Кыргыз элинин улуттук
музыкалык аспаптары

Комуз
Комуз — кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча дагы бир катар жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталат. Комуз баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепке, үч кулак, үч кылдан турат. Аспаптын жалпы узундугу болжол менен 90 сантиметрдей, туурасынын эң жазы жери 19,5 - 22,5 сантиметрге жетет. Комуздун жаны — жыгач жана кыл. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу деп эсептелет
Арчанын, жаңгактын, өрүктүн жыгачынан чабылат
Өрүк комуз абдан бааланат
Кылдары койдун ичегисинен жасалат
Илгерки комуздардын көлөмү азыркыдан кичирээк келип, ат үстүндө алып жүрүүгө ылайыкташкандыгын айта кетүү керек. Андан тышкары, комуздар чарасынын формасы боюнча айырмаланып келген. Мисалы, атактуу акын Токтогулдун комузунун чарасы ромбик түрүндө болгон
Кыл Кыяк
Кыл кыяк — эки кылдуу жаа менен тартып ойнолуучу аспап. Ал арчадан, өрүктөн тулку бою бүтүн бойдон чабылат. Узундугу 65-70 сантиметрден ашпайт, чарасы 3,5-5 см. тереңдикте оюлат. Капкагы төөнүн гана териси менен капталат, башкаларыныкы жарабайт. Аспаптын добуш чыгаруучу чарасы тең бөлүнгөн алмуруттай болуп турат. Анын тең жарымы капкакталат. Алдына туурасынан кичинекей жыгачтан бертик коюлат. Ал эми капкактын дал ортосунан ылдый карай ичке кайыш тартылып, учу аспаптын түбүнө бекитилет. Аны куткун дешет. Тепкеси өрүктөн же тыт жыгачтан жасалат
Арчанын, өрүктүн жыгачынан жасалат
Кылдары жылкынын куйругунан жасалат
Кыякка жылкынын куйругунан эки жоон топ кыл тагылат да, биринчи кыл 60 тал, экинчи кыл 70 талдан ашпайт
Керней
Керней – калк арасына тараган байыркы үйлөмө аспаптарга кирет. Түзүлүшү боюнча кыргыз кернейи өзбек, тажик элдеринин аспабынан анча айырмаланбайт. Кыргыздарда эки түрү тараган. Биринчиси - тоо текенин мүйүзүнөн көзөнөктөрү жок жасалганы. Узундугу 30-45 см.

Экинчи түрү жез керней. Узундугу 1,5 – 2 метр келип, учуна мүштөк тагылып, ачык жагы кайрылып кеткен цилиндр түрүндө. Үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү жок. Алып жүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн бири-бирине кийиле тургандай кылып, үч бөлүктөн жасалат. Үнү күчтүү чыгып, алыска кетет. Сурнай, добулбастар менен бирге же жалгыз ойнолуучу аспап катары аш-тойлордо, аскердик жүрүштөрдө, жар чакыруучу, кабар берүүчү инструмент катары ойнолгон. «Манас» эпосунда кыргыздын башка музыкалык аспаптарына караганда, керней туурасында маалыматтар көп айтылат
Жез керней - Жезден же латундан жасалат

Мүйүз керней аркардын мүйүзүнөн жасалат
Сурнай
Сурнай – түрү боюнча кош чымылдактуу аспаптардын түрүнө кирет. Сурнай узун, ачык жагы кеңейип кеткен конус түрүндөгү түтүк. Баш жагына конус түрүндөгү ичке жез түтүк орнотулуп, ага камыштын тамырынан жасалган чымылдак тагылат. Сурнайдын колдонулушуна жараша узундугу бир карыштан (20-23 см.) үч карышка (60-64 см.), ал эми көзөнөктөрүнүн саны 6дан 8ге чейин болот.

Бул аспап добулбас, кернейди коштоого алып, жортуулдарда, ат чабыштарда, эр сайыштарда, той-аштарда ойнолгон. Үнүнүн бийиктиги «Манас» эпосунда «сурнай кулак тундуруп», «сурнай үнү такылдап» деп сыпатталат
Сыбызгы
Сыбызгы – байыркы үйлөмө аспаптардын бири. Туурасынан кармалып ойнолуучу, бир учу жабык инструмент. Мурдагы замандарда жыгачтан же жезден жасалган, кээде жез най деп да аташкан. Бүгүнкү күндө өрүк жыгачынан жасалат. Узундугу 45 см., ички диаметри 16 мм. тегерегинде. Байыркы учурларда үн өзгөртүүчү көзөнөгү алтыга чукул болсо, учурда алардын саны – 10. Бул музыканы ар тараптуу кылып ойноого мүмкүнчүлүк берет
Тыт, өрүк жыгачынан жана куурайдан жасалат
Жез най жезден жасалат
Чоор
Чоор — тике кармалып ойноло турган эки учу ачык үйлөмө аспап. Кыргыз чоору төрт көзөнөктүү. Узундугу 70 см., ички диаметри 16 мм. түзөт. Мурда бул аспаптар шилби бадалынан, чогойно сыяктуу бир жылдык ичи көңдөй куурайлардан жасалган. Анын оозго салып үйлөй турган жерине мүйүздөн мүштөк тагылган. Азыркы учурда чоорду өрүктүн жыгачынан да даярдашат

