Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин
Көчмөндөр модасынын сырлары
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин
Көчмөндөр модасынын сырлары
Азыр аялдын сырткы көрүнүшүнөн анын кайсы аймактан экенин ажырата билүү мүмкүн эмес. Ал эми байыркы заманда аялдын кийип турган кийими анын кайсы уруудан экенин, турмуш шартын, статусун, ал тургай жаш курагын көрсөтүп турчу. Бир эле мисал, көйнөктүн жакасынын тилигинен аялдын турмушка чыккан-чыкпаганын, балалуу болгон-болбогонун билүү мүмкүн эле.

Кыргыздардын XIX кылымга чейин кийген кийими, колдонулган кездемелери жөнүндө ачык, так маалымат абдан аз. Анткен менен илгерки кийимдердин сүрѳттѳлүшүн, кездемелердин аталышын "Манас" эпосунан кезиктирсе болот. Кийимдер тууралуу билдирмелер XIX кылымдан тарта орус жана чет элдик саякатчылар менен аскер адамдарынын, сүрөтчүлөрдүн жол дептерлеринде, очерктеринде учурай баштайт. Кыргыз аялынын кийиминин эң алгачкы сүрѳтүн 1857-жылы Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин экспедициясында орус сүрөтчүсү Павел Кошаров тартып алган. Анда кийимдердин түзүлүшү тууралуу маанилүү маалыматтар камтылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен салттуу кийимдер боюнча экинчи долбоорун сунуштайт. Бул ирет кыргыздын кыз-келин, байбичелеринин кийинүү стили кандай өзгөргөнү тууралуу кеп болот. Кайрадан жанданып жаткан кыргыз кийимдеринде буга чейинки окумуштуулардын, изилдѳѳчүлѳрдүн, салттуу билимди аркалаган адистердин маалыматтары колдонулду.
Наристелердин кийими, ороо-чулгоосу
Наристелердин кийими, ороо-чулгоосу
Наристелердин кийимдеринин бычылышы жѳнѳкѳй жана окшош болгон. Бала басканга чейин кыз-эркек дебей ороо-чулгоодон сырткары ыңгайлуу, жылуу кийимдерди кийгизишкен.

Кыргызда ымыркайга 40 күн болгондо кыркын чыгаруу деген каада бар. Бул күнгѳ карата баланын энеси ага өзгөчө кийимди, атайын ырым кылып айылдагы көп балалуу, кадыр-барктуу, кары адамдардын эски кийимдеринин кесиндисинен чогултуп кошуп (адатта кырк кесиндиден курап) көйнөк тиккен. Ымыркайга арналган бул кийимдин жакасы жок болот. Тигиши сыртына карап, ийинден ийинге чейин узатасынан тигилип, боо менен бүчүлөнгөн. Ошол эле күнү айылдын байбичелери баланын карын чачын, тырмактарын алып кырк кашык сууга киринтет. Андан соң баягы энеси даядаган кырк курак көйнөктү кийгизип, биринчи жолу бешикке бөлөгѳн. Бул ырымда кездемелердин кесиндилери касиеттүү деп эсептелген.
Кыздын көйнөгү аялдыкынан эмнеси менен айырмаланган?
Кыздын көйнөгү аялдыкынан эмнеси менен айырмаланган?
Кыздар көйнөктү 3-4 жаштан кие башташкан
Көйнөктөрү кенен, капталына кыйык салынып тигилип, жеңи колун жаап, этеги кызыл ашыкка жеткен. Бирок аялдардын көйнөгүнөн жакасы менен айырмаланып турган. Кыздардыкы ийинден ийинге чейин туурасынан бычылып, "туура жакалуу" көйнөк деп аталган. Кыздардын көйнөгүнүн эки ийинине боо байланып же топчу бүчүлөнгөн.

