Памирлик кандаштар Кыргызстанда калабы?
Кайчы пикирлер

Памирлик кандаштар Кыргызстанда калабы?
Кайчы пикирлер

Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашап жаткан боордошторду тарыхый мекенине алып келиши Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки этникалык кыргыздар жаатында жасалган ири кадамы болгон.

Бирок өкмөттүн тер төгүп, жан үрөп жасаган бул долбоору ийгиликсиз болгондой элес калтырды, себеби этникалык кыргыздардын жарымына жакыны кайра артка, Афганистанга аттанды... Этникалык кыргыздарды алып келүүдө өкмөт эмне ката кетирип, кайсы жагын карай албай калды. Бул туурасында тиешелүү адистерди кепке тартып, пикирин уктук.
Памир кыргыздары КРдин астанасын аттагандан кийинки хронология
Памир кыргыздары КРдин астанасын аттагандан кийинки хронология
1
Мындан туптуура бир жыл мурда 2017-жылдын октябрь айында Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга 33 адам келип, Нарын облусунун аймагына жайгаштырылган. Арасында кош бойлуу келин да болгондуктан, жалпы 34 деп айтылган. Алардын 16сы өспүрүм, экөө жеткинчек, калгандары ата-энелер эле.
2
Памирликтер алгач 10 күн Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өткөрүлгөн. Андан соң жергиликтүү шартка көнгүчө деген план менен Нарын районундагы Куланак айылына убактылуу жашаган.
3
Алар лицейде эки тайпага (18ге чейинкилер жана 18-43 жаштагылар) бөлүнүп окутулуп, техниканы колдонгонду үйрөнө баштаган.
4
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Нарынга жайгаштырылган Памир кыргыздарына 1,6 миллион сом бөлгөн. Көп өтпөй кош бойлуу келин көз жарып, уулун Алмазбек деп аташкан. Атамбаев баланын ата-энесине Нарын шаарынан үй берген.
5
Ноябрь айында балдарынан кабар алуу үчүн дагы 11 памирлик кыргыз келген.
6
Жергиликтүү шартка көнүп калгандан кийин Памир кыргыздары облустун ар кайсы аймагына бөлүнгөн. Кээ бир үй-бүлө Нарын шаарынын жанындагы айылда калса, бири Кочкорго, башкалары Ат-Башыга жайгаштырылган.
7
Кандаштардын бир даары тоого барып, жергиликтүү элдин малын баккан.
8
2018-жылдын 6-июлунда боордоштордун 18и Бишкектен Афганистанды көздөй 6-июлда, кыргыз өкмөтү тараптан атайын топтун коштоосунда жол тарткан.
9
Учурда Теңир-Тоодо 32 памирлик кыргыз жашап жатат.
10
Баса, Кыргызстанга Афганистандан келген памирлик кыргыздардын ичинен бир үй-бүлө уулдуу болду.
Кайра кайтууну көздөгөн дагы бир бүлө:
"үйүбүз жок"...
Кайра кайтууну көздөгөн дагы бир бүлө:
"үйүбүз жок"...
Памирлик кыргыз Абдылгафар Абдырасул уулу учурда үй-бүлөсү менен Нарын шаарынын чет жакасындагы батирлердин биринде турат. Кичинекей үч бөлмөлүү үйдө атасы, жубайы, эки кызы болуп беш киши жашайт. Батир акысы — айына 5000 сом. Улуу кызынын жолдошу жакында эле 18 памирлик кыргыз менен кошо Афганистанга кеткендиктен бул үй-бүлөнүн азыр багаар-көрөрү — Абдылгафар.

"Буга чейин үй-бүлөм менен беш айга чукул Миң-Булак айылынын Сары-Булак жайлоосунда мал багып иштедик. Күйөө балам экөөбүзгө 10 000 сом төлөп беришти. Бирок кичүү кызым лицейде билим алгандыктан, аны дем алыш сайын ташычумун. Тапкан акчанын көбү эле жол киреге кетип жатты. Андыктан жакында эле кайра Нарын шаарына көчүп келдик. Күйөө баламды кайра Афганистанга жөнөттүк. Себеби Памирде да мал-жандык калган, аларды бирөө барып карабаса болбойт экен. Азыр үйдө иштей турган мен элемин, бирок эмне иш кыларымды билбейм. Мал сойгондон башка эч нерсе колуман келбейт. Иштебесем, көчөдө калгыдайбыз", — деген боордош.

