Кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдеткен мобилдик тиркемелер
Бул тиркемелерди колдонуу менен сиз уюлдук телефондун бир гана сүйлөшүү эмес, дагы башка мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билесиз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сиздин жашооңузду жеңилдетип, ишиңиздин тез бүтүшүнө жардам бере турчу пайдалуу тиркемелердин тизмесин сунуштайт.
BUS.kg — Бишкектеги маршруткаларды алаканга салгандай көрүңүз
Шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна кантип баруу керектигин билбей жатсаңыз бул тиркеме сиз үчүн табылгыс нерсе. Шаардагы маршруткалар, автобустар жана троллейбустар кайсы көчөлөр аркылуу жүрөрүн билип алсаңыз болот. Ал үчүн бул тиркемени көчүрүп алуу жетиштүү.

Бул тиркеме интернетсиз эле иштеп, сизге жардамчы боло алат. Андан сырткары тиркеменин жардамы менен шаардын кайсы жеринде турганыңызды билип алуу өтө оңой.

Кыргызстандын аймактарына баруу канча турарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар.
Tili кыргызча-орусча сөздүк
Эгер сиз кыргыз же орус тилин үйрөнүп жатсаңыз анда бул тиркеме сизге абдан пайдалуу. Сөздүккө жалпысынан 200 миңден ашык сөз камтылган. Бир ыңгайсыз жери — интернетке кошулмайынча иштебейт. Бирок азыр көпчүлүк коомдук жайларда wi-fi бар болгондуктан көп деле тынчсыздануунун кажети жок. Бул тиркемени бекер эле көчүрүп алып колдоно бериңиз. Ал Android телефондорго ыңгайлашкан.

Кыргызча кыйын сүйлөйм десеңиз бул жактан тесттен өтүңүз.
Кыргызстан менен Казакстандын бардык тоо лыжа базаларынын даректери
Кышында активдүү эс алууну кааласаңыз анда бул тиркеме сиз үчүн жасалган. Элестетсеңиз, Кыргызстан менен Казакстандагы бардык тоо лыжа базаларынын даректери, телефондору жана ал жакка кантип барууга болорун үйдө жатып алып эле биле аласыз. Дагы бир ыңгайлуу жагы — ал жакта кандай кызматтар көрсөтүлөрү, кандай тамактар берилерине чейин жазылган.

Кыргызстандагы тоо лыжа базаларында э алуу канча турат, алар кайсы жакта жайгашкан жана шарттары кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар.
Кыргызстандын тарыхын телефондон да окуйбуз
Бул тиркеменин жардамы менен Кыргызстандын байыркы доордон азыркы заманга чейинки тарыхы менен тааныша аласыз. Бул жакта мектеп программасында каралган бардык маалыматтар камтылган.

"Манас" эпосундагы каармандарды жана окуяларды билесизби? Бул жактан өз билимиңизби текшерип көрүңүз.
Тогуз коргоол ойнойбуз
Борбор Азиядагы көчмөн элдин интеллектуалдык оюну. Ал эске тутуу, математикалык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүдө мыкты. Эгер өзүңүздүн эске тутууну жана кошуу, кемитүүнү жакшы өздөштүрөм десеңиз бул тиркеме сиз үчүн. Тиркеме кыргыз, орус жана англис тилинде иштейт.

Эске тутууңузду бир текшерип көрбөйсүзбү. Атамекендик актерлорду тааныйт бекенсиз?
Сөздүн көркү макал
Кыргыздар башынан эле сөзгө маани берип, сөздүн кудуретин, күчүн сезе билишкен. Куюлуштуруп, макалдатып сүйлөп чечендигин да даңазалаган. Сиз дагы таңдайынан чаң чыккан сөзмөр, чечен болом десеңиз бул тиркемени тезинен көчүрүп алыңыз. Ал Android жана iOS түзүлүштөрү үчүн ыңгайлашкан.

Макалдатып сүйлөө жагынан өзүңүздү текшерип көрсөңүз болот.
Башка валюталардын баасы кандай
Бул тиркеме аркылуу Кыргызстандын Улуттук банкынын күнүмдүк валюталар курсун билип турсаңыз болот. Аны Android түзүлүшү үчүн жүктөп алууга болот. Бекер жана акы төлөнө турчу эки түрү бар. Бекеринде жарнама болсо, акы төлөнүүчүсүндө жарнамалар сизди алаксытпайт.

2016 жылы сомдун куну башка валюталарга карата кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.
KG Live — Кыргызстанды алаканга салгандай көрүңүз
Дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбоңуз Кыргызстанда эмне болуп жатканын телефондон эле көрүп-билип тура аласыз. Тиркеменин жардамы менен Кыргызстандын аймактарына коюлган камералар аркылуу эмне болуп жатканын көрсөңүз болот.

Мисалы:

  • "Ала-Тоо" аянтын;
  • Чүй — Абдрахманов көчөсүн;
  • Чүй — Ибраимов;
  • Ибраимов — Бөкөнбаев көчөсүн;
  • Кара-Балта шаарын;
  • Ош, Сулайман-Тоону;
  • Бостери айылын (Ысык-Көл);
  • Ош;
  • Төө-Ашуу ашуусун;
  • Токтогул суу сактагычын.

Ошондой эле жергиликтүү телеканалдарды көрүүгө болот. Ал Android түзүлүшү үчүн ыңгайлашкан.

Биз Кыргызстандын облустары кыздардын образында кандай болмоктугун кыялданып көрдүк. Сиз дагы карап көрүңүз.
2GIS Бишкек шаарынын толук картасы
Бул тиркеме аркылуу Чүй облусунун толук картасы менен таанышсаңыз болот. Анын эң ыңгайлуу жери — интернет жок болсо деле иштей берет. Шаарда адашып кеткен учурда абдан пайдалуу. Анын жардамы менен жакын жерде кафе, ресторан же оорукананын бар-жогун биле аласыз. Тиркеме Android жана iOS түзүлүштөрү үчүн жеткиликтүү.

Бишкек шаары тууралуу кызыктуу 138 фактыны билесизби? Толук маалыматты бул жактан окуңуз.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Былтыр Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндары Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда өттү. Бул тиркеменин жардамы менен спорттун кайсы түрү боюнча мелдеш болуп жатканын жана башка бир топ фото, видеолор менен тааныша аласыз. Тиркемени көчүрүп алгандан кийин каттоодон өтүүнү унутпаңыз.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндары кандай өткөнүн бул жактан караңыз.
Элсом — акча которуунун оңой жолу
Азыркы заманда акча которуу, коммуналдык төлөмдөрдү, деги койчу, керек болсо салыктарды да үйдөн чыкпай эле төлөп койсок болот. Андан сырткары, акча которуу да жүргүзүү мүмкүн болду.

Көп түкүрсө көл болот демекчи, элеттиктердин берген жардамдары тууралуу бул жактан окуңуздар.
Sputnik Кыргызстан — новостное издание
У сайта Sputnik Кыргызстан также есть свое мобильное приложение, в котором вы можете читать новости, которые выпускает редакция.

Скачивание бесплатное и не содержит рекламы. Загрузка программы доступна для пользователей Android и IOS.
Sputnik Кыргызстан
© 2017