Модель: Арууке Шейшеналиева
Кыздын кийип турганы — кызыл түстөгү чыт көйнөк. Жакасы ийинден ийинге чейин туурасынан бычып тигилип, мойнуна боо байланган.
Топу
Маасы
Кѳйнѳк
Чыптама
Күмүш сѳйкѳ
Шуру
Күмүш билерик
Күмүш топчу
Кыз баланын кийимдериндеги кооздуктар
Кыз баланын кийимдериндеги кооздуктар
Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.

Модель: Арууке Канайбекова
Сүрөттөгү чапан бейкасамдан тигилген. Боо менен бүчүлөнгөн, төшүнө күмүштөн кооздук, далысына тумар тагылган.
Дамбал
Маасы
Кѳйнѳк — платье
Чапан
Кѳрпѳ тебетей
Кепич
Сары шуру
Тумар
Көчмөн элдин кыздары кандай түстү баалашкан?
Көчмөн элдин кыздары кандай түстү баалашкан?
Көбүнчө кызыл, күлгүн түстөр колдонулган
Кээ бир маалыматка таянсак, ак түстѳгү кѳйнѳктѳрдү дагы кийишкен. Көпчүлүк кыздардын көйнөктөрү кебезден токулган кездемелерден тигилсе, колунда барлардын кыздары жибек кездемелүү көйнөк кийишкен.

Модель: Алия Канайбекова
Чыптама кызыл түстөгү тукабадан тигилген. Бооруна топчу кадалып, күмүш кооздуктар менен жасалгаланган.
Норка тебетей
Кепич
Чыптама
Кѳйнѳк
Маасы
Күмүш сөйкө
Сары шуру
Түймө
Секелек, селкилердин баш кийими
Секелек, селкилердин баш кийими
Кыздар кундуз, суусар, көрпө тебетей кийишкен
Кундуз, суусар тебетейди колунда барлардын кыздары кийсе, шарты жоктор кыздарына көрпөдөн тигип беришкен. Кыздардын тебетейинин тышы кызыл манат, баркыт менен тышталып, чокусуна үкүнүн канаты, айрым учурда чоң чачы тагылган.

Модель: Акылай Белекова
Ала тамак — өспүрүм кыздардын төшүнө тагыла турчу жасалга. Сүрөттөгү ала тамак маржан менен тизилип, учуна күмүш тыйындар тагылган.
Норка тебетей
Дамбал
Күмүш билерик
Чыптама
Кѳйнѳк
Өтүк
Сом сөйкө
Ала тамак
Күмүш топчу
"Кемсел" деген кандай кийим?
"Кемсел" деген кандай кийим?
Кемселдин элге тараган аталышы — чыптама
Кыз-келиндер болжол менен 1930-жылдан баштап көйнөктүн тышынан "кемсел" деп аталган жеңи чолок кийим кие баштайт. Секелек кыздар менен селкилердики жакасы жок болуп тигилип, седеп топчулар менен жыш кооздолгон. Кемселдин көпчүлүккө тараган аталышы — чыптама. Жаш кыздардын кемселинин түсү кызыл, күлгүн сыяктуу ачык болот.

Модель: Акылай Бахматова
Сүрөттөгү тебетей суусардын терисинен тигилген, кызыл баркыт менен сыртталган. Төбөсүнө үкүнүн канаты тагылган.
Суусар тебетей
Маасы
Чыптама
Дамбал
Көйнөк
Кепич
Сиркеленген көздүү сөйкө
Ала тамак
Күмүш топчу
Күмүш билерик
Күмүш шакек
Бойго жеткен бийкеч. Кийими кандай өзгөргөн?
Бойго жеткен бийкеч. Кийими кандай өзгөргөн?
Аялдардын сырт кийимдеринин бири — чапан. Бойго жеткен кызга чапанды атайын арнап баалуу кездемеден тигип берип, кийин ал кийим кыздын себине кошулган.

Модель: Сабина Жусупбекова
Селкинин кийип турган чапаны жибек кездемеден жасалган. Төшүнө күмүш кооздуктар тагылган.
Кундуз тебетей
Өтүк
Чапан
Дамбал
Көйнөк
Балдак сырга
Бермет шуру
Күмүш билерик
Кол тырмач
Аялдардын ич кийими
Аялдардын ич кийими
Мурда ич кийим катары дамбал эсептелген
Аны аялдар эле эмес, балдар, эркектер да кийишкен. Айырмачылыгы — тигишинде жана бычылышында. Дамбал шым сыяктуу бир ѳңчѳй кездемеден, багалектерин кызыл ашыкка чейин узун кылып тигип, белин ычкыр жип менен байлашкан. Түштүк тарапта дамбалдын багалеги бүйрүлүп тигилип, сайма түшүрүлгөн жээк менен бастырылган. Аялдар дамбалды көйнөктөн чыгарып, көрсөтүп кийген эмес. Бул уят деп эсептелген.

Модель: Гүлзада Аманкан кызы
Кыздын дамбалы кызыл чыттан тигилген.
Суусар тебетей
Маасы
Дамбал
Чыптама
Көйнөк
Күмүш сөйкө
Ак шуру
Күмүш билерик
Сиркеленген көздүү шакек
Кепич
Күмүш топчу
Төркүндүн төрүнөн узаган кыздын кийими
Төркүндүн төрүнөн узаган кыздын кийими
Турмушка чыккандан кийин кыздын кийими өзгөрөт
Ал эле эмес, чачынын ѳрүлүшү, баш кийими дагы алмашкан. Секелек кезинде беш көкүл чач өрдүрүп, тебетей кийип жүргөн кыздын чачы турмушка узап жатканда эки бөлүнүп өрүлүп, ата-энесинин төрүнөн шөкүлө кийип чыгат. Шөкүлө — кыз турмушка узап жатканда кийиле турчу конус түрүндөгү баш кийим. Күйөөгө тийгенден кийин келин шөкүлөнү 5-6 күнгө чейин башынан түшүргөн эмес. Андан соң сиңдилерине деп төркүнүнө берип жиберген.

Модель: Диана Исманбек кызы
Шөкүлө ак кийизден жасалып, кызыл баркыт капталган. Төбөсүнө, капталына тоос куштун канаттары тагылган. Жаакты жапкан бөлүгүнө кундуздун териси бастырылып, маржан чегерилген.
Шөкүлө
Өтүк
Сөйкө-желбирөөч
Сиркеленген көздүү сөйкө
Көйнөк
Маржан шуру
Күмүш шакек
Көздүү билерик
Аялдын статусу менен кошо кайсы кийимдер өзгөргөн?
Аялдын статусу менен кошо кайсы кийимдер өзгөргөн?
Күйөөгө тийгенден кийин келин элечек кие баштайт. Аны жашаган аймагына жана уруусуна жараша кээде тѳркүнү ороп узатса, айрым учурда барган жерине ороткон. Кээ бир маалыматтарда элечекти биринчи баласы тѳрѳлгѳндѳн тарта кийген деген да божомолдор бар. Бул баш кийимди аял өмүрү өткөнчө кийген. Кышы-жайы дебей башынан түшүрбөй, үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан.

Илгери күйѳѳсү ѳлгѳндөрдүн элечегинин ээк алмайын бошотуп, кыргагына кара чүпүрѳк байлап же кара жоолук жаап коюшкан. "Кара кийди" деген түшүнүк ээк алмайынын бошошу менен түшүндүрүлгѳн. Маркумдун ашы ѳткѳн соң каралуу аялга тѳркүнү жаңы тигилген кийимдерди кийгизип, элечегин кайрадан орогон. Бул каада "ээгин бүтѳдү" деп аталат.

Модель: Айнур Кадырова
Келиндин башындагы келек (элечек) болжол менен Алай аймагына жана cарыколдук кыргыздарга тиешелүү.
Маасы
Белдемчи
Кѳйнѳк
Дамбал
Келек
Кепич
Балдак сырга
Маржан шуру
Узун жака
Төөнөч
Чачпак
Күмүш билерик
Түштүк аймактын аялдарынын образы
Түштүк аймактын аялдарынын образы
Аялдардын кийиминде географиялык жана климаттык шартка жараша аймактык өзгөчөлүктөр болгон. Түштүк аймактарда күн ысык болгондуктан элечеги сорогой болуп үстүнө сөзсүз дурия жоолук жабылган. Алар күндөн сактап турган. Кеп такыянын алды ачык болгон. Анткен менен кеп такыя кийип, ага кошумча ээк алмай оролгон тарыхый сүрөт дагы бар. Ал эми көйнөктөрү ачык түстөгү кездемелерден тигилген.

Модель: Бермет Турсалиева
Чач кап — түштүк
аймактарда элечектин бир бөлүгү болуп эсептелген (аны "кеп такыя", "баш кеп" деп да аташат). Ал башты толугу менен жаап, маңдайы түз болот. Такыячан эл алдына чыгуу уят болуп саналган.
Келек
Балдак сырга
Чач кап
Белдемчи
Кѳйнѳк
Узун жака
Төөнөч
Чачпак
Маасы
Түндүк аймактарга тиешелүү образ
Түндүк аймактарга тиешелүү образ
Түндүк аймактардагы аялдардын элечектеринин дээрлик бардыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат. Аялдардын көйнөктөрү бир өңчөй жана узун болгон.

Модель: Токтобү Айдаралиева
Сарыбагыш уруусуна таандык элечек.
Кѳйнѳк
Маасы
Маржан шуру
Белдемчи
Элечек
Кепич
Күмүш сөйкө
Күмүш шакек
Сөлкөбай
Төрөгөн соң аялдын көйнөгүнүн жакасы эмнеге өзгөрөт?
Төрөгөн соң аялдын көйнөгүнүн жакасы эмнеге өзгөрөт?
Аялдардын көйнөктөрү кыздардыкы сымал эле кенен, капталына кыйык салынып тигилип, жеңи колун жаап, этеги кызыл ашыкка жеткен. Болгону төрөгөндөн кийин бала эмизүүгө ылайыктап аялдын кѳйнѳгүнүн жакасы ѳзгѳрөт. Тагыраагы, туура жакадан узун жакага ѳткѳн. XIX кылымда мындай жакалуу көйнөк Кыргызстандын бардык аймагында болгон.

Модель: Алия Бахматова
Узун жакалуу көйнөк. Жакасы жибек жиптен согулуп, үстү саймаланган. Ылдый жагына чачы түшүрүлгөн.
Кѳйнѳк
Маасы
Келек
Белдемчи
Күмүш сөйкө
Кеп такыя
Узун жака
Төөнөч
Чачпак
Аялдын жашаган аймагын көйнөктүн жакасынан билсе болот
Аялдын жашаган аймагын көйнөктүн жакасынан билсе болот
Көйнөктүн жакасына кооздолгон, саймаланган кошумча жака кѳктѳп тагылчу. Ал өңүр жана узун жака деп аталат. Экөө бири-бирине такыр окшошпойт. Ѳңүрдү Кыргызстандын бардык аймагындагы аялдар тагынса, узун жака түштүк аймакта гана кездешкен. Ѳңүр саймаланып, түзүлүшү трапеция түрүндѳ болсо, узун жака жибек жиптен согулуп, үстү саймаланып, ага күмүш тегерекчелер, учуна чачы тагылган. Бул коңшу элдердин таасиринен улам келген кийимдин кошумча бѳлүгү. Ѳңүрдү өлкөнүн түндүгүндө турмушка чыккандан баштап үч балалуу болгонго чейин тагынчу, ал эми түштүк аймагында узун жаканы ѳмүр бою көйнөктөн түшүрүшкөн эмес.

Модель: Бурул Исмантаева
Чолпу — өрүлгөн чачка тагылуучу кооздук. Сүрөттөгү күмүш чолпу шуру менен шөкөттөлгөн.
Кѳйнѳк
Дамбал
Маасы
Белдемчи
Элечек
Маржан шуру
Күмүш шакек
Чолпу
Кепич
Оюуланган, сиркеленген көздүү билерик
Чапан
Суук тийүүдөн сактаган белдемчи
Суук тийүүдөн сактаган белдемчи
Белдемчи – аял төрөгөндөн кийин кие турган кийим
Ал юбка сыяктуу белден ылдый тагылат. Ыңгайлуу жана жылуу. Кѳп учурда белдемчи кара түстөгү таз баркыт, чий баркыт, нооту, трайке, лампук өңдүү кездемелерден тигишкен. Белдемчинин аймак аралык түрлѳрү кѳп. Аны көп учурда келиндин өз энеси "жээн көрдү" же бешик тоюнда алып барган. Бул кийимдин артыкчылыгы — суукта, көчмөн турмуш шартында өтө ыңгайлуу болгон. Ал ат үстүндө жүрүүдө, сыртта, боз үйдүн ичинде үй кызматын жасаганда суук тийүүдөн, ооруп калуудан сактаган.

Модель: Назира Айтбекова
Күбөк — чач учтуктун бир түрү. Ал жибек жиптен эшилип, күмүш кооздук, шурулар менен жасалгаланган.
Элечек
Дамбал
Күмүш төөнөгүч
Белдемчи
Көйнөк
Өтүк
Ак шуру
Күбөк
Байдын аялы кандай өзгөчөлөнгөн?
Байдын аялы кандай өзгөчөлөнгөн?
Байдын аялдары баалуу аң-тери, зер буюмдарга басым жасаган. Колунда барлардын аялдары белдемчисинин жээгин кундуз менен жээктетип, жыш сайма сайдырган. Кээ бир учурда сүлѳөсүн, кашкулактын терисин да колдонушкан.

Модель: Таалайкан Абазова
Аялдын белдемчиси кара баркыттан тигилген. Ага керме сайма сайылып, кундуз тери менен жээктелген. Ошондой эле күмүш, седеп топчулар кадалган.
Маасы
Кѳйнѳк
Белдемчи
Чапан
Элечек
Маржан шуру
Чолпу
Көздүү билерик
Сөйкө желбирөөч
Кош бойлуу келин белдемчи тагынчу беле?
Кош бойлуу келин белдемчи тагынчу беле?
Кош бойлуу келиндин көйнөгү кенен тигилип, белдемчинин бели курсактын ылдый жагынан ѳткѳрүлүп байлануусу зарыл. Ал курсакты кѳтѳрүп, түйүлдүктүн ѳйдѳ жайгашуусуна жардам берип, бойдон түшүү коркунучунун алдын алат.

Модель: Айпери Асыгалиева
Кыз-келиндердин көбү маржан шуру тагынган. Аны тизүү ыкмасы ар кимдин табитине жараша ар түрдүү болгон. Сүрөттөгү шуру сегиз кат тизилген. Маржан шуру — көбөйүү, өнүп-өсүү дегенди да туюндурат. Ошол себептен аны аялдар кыз кезинен ырым кылып тагынышкан.
Элечек
Дамбал
Кѳйнѳк
Маржан шуру
Белдемчи
Сайма кыргак
Көздүү билерик
Чолпу
Илгерки аялдардын бойду түз алып жүрүү сыры
Илгерки аялдардын бойду түз алып жүрүү сыры
Чач учтукту аял өмүр бою тагынган
Аял турмушка узагандан баштап эки өрүм чачынын учуна чач учтук тагына баштайт. Чач учтуктун жасалышы жана аталышы Кыргызстандын аймактарында ар башкача. Күмүштөн жасалган чач учтук оор болгондуктан, аны тагынган аял боюн түз кармап жүргөн.

Модель: Айдай Асангулова
Чач кап — эки өрүм чачка тагыла турчу азем буюм. Түндүк аймактын аялдары өрүлгөн эки чачтын учун чач капка салышкан.
Кѳйнѳк
Дамбал
Өтүк
Белдемчи
Элечек
Маржан шуру
Күмүш шакек
Күмүш топчу
Чач кап
Аялдардын бут кийими
Аялдардын бут кийими
Бут кийимдер булгаарыдан тигилген
Бут кийимдерин атайын өтүкчүлөргө буйрутма менен ултартып кийишкен. Жаштары такасы бар, булгаарыдан тигилген "бөдөнө өтүк" деп аталган кызыл-жашыл өтүк кийсе, жашы өткөндөр жайы-кышы дебей ыңгайына карап жапыз булгаары бут кийимдер менен жүрүшкөн. Маасы, көлөч да колдонушкан.

Модель: Айша Мамбеталиева
Такалуу өтүк кызыл жана кара түстөгү булгаарыдан ултарылган.
Элечек
Дамбал
Кѳйнѳк
Белдемчи
Өтүк
Суу мончок кыргак
Сандыкча сөйкө
Маржан шуру
Чолпу
Аялдын ажарын ачкан зер буюмдар
Аялдын ажарын ачкан зер буюмдар
Аялдардын кийимин жасалгасыз элестетүү мүмкүн эмес
Зер буюмдарды көлөмүнө жараша күнүмдүк турмушта, тойдо, көчүп-конууда тагынышкан. Кооздуктардын ичинде чачка, төшкө, моюнга, кулакка, колго тагылчулары да бар. Мисалы, кичине кыздан байбичелерге чейин чапан, чыптамаларына күмүш топчуларды тагып, сөйкө, билерик сөзсүз болгон. Зер буюм көбүнесе таберик катары энеден кызга өткөн. Кээде кызына арнатып атасы зергерлерге атайын кооздук жасаткан.

Модель: Мээрим Байгожоева
Талас облусуна тиешелүү элечек. Кытай уруусуна таандык. Сүрөттөгү элечекке болжол менен 23 метр даки керектелген.
Элечек
Кѳйнѳк
Чыптама
Белдемчи
Маржан шуру
Дамбал
Өтүк
Түймө
Оймок
Сомдук
Көчмөн кыргыз кездемени кайдан, кантип алган?
Көчмөн кыргыз кездемени кайдан, кантип алган?
Салттуу кыргыз кийимдеринин негизин койдун, эчкинин, төөнүн жүндөрү түзгөн
Аялдар жөнөкөй токуу, согуу жолу менен бир нече түстөгү кездемелерди жасашкан. Токулган кездемелерден көбүнчө сырт кийимдер тигилсе, өсүмдүктүн буласынан, пахтадан жасалган кездемеден көйнөк кийишкен. Мындан сырткары, коңшу өлкөлөр менен соода-сатык, алмашуу жолдору менен кездеме алып турушкан.

Модель: Күлнар Кулмырзаева
XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыздардын соода-катнаштары Орто Азия, Чыгыш Түркстан менен жакшырып, кездемелер ошол жактан келе баштайт. Алсак, кебез, жүн, пахтадан жасалган кийимдер көндүмгө айланган.

Модель: Гүлзада Борбукова
Сомдук — чач учтуктун бир түрү. Сүрөттөгү сомдук түрдүү шуру, мончоктор менен кооздолгон. Сомдуктун мындай түрүн чач суюлуп калганда тагынышкан.
Элечек
Дамбал
Чыптама
Кѳйнѳк
Маасы
Кепич
Маржан шуру
Сомдук
Кийимди көркүнө чыгарган саймалар
Кийимди көркүнө чыгарган саймалар
Чебер уздар кийимдин бѳлүктѳрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган.

Кыргыздын саймачылык өнөрүнүн техникалык ыкмалары ар түрдүү. Алсак, илме, басма, санап саюу, терс кайык жана башкалар. Терс кайык ыкмасы менен уздар көйнөктөрдүн өңүрүн, кеп такыялардын жаактарын сайышкан. Ал эми белдемчи кооздоодо кѳбүнчѳ шибеге колдонулуп, илме сайма сайылган. Бул ыкманы керме сайма деп да аташкан.

Модель: Бүбүсайра Асанбекова
Бул элечектин кыргагы жибек кездемеден жасалып, ага керме сайма сайылган. Маржан менен кооздолгон.
Элечек
Белдемчи
Күмүш билерик
Чыптама
Кѳйнѳк
Дамбал
Маасы
Кепич
Маржан шуру
Сөлкөбай
Үй кызматкерлер ээсинин эскисин кийген
Үй кызматкерлер ээсинин эскисин кийген
Турмуш-шартына жараша колдо бар кийимди кийишкен
Байдын койчусу, үй кызматкерлери жасаган акысы үчүн ээсинин эски кийимдери менен күн кечирген. Колунда жоктор болсо балдарынын кийими жыртылса да жамап-жаскап, улуусунукун кичүүсүнѳ беришкен. Эл арасындагы маалыматтарга таянсак, кездеменин жоктугунан таардан жеке эле шым эмес, кѳйнѳк да тигип кийишкен.

Моделдер: Жаннат Тажыбекова, Нурайым Жумакадырова
Жашыл тукабадан тигилген тик жакалуу чапан.
Элечек
Кѳйнѳк
Чыптама
Белдемчи
Чапан
Дамбал
Маасы
Маржан шуру
Сомдук
Байбиче жылуу кийимге басым жасаган
Байбиче жылуу кийимге басым жасаган
Көйнөктүн сыртынан сөзсүз түрдө кемсел кийип, белдерине белдемчи тагынып, буттарында маасы-көлөч болгон. "Желек" деп аталган сырт кийимди аялдар да, эркектер да кийишкен. Кээ биринин жакасы бар болсо, айрымдарына кошулган эмес. Абдан ыңгайлуу, жеңил сырт кийим.


Модель: Толсун Көкөева
Талас аймагында чыптама чермий деп аталат. Сүрөттөгү чермий тик жакалуу, кара баркыттан тигилген. Күмүш топчу менен кооздолгон.
Элечек
Маасы
Белдемчи
Дамбал
Чермий
Маржан шуру
Сөлкөбай
Жыгач табак
Сайманын жиптери
Аялдардын сыйга кийген кийими кандай болгон?
Аялдардын сыйга кийген кийими кандай болгон?
Байыркы заманда кездеме аз болгондуктан, түрлөп деле кийим кийишкен эмес экен. Көп учурда кийимдин жаңысын сыйга, тойго, кѳчкѳ деп алып койгон. Сүрөттөгү аялдын кийими той-ашка ылайыктуу. Суусар менен жээктелген баркыт белдемчи тагынып, тик жакалуу кемсел кийген.

Модель: Ават Жумашова
Илгери аялдардын көбү зергерлердин колунан жаралган түрдүү күмүш шакектерди тагынышкан. Сүрөттөгү шакектер күмүштөн жасалып, айрымдары баалуу таштар менен кооздолгон.
Элечек
Белдемчи
Кѳйнѳк
Чыптама
Чапан
Маасы
Кепич
Күмүш сөйкө
Маржан шуру
Оймок
Сомдук
Эркек менен аялдын чапаны эмнесинен айырмаланган
Эркек менен аялдын чапаны эмнесинен айырмаланган
Чапанды күн суукта аялдар да, эркектер да киет
Бири-биринен кездемеси, түсүнѳн бир аз айырмаланып турат. Аялдардыкында ачык өңдөр көп. Чапандар көбүнчө башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүү кездемеден тигилип, ичине жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет. Кээ бир чапандар шырылып тигилген.

Модель: Сонункан Байтемирова
Маасы — кепич менен кийилүүчү кончу бар, жеңил бут кийим. Анын ичи жандыктын терисинен ичтелип, булгаарыдан жасалат. Кепич — булгаарыдан ултарылган боосуз бут кийим.
Элечек
Маасы
Белдемчи
Кѳйнѳк
Чапан
Дамбал
Кепич
Күмүш сөйкө
Оймок
Күмүш билерик
Чолпу
Ийик
Ичикти аялдар да кийгенби?