Апамдан жашырган сырым бар. Морфин алган кыргызстандыктар жөнүндө
Бир жолу жарыяланган маектен эки сапты алып салуума туура келген. Анда рак дартына кабылган, бирок доктурга баргысы келбеген жаш кыздын: "Аппарык, түрү суук болуп өлгүм келбейт. Морфин алып, акылымдан айныгандан чочулайм", – деп коркконун жашырбаганы жазылган эле.

Маек чыгар замат ыктыярчы Алма жеке билдирүүлөрүн биринин артынан бирин "жаадырган": "Мындай көндүм пикирлерден арылуу зарыл", — деп билдирүү менен аты жаман кеселге кабылгандардын турмушун эч жымсалдабай, жаап-жашырбай чагылдырууну убада кылган ал.
Апамдан жашырган сырым бар. Морфин алган кыргызстандыктар жөнүндө
Бир жолу жарыяланган маектен эки сапты алып салуума туура келген. Анда рак дартына кабылган, бирок доктурга баргысы келбеген жаш кыздын: "Аппарык, түрү суук болуп өлгүм келбейт. Морфин алып, акылымдан айныгандан чочулайм", – деп коркконун жашырбаганы жазылган эле.

Маек чыгар замат ыктыярчы Алма жеке билдирүүлөрүн биринин артынан бирин "жаадырган": "Мындай көндүм пикирлерден арылуу зарыл", — деп билдирүү менен аты жаман кеселге кабылгандардын турмушун эч жымсалдабай, жаап-жашырбай чагылдырууну убада кылган ал.
...31 жаштагы аял эшикти дароо ачпады, себеби, каалгага чейин бир нече кадам жасоо да ал үчүн өтө оор. Эки бөлмөлүү чакан тамга дарыгер жана медайым кирди. Апасын тегеректей үч баласы ойноп жатат, медиктердин көңүлүн эң кенжеси дароо ээледи.

Эркек бала ашып кетсе бир жарым жашта. Жайдын кайнап турган аптабында бутундагы батиңкеси – кышкы бут кийим. Анысы аябай тар экен, наристе артын баса кийип, илме бут кийимге айлантып алыптыр. Бул үй-бүлөдө акча аябай тартыш.

Алардын атасы балдарын эчак унуткарган, ал эми энесинин күндөрү саналуу. Бирок анын мындан кабары жок. Медиктер менен болгон чечүүчү сүйлөшүүгө аял көптөн бери өзүн белендеп келген. Алдын ала балдарына аркы бөлмөгө кирип турууну айтты.

— Документтеримде "онкология" деген сөз жазылып турат. Бирок бул рак экендигимди туюндурбайт да, чынбы?
— Диагнозуңуз тууралуу чындап билгиңиз келеби?
— Ооба.
— Толукпу?
— Ооба, мага баарын айтып бериңиз!
— Чындап эле сиздики жатын моюнчасынын рагы. Тилекке каршы, операция кылууга кеч...

Аял андан аркысын уккусу келбеди, көз жашка муунду. Врачтар аны бир нече саат сооротууга аракет кылышты.
Мээрим эже: мен чечинип, эмчегим чын эле кесилгенин көрсөтүшүм керек болчу
Назико Каракчиева
врач-онколог
Кыргызстанда дайым эле бейтаптарга алардын саламаттыгынын анык абалын айта беришпейт. Көпчүлүк учурда бейтаптын туугандары диагнозду купуя сактоону өтүнүшөрүн айтат врач-онколог Назико Каракчиева.

"Бейтаптын жакындары ал мындай кабарды көтөрө албай калбасын деп чочулашат. Мурда адамдын ден соолугу таптаза деп ынандыруу ыкмасы да бар эле. Азыр туугандарынан андай кылбоону суранабыз. Дарыгерлер дайым бейтаптын психологиялык абалына көңүл бурушат. Эгер ал диагнозун билүүгө даяр болсо, биз анын чечимин сыйлайбыз", — деп белгилейт дарыгер.

