кыскача
толук тексти
карта
А+
А-
Төлөгөн Касымбеков

Төлөгөн Касымбековдун өмүр баяны

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүрүп, "Кыргызокуупедмамбастын" балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жж. "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жж. Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылы ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына (кийин "Ала-Тоо") басылган.

"Адам болгум келет" повести 1965-жылы "Советский писатель" басмасына орус тилинде чыккан.

"Сынган кылыч" тарыхый романынын биринчи китеби 1966-жылы, экинчи китеби 1971-жылы жарыкка чыккан. Кийин оңдолгон варианттары 1998-жылы жана 2012-жылы басылган. Роман учурда кыргыз адабиятындагы тарыхый романдардын көч башында турган чыгарма. Ал орус тилине, андан кийин Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ кылымдын ортосунан баштап ХХ кылымдын башына чейин баяндаган "Келкел", "Чапкын", "Баскын", "Кыргын" деген романдарын атаса болот.

Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы "Кыргыз эл жазуучусу" наамын алган.

1990-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчиси жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгон.

Сыйлыктары. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Владимир Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси, 1947-жылы "Даңк" медалы, 2001-жылы I даражадагы "Манас" ордени тапшырылган. 2006-жылы КРдин Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамы ыйгарылып, "Ак шумкар" менен сыйланган. Ал эми 1998-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясынын сыйлыгы берилген.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.