Кандуу жолду көрүп жаныман түңүлдүм...
Немис окумуштуусунун Тянь-Шанга саякаты
Кандуу жолду көрүп жаныман түңүлдүм...
Немис окумуштуусунун Тянь-Шанга саякаты
Готфрид Мерцбахер 1902-жылга чейин эбак атагы чыккан, дасыккан окумуштуу-альпинист эле. Кезектеги "мээлегени" даңазалуу Хан-Теңир тоосун багындыруу болчу. Бирок кыргыз аска-зоолорунун арасында өзүн кандай коркунучтар сезип турганын болжой да албаптыр...
Бул сүрөттү Готфрид Мерцбахер 100 жыл мурда тарткан. Азыркы альпинисттер Хан-Теңир чокусу ошондон бери таптакыр
өзгөрбөгөнүн айтышат
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Кыргыз көчмөндөрү Хан-Теңир чокусун ааламдагы эң бийик тоо деп санашкан. Ошондой эле ал чоку киши багындыра алгыс деп даңаза эле. Себеби, аяк басам деп аттанган бир топ эр жүрөк чыга албай набыт болгон. Гезит беттерине жарыяланып үлгүргөн алгачкы кайгылуу окуя 1936-жылдын жай убагындагы экспедиция болуптур...
Изилдөөчүлөр чындап эле катаал шарттарга кабылган, август күнү экенине карабай тоо этектеринде бурганак, ызгаар суук 30 градустан да төмөндөп кеткен. Изилдөөчүлөр түнөк үчүн кардан үңкүр казышкан, бирок анын ичинде болгону 9 градус суук эле. Эки альпинисттин колу-бутун үшүк алып кеткен.

Катуу шамал рюкзакты учуруп кетет. Альпинист Леонид Гутман аны кармап калам деп аскадан кулайт. Төмөн карай 300 метрдей зооканын уркуйган учтарына урунуп-беринип отуруп, дагы багы бар экен, үймөк карга барып түшөт. Гутманды жолдоштору тапканда тирүү экен, бирок эс-учун жоготуптур. Альпинист бир нече саат жөөлүп, бирок көзүн ача албайт. Альпинисттер жаракат алган шеригин сүйөп-жөлөй жолун улашат, бирөө анын оор рюкзагын артынып алат. Изилдөөчүлөрдүн бирине өзгөчө оор болгон. Швейцариялык эмигрант Лоренцо Саладин бутун шилтей албай калганча колу-бутун үшүккө алдырган. Жанында Виталий Абалаков карап калып, башкалары куткаруучуларды тосуп келүүгө кетишет.

Бир нече саат оорудан онтоп жаткан Лоренцонун бир убакта дымы чыкпай калат, көрсө жүрөгү токтоп калган экен. Виталий шеригинин сөөгүн ал жактан алып түшүш татаал болорун түшүнүп, карга көөмп кетет...

Тоодо тоңуп, алы-күчү кеткен адамдарды куткарууга учактар эки сутка бою айланып, бирок конорго ылайыктуу жер таба алышпайт. Акыры бир талаа таап, конушат. Баарын куткарышат, бирок эки альпинисттин колу-бутун кесүүгө туура келген...
Альпинисттер мөңгүгө жетчү жолду 5А категориясындагы эң татаал маршрут деп баалашкан. Жаңы баштап жаткандар ал жакка өз алдынча барууга аракет кылбай эле койгону жакшы
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Бул окуя Хан-Теңирге болгон экспедициянын канчалык катаал, кооптуу болгонун айгинелейт. Учак, куткаруучу бригадалар жок кезди айтпай эле коёлу... Дал ошол убакта, тагыраагы, 1902-жылы, немец изилдөөчүсү Готфрид Мерцбахер бул сырдуу тоону изилдөөгө белсенет.

Ал кезде Мерцбахер 59 жашта экен. Убагында тери фабрикасынын ээси экен. Аны сатып жиберип, саякаттоого жөнөгөн Мерцбахердин ушундай күтүлбөгөн кадамдарга барган кыялы бар эле дешет.