Чоор байыркы заманда койчулар арасында кеңири тараган. Андан сырткары тойлордо, салтанаттарда өзүнчө оркестрдик топту түзүп ойношкон. Бул «Манас» эпосунда да кездешет
Чогойно чоор
Камыш чоор
Шилби чоор
Сары жыгач чоор
Балтыркан чоор
Жез чоор

Чопо Чоор
Чопо чоор — ак, кызыл чоподон же алардын аралашмасынан жогорку температурада бышырылып жасалган үйлөмө аспап. Илгери балдардын музыкалык аспабы катары бааланып, кыска кайрыктагы күүлөр ойнолгон. Мурда сүйрү, тоголок формада болгон. Үн алуу ыкмасы жана үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү 3төн 6га чейин кездешкен. Бүгүнкү күндө бирдей үлгүдөгү – сүйрү тоголок формадагы чопо чоорлор таралган. Азыркылары 8 көзөнөктүү болуп, бардык ноталарды алуу мүмкүнчүлүгү бар
Добулбас
Добулбас – элдик урма музыкалык аспап. Анын тегерек алкагы жакшы ийленген жумшак арчадан, талдан, кайыңдан жасалат. Добулбастын турпаты эки башы кесилген ашкабакка окшош келип, жылкынын, төөнүн кере тартылган териси менен капталган. Ал эми тегерек ийилген тактайдын эки учу бири-бирине көктөлүп бириктирилген. Добулбастан бийик мукамдуу добуш алыш үчүн камчы сап менен чаап, алакан менен кагып, азыр болсо кийиз капталган таякчалар менен уруп ойнолот. Аспаптын жазылыгы 37-55 см., бийиктиги 55-71 сантиметрге чейин жетет.

Добулбас негизинен кадырлуу меймандарды тоскондо, узатканда, жортуулга аттанганда, жеңген салтанаттарда, жоокердик машыгууларды өткөргөндө кагылган. Добулбас туурасында «Манас» эпосунда да айтылат
Добулбастын сырты арча, тал, кайыңдан жасалган
Тегерек алкагы төөнүн, жылкынын, уйдун териси менен капталган
Темир ооз комуз
Темир ооз комуз — байыркы замандан бери келе жаткан какма аспап. Ал темирден жасалгандыктан, темир комуз деп да аталат. Ал эки бөлүктөн: жаактан жана тилден турат. Аспаптын жаагы деп анын тилинин эки жагындагы төрт кырдуу, оозго салып кагаарда тишке такала турган, колго кармоочу чарасынан созулуп чыккан кош сызыкча темирди айтабыз. Жаагы темирден, жезден, колодон, күмүштөн, алтындан, ал эми үндүн булагы болгон тили курч темирден – болоттон жасалат.

Аспаптын узундугу 5,5-7 см., чарасынын кеңдиги 1,5-2 сантиметрди, ал эми чарасынан уланып ичкерип жана узатасынан кеткен жаагынын учу 5-7 миллиметрди түзөт.

Мурда ооз комузду кыз-келиндер ойносо, кийин эркек кишилердин арасынан да мыкты музыканттар чыккан
Темирден, жезден, латундан, колодон жасалат
Жыгач ооз комуз
Жыгач ооз комуз — кыргыздардын эң байыркы музыкалык какма аспаптарынын бири. Бул айрыкча, түштүктө жана Өзбекстанда жашаган кыргыздардын арасында, андан сырткары өлкө ичинде Аксы, Ала-Бука аймагында көп кездешет.

Аны тоодо өскөн, суунун шарылдап акканын укпаган шилбиден, бөрү карагаттан жасаса үндүү келет.

Аспаптын узундугу 15-18 см., туурасы 1,5-2 сантиметрди түзгөн тактайча түрүндө. Бир жак башы ичкерээк келип, ортосунан добуш берүүчү тили оюлат. Тилдин түп жагына тагылган боону булкуу менен добуш алынат
Шилбиден, бөрү карагаттан жасалат
Жетиген
Жетиген – кыргыздардын байыркы аспабы. Аны Энесайдагы кыргыздар пайдаланып, Ала-Тоого көчкөндө аспап ошол аймакта калган деген маалыматтар бар. Жетиген унутта калып, бизде эми гана жаңыдан жандана баштады. Бул аспап – чаткан деп аталып, хакас элинде ушу күнгө чейин чертилип келет. Андан сырткары жетикан, жетихан, чатыган деп да аташат.

Кыргызстанда учурда жетигенди эмен жыгачынан, ал эми капкагын карагайдан жасап жүрүшөт.

Жетиген негизи жети кылдан турат, бирок, азыр өркүндөтүлүп, чыгарманын мүмкүнчүлүгүнө жараша кылдардын санын көбөйтүп чертсе болот. Тагылган кылдын санына карата кадимки эле чүкөдөн тепке коюлат. Добушу бийик, тунук, кубаттуу чыгат. Узундугу болжол менен 1— 1,5 метрге чукул. Адатта бул аспапты терип, шилтеп, сыдырып чертишет.

Аспапты Кыргызстанга алып келген күндөн тарта аны менен улуттук «Кыргыз көчү» баштаган залкар күүлөр ойнолуп келет

 

Жетигендин тулкусу эмен жыгачынан, капкагы карагайдан жасалат
Тепкелери койдун чүкөсүнөн жасалат