кыскача
толук тексти
карта
А+
А-

Биринчи бөлүм

III

Кубалап тийген октордон үркүп, өтө кысталыш жерде колбашчыны мерт кылган ичтеги тымызын күч жүрөккө күдүк салып, уясына аңчы киргенин туюп калган бүркүттөрдөй шашыла, атаэне, асылкеч жар, сүйгүнчүк бала, калган мекен конуш кайдасың деп, күнү-түнү тынбай ат зоруктуруп жол жүрүп, колго кеткен беш жүз жигит кайтып келатты. Алыстан бүлбүлдөп, ак жоолук салынып тосуп турган эне сыяктуу, тааныш тоо кыркалары көрүнө баштап, дагы катуу дегдетип сагыныч сүрөдү. Көйнөктөрү этке жармашып, такым тырышып, аттары сууга түшкөн торгойдой шөмтүрөп арып, Ташкенден чыкканы жетинчи таң сүргөндө адыр этектеп жаздоо конуштарга кез келишти. Эл кайда?

Сары журт. Күлү көгөрүп жаткан жер кемеге. Калып калган куу казык. Сарала чөптөрдү шуудуратып, мал көп жатып чаңдак кылган такырларды үйлөп майда жел жортмолоп жүрөт. Те башаттуу сай жактан сагызгандын шакылыктаган үнү чыгып, анда-санда карала канаты кылак этип, бадалдын арасына кайра жоголот. Мындан башка тири жандын шарпасы жок. Айлана жымжырт.

Бул жерлердин эли өйдөлөп малга жайлуу, оттуу жайыттарга көчүп кетишкен экен. Ушу сары журтту да болсо көрүп, көңүлдөрү тынып, чарчаганды эми сезишип, аттарды жайдактап жашанга коё беришти да, ээр жазданып сулап-сулап жатып калышты...

Сол кулагынын үстүнө сайынган жүзбашылык жыгасы бар баатыр бир оор топ жигиттердин ортосунда көрпөчө үстүндө чыканактап, ойго батып, былк этпей жаткан. Чым көк камзолун саймалуу кең чалбарына шымданып койгон, багалегинен сары булгары өтүктүн тумшуктары чукчуюп чыгып турат. Төш жарыча кыңырак кылыч белине илинип, нары булайып жатат. Кыңырактын сыныгындай ийрейип жылтырап төбөдө асылып турган ай чубалган бир үзүм булутту аралап кирди. Үлбүрөп өчүп бараткан оттун алсыз жарыгы баатырдын карасур жүзүн бирде жаркытып, бирде күңгүрттөнтүп турат.

Бекназар аке, сизди пансат күтүп олтурат... – деди бир жигит отко жакын келип, Бекназардын кабагы дагы бүркөлүп, унчукпады. Чакырып келген жигит жооп күткөндөй болуп, бирпас турду да, кайрып сөз айта албай топтон акырын суурулуп чыгып кетти.

– Аттар даярбы? – деди Бекназар өз жигиттерине.

– Даяр, Бекназар аке...

Бекназар ордунан турду. Эшим элирген каракашка аргымакты алдына тарта берди. Бекназар атка минген жок, нары обочо жерде бүлбүлдөп күйүп жаткан от жакты карай ыкчам басып жөнөдү. Эшим бир колуна өзүнүн атын, бир колуна каракашка аргымакты жетелеп, логлоп чуркап, Бекназардын артынан кетти. Калган жигиттер да аттуу, жөө болушуп ээрчиди.

Бекназар келгенде топ жарыла берди. Оттун жогору жагында кымкап тонду желбегей жамынып, чарчагансып үлдүрөп отурган киши гана козголбоду. Эки көзү чекчейген арык киши, суюк буурул сакалы бар. Сеңселген ак көрпө тебетейи арт жагында чөптүн үстүндө жатты, ал жайынча кара манат топучан отурду. Кокон ордосунун бу Аксы багытындагы таасирдүү кишиси, аскер ишинде пансат атагы бар бий Абил болучу. Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичтерине алып, тым турушту.

– Ассалому алейкум!

Бекназардын келип калганын эми билгенсип, сүйүнүп кеткенсип Абил бий алик алды:

– Быякка!.. Кел, баатыр... – деп тизе какты.

– Чакыртыпсыз, пансат аке?

Абил бий Бекназарды бир имерип тиктеп алып, жай гана:

– Баатыр... – деп аяр үн салды. – Ортого түшчү кеп бар... Мындай кыйын кезде кеңеш жакшы. Кеңешели...

Бекназар оттун төмөн жагына сыңар тизелеп отура калды:

– Кулак сизде.

Не кылган менен, Абил бий алда нерседен кооптуудай, ичи түтпөй турган өңдүү. Ал Бекназарды дагы бир кадалып тиктеди.

– Бузулар үйдөн эң биринчи ырк кетет. Атасынан адилдик кетет, баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот. Бирин-бири сыйлашуудан калат, биригип үй тутунуу милдетин унутушат. Баатыр, мына ушуну ойлонушубуз зарыл.

Карачал баатыр сөзгө кулак түрбөдү. Өмүрү ат жалында өткөн, эр көкүрөк, түркөй, сөздүн баасына, сөздүн салмагына баамы жок, шилтеген жагын жарып түшүп кызматын кылган Абил бийдин колундагы бир кара күч эле. Ал отко колун калап тынч отура берди.

– Мына, аталыктын көзү өттү, эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат. Дагы кудай уруп чабыш башталат. Тигинтип бир жактан орус сыгып келатат. Башсыз, көзсүз, терс карашып жатканыбызда бир күнү, же хандан келип, же орустан келип кана–вайран түшүрүп чаап кетсе, анда эмне болобуз? – Абил бий тарамыштуу арык колу менен сакалынын учун кармалап, ичинен тооба келтиргенсип койду.

Абил бий жылмайган болду:

– Ордо баарыбызга тең, баатыр.

Бекназар унчуккан жок. Абил бий анын жүзүн, а түгүл оозунан чыккан демине чейин байкап, маани берип, ушул сүйлөшүүдөн жакшылыкты да, жамандыкты да күтүп отурду. Бекназар жүзбашы дайыма бирге болуп, ысыкты, суукту бирге көрүп, жигиттердин көбүнө алынып кетип, кийинки күндөрдө пансатка анча ийилбей тоңмоюн болуп бараткан эле. Эмне? Мунун бир айталбай жүргөн кинеси, алалбай жүргөн акысы барбы? Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти. Эч пайдасы жок дайым эле бузула берген ордодон такыр көңүлү калып, ордого жакын киши деп, мурда эле кыртышы сүйбөгөн Бекназар пансатты жек көрүп калган болучу. Жолу бир болсо да, Ташкенден бери бет келишип кеп тартышканы ушул.

Абил бий Бекназардын кабагын көрдү. Ал азыр ар кандай жыйынтыкка даяр. Бир көңүлү ачылыша кой деди, салт эрежесин, уруулаш туугандыкты ортого алып да болсо, мындай чалкеш учурда өз ордун, өз таасирин бу чапчаң жүзбашыдан өйдө сактап калууга чакырды. Бир көңүлү бул чалкеш учурда муну далысынан таптап жумша, өзүң боюңду качырып, милдеттен алысыраак тур, замандын түрүнө кара деди. Анын арык бетинин оту дирт-дирт этип, уйкудан жабыркаган көздөрү Бекназарды бат-бат чалып турду.

– Бизге азыр ырк зарыл, баатыр.

Бекназар да бирдемени күтүп, оттун кызылын тиктеген бойдон былк этпей отуруп, пансаттын акыркы сөзүнө макул болуп акырын башын ийкеди.

– Мындай учурда, баатыр, өзүңдөн өтөрү жок, саруу уругунун колуна өзүң баш бол, – деди ал кеп чыгарып, – муну элге барып, кары-жашын бүт чогултуп алдына айтсак болот эле, бирок жигиттер чарчады, үй-үйүнө тарап кеткен соң кайта үйрүлүп биригиш узагына тартар, ошон үчүн артыкбаш жыйыны жок, аттан дегенде түп көтөрө аттана бере турган кылып, тартипти мукумдаш зарыл, жигиттер кимдин үнүн тыңшашын, кай туунун түбүнө топтолушун азыр эле аныктап билип тарашы зарыл. – Сынай тиктеп отуруп, артынан: – Керек этсең мына биз даярбыз, биздей жашы улуу кишилерден кеңеш ала жүрөрсүң... – деп акырын кошумчалады.

Пансаттын оюнда тиги ушул сөздү угары менен ыргып туруп, таазим кылып, ыракматын билдирип жиберет го деп, биртике үмүтү турган. Бекназар үн катпай, былк этпей, өзгөрбөй койду. Бийдин аяр көздөрү анын кебетесинен «сенсиз да, сенин тапшырууңсуз да, жигиттерге сөз өтөт» деген пикирди окуду. Ичи сыйрылды? Бекер айттыбы? Көптүрүп алдыбы муну? Көздөрү чекчейип, жини келе баштады. А Бекназар да пансаттын ичиндеги куюнду сезди, куюн уюлгуп-уюлгуп келип ташка урунуп, бир шойкон чыгарышка деми жетпей, сынып жок болуп жатканын көрүп турду.

– Көрөбүз.

Жана жолго камынууга буйрук болгондон бери жигиттер топурап, аттарын издеп табышып, токушуп, от жаккандар отторун өчүрүп, дүүлүгүп жатышкан эле. Айтар жаңылыгын угууга, жүзбашылардын артынан, элүүбашылардын, онбашылардын артынан дүрбөп, пансаттын отун тегеренишип, тирелип ооз карап калышты.

Абил бий да, Карачал да, Бекназар да аттанышты. Ушундан соң Бекназар булдурсунду бүктөй кармап, Абил бий жакка жүз буруп, бирок, бетине тике карабай, ага сөз койгонсуп калды. Абил бий муну билип, алдыңкы жигитбашыларды бир имере тиктеп, тамагын жасады. Жакын тургандар тымтырс болду.

– Баатырлар, – деп кайрылды пансат, – жаңылык бир эле сөз. Мына элдин четинде турабыз. Мындан нары жол улам айрылган сайын ар уруктун жигиттери өз айлына бөлүнүп кете берсе болот. Бирок, жигиттер бир нерсени так билип кетиши өтө зарыл. Ошону гана кулакка салып коёлу деп... – Ушундан соң ал тоолуктардын оң, сол канатын бириктирген эзелки салтын, улуу алдында кичүү ийменип, төбөсү көккө жетип кеткен күндө да, ызат билиш сыпаалыгын айтып, аларды шарият менен бекемдеп өттү, анан иштин ток этерине келди.

– Өзүңөр көрдүңөр, ордо дагы бузулду, тыяктан тигинтип орус кысып чыкты, муну да өзүңөр көрдүңөр. Мындай учурда ээнбаштык ыркты кетирет, колду байлайт. Келер жоонун алдында бизди алсыз кылат. Ошон үчүн, баатырлар, колубуз бир адамга баш коё турган болсун. Мен кары адаммын. Тилинде эми бар, билегинде күчү бар жаш азаматтардан кошунбашы көтөрүп алгыла. Бекназар баатырдан өтөрү жок. Буга кандай дейсиңер? – Жалпыга угузуп: – Эмне болсоң ошо бол деп таштап салбаспыз баатырды. Баштаган, жаки бүтүргөн, жаки кылам деген иштеринде башында болуп, колубуздан келсе, акылыбыз жетсе, ийрисин түзөп, кемдигин бүтөп турарбыз! – деп кошумчалады.

Бул жаңы кабар жол алууга дүрдүгүп турган беш жүз колдун кыйрына толкун түшүрдү. Бир тарабы ачык кубаныч билдирип, бекназарлап ураан кыйкырып, түндү башына көтөрө башташты, бир тарабы күүлдөп, өз ара талаш куруп, сөздүн акырына карашып, жай толкуду. Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти. Бирок, сыр бербеди.

Бекназар колго таазим кылды. Те жигиттердин четинен кимдир бирөө бекназарлап кыйкырды. Бекназар үн чыккан жакка серп таштап ким экенин тааный алган жок, бозомтук таңкы шоола ичинде кара атчан ат ойнотуп камчысын булгалап турганын гана көрдү.

– Жигиттер! – деди Бекназар, кайрат толгон бийик үнү чууну шарт жарып өттү. – Пансаттын каалоосун уктуңар. Эгер ушундай чалкеш заманда сарытаман атыңардын күчүн, башыңардын баасын мага ишенип, мени ээрчип, мага жол койгуңар келсе, анда аскер ишиндеги мен ойлогон ойго, мен баштаган, мен бүтүргөн бүтүмгө, ким гана болбосун, киши киришпесин! Биринчи шартым ушул...

Бул эскертүү так өзүнө айтылып жатканын Абил бийдин аяр көкүрөгү кантип түшүнбөй өткөрөт? Эски айлакер мостойду. Нечен ордо шумдуктарына катышып көргөн куу ушу азыр кичине алданып турганын туйду. Бирок, анын сергек акылы бу жанкечти жүзбашы менен азырынча мамилени жамандыкка айланткысы келбей, бардык ызасын, заарын жашырып, кадимкисиндей жакшы жымыйып турду. Бекназардын көкүрөгүндө зарде бар, ал амалды бирөөлөргө кызмат кылыш үчүн эмес, бирөөлөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзүш үчүн ала турган кишилерден эле. Абил бий муну жактырчу. Эскертүү өзүнө катуу тийсе да, тен берип калып калды.

Бекназарды колдоп, үндөр күүлдөп, арттагы атчандар улам сыгып теминип келишип, орто тарып кетти.

– Жигиттер! – деди Бекназар дагы. – Алты ай бою түзүктөп бел чечинбей, көйнөгүбүз этибизге катты...

Жапырт коштоду үндөр.

– Бой жазышыбыз керек. Мына эми улам тоого өйдөлөгөн сайын айлыбыз кезигет, бириндеп калып отурабыз. Окко учкан курдаштарыбызды, туугандарына угузуп, ариетин кылып, анан үй-үйүбүзгө тарап кетебиз. Ошол бойдон кабарсыз кетишпейли. Ар айылдан бирден жигит мени менен байланышын жоготпой жүрсүн. Бул зарыл. Бардык жамандыкка камдуу туралы. Андан наркысы бара-бара көрүнө жатар. Баатырлар! Эң акыркы шартым бул...

Дагы кандай шарт? Күүлдөгөн үндөр тым боло түштү.

– Менин сөзүм эки кылынбасын! Сөзүмдү эч ким жыра тартпасын! Алдыма жулкунуп эч ким ат бастырбасын!

Көпчүлүк дагы дуулдап коштоду. Бекназар каракашка аргымакты акырын теминди:

– Тарткыла!

Ушердеги эки күндүк өргүүдө тыныга түшкөн аргымак элире баш көтөрүп, алчактап биринчи болуп топтон суурулду.

Жер жарыгып келатты. Жигиттер ондон болуп топ кармап, кылка тартып, тоо аралап сапар алды.

Пансат ойго алдырып, анда-санда Бекназар жакка назар таштап, ан сайын ичи бышып, ич бышуусу ачууга айланып, ачуусун тышка чыгаралбай эрдин тиштеп, көзүн сүзүп тим болуп келет. Пансат ошол бойдон тынчый албайт. Сөзүмдү эч ким жыра тартпасын? Алдыма эч ким ат бастырбасын?! Атаңдын көрү ай, хандарды чүкөдөй өкчөгөн миңбашылар мындай сөздөрдү ачык оозуна алган беле! Пансаттын жүрөгү сыгылды.

Карачал баатыр үргүлөп келатты. Жашы өтүп бараткан адам талыкшыса керек. Он беш асый зор көкчымбал буудандын үстүндө дым тартпай сүлкүлдөп келатты. Кыйла жолдун учуна жеткен кубаттуу буудан казыгын сагынганбы, тоо таянганда ансайын жерди бооруна алып, жан таштап, төрт туягын тарсылдатып катуу жүрүштөйт. Суулуктап ак көбүк булайып, омуроо жакка серпиле сампар кардай үзүлүп түшөт. Ээси кушбаш ээрдин кашына тизгинди карыштыра ороп койгон эле. Ага болбой көкчамбыл буудан кызый-кызый, ооздугун чайнап, оор туяктарын түрсүлдөтүп, Абил-бийдин жоргосун жөөлөп өтө берди. Буга Абилбий алдыртан жымыйып. Карачалдын алп каранын карап койду. Жол узады. Көкчамбыл талар эмес, улам тизгинди жемире жүткүнүп, Бекназардын аргымагына жакындай берди. Бекназар камчыланар жактан жандап калган аттын башын байкап, акырын көзүнүн кыйыгы менен тиктеп алып, үзөңгүсүн кичине кыбырата кара-кашкага дем берип гана тим болду. Көкчымбыл ансайын атаандашып, кыстап баратты.

Абил-бий ташты ташка уруп, ортодон от чыгаргысы келди. Көкчымбыл буудандын кубатын сезип, темине барып, акырын, камчынын учу менен такымга тырс дедире койду. Курч буудан селт этип, эргип, ооздугун кемирип, каракашка аргымакты жандай салды... Ошол учурда Бекназардын колу караңгыны эки бөлүп, булак дей түштү... Тарс эткен үн жаңырды, зор көкчымбыл буудан чыңырып, эки алдыңкы буту менен жер чапчып, кош аяктап тик тура калды да, аласалып кетти... Карачал далдайып учуп түштү...

Карачал баатырдын уйкусу шаңк ачылып, калдастап тура чуркаганда, тыяктан Абил-бий Бекназарга кыйкырып:

– Ой, сен Бекназар! О сен, кимдин атын башка чабасың! – деп, иштин жайын Карачалга туйдуруп калды. Эч кимден беттешкенде тартынып көрбөгөн, өлөрүн андайда унутуп жибере турган эр көөдөн Карачал көкчымбылга кайра минери менен узап калган Бекназарга тике салды. Ал жете бергенде, Бекназар шарт бурулуп бетме-бет боло түштү, экөөнүн ортосунда кылыч мизи жарк деди...

– Өлүштү! – деп арттагылар чур этти. Жана башына жеп калган көкчымбыл кылычка жеткирбей дагы кош аяктап тик тура жалт берди. Бекназардын кылычы тизгинди кыйып түштү. Кары баатыр кырсыктан аман калды...

Тизгини колдон кетип, көкчымбылды жалдан тарткылап, сөгүлүп, ат кеткен жакка кетип жүргөн Карачалга Бекназар кайра атырылган жок, тиктеген да жок, күткөн да жок, баягы калыбында жолу менен кете берди.

– Кандай бу? Кандай бу? Ар кимибизди ар жерге торойто чаап кетет ко бу! – Абил-бий кейиген болуп, дагы күңкүлдөй баштаганда, Бекназардын нары тууганы, нары жанжигити Эшим жаны чыгып кыйкырып жиберди:

– Абил аке! Кайраба! Эр өлүп кетет...