Немец саякатчысы ошондо эле бир нече чокуну багындырып койгон убагы экен. Анын Кыргызстандын аймагына саякаттоого Россия империясынын императорунун агасы, улуу князь Николай Михайлович өзү уруксат берген. Мындан улам анын белгилүү изилдөөчү экенин билсе болот. Айтмакчы, саякатка акчаны Россиянын Финансы министрлиги бөлгөн.
Борбор Азиядагы кыштактардын бириндеги немис үй-бүлөсү. Арткы планда оң жакта турган Готфрид Мерцбахер өзү болушу мүмкүн
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Мерцбахер бул саякаты анчалык катаал болорун этибарга албаса керек. Анын экспедициясы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарына 1902-жылдын жайында келет.

Шаар ал кезде азыркыдан таптакыр эле айырмаланып турчу. Бавариялык киши өз фотоаппараты менен кең жана бош көчөлөрүн, оюу менен көркөмдөлгөн терезелери бар үйлөрдү, арабага чиркелген аттарды тартып алат. Аялдар анда жоолук салынып, узун этек кийим кийишчү.
Немис окумуштуусунун бул сүрөтүндө Каракол шаары болушу ыктымал. Шаар тургундары белгилүү дунган мечитине окшогон имаратты терезесинин жасалгасынан улам таанышты
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Ошентсе да Мерцбахер мырзаны адамдарга караганда көчкүдөн кийинки тоо сыныктары, тоо тектери, анан, албетте, Хан-Теңир чокусу көбүрөөк кызыктырган. Келери менен окумуштуу бир нече казакты, жол билген кыргыздарды жалдап өзүнүн оор сапарына чыгат.
Жолдо көз талдырган кооз Мукур-Муту өрөөнүн көрөт, ал жакта жайкысын көчмөндөрдүн базары курулган. Саякатчы өзү ал жерди мындайча сүрөттөйт: "Бет алдымдан альпы шалбаалары созулуп жатат, ажайып кооз. Жыл сайын июлдан ноябрга чейин мында жыгач күркө жана темир чатырлардан бүтүндөй бир шаар куралат. Кыргыздар жүн, териден жасалган буюмдарын жайып сатышат. Көбүнесе алардан татарлар сатып алышат. Ошондой эле кой, жылкыларды да сатыкка коюшат. Бул жактан Европа көрүп-биле элек байыркы соода ыкмаларына суктанууга болот", — деп жазган Мерцбахер.
Жергиликтүү тургундар экспедиция катышуучуларына көп жардам берчү. Жөн гана жол көрсөтүп койбой, татаал ашууларды ашууга көмөк көрсөтүшкөн
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Базардан экспедициянын катышуучулары жүк артылчу жылкы, ээр-токум, ошондой эле кыргыз баш кийимдерин сатып алышат. Ошол жерден немец окумуштуусуна жардам берүүгө ниеттенген чыныгы жигиттер да табылат.