Абдылгафар Абдырасул уулуна окшоп кандаштардын көйгөй жараткан маселеси үй экен.

"Мал багып тапкан акчаны батирге берип, тамак-аш алып жашап жатабыз. Бул жакта баскан-тургандын баары акча экен. Эптеп кызымды окутуп алыш үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Бирок күзгө чейин үй же жер маселеси чечилбесе биз деле Памирге кайтабыз го", — деген Абдырасул уулу жайында. Бирок ал учурда курулушта кара жумушчу болуп иштеп жаткандыгын айтып, өкмөт батирдин акчасын төлөшүүдө деп билдирди.

"Бизди Чоң-Алайга үй салып көчүрөбүз деп айтып жатышат", — деди ал.
Өкмөт: тамак-аш менен жатакана өкмөттүн мойнунда
Өкмөт: тамак-аш менен жатакана өкмөттүн мойнунда
Афганистан аймагындагы Памир кыргыздардын Кыргызстанга эмне максат менен, кандай келишимдик негизде алып келингенин өкмөттөн айтып беришти.

"Нарында окуп жана жашап жаткан Памирден келген этникалык кыргыздардын тамак-ашы менен турак-жайы толугу менен өкмөттүн мойнунда. Аларга убактылуу баш калкалап туруу үчүн турак-жай берилген. Бирок алардын кээ бири ал жерге башкалар менен чогуу турбастыгын айтып, баш тарткан. Ал эми билим алып жаткан жаштар атайын жатакана менен камсыз болот", — деди өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов.

Ал эми боордошторго үй же жер үлүшүн берүү маселеси туурасында төмөнкүчө жооп берди.

"2016-жылдын аягында Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда меморандум түзүлгөн. Анда Памирде жашаган этникалык кыргыздарды камсыздоо, андан сырткары, алардын балдарын Кыргызстанда окутуу үчүн жыл сайын жиберип туруу боюнча кызматташуу бекитилген. Документте аларды үй-бүлө мүчөлөрү жана чоңдор коштоп келээри айтылган. Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар Афганистандын жараны болгондуктан КРдин Жер мыйзамына ылайык, менчикке үлүш жер ала албайт. Ал эми аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү маселеси эч качан көтөрүлгөн эмес", — деп билдирди Эсенгулов.

Мындан 10 ай мурда кубанычы койнуна батпай, бир жүрөксүп, бир толкунданып тээ алыскы Афганистандан айлап жол басып келген Памир кыргыздарынын абалы ушундай.
Элчи: Памир кыргыздарын биротоло көчүрүп келүү каралган эмес
Элчи: Памир кыргыздарын биротоло көчүрүп келүү каралган эмес
Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах башына эле памирлик кыргыздарды биротоло көчүрүп келүү боюнча кеп болбогондугун тастыктады.

"Биротоло көчүрүү тууралуу кеп болгон эмес. Дегеле андай программа жок, Кыргызстан бийлиги жыл сайын Афганистан калкына, айрыкча, памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жиберип турган башка бир программа бар. Бирок бул көмөк 20 тонна тегерегиндеги азык-түлүк үч айдан кийин түгөнөт. Андыктан, сиздердин президентке ишеним грамотасын тапшырып жатканымда: "Көмөк жөнөтүүнүн ордуна ар жылы этникалык кыргыздардын арасынан эки бала тандалып, алардын Кыргызстанда билим алуу жагы каралса кандай болот? Алар университетти аяктаганда Афганистанга кайтып, туугандарынын жашоосун өзгөртө алышмак" деген сунушумду айттым. Былтыр кыргыз бийлиги Нарынга Афганистандан бир нече үй-бүлөнү бул жакта убактылуу жашап жана бир нече кесипке ээ болушу үчүн алып келүүнү чечти", — деди дипломат.

Месбахтын айтымында ал көчүп келген бир нече үй-бүлөнү көрүп, көзүнө жаш айланган.

"Алардан кабар алуу үчүн барып, кандай шартта жашап, окуп жатканын көрүп келдим. Сүйүнүчтөн көзүмө жаш алдым… Элестетиңиздер, афгандык кыргыздар Кыргызстанга келип билим алышат, бул өтө маанилүү да. Себеби, алар мектепке жана ооруканага жете албай, акча эмне экендигин да билишпейт! Бул тууралуу айтуу мен үчүн кыйын, бирок айтпай да кое албайм. Афганистанда кырк жылдан бери согуш уланып келет, анын кесепетинен мамлекет памирлик кыргыздарга жардамдаша албай калды …", — деди Мохаммад Исса Месбах.
Психолог: өкмөттүн кетирген катасы – даярдыксыз алып келүүсү...
Психолог: өкмөттүн кетирген катасы – даярдыксыз алып келүүсү...
Эмне үчүн Памир кыргыздары бармагын тиштеп отурат, дегеле алып келген тарап кандай кадамдарды жасашы керек эле...

Эми памирликтердин калганына кандай мамиле жасап, эмне багытта көмөк көрсөтүү керек деген суроолор менен Психоанализ жана психотерапия боюнча борбордун директору, психолог, психиатр Муратбек Султанбековду кепке тарттык.

Ал Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар боюнча абалды бир нече аспектиден карап, талдап берди. Кандаштарды Кыргызстанга көчүрүп келүүдө кыргыз өкмөтү башынан ката кетирип алган деген пикирин психолог төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Памирлик кандаштарыбызды Кыргызстанга алып келген өкмөттүн негизги катасы —кабыл алууга жетиштүү жана тиешелүү деңгээлде психологиялык жагынан даярдык көрбөгөндүгү.

Көчүрүп келүү боюнча буга чейин системалашып калган ыкмалар бар. Негизи элди бир жерден экинчи жерге көчүрүү процессинде, кабыл ала турган өлкөдө атайын даярдык болушу зарыл. Жөн эле эмес, андай кишилер менен социалдык психологдор иштеши керек. Батышта, бир топ өлкөлөрдөгү миграциялык лагерлерде сөзсүз социалдык психологдор бар. Келгиндердин андай жайларда адаптациядан өтүшү үчүн алты ай, болбосо бир жылдан үч жылга чейин кармайт. Казакстанда маселен, оралмандарды мурда көчүп келген этникалык казактардын аймагына жайгаштырат. Бизде да ушул сыяктуу шарт каралышы керек эле. Маселен, Памир кыргыздарын тили, менталитети, салт-санаасы окшошураак жерге алып келиш зарыл болчу. Нарынга жайгаштыргандын логикасы — климаттык окшоштук каралгандай. Бирок бул дагы менин пикиримде - кезектеги ката болду. Памирликтер афгандыктарга, тажиктерге жакыныраак болуп калыптанган. Ал эми Нарын аларга каада-салт, тил жагынан да алысыраак келип, ассимиляцияланышына кыйын болду", — деди психолог.

Памирлик кыргыздар психологиялык дискомфортко кабылды

"Социалдык психологияда адаптация деген болот. Бул — адамдын жаңы чөйрөгө акырындык менен көнүү процесси. КРге келген Памир кыргыздарынын көбү жаманбы-жакшыбы элдин башында турган, авторитеттүү, оокат-жайлуу кишилер эле. Мүлкүнөн, тууган-туушканынан, коомдо ээлеген ордунан, катташтарынан кол жууп калгандан соң, адамдын ички дүйнөсүндө талаш-тартыштуу ойлордун күрөшү жүрөт. Мен киммин деген суроо жаралат. Ошол кишилер бул жакка келгенде жөнөкөйлөтүп айтканда, эч ким болбой калып жатканы да алардын кезектеги сыноосу катары болду", — дейт ал.

Психолог андай учурларда социалдык абалдан сырткары ушундай учурларга жан дүйнөнүн жабырлануусу жараларын айтты.

"Мисалы, невроз пайда болот, себеби бир ууч гана чөйрө болуп калды. Невроздон кийин дароо гастрит чыгат же депрессия коштойт. Же жүрүм-турумдагы калпыстыктар пайда болот. Жөнөкөй калктын маселесин талкуулап, чечип берип, сунуштарын уккан киши жаңы жерге келгенде өз дайынын таба албай калып жатат. Анын артынан ээрчип жүргөндөр кимдин оозун карап, кимди угуп, кимди тирек кылууну билбей калат. Мисалы, аялдар эркектерден чечим, туура жол көрсөткөндү күтөт дегендей. Ишенген кишилери тигинтип өздөрү эмне кыларын билбей турса, беркилерде ар кыл факторлор ойной баштайт. Өзүн-өзү таба албай, туура чечим чыгара албай, диссонанс болуп, конфликт башталат. Майда-чүйдө проблемалардан чоңуна өтөт. Кеткиси келет же жаңы коомду кабыл албай, жерийт. Психологиялык жактан болуп көрбөгөндөй дискомфортко кабылышты. Анын алдын албоо өкмөттүн дагы бир катачылыгы болду. Негизи жогоруда айтылгандарды эске алып, психологиялык анализ жүргүзүп, бүтүм чыгара турган болсок, мындай шартта калган Памир кыргыздары башынан эле кайра кетмек", — деди Султанбеков.
"Памир кыргыздарына коомчулук, эл жардам бериши керек"
"Памир кыргыздарына коомчулук, эл жардам бериши керек"
Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов өкмөт башынан ойлонуп кадам ташташы керек эле деген пикирин билдирип, алардын материалдык абалын жакшыртуу үчүн коомчулук кол сунушу керек деген пикирде.

"Бул маселени албетте, өкмөт башынан чечип алышы керек эле... Абалдан чыгуунун дагы бир жолу бар — коомчулук, эл жардам бериши зарыл. Алардын негизги тиричилиги мал менен эмеспи. Балким, 1-2ден кой берип, улам анын санын көбөйтүп бериш керек беле. Алар деле биздин кандаш, тууган болгондуктан, тууганча жардам беришибиз керек деген пикирдемин. Кошо иштесек, бейөкмөт уюмдарбы же жарандарбы же ишкерлерби, жардам көрсөтсө дурус болот беле. Антпесе, баарыбыз өкмөттү тиктеп турабыз, жашырганда эмне, өкмөттүн каражаты деле жок. Ооба, акча бөлүнүп жатат, бирок ал жетпейт. Жумуш менен камсыздоо Нарын аймагынын өкүлүнүн милдети болчу. Алар кетип жаткандан кийин бул маселени коомчулук билип жатабыз", — деди Бактыгулов.

Өкмөт жер бөлүп берүүнү карашы шарт

"Памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү чечими кабыл алынганда, жер, үй, жумуш менен камсыздоо маселелери каралышы керек болучу. Жерди трансформацияга берип, аларга жер тилкесин бөлүп берүүнү караш керек. Болжол менен 20дай үлүш керек окшойт. Мыйзам жол бербейт, бирок шарт-кырдаалды эске алып, жер фондусунан өкмөт өзүнүн чечими менен жерди бөлүп берсе болот. Маселени өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү чечип бергенге укугу бар. Адатта, мал чарбасыбы же башка тармактаргабы, гранттын негизинде жардам берилет да. Өнүккөн өлкөлөрдө жогоруда айтылгандай система иштейт да, ал эми бизде ушул жагы белгисиз болуп жатат", — деди Бактыгулов.
"Менин мекендештериме жер берилсе..."
"Менин мекендештериме жер берилсе..."
Памирлик кыргыздар менен кыргыз бийлиги бири-бирин жакшы түшүнбөй калды

Памирде бир кезде хан болуп, кийин Түркияга көчүп кеткен Рахманкул хандын эң кенже уулу Мусаддык Кутлу оюн төмөнкүчө билдирди:

"Памирликтер Кыргызстанга башкача ойлор менен келген. Алардын кайра кетүүсүнө памирликтерди же кыргыз бийлигин бир жактуу күнөөлөө туура эмес. Эки тарап тең бири-бирин жакшы түшүнбөй калды. Кыргызстандыктар мурда Памирге барганда аларды Кыргызстанга алып кетүү боюнча чоң убадаларды берип алган. Ошол эле убакта кыргыз бийлиги кайра памирлик балдарды окутабыз деп, анан бир канча үй-бүлө балдары менен кошо келип келди. Бул жактын аларды көчүргөнгө даярдыгы жок болчу. Азыр "бир аз чыдагыла, жер беребиз" деп жатышат. Памирликтер болсо "көчүп кел дедиңер, келдик. Беребиз деген жериңер жок, бизди камап койдуңар" деген сөздү айтып жатышат. Нарындагы памирликтердин абалын да түшүнүшүбүз керек. Алар кыргыз эли үчүн деп келишти. Жер берилсе өздөрүн багып кетишет", — деди Мусаддык Кутлу.

Ал Памир кыргыздарына жер берилсе өздөрүн багып кетишет эле деген пикирин кошумчалады.
Автор
Нургүл Максутова, Таалайгүл Усенбаева

Фото
Табылды Кадырбеков, Акылбек Атабаев, Мамлекеттик миграция кызматы

Дизайнер
Даниил Сулайманов