Кыргыздын колунан чыккан
өзгөчө буюмду арабдар
200 миң долларга сатып алат

Кыргыздын колунан
чыккан өзгөчө
буюмду арабдар
200 миң долларга сатып алат

Кызыл-Туу кыштагынын тургундары Бишкектин кеңсе кызматкерлеринен да көп табышат. Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү бул түпкү айылдан жаштар качпайт, ал эми жергиликтүү тургундар күндүзү көчөгө деле чыкпайт.
…Айбек (ысымы өзгөртүлдү) чек арага жакындады, Казакстан тараптагы тикенектүү зымдын нары жагындагы белгиленген жерде аны шериги күтүп турган. Жигит ага 7 миң доллардан ашык наркы бар товарды өткөрүп бериши керек эле. Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө эч мүмкүн эмес эле ошол чакта. Эки тарап тобокелге салып, товарды чек арадагы "тешиктен" ыргыта алып-беришүүгө макулдашышкан. Айбек чочулап турса да акысын төлөп берген кишинин буюртмасын тапшырууга тийиш эле.

Ал унаа бара алчу жерге чейин жүрүп, андан ары бирөө жарым байкабасын деп өзү ташыды. Жамгырдан улам чек арада көлчүк болуп калыптыр, аны да кечип өтүүгө аргасыз болду. Ошентип отуруп, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийинки кырдаалда кыргызстандык кол өнөрчү Казакстандагы буюртмачыга боз үйлөрдүн бир партиясын тапшырып берген.
Кыргыз боз үйү Эквадорго
кантип жеткен?

Кыргыз боз үйү Эквадорго
кантип жеткен?

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Туу айылын Бишкектин чет жакасындагы кооз кыштактардын бирине салыштырууга болот. Ал жакта жаңы футболдук аянтча да бар, заңгыраган, оңой эмес каражатка тургузулган үйлөр, дээрлик ар бир короодо мыкты жасалгаланган боз үй тигилген.
Кызыл-Тууда Турусбек Калыковдун чоң атасынын даңкы чыккан. Кыштакта боз үй жасоону алгачкылардан болуп колго алып, каалагандардын баарына бул өнөрдү үйрөткөн эле ал киши.
Небереси ата-бабадан калган ишти улантып кетти. Эң биринчи боз үйүн Турусбек ага онго араң толгондо жасай баштаган. Оңой-олтоң эмес бул иште байкеге жакын туугандары көмөктөшөт. Анын уулун бүтүндөй айыл боюнча эң мыкты жыгач уста катары таанышат, ал эми анын жубайы кийиз жасоодо алдына киши салдырбайт.

"Боз үйгө болгон суроо-талап жылдан жылга өсүп келе жатат. Туристтик чөйрөдө бул алмашкыс буюм. Сырткы көркөмүнөн да боз үй ыңгайлуу, аябай көп киши батырат. Соң-Көлдө болдум, ал жакта жаш жигит боз үй лагерин куруптур, мындайча айтканда көчмөндөрдүн хостелин уюштурган экен (күлүп). Маалында ишкердин 23 боз үйү тең мейманга толот", — дейт ал.
Анын коңшусу Бектемир Асангуловдун чечилген төрт, көтөрүлгөн бир боз үйү турат. Ал уулу Алыбек менен буюртма берилген төрт боз үйдү жасап бүткөрүүсү зарыл. Жыгачты ийип, жонуп, уук жасап, андан соң сырдоого киришишет.

"Жакшы боз үйдүн баасы 4 миң доллардан башталган, бирок 10-20 миң долларлыктары да бар. Кымбат боз үйлөрдө жырткыч жандыктардын териси, сандык жана жаңы жасалган төшөктөр менен жасалгаланышы мүмкүн. Кол өнөрчүлүктүн бул түрү менен бүт айыл алектенет. Кайсы үйгө баш бакпаңыз, ар биринде боз үй жасалып жатканына күбө болосуз. Эркектер жыгач ишин, аялдар туурдук-үзүгүн жана башка тиричилик буюмдарын жасоо менен алектенет", — дейт ал.

1969-жылы Кыргызстанда "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн бирикмеси кантип ачылганын Турусбек байке айтып берди. Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары бүткүл Союз үчүн боз үй жасай баштаган.

"Кыялдын" филиалында биз 20 чакты киши болчубуз, жылына 60 боз үй тургузчубуз. Алар советтик чабандарга берилчү. Кыргызстандын каалаган бир бурчунда филиал негиздөөгө болмок, бирок алар Кызыл-Туу айылын тандап алышкан, себеби, мында боз үйдү ага дейре эле жасашкан", — деп эскерет биздин маектеш.

Уста өз колунан канча боз үй чыкканын деле эстей албайт, балким, жүз, мүмкүн миңдеген боз үй жасаган чыгар. Айтымында, кыргызстандык түпкү бир айылдын боз үйлөрү чет өлкөлөрдө жакшы сатылат.
"Бизге бир нече жыл мурун эквадордук бир испан киши келген. Таластык кызга үйлөнүп, боз үй жасоону үйрөнсөм дечү. Билгенимди бүт көрсөтүп бердим. Үйүнө узап баратканда өзүнүн жол тандабасын жакшы боз үйгө алмашып кетти. Андан сырткары, ал испан киши тандыр, көчмөн кыргыздын тиричилигине эң зарыл болгон бир нече буюм сатып алды", — дейт чебер.

Асангулов испан жигиттин Эквадордо көчмөндөрдүн бул өнөрүн улантуу үчүн боз үйдүн уугу жасалчу бактын бир канча көчөтүн алып кеткенин да кошумчалады.
Рамзан Кадыровго Кызыл-Тууда жасалган боз үй белек кылышкан
Рамзан Кадыровго Кызыл-Тууда жасалган боз үй белек кылышкан
Бир боз үй үчүн жыгачты өстүрүүгө жети жыл кетет. Бектемир байке боз үйдүн жыгачына эң ылайык келген бак чарбасын түзүүгө аракет кылган, бирок тигилген көчөттөрдүн баарын кой жеп кеткен.

"Биздин айыл жыл бою иш менен камсыздалган, ар бири эмне иш менен алек болорун, эмгеги үчүн канча акы аларын так билет. Жакшы боз үй 10 миң доллар турат. Бирок бул акча бизге оңой олжо эмес, боз үй жасоо бир нече ай маңдай тер агызат, кол жоорутат", — деп түшүндүрөт Асангулов.

Биздин каарман абалы алда канча жаман коңшу кыштактарды көңүлү чөгө мисалга келтирет. Соңку барышымда кошуна айылдардагы кырдаал начар экендигине алардын 100 сомдон акча кайрый алышпаганынан улам күбө болдум...

"Кийизге жүн издеп атайын бул аймакты кыдырып чыктым, көргөндөрүм үрөй учурат. Эл өтө жакыр жашайт, жаштар дээрлик көрүнбөйт. Өз убагында бул өнөрдү өздөштүрүп алганыбыз жакшы болуптур. Бизде баарынын иши бар, акча табышат, ал эми эң башкысы — айылыбыздан эл кетпейт. Андан да артыгы, биз баарыбыз салык төлөйбүз. Баары мыйзам чегинде жүрсүн деп патент менен иштейбиз", — дейт ал.
Алтургай, Рамзан Кадыровдун да Кызыл-Туу айылында жасалган боз үйү бар. Бөтөнчө белекти ага бир кыргызстандык тапшырган.

"Ал белекти абдан тыкыр карап издеп жатыптыр. 4 миң долларлык жакшы боз үйдү таап, Кадыровго белек кылган. Кийин Чечен Республикасынын башчысы кымбат баалуу тартуу алып келген мейманын куру кол узатпай ага 20 миң доллар бериптир деген имиштер жүрөт", — деп сыр бөлүшөт чебер уста.

Анын айтканына караганда, Кызыл-Туу айылынан чыккан усталар сапатка талапты катуу коюшат. Боз үйдүн сөөгү, боо-чуусуна чейин кеминде 30 жыл кызмат өтөөгө тийиш. Алтургай, кол өнөрчүлөр сапатты бекем кармоо маселелери көтөрүлгөн жыйындарга да чогулуп турушат.

"Кыргызстанга темирден жасалган боз үйлөрдү да алып келишкен, бирок алардын пайдасынан азабы арбын. Күн ысыганда ысып желим жыттанат. Андай боз үйгө мен баш бакпайм дагы. Биз сапатты баалайбыз, ошону менен даңкталабыз. Химия колдонбош үчүн ууктарды табигый, кызыл жошо менен боеп, жыгачы "дем алып" турсун дейбиз, — дейт уста.

Бардык иштердегидей эле мында да кооптуулуктар болбой койбойт. Сатып алуучулар алдап кеткен учурлар да бар.

