кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Биринчи бөлүм

IV

Айзаада каракөз башатка эки челек ийиндеп сууга келди. Башатта бир топ жылкы суу ичип болуп, эми кайда тартарды билбегендей, топурап, ныксырашып турушкан эле. Башаттан жылжып аккан тунук суу калың жалбызды аралап агып, майда көк көпөлөктөр кылакташып нымга конушуп, калкылдап кайра учушуп, чиркей аңдыган ийнеликтер жылжыган суунун бетине жакын ойсоңдоп чабыт кылып жүрүштү. Айзаада келгенде жылкылар талыкшып басып төшкө жайылды.

Келин челектерин жерге коюп, каракөз башаттын күзгү болуп, түпсүз болуп, мемиреп жаткан бетин тиктеди. Түбүнөн көк кумдарды чертип, бүртүп кайнап турган тунук башат келиндин сүрөтүн өзүнө тартты. Жаш жубандын сулуу жүзүн сагыныч кагаздай агарткан, кабагын суз кылган. Каштарын жыйрып, кабак бүркөө ага жарашпайт эле, ал дайыма жаркырап көз кубантып турууга жаралган бир көркөм жан эле. Каралжын сууга чөгүп турган өзүнө таңыркады. Саамайына кол тийгизип, жаагын сылай келип токтоп, ушунчалык аздыңбы деп сурагандай болду.

Ал акырын улутунду да, акырын сызылтып, муңдуу кыңылдап ичинен ырдады.

Келиндин жүрөк арзуусу жел менен учуп, ыргалышкан гүлдөрдү аралап, ак баш кулунчактын башында башаттын бошошун күтүп күндү тиктеп бейпил сайрап отурган сарала чымчыктан нары кетип, тынч абага сиңип жатты.

Баш кошконуна жыл маалы болбой Темир кошунга алынды. Дин чакырып жатат дешти, хан чакырып жатат дешти, дүңгүрөп аттанып кетишти. Жыл айланды. Кабар жок. Алгач анча билбей жаркылдап жүрүп, бара-бара жаштыгы денесине сыйбаган жаш жубан жалгызсырап, бир нерсеси кемдиги, жан кубанчы жоктугу сезилип, көңүлүнө туңгуюк кооп да түшүп, куса болду. Кай түндөрү ит үрсө эшикке жүгүрүп чыгат. Ар бир шырп эткен табышка кулак түрүп, иттин үнүнүн алда кайда урунуп кетип жаткан жаңырыгын улап дем тартпай тыңшачу. Мындайда келиндин тышка чыкканын жана эле билип, кантер экен дегендей байымын басып уйкусуз жаткан сак кайнене кара күчкө жөтөлөр эле. Ушунун өзү анын үйгө тез киришин талап кылуу. Келин кыңырылып үйгө кирип, көшөгөсүн бүлкүлдөтүп акырын ачып кирип, төшөгүнө өткөндө:

– Ыя? Мал үрктүбү? – деп кыңкыстап сурап, чын оюн нары катып, ошонусу менен, келин эмне үчүн түнкүсүн тышка бат-бат чыга берерин чеккенсичү, кандайдыр жат көздүн азгырыгынан коругансычу.

– Жөн эле... – дечү Айзаада кымырылып. Ал түркүн кыялдарга батып, абышка менен кемпирдин тамагынан кыр-кыр этип дем тартып жатышканын угуп, тыштагы дарактын башында тынымсыз сайраган сүтактын жалынычтуу үнүн тыңшап, көп түндөрдү кирпик какпай да өткөрчү.

Айзаада көзүнүн жашын тазалап, эки челегине суу ийиндеп ордунан турганда кыштоо жактан келген ийри жолдон булуттан үзүлүп түшө калгандай карайып, бир оор топ атчан чыга берди.

Кудум шамал сүргөн тумандай дуулдап, тобун бузбай жүрүштөрү катуу. Арасынан кай бир аттардын басыгы тааныш сезилип кетти. Темирлер бекен? Челектериндеги суу чайпалганына, төгүлгөнүнө карабай ал дагы шашылды. Атчандар улам жакындады. Бөлөктөр окшойт?! Темир көрүнгөн жок. Айылдын тушуна келгенде эле шарт бурулуп, теминип дуу өкүрүп жиберишти...

– Боору-у-у-ум... Боору-у-у-м!..

– Курдашы-ы-ым!.. Курдашымды-а-а-н айрыл-ды-ы-ы-м...

– О, курдашымдан айрылды-ы-ы-м, кокуй!...

Айзааданын ийнинен челектери түшүп кетти.

Көздөрү чымырап, аркайган тоолор теңселип, арчалар каралуу зайып болуп көрүндү. Ким? Айзаада дагы эле жакшы үмүттөн ажырай албай калтылдап турду. Мууну титиреди. Ким? Айзаада үйдөн чыңырып чыгып, ак чачтарын саксаңдатып, ар кимге бир чуркап жүргөн кайненесин көрдү... Ошол замат таноолору кыпчылып эки зайып ага жетип келди...

– Эмне?! Эмне?! – деп, тили күрмөлбөй кетенчиктеди, Айзаада. Ал кумсарган зайыптардын бири келип эле колдон алды.

– Туйгунуң колдон учуптур, бейбак...

Андан наркысын сезбеди. Ал мисирейип туруп: «Кой! Андай дебе! Оозуңа карап сүйлө! Ошондой да тамаша болчу беле!» – деди. Катындардын көздөрүнөн мөлтүлдөп жаш чыкты, ошондо бир таңыркап, бир коркуп тиктеп, эриндери титирек басып, кача турган өңдөнүп боюн жыйрып, көздөрү чекирейип барып, Айзаада эсин алдырды...

Жамагат чогулду. Өкүрүк тоо титиретти. Бекназар баштаган топ өкүрүп бүтүшүп, кумсарып-кумсарып ар кимиси ар жерде сыңар тизелеп, отуруп калышты. Эшим гана жаңы өкүрүктөрдү тосуп кырчоо кармап, бөйрөгүн таянып:

– Кубаты-ы-м!.. Кубатым сенден айрылдым!.. – деп бүткүл денеси менен солкулдап өксүп турду.

Бекназар сыңар тизелеп, булдурсунду бүктөй кармап жерге мадап таянып, былк этпей катып отурду. Теңирберди үйгө жөлөнүп, кыбыланы карап нес болуп, нуру кеткен кызыл көздөрүнөн жаш да көрүнбөй, тек иреңи жыгачтай кубарып, сакалы сербейип, колдору калтырап отурду. Анда-санда:

– О каралдым! О эркетайым!.. – деп боздоп-боздоп отурду.

Айзааданы зайыптар үйгө алып киришти. Башына кара чүмкөп, терс каратып, чачын кардай жайып отурган кайненесинин катарына апкелишти. Келин эсине келе албады.

– О бейбак!.. О бейтаалай! – деп, келиндин абалына боору ачып, өзү да кемшиңдеп ыйлап бир кемпир бетине суу чачты. Айзаада көзүн ачты. Кайра өрттөнүп:

– А-а... Мен кантем... – деп буулугуп, кармап отурган катындардан колдорун сууруп алып, чыңырып бетине тырмак салып жиберди, эки бетинен шилбинин ашындай идиреп кан төгүлө түштү.

Чуу басаңдаганда Бекназар баш көтөрүп Теңирбердиге кайрат айтты:

– Кайрат кыл, абаке!.. Жазмыш ушу экен...

Отургандар дуу коштоду:

– А энди... Жазмыш ушу болгон соң... Жазмыштан кутулган барбы... Энди, Теңирберди аке, күйүткө алдырбай белди бек бууганыңыз жакшы...

Баятан бек отурган Теңирберди эреркеп жашып кетти:

– О тагдырым, бышкан алма болуп араң отурган чагымда... тагдырым, сага не жазыгым бар эле?!

– Кайран Темир... Ыйлап, боздоп тапсак кана?.. Дагы эле шүгүрлүк кылыңыз, Теңирберди аке, тагдырга. Темириңиз сынса Болотуңуз аман, уучуңуз куру эмес, Теңирберди аке...

Сегиз жашар Болот кырчоо кармап өңгүрөп өкүнүп турду.

– Темирден айрылдык. Бир күнү баарыбыз ошобуз. Бирибиз аттан, бирибиз таштан, бирибиз октон учуп, бир күнү баарыбыз жазмышыбызды көрөрбүз. Дүнүйөгө устун болгон ким? Кол жеткис бийик дарак да бир күнү куурап жыгылат, оволоп учкан ак канат куш да бир күнү топ деп жерге түшүп калат. Тагдырдын жазмышы ушу экен го... – деди Бекназар, баары жер тиктеп аза кылып муңайып отурган элге томсоруп тиктеп кеп жөнөттү: – Темир окко учкан күнү Ташкендин алдында элек. Ошол күнү колбашчы киши колдуу болду. Колбашчы киши колдуу болгон соң ырк бузулуп, ар урук биринин сөзүн бири укпай, жаат чыгып чабышып, кошун бытырап тарады. Биз да карап тура алган жокпуз. Эмне болот, эмне жок деп, эл жактан көңүл тынчыбай, навыт болгон жигиттерди бейитке жашырып келе бердик.

Бекназар улутунуп алды.

– Биз илгертен кылычка өбөктөп уктап, кылыч менен ойгонуп келаткан элбиз. Кылычсыз бизге күн жок. Мындан нары да кереги тийип калар, кереги тийбесе баатырдан калган эстелик болуп, керегеңиздин башында илинип турар...

Эшим леп тура калып, оң ныптасына байлана келген Темирдин кылычын чечип, кош колдоп, Теңирбердинин алдына алпарып, тизе бүгүп сунду. Эл жым боло түштү.

Теңирберди кынына кан каткан кылычты мөгдөп тиктеп калтылдап кетти.

– О кулунчагым... О чырагым...