Ардактуу саякатчыны Тянь-Шань тоолорунда алгачкы болуп Баянкөл өрөөнүндө болуп өткөн окуя дендароо кылат. Изилдөөчүлөрдүн кербени жайлуу, жапжашыл чытырманда тынч эле бараткан, анан капыстан аттарга көгөндөрдүн тобу кол салат. Ызылдай чаккан көгөндөр жүк артынган аттарды ушунчалык үркүтүп, аларды тизгиндөөгө мүмкүн болбой калат.
"Адегенде бир нече гана байтал, анан көз ирмемде болгон он эки ат тең ала качып жөнөйт. Таңылчактары кулап, таскактаган жандыктар баалуу жүктү тебелеп-тепсеп салышты. Биздин жабдыктар, азык-түлүк — ар кай жакка чачылып жатты. Аларды көрүп үрөйүм учту, эгер аппаратура сынып калса, экспедицияны улантуунун кажети жок эле", — деп эскерет Мерцбахер өзүнүн "Борбордук Тянь-Шандын тоолору" аттуу китебинде.
Кудай жалгап көп жоготуу болбоптур. Негизинен чочко эти салынган консервалар бузулат, ал эми техника сынбаптыр. Беш саат бою алышып жатып, аттарды жоошутушат. Готфрид Мерцбахер өзү мойнуна алгандай, ошондогу дендароо абалынан чыгууга беш саат да аздык кылыптыр.
Жергиликтүү тургундарды Мерцбахер "жигиттер" деп атаган. Алар ага дайыма жардам беришкен
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Хан-Теңир тоосунун этегиндеги жерлерде кайсы бир кезде тымызын алтын издеген кытайлар иштеген экен. Алар жергиликтүү дайраларда алтын чайкашкан. Анан ошол баалуу жерлер Россия империясынын бир бөлүгү болуп калат.
"Дарыяны бойлото жайгашкан орус көпөстөрүнүн заводунун ири имараты ээн калат. Дубалдары урап, ал эми жабдыктары керектен чыгат. Кытайлыктарды кууп чыгышкан, ал эми мында алтын алууга аракет кылган кишилерди сот жоопкерчилиги күткөн", — деп жазган Мерцбахер.
Өйдөлөгөн сайын суук күчөгөн. Мындан улам айтканынан кайтпаган окумуштуу менен андан ары баруудан баш тарткандар көп болгон
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Немец окумуштуусу чокуга карай бийиктеген сайын абанын температурасы ошончо төмөндөй берет. Эгер күндүз күн тийип турса, кечке жуук кар бороон урат. Экспедициянын мүчөлөрүнүн шаабайы сууй баштайт.
"Эртең менен кыргыздардын жарымы лагерди таштай качканын байкадым. Башкалар да музда жөө чыкпай турганын билдиришти. Казактардын да оор жүк менен бийикке көтөрүлүүгө ниети жок. Атайын бут кийим, кийим-кече, муз жаргыч балталар менен жабдысам деле, алардын өтө бийиктеги карды көргүсү жок", — деп баяндалат окумуштуунун китебинде.
Кар баскан тоодо басуу көп коркунучтарды жараткан. Экспедиция катышуучулары күтүлбөгөн жерден кар күрткүнүн алдында калышы
мүмкүн эле
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Андан ары изилдөөчү улам кырсыктап отурат: адегенде муз жаракасын олдоксон басып алып, бутун кайрып алат. Анан бир аркан менен жогору чыгып бараткан төрт альпинист түпсүз жарга кулайт. Аларды Кудай бир сактап, төртөө тең аман калат, болгону баш кийимдери жана муз талкалагычтары гана жоголот.
Жайында бул жерлерге аба -30 градуска чейин сууктап кетет. Анын үстүнө катуу шамал болуп, бир топ тоскоолдук жаратат
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Экспедиция белгисиз бир чокунун этегине жетет, аны Мерцбахер өзү Мрамор чеп деп атап койгон. Ошол жерден саякатчы Хан-Теңир улуу чокусун көрүп, ал тоого чыга албай турганын, качан болбосун көчкү түшүп калчу өтө тик ашуулар арбын экенин аңдап оор улутунат. Артка чегинүүгө аргасыз болот.