"Оштон бир жигит келип, 4 боз үй буюртма кылган. Жетишпей жатканым үчүн жарымын коңшума тапшыргам. Буюртмачы 18 миң доллардын 9 миңин гана төлөп, калган акчаны кийин берем деп товарды алып кеткен боюнча жок... Коңшуларга өз чөнтөгүмдөн төлөп берүүгө аргасыз болдум", — дейт биздин маектеш.

Беш жылдан кийин Бектемир байке баягы уятсыз буюртмачы менен капысынан кезигип калат. Ал кол өнөрчүгө болгон карызынын ордуна унаасын берип кутулат.

Дубайлык олигарх Кызыл-Туунун боз үйлөрүн 200 миң долларга сатып алган
Дубайлык олигарх Кызыл-Туунун боз үйлөрүн 200 миң долларга сатып алган
Үйдүн короосунда улгайган аял эки кызы менен түстүү жүндөн ийрилген жиптерди кесип, боз үйдүн кийиз жасалгаларын тигип жатышат. Секелектер араң 12ге толсо да боз үйдүн жасалгаларына татаал оймо-чиймелерди түшүрө алышат.
Мурунку математика мугалими Абат Жумашева акыркы жылдары боз үйдү жасалгалоо менен гана алектенет. Башта ал бул өнөрдү мектептеги иши менен айкалыштырып келген. Ар бир окуу күнүнөн кийин ал үзүк же туурдук жасалгалоо үчүн үйүнө ашыкчу. Ушундай ыргакта ал 25 жыл бою эмгектенген.

"Мектептен чуркап келип, кийиз менен алышканга киришчүмүн. Бизде бул боюнча эч кандай курс же мастер-класстар жок, өнөр муундан муунга өтөт эмеспи. Балдарыбыз да, күйөөлөрүбүз да бул иш менен алек. Кызым калпак жасайт, дагы бири улуттук кийимдерди тигет. Уулдарым — жыгач уста", — дейт Абат эже.
Кыштактагы үйлөрдүн бирине Токмоктон үч жыл илгери Жибек көчүп келген. Кыз турмушка чыгып, шаардык турмушту Кызыл-Тууга айырбаштаган. Ал мында жолдошу менен бирге боз үй жасашат. Жубайы короодо кийиз жасаганча, жолдошу жыгач жонот.

"Азыр жасап жаткан боз үйдү Алматыга алып кетишмекчи, 7 миң доллар турат. Жылына 10-12 даана үй тургузам, андан көп жасоого күч жетпейт. Буюртма көп түшсө, коңшулар менен бөлүшөм. Бир жолу Дубайдан бир олигарх 20 боз үй буюртма кылды. Жалпы наркы — 200 миң доллар, мөөнөтү — жарым жыл. Өзүмө 4 боз үйдү калтырып, калган 16сын башка усталарга табыштагам", — дейт Эсенбек Жумаканов.
Кесиби боюнча ал бухгалтер. Көп жыл мурун Кызыл-Туудан шаарга окууга кеткен, кийин кызматка кирип, пенсияга чыгарына аз калганына карабай кичи мекенине жубайы менен кайтып келген.

"Бир да жолу өкүнгөн жокмун. Айылга көчүп келүүнү мен демилгеледим, жубайым да сүйүнүп, кабыл алды", — деп бөлүшөт устанын шакирти.

Анын айтымында, ага буюртма Казакстандан көп түшөт. Ташуучулар товарды алып кетишет, чет өлкөдө боз үйлөр Казакстандан келген деп айтылат, бир нече миң долларга кымбат сатылат.

"Бул бизнес, башкысы, товарды бизден сатып алышат. Кай бир учурда казакстандык буюртмачылар боз үйдү алардын маданиятына ылайык жасоону өтүнүшөт. Ал жактагы шамалдан улам жашоо турагы бекем болушу үчүн биздикинен бир аз жапыз жасалат", — дейт ал.
Каармандарыбыздын баары бизге иштен алыстабай туруп маек куруп беришти. Кызыл-Туу кыштагынын тургундарынын 90 пайызы ар бир күнүн боз үй жасоо менен баштайт. Кыргыздын эзелки жашоо турагы сатып алуучулардын купулуна толсун деп күчүн да, убактысын да аяшпайт.
Пикирлер
Автор
Светлана Федотова

Фото жана видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев