын артынып жүрбөй, сатып алсын ошол орустун өзүнөн, а анте албайт экен, убара болбосун, биз карыш жыла албайбыз, ат биздин канатыбыз, канатыбызды жулдуруп боорубуз менен сойлоп калгыбыз жок, жигиттер биздин жүрөгүбүз, жүрөгүбүздү окко жылаңач тосор алыбыз жок!

– Журт бузар! – деди Абил-бий калчылдап, анын кичинекей кызыл көздөрү заардуу жылтылдай баштады.

– Ушул журт бузганбы, пансат аке? Жок! Мен алаканда турган акыбалды айттым. Бөөдө өлүмдөн жигиттердин башын арачаладым. А болуптур, барам дегендин жолуна мен туура жатып албаймын, бөөдө өлгүсү келген барып көрсүн, курал табылды дегиле, барбай койсом ошондо айткыла. Эми ыраазысызбы?

Бекназар жигиттерин дүбүрөтүп, артын карабай жүрүп кетти. Эч ким батынбады, эч ким алдыга чыкпады. Элчи да, Абил-бий да, өлүп гана көрбөгөн аяр карылар да, шалдырап, орундан турбай отуруп кала беришти. Жыйындап бөлүнгөн азганактай караан токтолбой көздөн алыстап баратты.

– Ха, кан кускур... – деп онтоп жиберди Абил-бий, колдорунун учу титиреп, бели солкулдады.

Жыйын демин тартып түйшөлө түштү. Жакын жерден кимдир бирөө:

– Кантебиз! Ыя?.. – деди. Ушуну менен тосмосу жарылып кеткен көл суудай бүт эл тилге кирип кетти, карбаластап, дүүлүгүп орундарынан тура башташты.

– Туура айтты баатыр!

– Ыя?! Тете курал берсин да, урушка сала турган болсо?!

– Койдой чуурутуп эле өлүмгө айдап бара береби?!

– Кой, бөөдө өлгүм жок менин...

Кабак чытылып, колго камчылар карышып, көпчүлүк селдей күүлдөп, ээ-жаа бербей, биринин үнүн бири укпай, ызы-чуу болуп, жабыла атка чуркады. Ушунун баарын Абил-бий баштаган топ бийлер, айыл аксакалдары, Абдырахман элчи дөң башында өңдөн кетип, кеңгиреп көздөн өткөрүп турушту. Бир заматта аттуусу аттуу, жөөсү жөө, учкашканы учкашып, атынын белин тартышка үлгүрбөй калгандары сүрдөөндөн калбай атын жетелеп далдактап, жыйын тарап кетти.

Абил-бий элеттин кеткенинен калган билермандарын өз өргөөсүнүн төрүнө кайра чогултуп, ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгүн чыгарып отуруп:

– Угуп койгула. Кийин укпай калган элем деп өкүнбөй турган болгула. Сөзүм бир! Бекназар жакка ат бастырган киши менен кыркылышам! Атамдын агасы болсо да, угуп койгула, такымына темир кызытып тамга бастырамын... – деп, каарын төгүп чыгарды. Аксакалдар бүжүрөп өзүлөрү аттанышты. Ал сыпаалык үчүн тышка чыгып да койбоду.

Абил-бийдин жаак терилеринин тырышканы ал күнү жазылган жок. Өз ачуусуна өзү ууккансып, иреңи керсарыланып, элчи менен да жумшак отуруп сүйлөшө албады. Түнү толгонуп, бир кирпик какпай эртең мененки дааратка туруп кетти.

Намаз окулуп бүткөндөн кийин Абдырахман улутунуп отуруп:

– Не, пансат аке... Сиз менен бизде эмне айып... Бири эли, бири ханы. Биз ортого түшүп адил сөзүбүздү айттык, мусулманчылык милдетибизден кутулдук, эки дүйнө жүзүбүз жарык... Калганын өзүлөрү билишсин... – деди чарчаңкы. – Кыбыр этер дарамет жок азиретиңизде. Казына бош, кошун чачылып кеткен... Азырынча, калктын ыгына карап, сен жакшы, мен жакшы менен турсакпы? Антпесек, паңсат аке, ансыз да учунуп турган биздин башбаане жаман саманкана Ордо күйүп кеткидей. А жаман саманкана сиз менен бизге али көп керек...

Абил-бийдин сөөгү сыздап кетти, ал жүзүн үйрүп жер тиктеди:

– Үгү деген үнүңөр, үксөйгөн жүнүңөр эле бар турбайбы?..

– Башка жолубуз жок, паңсат аке, Бекназар баатырдын дубай саламын айта барбаска чара жок, элеттен мындай дубайсаламдарды көп жерден уктум, айтканда да жактап, мактап айтып барышыбыз лазим. А сиз менен биздин мазретиге элдин эптеп ушул калган жарымы жагы бүтүн турушу чоң канимет...

Ушул сөздөн кийин алар унчугушпай ар кимиси өз ою менен отуруп калышты. Бир убакта Абдырахман үлдүрөтүп жумуп отурган көзүн акырын ачып:

– Тиги... Сары-Өзөн-Чүй тараптан каттаган киши жокпу? – деп чегип сурады.

– Жок... Эмне? Керек беле?..

– Кереги ташка тийсин – деп жиберди Абдырахман. – Ошол жактын шары уруп жатабы бул элди дедим эле...

– Жо, бу кашкөй, душманга этек ача турган бала эмес...

Дагы унчукпай калышты. Мээ ооруткан ойлор ноюттубу, экөөбү тең ныксырап, отуруп калышты...