Окумуштуунун ошол жолу чындап эле катуу болот. Кытайдагы Музарт дайрасын кечип өтүп баратканда тарткан сүрөттөрүнүн көбүн жоготуп алат.
Ашуулардагы суулар ар дайым коркунуч жараткан. Ал эми муздак шамал кишилерди да, аттарды да чарчатып койгон
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
"Агын сууну кечип өтүү татаал эле. Бир жигиттин олдоксон бир кыймылынан улам кырсык болду. Аттардын бири мүдүрүлүп, ага артылган эки куту жүк сууга кулады. Суудан аларды алып чыктык. Ичинде тасмалар коюлган темир таралар бар эле. Баарына суу толуп, бүт сүрөттөрүбүз жараксыз болуптур! Ошентип, эбегейсиз эмгегибиз текке кетти", — деп үшкүрүнөт ошол учурду сүрөттөгөн саякатчы.
Тезинен фотоматериалдардын запасын толуктоо керек эле, ошондуктан Мерцбахер Ташкентке сапар алат. Изилдөөчү эски базарды аралайт, орус соодагерлери пайда болуп калган кез. Маселен, "Торговля сахаромъ" же "Магазинъ готоваго платья" деген өңдүү жарлыктарды көрүүгө болот эле.
Бул сүрөт өзбек базарында тартылышы мүмкүн. Арткы планда "Магазинъ готоваго платья" деген жазууга көңүл бургула
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Кызыгы, ошол кылымдын башындагы Ташкенттин көчөлөрүндөгү сүрөттөрдө аялдар дээрлик жок. Негизинен кадрларга эркектер же Россиядан жер которуп келгендер тартылган. Окумуштуу бир нече өзбек айымын сүрөткө тартып алат, бирок алар да жүзүн алаканы менен жашырышкан.

1903-жылдын жайында саякатчы кайрадан адам чыга алгыс тоого ашыгат. Бул ирет ал белгисиз эбегейсиз мөңгү аркылуу өткөн бөлөк жолду тандайт. Мерцбахердин тобу көчкү алдында калып, муздуу түпсүз жарга кулап же тоңуп өлгүсү келбейт да окумуштууга каршы чыгышат.
Немис саякатчысынын бул сүрөтүндө өзбекстандык эркектер болушу ыктымал
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
"Аба ырайы өтө катаал эле. Бул жерден кыргыз кербени өтөт, соодагерлер жолдо бир топ коюн жоготуптур. Жер жапайы, ошол эле убакта ажайып кооз. Биздин жигиттер мөңгүнүн мейман сүйбөгөн мүнөзүнө туруштук берип, Хан-Теңирге чыга алабыз деп үмүттөнөм", – деп жазган окумуштуу.
Айтор, аба ырайы улам бузула берет, жол катаалдагандан катаалдай баштайт. Китепте жүздөгөн жылдар саякатчыларды чочулаткан жол сүрөттөлөт. Ушунчалык тар, анан тоңуп калган эле. Бир тарабында асман тиреген аска, экинчи жагынан отуз кабат имараттын бийиктигиндей жар көрүнөт.
Экспедициянын катышуучулары
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
"Бул катаал жолдон өтүүгө жергиликтүү тургундар жардамдашты. Биз алдыга карай бараттык, бирок төмөн карасак, жерде жаныбарлардын сөөгү жайнайт. Муз каптаган асканын боору менен бараткан биздин кербендин түрү киши чочутчудай. Тегин жерден үрөй учурган жол дешпесе керек", — деп эскерген өз мемуарларында Мерцбахер.
Ага карабай улуу тоонун сырлары саякатчыны алга жылууга сүрөгөн. Эки мөңгү бириккен жерге туш келгенче экспедициялык топ өжөрлөнө бийикке карай бет алган. Алар — Түндүк жана Түштүк Эңилчек эле.

Ошону менен жол аяктайт, себеби Мерцбахердин кербени муздуу түпсүз жарларды жана беш кабат үйдөй болгон бийик-бийик айсбергдери бар ири көлдү жеңе алмак эмес. Ошентип, көл улуу саякатчыга бөгөт болгон.
Мерцбахер көлүндөгү айсбергдердин бийиктиги беш кабаттуу үйдүкүндөй болот. Бирок жай келген сайын көл жок болуп кетет
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Баса, кийинчерээк дал ушул изилдөөчүнүн көңүлүн чөгөргөн көлгө анын ысымы берилген. Ушул убакка дейре окумуштуулар сырдуу Мерцбахер көлү боюнча баш оорутуп келишет. Ар жылы жайда мөңгүнүн суусу менен толот, июлга жакын жоголуп кетет.
Мунун себебин окумуштуулар алигүнчө так билишпейт. Кайсы бир маалда кардын суусу кирип, үстүндө калкыган муздун сыныктарын көтөрүп чыгып, муздун алдындагы каналга куюлат. Бул божомолдордун бири гана.
Мерцбахер көлүнүн эң алгачкы сүрөттөрү. Окумуштуулар ушул убакка чейин анын табышмактарын чечмелей албай келишет
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Адегенде экспедициянын мүчөлөрү көлдү аскалар аркылуу айланып өтүүгө аракет кылышат, бирок андан эч майнап чыкпайт. Натыйжада үч гана киши жол улайт. Хан-Теңир айласы куруган саякатчыларды азгырып туруп алган, эми аларды мөңгү жарлары да, көчкүдөн калган сыныктар да жолдон артка кайтара алмак эмес.
Хан-Теңир чокусунун 5 миң метр бийиктиктен көрүнүшү
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Акыры алар суктанган тоонун этегине жетишет. Ошентип, немец окумуштуусу Готфрид Мерцбахердин кыялы орундалат.
"Чокусу күнгө чагылган, ак кар жамынган аска көрүндү. Асман тиреген тоо, Тянь-Шандын ханышасы. Бул тоону толугу менен көрдүм, анын түштүк этегинде турдум. Бир нече аптадан берки тарткан түйшүк заматта унутулду. Мындай улуу тоо ааламда жок, бир формада куюлуп жасалгандай", — деп эскерет саякатчы.
Экспедиция катышуучулары тоо эчкилердин терисинин жанында сүрөткө түшкөн. Эң чоң эчки-текелер Тянь-Шань
жана Памир тоолорунда жашайт
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher

Хан-Теңирдин сырлары ошентип ачылат. Тилекке каршы, Мерцбахер ал тоону багындыра албады, ага командасынын зарыл жабдыгы да, күчү да калган эмес. Бирок изилдөөчү анын бүт сырларын дыкат изилдеп чыккан.

Хан-Теңир ошондон 28 жылдан кийин, тагыраагы, 1931-жылы советтик альпинист Михаил Погребецкийге "багынган". Тоонун чокусуна чейин чыккан. Погребецкий Мерцбахердин чийимдери жана россиялык топографтардын картасын пайдаланган.
Мерцбахердин командасы. Сүрөт Кытайдын аймагында тартылышы мүмкүн
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
1903-жылкы экспедиция бавариялык саякатчынын атын ааламга тааныткан. Мерцбахердин эмгектери Берлин, Лондон, Мюнхен, Вена жана Санкт-Петербургда көрсөтүлгөн.

Төрт жылдан кийин Тянь-Шандын тоолору жаны тынбаган саякатчыны кайра азгырат. 64 жаштагы окумуштуу кайрадан Кыргызстандын аймагына куштарды изилдөөгө келет. Ошол сапарынан соң биздин өлкөгө аяк баскан эмес.

Улуу окумуштуу 1926-жылы дүйнө салган. Мерцбахер бардык изилдөөлөрүн Бавария мамлекеттик китепканага белек кылган.
Сүрөттө Готфрид Мерцбахер өзү болушу ыктымал
© SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Жыл сайын жүздөгөн туристтер даңазалуу Мерцбахер салып кеткен из менен багыт алууга буюртма кылышат. Алар да бир кылым абалкы окумуштуудай эле Хан-Теңирдин ак карлуу чокусуна, муз каптаган көл жана кыргыз тоолорунун ажайып кооздугуна көз артышат.
Автор
Асель Минбаева

Булактар
Готфрид Мерцбахердин "Борбордук Тянь-Шандын тоолору" китеби, "Немецтердин Борбордук Азиядагы маданий мурасы" илимий-изилдөө макалалар жыйнагы, "Мөңгүлөрдүн гидрологиясы" аттуу Г.Н. Голубевдин монографиясы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин архивдери

Фото
SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев