Көөнөрбөс дөөлөт
Салттуу баш кийимдердин сырлары
Кыргыздын баш кийимдеринин тарыхын билип, көз жоосун алган сүрөттөрдү сөзсүз көрүңүз
Салттуу баш кийимдердин сырлары
Көчмөн кыргыз элинин кийими, анын ичинде баш кийими жашоо-шартка, климатка жараша жасалып, мезгил, доор алмашкан сайын өзгөрүп турган. Мал чарбачылык менен алектенген калктын баш кийиминин дээрлик көбү малдын терисинен, жүнүнөн даярдалган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фондуcу менен биргеликте кыргыздын улуттук баш кийимдери тууралуу долбоорун сунуштайт. Материалдан чыныгы шөкүлөнүн үлгүсүн көрүп, элечектин түрлөрү менен тааныша аласыздар. Ошондой эле эркектер кийген калпак, тебетей, телпек тууралуу кызыктуу фактыларды окуй аласыздар.
Элечектин чоңдугу ээсинин турмуш шартын көрсөткөн
Элечектин чоңдугу ээсинин турмуш шартын көрсөткөн
Бүгүнкү күндө кыргыз аялдары кайсы мезгилдерден тарта элечек кие баштагандыгы тууралуу так маалыматтар жок.
Алайкуу өрөөнүнө тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Букадича Орозалиева
Түштүктө элечек "каляк", ал эми Таласта, Токтогулда "илеки" деп аталган.

Элечек аймагына жараша ичинен кийген топучадан же такыядан, сала коймо, ээк алмай, жыгым, кыргак, жоолук сыяктуу бир катар бөлүктөрдѳн турат.
Кетмен-Төбө өрөөнүнө тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Жаннат Тажыбекова
Кеп такыяны мурун баш кийим катары элечектен өзүнчө бөлүп карашкан эмес. Ал элечектин бѳлүгү болуп эсептелгендиктен, такыячан эл алдына чыгуу уят болуп саналган.
Фергана өрөөнүнө тиешелүү элечектин бир түрү.
Төлөөс уруусуна таандык. Модель: Бермет Турсалиева
Кеп такыя түштүк аймактарда элечектин бир бөлүгү болуп эсептелген (аны "кеп чач", "чач кеп", "баш кеп" деп да аташат). Ал башты толугу менен жаап, маңдайы түз болот. Эки капталында ылдый түшүп турган "жаактары" бар. Ал эми желкесине өрүлгөн чачты толугу менен жаап туруучу узун тилке — "куйрукчасы" түшүрүлөт (анын узундугу кээде кызыл ашыкка чейин жеткен).

Кеп такыя
Кеп такыяны үч катмар кездемеден тигишкен. Төбөсүнө жип өткөрүлүп бүрмөлөнөт жана катуу байланып, кездеменин өзүнөн төбөчө чыгарылат. Анын жээктерин жана куйрукчасын сөзсүз түрдө колго жасалган жибек менен жээктеп чыгышкан. Кеп такыя кийилген соң ага ак кездеме оролот.
Алай аймагынын жана cарыколдук кыргыздардын элечеги.
Модель: Айнур Кадырова
Этнограф Амантур Акматалиев "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" аттуу эмгегинде кеп такыянын артыкчылыгын төмөнкүчө белгилеген.

"Кеп такыя элечекти алууну жана кайра аны кийүүнү жеңилдетип, терден сактайт. Шырылган ак болотнай чыккан терди сиңирип алат да элечек сарала болбой, бат-бат жуулбайт, өңү өчпөйт", — деп жазылат Акматалиевдин эмгегинде.
Ысык-Көл облусуна тиешелүү элечектин бир түрү. Бугу уруусуна таандык.
Модель: Сезим Токтобек кызы
Ээк алмай — ээктин алдынан өтүүчү тилке түрүндөгү ак кездеме
Куйрукча — аркага түшүп туруучу элечектин аяк жагы
Оромдор — башка тегерете оролгон кездеме
Жыгым — элечектин үстүнкү катмар кездемеси. Аны бир тарапка жыгып коет
Кыргак — элечекти айланта тагылуучу кездеме. Аны сайма, шуру, маржан, күмүш менен кооздошкон
Талаа изилдөөлөрүнө таянсак, географиялык жана климаттык шартка жараша ар аймактын элечегинин түзүлүшү ар башка болгон. Алсак, түндүк аймактарга тиешелүү элечектердин дээрлик бардыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат.
Ош облусуна тиешелүү элечек. Болжолу найман уруусуна
таандык (сорогой элечек). Модель: Алия Бахматова
Кеп такыя — элечек алдына кийилүүчү топу
Оромдор — башка тегерете оролгон кездеме
Тартма — элечекти үстүнөн бекемдеп турган кездеме тилкелери
Дурия жоолук
Ал эми түштүк аймактарда күн ысык болгондуктан элечеги сорогой болуп үстүнө сөзсүз дурия жоолук жабылган. Алар күндөн сактап, көлөкө берип турган. Ошондой эле кеп такыянын алды ачык болгон.
Left
Right
Left
Right
Элечектин оролмолоруна жука ак кездеме же даки колдонулган. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. Кээ бир учурда бала ороого же жараат таңууга да керектешкен.
Талас облусуна тиешелүү элечек. Кытай уруусуна таандык.
Модель: Мээрим Байгожоева
Кездеме көбөйө баштаган учурдан тарта элечектин матасын бала-бакырасына ырым кылып шейшеп кылышкан. Көп жашаган аял болсо айрым учурда жакындары бөлүп алышчу экен.
Аксы аймагына тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Дамира Шаршенова
Элечек ар кайсы аймакта ар түрдүү оролгон. Ал тургай бир эле аймакта айырмачылыктар кездешет. Анын өзгөрүүсүнө ар бир чыгаан уз да таасирин тийгизген.
Нарын облусуна тиешелүү элечек. Сарыбагыш уруусуна таандык.
Модель: Асель Кудайбергенова
Элечек тууралуу кызыктуу фактылар:

— Ысык-Көлдө күйөөсү жок жесир аялдар элечекти жыгымы жок орончу;
— жаңы алган келиндин элечегине кызыл чүпүрөк менен кыргак тагылчу;
– тапталган кездеме тегиз болуп оролгондуктан аны алдын ала таптап, даярдап коюшкан;
— түндүк аймакта элечекти ээк алгычы жок кийген эмес;
— байлардын аялдары элечектин жоолугу кызыл уч же ыстампул деген кездемеден жасалганын салынышчу;
— артындагы куйрукчасынын этеги үч бурчтук болот;
— 27 кат токол элечек деп аталат;
— 40 каттамдан турганы каз элечек болот;
— элечектин төбөсүнүн бийиктиги адамдын жашоо-шартын көрсөтүп турган;
— кызды турмушка узатып жатканда шыр жана жакшы оролсо, жашоосу жакшы болот деп эсептешкен.
Саяк уруусуна тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Таалайкан Абазова
Элечектин чоңдугу анын ээсинин жашоо-турмушуна жараша болгон. Бай, оокаттуу кыргыздар элечекти 25-30 метрден кем эмес кылып ак кездемеден орошкон.
Түндүк-батыш аймагына тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Бурул Исмантаева
Өтө жардылары беш-жети метр менен чектелишиптир.
Аксы аймагына тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Дамира Шаршенова
Элечекти айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган.
Саяк уруусуна тиешелүү элечектин бир түрү.
Модель: Таалайкан Абазова
Элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкөн эмес.
Талас облусуна тиешелүү элечектин бир түрү. Саруу уруусуна таандык.
Модель: Жибек Качиева
Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
Талас облусуна тиешелүү элечек. Кушчу уруусуна таандык.
Модель: Айжамал Шарапова
Түштүк тарапта экинчи же үчүнчү баласы төрөлгөндөн кийин келиндер кеп такыясын чечип ордуна башы, моюну жабыла тургандай жоолук салынышкан.
Төркүнгө кайра кайтарылган шөкүлө
Төркүнгө кайра кайтарылган шөкүлө
Конустук формадагы байыркы аялдардын баш кийими XIX кылымдын аягында жок болуп кеткен. Ал — шөкүлө. Мурунку шөкүлө сиз элестетип жаткандай бийик, узун болгон эмес.

Анын төбөсүнүн бийиктиги болжол менен 22-30 сантиметр, кулакчасы же жаагынын узундугу 18-22 сантиметр, желкесинин узундугу 33-45 сантиметр, маңдайы 4-6 сантиметр болгон.

Шөкүлө мурда ак кийизден жасалса, кийин ортосуна жүн салынып сырты кызыл же кочкул кызыл, жашыл же кочкул жашыл, көк же кочкул көк манаттан, ноотудан даярдала баштаган. Ар кыл матадан ичтелип, кээ бир учурда кундуз менен кыюуланган. Кийинчерээк баркыттан шырып жасалган. Төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылат. Шөкүлөнүн төбөсүнө жана капталдарына зер чөгөрүүгө болот.
Шөкүлөнүн үлгүсү.
Модель: Диана Исманбек кызы
Шөкүлө ак кийизден жасалып, кызыл тукаба капталган
Шөкүлөнүн жаактары — кундуз териден тигилип, маржан шуру чегерилген
Төбөсүнө, капталына кыргоолдун канаттары тагылган
Мамлекеттик тарых музейинде шөкүлөнүн эки экспонаты сакталып турат, бирок экөө бири-бирине такыр окшош эмес. "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кол өнөрчүлөрү байыркы шөкүлөнүн үлгүсүнүн негизинде аталган баш кийимди жасап чыгышты.

Окумуштуу, тарыхчылардын айтымында, бул баш кийим кымбат зер буюмдар менен шөкөттөлгөндүктөн, аны карапайым элдин кыздары кие алган эмес. Болжол менен өткөн кылымдын орто ченинен тарта шөкүлө үлпөт кийимдин катарына кире баштаган.

Аны турмушка узап жаткан кыз ата-энесинин төрүнөн кийип чыгып, 5-6 күнгө чейин башынан түшүргөн эмес. Андан соң сиңдилерине деп төркүнүнө берип жиберген.
Жоолукту аялдар жаш өзгөчөлүгүнө жараша салынат
Жоолукту аялдар жаш өзгөчөлүгүнө жараша салынат
XX кылымдын башынан тарта элечектин ордун акырындык менен жоолук ээлей баштаган.

Окумуштуу Нил Лыкошиндин айтымында, бул мезгилде аялдар учтары ийнине түшкөн элечек сыяктуу ак жоолук салына башташкан. Элечек доору аяктай электе жоолукту топунун алдынан да кийип жүрүшчү.
Бөртмө жоолук.
Модель: Таалайгүл Усенбаева
Бөртмө жоолуктарды аялдар көбүнчө майрам күндөрү, конокко барганда салынышкан.

20-30-жылдары аялдар коомдук иштер менен алектенип, элечек кыргыздардын турмуш-тиричилигинен массалык түрдө колдонуудан чыга баштайт. Ошентип жоолук кыз-келиндердин да, аялдардын да негизги баш кийимине айланган.

Окумуштуу Клавдия Антипина түндүк аймактын кыздары мурда эле тебетей эмес, жоолук салынганын баса белгилеп кеткен. Чыгыш аймактарда жоолук биздин замандын башында гана пайда болгон.
Чачылуу жибек жоолук. Улуу энелер салынган.
Модель: Толсун Көкөева
Жоолуктун өңү-түсү жана аны салынуу ыкмалары аялдардын жаш өзгөчөлүгүн көрсөтүп турган. Мисалы, улуу муундагы аялдар ак жоолук салынса, кыз-келиндер ачык кызыл түстөгү жоолуктарды колдонушкан. Түстѳрдү тандоодо салттуу ѳзгѳчѳлүктѳр да таасирин тийгизген.

Азыр жоолук аялдардын негизги баш кийимдеринин бири. Көпчүлүк учурда аны турмушка чыккандан тарта салына башташат.
Эр ортонундагы эркектер кандай калпак кийген?
Эр ортонундагы эркектер кандай калпак кийген?
Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.

Калпактын алгачкы түрлөрү кийизден уютулуп жасалганын баары эле биле бербесе керек. Уютулган калпакты "уютма" же "туюк калпак" деп аташкан. Бүгүнкү күндѳ мындай туюк калпактын мыкты үлгүсү Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турат. Ал эми бычылып жасалышына карата калпак эки талаа жана төрт талаа болуп экиге бөлүнөт. Азыркы жасалып жаткан калпактардын дээрлик көбү төрт талаа.

Абройлуу, аттуу-баштуу, колунда барлар киш калпак, Бакай калпак, хан калпактарды кийген. Киш жана хан калпактар эл ичинде эле оозеки айтылып калганы болбосо, бүгүнкү күндө анын сакталып калган үлгүсү жок.
Бакай калпак.
Модель: Бектемир Асангулов
Бакай калпак — "Манас" эпосундагы Бакайдын атынан аталып калышы мүмкүн. Бирок анын дагы тарыхый экспонаты жок. Калпактын бул түрү төбөсүнүн бийиктиги жана талаасы абдан жазы болушу менен өзгөчөлөнүп турат. Анын бийиктелип жасалышынын себеби - илгери колунда бар адамдар өзүн карапайым элден бийик сезип, өзгөчөлөнүп туруу ниетинен улам уздар баш кийимдин өзгөчө түрлөрүн жасаса керек. Аны социалдык статусу бийик кишилер, уруу башчылар, бийлер кийген.
7 жашка чейинки бөбөктүн калпагы.
Модель: Чогултур Токтогул
Калпактын оюуларына, түсүнѳ маани берилип аны сый-урмат менен кийилүүсүнѳ таасир этүү үчүн эл ичинде айтылган сөзгө, айтымдарга, бирин-серин тарыхый маалыматтарга таянып, 2009-жылы "Муундан-муунга — кыргыз калпагы" иш тобу тарабынан калпактын атайын концепциясы иштелип чыккан.

Дизайнер Айдай Асангулованын айтымында, бул концепция аны иштеп чыккан топтун жеке кѳз карашын гана билдирет. Ага карабай, сунушталган вариантты кабыл алгандар да бар.
Өспүрүм курактагы баланын калпагы.
Модель: Акай Белеков
Концепцияга ылайык, калпак мүчөл жашка карата жетиге бөлүнгөн. Алар:

— 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон;

— 13 жаштан 24 жашка чейинки уландардын калпагы ак түстө болуп, кыюусу жашыл кездеме менен көркөмдөлѳт. Жашыл түс жаштыктын, ѳсүүнүн түсү деп белгиленген;

— 25 жаштан 36 жашка чейинки жигиттер кыюусу көк болгон ак калпак кийишкен. Бул куракта жигит бир үйдүн ээси болуп, ѳзүнчѳ түтүн булатат. Кѳк түс — асмандын түсү;

— 37 жаштан 48 жашка чейинки кишилер ак калпак кийип, кыюусу күрөң, жердин түсүндѳ тигилген;

— 49 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге кыюусу ачык күрөң, буудай түскө боелгон ак калпак сунушталса, 61 жаштан 72 жашка чейинки аксакалдарга кыюусу ак түстѳгү калпак туура болгон;

— Кыюусу ак-кара болгон ак калпак 73 жаштан улуулардын баш кийими деп эсептелген, себеби бул курактагы аксакалдар акты-ак, караны-кара деп уулдарына кеңеш берип, насаат айткан.
Үйлөнө турчу жигиттин калпагы.
Модель: Аскар Таалайбек уулу
Кызыл кыюусу бар калпак кийген жигит кошуна айылга барып калса "кыз издеп келген экен" деп жоруп коюшчу экен.
Left
Right
Left
Right
Этнограф Назира Момунбаеванын айтымында, калпакка кездеме менен кыюу жасоо 1870-жылдары пайда болгон.

"Ошол мезгилде Россиянын фабрикасынан чыккан кара баркыт Орто Азия элдерине тараган. Бул убакыттан тарта калпактын кыюулары ар кандай түстөгү кездеме менен кооздоло баштаган", — деди Момунбаева.
Эки тилик калпак.
Модель: Алыбек Толтоев
Калпак тууралуу окумуштуу Клавдия Антипина ѳзүнүн "Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятындагы жана кѳркѳм ѳнѳрүндѳгү ѳзгѳчѳлүктѳрү" эмгегинде "калпактын мыктылары Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында жасалган" деп белгилеген.
Телпекти кимдер кийген?
Телпекти кимдер кийген?
Тебетейдин бир түрү болуп эсептелген телпекти (малакай) азыр сейрек кездештирүүгө болот. Көбүнчө аны айыл-кыштактарда кийишет.

Телпекти жасоо ыкмасы тебетейдикине окшош. Төрт талаа болуп бычылып, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилип жапыз болот. Башка бекем отуруп, жылуу болгондуктан көпчүлүк учурда күнүмдүк жашоого ылайыкталып жасалган.
Койдун терисинен тигилген телпек.
Модель: Шамшыбек Акматов
Фольклордо телпектин баалуу терилерден да даярдалганы айтылат. Балким, бара-бара ылайыгына жараша күнүмдүк жашоого эптешип кетсе керек.
Эркек менен кыздардын тебетейи эмнесинен айырмаланат
Эркек менен кыздардын тебетейи эмнесинен айырмаланат
Байыркы улуттук баш кийимдердин катарында тебетей бар. Ал көбүнчө суусар, сүлөөсүн, түлкү, кундуз сыяктуу баалуу жаныбарлардын аң-терилеринен жасалган.
Түлкү тебетей.
Модель: Дөөлөт Рысбаев
Тебетейдин төрт талаасы болуп, төрт бөлүк бычылат. Тышы жаш өзгөчөлүгүнө жана социалдык абалына жараша ар кандай кездеме менен көркөмдөлөт.
Суусар тебетей.
Модель: Самар Темиркулов
Алсак, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга ылайык келсе, жашыл, көк сыяктуу ачык түстөгү кездеме тыштууларды жаштар кийген.
Көрпө тебетей.
Модель: Акай Белеков
Карапайым уруулардын эркектери баалуу аң-терилерден тебетей тиктирүүгө шарты болбогондуктан, көпчүлүк учурда козунун көрпөсүнөн жасаттырышкан. Анын үстүнө кѳрпѳ тебетей күнүмдүк турмушта кийип жүргѳнгѳ абдан ылайык болгон.
Left
Right
Left
Right
Тебетейди эркектер эле эмес, турмушка чыга элек кыздар да кийген.
Кыздардын суусар тебетейи.
Модель: Алия Бахматова
Кыздардын тебетейинин тышы кызыл түстөгү манат, баркыт кездемелер менен тышталган.
Кыздардын кундуз тебетейи.
Модель: Сайкал Джусупбекова
Кыздарды көз тийүүдөн сактоо үчүн кундуз тебетейдин төбөсүнө булая үкү тагылган. Айрымдар жөн гана чоң чачы тигип коюшкан.
Суусардын төш терисинен тигилген тебетей.
Модель: Алия Канайбекова
Ошондой эле кыздардын тебетейинин талаасы бийигирээк бычылган.
Суусардын төш терисинен тигилген тебетей.
Модель: Акылай Белекова
Айрым учурда шуру, бермет сыяктуу зер буюмдар менен кооздолгон.
Көрпө тебетей.
Модель: Чогултур Токтогул
Ал эми эркек баланын тебетейинин төбөсүнө топ чачыктан "чок" тагылат.
Left
Right
Left
Right
Комментарии
Автор
Таалайгүл Усенбаева

Фото
Табылды Кадырбеков

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев

Консультанттар
Айдай Асангулова, Назира Момунбаева, Сезим Токтобек кызы, Дөөлөт Рысбаев

Булак
Клавдия Антипина "Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятындагы жана кѳркѳм ѳнѳрүндѳгү ѳзгѳчѳлүктѳрү", Амантур Акматалиев "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү", "Кыргыздын салттуу элечеги" китеби, "Кыргыз калпагы" китеби

Колдоо көрсөткөндүгү үчүн "Супара" этнокомплексине жана "Кийиз дүйнө" коомдук фондуна ыраазычылык билдиребиз.

Моделдер
Алия Канайбекова, Акылай Белекова, Акылай Бахматова, Айжамал Шарапова, Алия Бахматова, Аскар Таалайбек уулу, Акай Белеков, Айнур Кадырова, Асель Кудайбергенова, Алыбек Толтоев, Букадича Орозалиева, Бурул Исмантаева, Бектемир Асангулов, Бермет Турсалиева, Дамира Шаршенова, Дөөлөт Рысбаев, Диана Исманбек кызы, Жаннат Тажыбаева, Жибек Качиева, Мээрим Байгожоева, Сайкал Жусупбекова, Сезим Токтобек кызы, Самар Темиркулов, Таалайкан Абазова, Толсун Көкөева, Таалайгүл Усенбаева, Шамшыбек Акматов, Чогултур Токтогул