10 миң сөөк кайра көмүлүп, 25 айыл суу алдында калган
Кыргызстандын электрлешүүсү
25 айыл суу алдында калып,
10 миң сөөк кайра көмүлгөн
Кыргызстандын электрлешүүсү
Биз Кыргызстандын бүт аймагы кантип электрлештирилгендиги жөнүндө жазууну чечтик. Бул баян жөн жерден эле пайда болуп калган жок, айрым жери кайгылуу окуялар менен коштолду.
Борбор калаадагы Раззаков көчөсү өткөн кылымдын 30-жылдары дал ушундай болгон
Кокусунан эле өткөн кылымдын 30-жылдарында Фрунзе шаарына түшүп калган адам аябай таң калмак. Ошол учурдагы журналисттердин эскерүүсүнө караганда, ал кезде борбор калаа кир жана караңгы эле. Сасык жыт уруп турган айрым көчөлөр "тургундар таштандыны арыктын ичине, айрымдары терезесинин алдына эле ыргытып койчу. Жергиликтүү мончо жугуштуу оорунун булагына айланган" деп сүрөттөлгөн.

Ал кездеги ашканалар да жийиркеничтүү экен. Журналист Шевченко ошол учурдагы коомдук тамактануучу жай тууралуу минтип жазган:
"Кардарларды тейлеген кир кийимчен адам кир колдору менен тамак-ашты кармайт. Ал жакка арак ичип алган алдамчы, ээнбаштар көп келет. Ашканага өз убагында күйүүчү май жеткизилбегенинен ысык чай да ичүү мүмкүн эмес эле. Азык-түлүк столдун алдындагы жерде эле сакталчу. Бардык жагың караңгы", — деп жазган ал.
Фрунзе шаарында 1930-жылдары үйлөр мештери менен курулган, калаа тургундары чым көң казып, кышка даярдык көргөн
Азыр андай жашоону элестетүү кыйын. Сууну каалаган учурда ысытып, азык-түлүктү муздаткычка салып коебуз. 30-жылдары кыйраткан деле техника жок болчу. Жарык саналуу үйдө гана болгондуктан анын зарылдыгы да жок эле.

Ал эми электр энергиясынын зымын өз үйүнө чейин тартып келгендер да кээде жарым айга чейин жарыксыз калчу. Жергиликтүүлөр короого от жагуу үчүн жакынкы жердеги чым көңдөрдү казып келчү. Натыйжада шаардын такыр эле кейпи кетип, казылган жерлерге суу толуп, безгек чиркейлер толуп кетчү. 1936-жылы калаа бийлиги шаардын аймагында чым көң казууга тыюу салган.
Өлкөнүн алыскы аймактарына карагай, электр чубалгылар эшектер менен жеткирилген
Колхоздордо абал мындан да оор болчу. Мисалы, гезит беттеринде 1941-жылы 20-майда Чоң Чүй каналынын куруучулары үчүн ачык асман алдында уюштурулган бир концерт тууралуу жазылган.
"Көрүүчүлөр аябай кеч чогулуп, күн батып баратканда концерт башталды. Алар ырчылардын чыгармаларын караңгыда отуруп угушту. Сахнага балет бийчилери чыкканда колхозчулар таяктын башына чүпүрөк ороп күйгүзүп беттерин көргөздү", — деп жазылган.
Бул сүрөт Улуу Ата Мекендик согуштун башталарына бир нече ай калганда тартылган. Кийин эркектер фронтко аттанып, аялдар менен балдар Чоң Чүй каналынын курулушун уланткан
Андан бери жагдай түп-тамырынан бери өзгөрдү. Азыр Кыргызстанда электр энергиясы ири көлөмдө өндүрүлөт, жада калса, ашып калганын коңшу эки мамлекетке да сатат. Кана эмесе, тоолуу өлкөдө жарык кантип пайда болгонун чогуу билип көрөлү!
Өлкөдө 1917-жылы беш гана электр станциясы болгон. Кызыл-Кыя, Пишпек, Пржевальскиде бирден жана Ошто экөө иштечү. Борбор калаада иштеген станциянын кубаттуулугу жети жылыткыч же 180 лампочканы гана күйгүзгөнгө жетчү.
30-жылдары энергетика тармагы күч алган. Москва электрлештирүү ишине акча аяган эмес. Республика аймагына келип дарыяларды изилдеген окумуштуулар бир суроо узатышчу.

— Ал жерге гидроэлектр станциясын курганга бололу?

— Болот экен, өтө ыңгайлуу жерлер экен, — деген жооп алышкан.

Керектүү тетиктер алыскы аймактарга эшек менен жеткирилген. Элет жеринде жашагандар кызыгуу менен жаңы техниканы өздөштүрө баштаган. Журналист Ракитин биринчи патефон кантип Ильич совхозунда жаңырып, "тозоктун кичинекей машинасы" деп аталгандыгын жазып калтырган.
"Алгачкы күндөрү патефон кой сарайларды аралап жөнөгөн. Чабандардын алгач оозу ачылып, айрымдары комуз черткен ырчы кайсы жерине жашынып алган деп суроо узатчу. Дагы бир койчунун ити патефондун үнүнө чыдай алчу эмес. Ал иштесе эле ит боз үйгө качып кирип, мышыкты тиштегилеп баштачу", — деп сүрөттөгөн автор.
Архивдик маалыматтарга ылайык, алты жыл ичинде эле Кыргыз ССРинде 22 колхоз ГЭСи, беш жылуулук электр станциясы ишке берилет. Ага карабай бийликтегилер мындай көрсөткүчтөргө ичи чыкпай, талапты катуу койгон.
Кыргызстандагы биринчи электр станциясы 1929-жылы курулуп, анын жабдыктары Америкадан атайын алып келинген
Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин Кыргызстанга башка шаарлардан бир топ ири ишканалар көчүрүлүп келет. Чакан республиканын жетекчисине оңой эмес милдеттер жүктөлгөн эле. Ири завод, фабрикаларды электр энергиясы менен камсыздоо вазийпасы пайда болгон.

Энергия менен камсыз кылуу үчүн 1942-жылы май айында Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу башталган. Эркектер согушка кетип, жумушка жети миңге чукул балдар жана кыз-келиндер тартылып, алар ызгаарга карабай баш көтөрбөй жер казышкан.
Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу 1942-жылы май айында башталып, эркектер согушка кеткендигине байланыштуу жумушка 7000ге чукул балдар жана кыз-келиндер тартылган
Жер алдынан чыккан суу бетон куюуга тоскоолдук жараткан эле. Кышкысын суу сордуруу жана тетиктерди алмаштыруу маалында техниканы кой, жумушчулардын кийимдеринен бери муз болуп тоңуп калчу. Жумуш ирмемге да токтобой, бир күндө 200 куб метрден көп суу сордурулуп турган.

Эгер иш токтоп калса, аткарылган иштер суу алдында калуу коркунучунда эле. Күжүрмөндүк менен иштеген кыз-келиндердин эмгегинин аркасында бир жыл эки жумадан кийин ГЭС ишке кирип, согуш маалында Фрунзеге көчүрүлгөн заводдорго экинчи өмүр берилген. Кыска убакыт ичинде Фрунзенин айланасында мындай алты чакан ГЭС жарык өндүрүүгө киришет.
Лебединовка ГЭСи азыр ушундай абалда
Андай аракеттерге карабай электр тогу маал-маалы менен өчүрүлүп, борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөр эки меши менен салынчу. Бири үй жылытса, экинчиси суу ысытчу. Тургундар кышка отун жыйнап, көмүр түшүртчү. Ал эми элет жериндегилердин көпчүлүгү жарыксыз отурар эле. Ошентип электрлештирүү маселеси кайра көтөрүлгөн.
Согуш жылдарынан кийинки Фрунзе шаарынын көрүнүшү. Токтогул көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилиши
Бийликтегилердин жаңылыш бир чечиминен улам өлкө чоң экологиялык көйгөйгө кептелмектигин Кыргызстан Коммунистик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев өзүнүн мемуарында жазып калтырган. Саясатчы 1961-жылы Нарын облусунда кубаттуу жылуулук электр борборун куруу пландалгандыгын, ал өлкөнүн түндүгүн толугу менен жарык кылмактыгын эскерген.