Анын эсебинде, болжол менен ар бир үчүнчү бейтап билбей эле коюуну туура көрөт.

Мээрим эже — алардын бири. 54 жашта, төртүнчү баскычтагы рак экендигинен, бооруна метастаз жайылганынан кабарсыз.

"Көптөн бери эле иштегим келет. Жок дегенде мага бирөө баласын табыштап турса, аны деле карап, багып берет элем!" — деп кыялданат аял. Анын кызы улутуна: "Апа, өмүр бою иштедиңиз. Эми эс алыңыз. Антпесе, кантыңыз жогорулап кетет" – дейт.

Бул жагдайда баарынан Назирага кыйын: апасы диагнозду билип калса, өмүрүнөн кечет деп сарсанаа. Кайсы бир кезде ал бычак аттуунун баарын катып калган, оорудан онтогон апасы бул турмуштан кетип калууга көмөк сураган күндөрү болгон.

"Бир топ жыл мурун анын көкүрөгүнөн шишик табышкан. Операция жасап, бир эмчегин кесип салышкан. Баары артта калгандай болду эле", — деп баяндайт Назира.

Мээрим эже майыптыгын тастыктоо үчүн киши кемсинткендей процедурадан өтүүнү мажбурлашарын эки айым тең кыжырдана эстешет. Бир көкүрөгүн кестирген аял бул органынын жоктугун көрсөтүү үчүн комиссиянын алдында чечинүүгө аргасыз. Анан калса, бул жыл сайын кайталанат.

"Кимдир бирөөнүн 12 айда көкүрөгү өсүп чыкчудай кеп! Комиссиядан колу, бутунан ажырагандар да өтөт. Майыптык үчүн эми 3300 сом алам", — деп таңгалат Мээрим эже.
Ар бир 2 саат 11 мүнөт сайын бир кыргызстандык рактан көз жумат
Бирок, дарттан таптаза арылбаптыр, бир жыл мурун аялдын абалы кайрадан начарлаган. Бир нече ооруканадан дарыгерлер жаңы шишик бар экендигин тастыкташкан. Алар көздөрүн жашыра: чара көрүүгө кеч экенин билдиришет.

Назира энесинин оорудан онтоп, боздогонун эскерет. Ошол коркунучтуу күндөрү ал тамактан да, уйкудан да калган. Бир жыл оболу дарыгерлер ичер суусу аз калган аялды жарым жыл араң жашаарын эскертип ооруканадан чыгарышкан.

"Эмне кыларымды билбей калгам. Санаанын азабынан эки жолу боюмдан түштү. Апам арабыздан кетип калабы деп ойлогом", — деп үшкүрүнөт аял.

Абалды морфин сактап турат. Адеп Мээрим эже ал табышмактуу наркотикалык дарыны ичүүдөн чочулаган. Ал өлүмгө алып барабы деп корккон.

"Туугандарымдын бири морфин алып жүрүп, каза тапкан. Албетте, башта коркконум чын, бирок бир жылдан бери ичип келе жатам, эч дооматым жок. Эң башкысы, эч жерим оорубайт. Кадимкидей эле жашайм, өткөндө Ысык-Көлгө туугандарымдыкына да барып келдим", — деп сыр бөлүшөт аял.

Мээрим эже бир жылдан ашуун убакыт морфин алат, ар бир төрт саатта эки таблеткадан ичет.
"Балким мен морфин сатып жүргөндүрмүн?"
Кыргызстандыктар үчүн дарынын жеткиликтүүлүгү
Ал эми мурда бул оору басаңдатуучу дарыга доктурлардын өздөрү каршы эле дейт врач-онколог Назико Каракчиева.

"Мурун морфинди өтө оор абалдагы бейтапка гана беришчү. Ампула сайылгандан кийин адам дүйнө алмаштырып кете берчү. Элдин аң-сезиминде: морфиндин аркасынан өлүм келет деген ой жашап калган. Бейтаптар дарыдан эмес, оорунун катуулугунан организм кептелген шоктон улам көз жумушкан. Эгерде морфинди аларга бир аз мурдараак бергендеринде алар жашап турушмак", — дейт дарыгер.

Морфин бейтаптарды баңгиге айландырбай тургандыгын түшүндүрөт дарыгер. Дары туура өлчөмдөгү ченеминде ооруну гана басаңдатып, кишини эйфорияга салбайт.

"Биз эң аз өлчөмдөн баштап, качан оорунун күчү кайтарына көз салабыз. Дарылоо дайым жеке бейтапка жараша тандалат, ал эми дары бир нече сааттан соң бөйрөк аркылуу чыгып кетет. Эгер улам жаңы таблетканы ичип турбаса, оору дароо эле кайра кыйнайт", — дейт Каракчиева.

Назира бир таанышынын тарткан азабын эстегенде үрөйү учат. Ал апасынан рактын айынан ажыраган. Бейтап морфинден коркуп, акырына чейин чыдаган: өмүрүнүн акыркы аптасында гана ага ушул дарыны сая башташкан.

"Ал байкуш дарттын оорутканына чыдабай кете берди! Жанында даап тура албайт элең... Акыркы төрт айда ал керебетине да жата албай, креслодо суткасына бир сааттай гана уктачу экен. Кызы кийин башта эле дарыны мажбурлап болсо деле ичире бербей деп өзүн жеп жүрдү", — деп кейийт Назира.
Алма Карсымбек
ыктыярчы
Кагаз машакатынан саксына морфинди жазып берүүдөн баш тарткан дарыгерлер азыркыга дейре жок эмес. Айрыкча абал аймактарда курч экендигин айтат Хоспис жана паллиативдик (Ооруну жеңилдетүү, бейтаптын жана анын жакындарынын көңүлүн көтөрүүгө багытталган чара) көмөк биримдигинин ыктыярчысы Алма Карсымбек.

"Мыйзам боюнча дарыгер рецепт жазып берүүгө тийиш, бирок мында анын жоопкерчилиги абдан чоң. Дары жазып берүүдөн баш тарткан бир онколог: "Болгону 2 миң сом маяна алам. Сизге бир ирет дары жазып берем да, аягы тыйылбаган текшерүүгө кабылам, балким, морфинди сатып жүргөн чыгармын. Мага анын зарылдыгы барбы?" – деген оюн жашырбайт. Бирок Саламаттыкты сактоонун дүйнөлүк уюмунун жоболору боюнча ооруну басаңдатуудан баш тартуу кыйноого тете", — дейт Карсымбек.
Назира экөөбүз морфин алууга бет алдык. Ал он күн сайын апасына жаңы рецепт алууга тийиш, андыктан жумушунан бир нече саатка суранат. Жанына бардык документтерди гана эмес, ичилген дарынын бош бөтөлкөлөрүн да алат.

Дарыгер номур коюлган барактары бар журналга болгон маалыматты жазууда. Пайдаланылган морфиндин таңгактарын доктур башкы медайымга берет, ал комиссиянын көз алдында жок кылынат. Андан соң, рецептти мала кызыл түстөгү атайын баракка жазып берет. Эч кандай оңдоолор, каталар болбошу шарт.

"Рецептте оңдоолор болгондугу үчүн бир аялга дарыкана дары сатуудан баш тартканына күбө болгом. Көйгөй – бул каражаттын Бишкектин бир гана дарыканасында сатылганында, байкуш аял Токмокто турат экен. Рецептти жаңылоо үчүн ал кайра артка жол тартты. Кудай жалгап дарыны кечеңдетпестен сатып алууга үлгүрүптүр, болбосо, жакын тууганы ооруну басаңдатуучу дарысыз калмак", — дейт Назира.

Морфинди сатуунун катаал эрежелери бейтаптардын жакындарына бир топ татаалдык жаратат. Алма Карсымбек Нарын облусунан келген бейтап тууралуу айтып берди. Ал дарылануу үчүн Бишкекке келген.

"Алар эки бөлмөнү ижарага алышкан, биринде тигүү цехи жайгашкан эле. Анда жыйырма жашар кызы оокат кылчу. Албетте, андай шартта алардын каттоосу жок. Ошондуктан, туугандары он күн сайын Ат-Башыдан рецепт алып, дарыны Бишкекке алып келип турушчу. Бул кандай аралык экендигин элестетиңиз!", — деп капаланат Карсымбек.

Назира рецептти алууга бир саат сарптайт. Дагы эки саатты дарыны сатып алуу үчүн жолго кетирет, себеби, дарыкана ТЭЦтин тегерегинде жайгашкан, жашаган жеринен бир топ эле ыраак.

"Дагы жакшы, жумушумдагылар абалымды түшүнүп, уруксат беришет. Дары акысын мамлекет төлөп берет. Өзүбүз андай көлөмдөгү чыгымды көтөрө албайт элек, апама он күнгө эки куту керек, алардын ар бири 880 сомдон турат", — дейт кыз.

Дарыканада өзгөчө кассага жакындадык. Фармацевт кыз документтерди көпкө текшерди, паспорттогу маалыматтарды көчүрдү. Акыры дарыкананын түпкү бөлмөсүнө узап, колунда эки куту морфинди көтөрүп кайтты. Бул менен Мээрим эже дагы он күн ооруну сезбей жашайт.
Дарыканалар КРге морфин алып келүүдөн коркушат. Эмне үчүн жарандар онтоткон оорудан көз жумат
Атын чыгарбоону суранган аткаминердин айтымында, дарыкана түйүндөрүнө морфин менен соода кылуу пайда алып келбейт.

"Дарыканалар морфинге караганда жөтөлгө каршы сироптон көбүрөөк пайда көрүшөт. Морфинди алгандар аз. Кардарлар жок болсо, аны сатып эмне кереги бар",— дейт аткаминер.
Бермет Барыктабасова
Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты
Кыргызстандыктар үчүн онтоткон ооруну басаңдаткан дары-дармектер канчалык жетишсиз экенин мындан билсе болот. Эсептөөлөр боюнча бул ооруга жылына 20 килограммдай морфин сарпталышы керек. Бирок иш жүзүндө 570 грамм гана морфин колдонуларын Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча консультанты Бермет Барыктабасова билдирди.

"Бул өлүм алдында жаткандар ооруну убактылуу басаңдатчу дарыларды ала албайт дегенди түшүндүрөт. Уруксат берилген 20 килограммдын ордуна жаны кыйналып турган кыргызстандыктар 570 грамм гана алып жатканда, эч ким тынч уктабашы керек", — деди адис.

Анын айтымында, наркотикалык дары-дармектерди мыйзамдуу жүгүртүү боюнча уюштуруу иштери жакшы жүрбөй, аша чапкан көзөмөл күчөп кеткендиктен, дарыгерлер ооруну басаңдатчу каражаттарды жазбай калышты. Мунун айынан жанды кыйнаган ооруга чыдай албагандар өз жанын кыйган мисалдар болууда.

"Бизде эвтаназияга тыюу салынган. Андыктан ооруга чыдай албагандар өлүмдөн башка жолун көрбөйт. Менин оюмча ооруну басаңдата турган наркотикалык кажараттарды жеткиликтүү кылуу маселеси каралышы керек. Жана алар муктаж болгон адамдарга канча көлөмдө жана канча убакытка чейин керек болсо дагы берилиши зарыл. Мындан тышкары, оорулуунун сапаттуу каражатка жетишине тоскоол болгон дарыгерлерге жоопкерчилик каралышы шарт", — деди ал.
Эсептөөлөр боюнча жылына 20 килограммдай морфин сарпталышы керек. Бирок иш жүзүндө 570 грамм гана морфин колдонулат
Барыктабасованын пикиринде, жарандар мындай каражаттарды мыйзамсыз түрдө "сол" жактардан сатып алууга аргасыз болууда. Ал белгилегендей, учурда таблетка, мазь, крем, пластырь түрүндө морфиндик каражаттар сатыкка чыга баштады. Буларды эч ким криминалдык максатта колдоно албайт.

Хоспис жана паллиативдик көмөк биримдигинин ыктыярчысы Алма Карсымбек морфинди жеке дарыкана түйүндөрү эмес, мамлекет алып келүүгө тийиш деп эсептейт.

"Фармакологиялык ишканалар пайда көрмөйүнчө эч качан иш алпарбайт. Сырттан сатып алууну мамлекет жүргүзсө, дары-дармек арзан түшмөк. Бирок азырынча аткаминерлер каражаттын жоктугуна шылташат, анткени зарыл инфраструктураны түзүү зарыл: сактоо шарттарын камсыздоо, мамлекеттик дарыканаларды ачуу, тескөө механизмдерин жөндөө керек", — деп белгилейт Карсымбек.

Андай болгону менен кыргызстандыктар кээде морфинсиз калышат. Фармакологиялык ишканалар бажы текшерүүлөрүндө көйгөйгө кабылган учурларда ушундай жагдай жаралат.

"Адегенде дарыканалар бул дарыны алып келүүдөн кооптонушчу, андыктан, морфиндин алгачкы килосун кайрымдуулук фонду алып кирген. Кийин жеке ишканалар да бул ишти колго алышты. Жүк чек арада кармалган да күндөр болду. Морфиндин жоктугунан ооруга чыдабай биздин карамагыбыздагы бир айым каза тапкан", — деп үшкүрүнөт ыктыярчы.
Барыктабасованын айтымында мамлекеттин баңги аралашмалары бар даарыларды оорулууларга жеткирүүдө аткарылган мисалдары бар. Кээбир мындай дарылар оорукананын аймагында жайгашкан дарыканаларда сатылат.

"Морфин өзгөчө зарыл дары-дармектердин тизмесине киргендиктен, оорукана жана поликлиникалардын аймагында жайгашкан дарыканаларда сөзсүз болушу шарт. Анткени алардын морфинди сактоого бардык шарттары бар", — деди адис.


Кырдаалды жөнгө салуу үчүн электрондук рецептер системасын киргизген туура. Ал аркылуу жарандар дарыны өлкөнүн каалаган жеринен ала алат.

"Азыр Кыргызстанда каттоосуз эле жашап жүргөн ички мигранттар көп. Система ишке ашса, алар каттоодо турган аймакка байланбай, каалаган жерден керектүү дарыны алса болот", — деп белгиледи Барыктабасова.

Эксперттердин айтымында, паллиативдик дарыгерлер Кыргызстанда даярдалбагандыктан, айыккыс дартка чалдыккандарга көмөктөшчү медиктер жетишсиз. Ошондой эле мындай бейтаптар үчүн оорукана орундуктары да тартыш. Өлкө боюнча алардын саны болгону 30. Алардын 25и Бишкекте, бешөө Ошто. Аларда да беш күн гана жатууга уруксат. Андан соң, кайгыдан жана аргасыздыктан азган бейтапты туугандарына табышташат.

Ошентсе да, мындан жол табууга болот. Дарыгерлер көпчүлүк учурда рак таптаза айыгарын, болгону аны баштапкы баскычында аныктоо керектигин эскертишет. Алдын алуу үчүн доктурга көрүнүүгө бир нече саат сарптап коюу менен адам өз өмүрүн сактап кала алат.

Пикирлер
Автор
Асель Минбаева

Фото
Табылды Кадырбеков

Дизайнер
Даниил Сулайманов