Анда дарыяларды өздөштүрүп ГЭСтерди курууга караганда көмүр колдонуп электр энергиясын алуу арзан болот деп эсептешкен. Нарындагы жаңы ЖЭБ кубаттуулугу боюнча борбор калаадагы азыркы жылуулук электр борборунан үч эсе күчтүү болмок.
"Миллиард тонна көмүрдү күйгүзүп электр энергиясын алуу биз үчүн кызыктырарлык иш болгон. Ал аябай арзанга түшө тургандыгын айтышкан. Кагаздагы эсептөөлөр так ушундай эле. ЖЭБ курулушун ишке ашырууну СССРдин мамлекеттик планы да колдогон. Мен да ал чечимге баш ийгем", — деп эскерген Усубалиев.
Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев
Күндөрдүн биринде Турдакун Усубалиев борбор калаадагы ЖЭБдин морунан кара түтүн чыгып жатканын көрүп, жаңы салына турган ЖЭБден канча көө, ыш чыга турганын сураган. Жообу аны таң калтырган. Көрсө, электр борбордон бир суткада 300 тонна ыш, көө чыкмак экен.
Бишкек шаарындагы ЖЭБ 1961-жылы колдонууга берилген
"Бул Ысык-Көл, Нарын облусу менен Чүй өрөөнүн көмүрдүн кара түтүнү каптап турат дегенди билдирет. Ал аймактарда тургундардын жашоосу чыдагыс болуп, жаңы ЖЭБ орду толгус экологиялык коркунучка кептемек", — деп жазган.
Жыйынтыгында талаштуу план ишке ашпай, Кыргызстандагы дарыяларда кубаттуу гидроэлектр станцияларын куруу маселеси көтөрүлө баштаган.
Токтогул гидроэлектр станциясынын курулушу 12 жылга созулган
Окумуштуулар кагаздарды карап чыгып, анын энергиясы өтө кирешелүү боло тургандыгына ынанган. Адистер негизинен Нарын дарыясына басым жасашкан.

Советтик Кыргызстандын алдына маанилүү милдет коюлуп, жаңы ГЭС үчүн ири көлөмдөгү плотина куруу зарыл болгон. Инженерлердин божомолу боюнча, Нарын суусу өрөөнгө куюлуп ири суу сактагычка айланмак. Мунун аркасында арзан электр жарыгы гана өндүрүлүп тим болбостон, андагы суунун эсебинен айдоо аянттары да кеңеймек.
Бирок ошол демилгеде орчундуу бир көйгөй бар эле. Ага ылайык, суу алдында 24 миң гектар жер калмак. Ал аянтта төрт миңдей турак жай, кыш завод жана "Токтогул" аэропорту да бар эле. Андан сырткары, 18 миң тургунду башка аймакка көчүрүү зарыл болчу. Турдакун Усубалиев жергиликтүүлөр менен иштешүүгө туура келгендигин эскерген.
"Ата-бабабыздан калган ал жерге чындыгында жан кейиген. Мен да аны түшүнүп элге айткам. Алар да башка жол жок экенин, Нарын ГЭСинин каскадын куруу керектигин жана ал өрөөн суу алдында каларын түшүнүп турушкан ", — деп жазган Усубалиев.
Айсары Карагулова өз айылынан көчүрүлгөндөрдүн бири
79 жаштагы Айсары Карагулова жарым кылым мурун кантип көчүрүлгөнү эсинде. Бир күнү алардын айылына чоң унаалар келип, тургундар оокаттарын жүктөй башташкан.
"Мен анда төртүнчү уулумду төрөп ооруканада болчумун. Күндүз жүктөрдү алып кетип, кечинде элди салып кеткен. Бизге анан Кара-Көл шаарынан батир беришти, биздин айылдагы үйлөрдү бульдозер менен түрттүрүп салышыптыр", — деп эскерет ал.
Токтогул ГЭСинин курулушуна атайын шаарча салынган
Бийлик өкүлдөрү алардын көчүүсүн колдон келишинче ыңгайлуу кылууга аракет жасаган. Жаңы мектеп, мончо жана оорукана куруп, көчүп келгендер үйлүү болуп, курулуш материалдарын да алган. Москва ГЭСтин курулушуна акча аяган эмес, жылына 30 миллиондой рубль бөлүнгөн (55 миллион доллар).

Кийин Усубалиевди үйлөрдү суу алдына калтырган деп көп жолу күнөөлөшкөн. Айрым энергетиктер дүйнөлүк адабияттын алпы Чыңгыз Айтматов да ал курулушка каршы болгонун айтып келишет. Бирок ал иштерге сарпталган күч, жумшалган акчанын акыбети кайтып, Токтогул ГЭСи өлкөнү энергетикалык державага айлантты.
Өлкөдөгү эң кубаттуу ГЭСти салууда 70 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей плотина курулган
Азыр Кыргызстандын жашоосу Токтогул ГЭСинен көз каранды. Андагы суунун абалы өлкөдөгү саясий кырдаалдын туруктуулугуна, митинг-пикеттерге, жада калса, алыскы айылдагы кожойкенин маанайына чейин өз таасирин тийгизет. Себеби Токтогул ГЭСинен чыккан жарык Кыргызстандагы жалпы энергиянын негизги бөлүгүн түзөт.
Кылымдын курулушуна бардык союздук республиканын жарандары катышкан
Ошол учурдагы советтик бийликтин электрлештирүү боюнча дымактуу пландары болгон. Кыргыз жергесиндеги дарыяларга ондогон ГЭС салынмак. Ири курулуштарга баш-көз болгон Болот Иманалиев ал кезди жакшы билет.
"Бир ГЭСтин курулушун бүтүп, кайра кийинкисин баштачубуз. Бир күндө 2500дөй адам жумушка чыгып, кумурскадай болуп күнү-түнү, кыш-жай дебей эмгектенчү", — деди Иманалиев.
Ата мекендик энергетиканын ардагерлери карагайлар Сибирден поезд менен алып келингендигин эскерет
Калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда гидроэлектростанцияларды эле куруп коюу жетишсиз эле. Мамлекеттин алдында ар бир үйгө жарык жеткирүү милдети турган. Андагы кыйынчылыктар энергетика тармагынын ардагери Ракымберген Абдыкасымовдун дале жадында. Карыя Ысык-Көл менен Нарын облусундагы ишканаларды бир топ жыл жетектеген.
"Сибирден келген карагайларды Балыкчыдагы темир жол станциясынан поездден түшүрүп үлгүрчү эмес элек, аябай көп келчү. Өкмөт бизге ар бир үй жарыктандырылсын деген тапшырма койгон. Ошондо ар бир тооккана, сарай, боз үйгө, сырт тоолоруна чейин алып барганбыз. Электр энергиясын кытайлык кыргыздарга чейин тартып барып жеткирип бергенибиз эсимде", — деди Абдыкасымов.
Сүрөттө Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы завод
Советтик Кыргызстанга бир топ зым чубалгылар, трансформатор жана лампочка керек болгон. Аларды республика аймагында ишке кирген тогуз электротехникалык ишкана чыгарган.

Бирок СССРдин дымактуу ойлору толугу менен ишке ашпай калган. Союз талкаланып, аны менен биргеликте көптөгөн ГЭСтин тагдыры талкаланган. Нарын дарыясын бойлой курулчу 19 станциянын жетөөсү гана бүткөн.
"Ал курулуштарды жүргүзүү үчүн бир топ жумуштар жасалган. Долбоорлордун үстүнөн россиялык илимпоздор иштеп, Москва изилдөөгө акча бөлүп берчү. Өзүм Камбар-Ата-2 ГЭСинин генератору менен турбинасын союз учурунда Ленинграддагы заводго буюртма бергем. Бир учурда бардык иштер токтоп калды. Кийин аны 20 жылдан кийин алып келип орноттук. Ошол бойдон туруптур", — деп эскерет Иманалиев.
Азыр Токтогул ГЭСинен чыккан электр жарыгы өлкөнүн электр кубатынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт
СССР тарагандан соң өлкөдөгү заводдор биринин артынан бири жабыла баштаган. КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, профессор Карыпбек Алымкулов Токтогул ГЭСинин курулуп калганы Кыргызстандын бактысы экендигин баса белгилейт.
"Токтогул каскадынын курулуп калганы — өлкөбүздүн чоң бактысы. Эгер ал салынбаганда азыркы жашообуз кандай болорун такыр элестете албайм. Коңшу өзбек, казак, тажиктерде мындай ири курулуштар болгон жок. Алардын калк жашаган жарыгы жок аймактары аз эмес", — деди ал.
Кыргызстан 90-жылдары оор экономикалык абалга кептелген
90-жылдары курулушу бүтпөгөн ишканалар таланып-тонолуп, темир-тезектер Кытайга сатыла баштаган кез эле. Жада калса, айылдагылар да жөн жатпай тоодогу сарайларга кеткен зым карагайдын башына чыгып электр чубалгыларын чечип, жараган бетон зым карагайларды талкалап арматурага өткөргөн. Ошону эстеген сайын бул тармактын жумушчулары көп жылдык эмгек кантип жок болгонун эстеп жаны кейип кетет.

Союздук өлкөлөр 90-жылдардын башында эгемендүүлүк алгандан кийин ар бир мамлекет чарбалык иштерин өз алдынча аткара баштаган. Кезинде Борбор Азия өлкөлөрү бирдиктүү шакекче болуп электрлештирилгендиктен, Чүй, Ысык-Көл, Талас облусуна өзүбүз өндүргөн электр тогу Казакстан, Өзбекстан аркылуу келчү.
"Датка-Кемин" электр берүү линиясы 405 чакырымга созулуп, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат
Айрым учурда коңшулардын аймагы аркылуу келген электр энергиясы көздөгөн жерине жеткенге чейин саясатка айланып кетчү. Кыргыз бийлиги тынсызданып энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн "Датка-Кемин" электр берүү линиясынын курулушун баштаган.

Анда ар бири 30 тоннадан ашкан 900дөн ашык түркүк орнотулган. 2015-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев расмий ачкан. Аны кытайлык компания 390 миллион долларлык насыяга бүтүрүп берген.
Учурда Кыргызстандын энергетика тармагында 15 миңден ашык адам эмгектенет
Учурда Кыргызстандын жыл сайын өндүргөн электр энергиясынын көлөмү 15 миллиард киловатт саатка чейин жетип, бул тармакта 15 миңден ашык кызматкер иштейт. Алар миллиондогон жергиликтүү тургунду жарык менен камсыздап, коңшу Өзбекстан, Казакстандын айрым аймактарына электр энергиясын сатат.

Үйдөгү жарыкты күйгүзүп жатып кээде кара жанын карч уруп эмгектенген энергетик, куруучулардын эмгегин эстеп туралы. Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин электр энергиясын ошолор жеткирген.
Авторлор
Мирбек Сакенов, Асель Минбаева

Маалымат булагы
Турдакун Усубалиевдин мемуары жана макалалары, "Советтик Кыргызстан" гезити, Борбордук мамлекеттик архив, Улуттук энергохолдинг, "Кыргызстандагы энергетиканын өнүгүүсү" китеби (авторлору: Ж. Т. Тулебердиев, К. Р. Рахимов, Ю. П. Беляков), "Энергетика и энергетики Кыргызской Республики от А до Я" китеби (авторлору: К. А. Алымкулов, Ю. П. Беляков).

Фото жана видео
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы, Мамлекеттик кинофонофотодокументтер борбордук архиви, "Электр станциялары" ачык акционердик коому, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому, Александр Федоров, Эмиль Садыров, Табылды Кадырбеков

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев