Каттама менен бир айылды баккан чолоктук келиндер
Репортаж
Каттама менен бир айылды баккан чолоктук келиндер

Репортаж
Бүгүнкү күндө Чолок айылынын тургундарынын маянасы Бишкектеги кеңсе кызматкерлериникинен кем эмес. Болгону алар ачык асман, таза абада эмгектенишет, ал эми кыргыз эстрадасынын жылдыздары, белгилүү Instagram-блогерлер жана саясатчылар алар жасаган каттама менен сүт катыкталган чайдан тамшана татып кетишет.
"Боз үйдү жабайын деген убак эле, 20 чакты киши келип калды. Каттама менен чай сурашты. 40 каттама жасап, бир-эки самоор чай кайнатып бердим. Бир топтон кийин кыздар алардын арасында премьер-министр бар экендигин айтып калышты. Ишке алаксып, аны тааныбапмын деле, ал эми биздин балдар аны сүрөткө тартып алуудан айбыгышыптыр. Айтмакчы, анын жардамчылары алып кетүүгө да бир аз каттама сурашкан. Үч миң сомдун тегерегинде төлөп, бизди мактап узап кетишти", — деп баяндайт Назира Зарылбекова.
Ар аптада миңдеген кыргызстандыктар Ысык-Көлгө алпарчу эски жолдогу чакан аянтчага токтоп, шам-шум этишет. Чолок айылынын тургундары самоорго чай кайнатып, ага пияз кошулган, даамы таңдайда далайга дейре калган каттамасын сунушат.
Адегенде үй-бүлөмдү багып кете аларыма өзүм ынанган эмесмин
Адегенде үй-бүлөмдү багып кете аларыма өзүм ынанган эмесмин
Бул жолазык бизнесинин башында Ракыя Чоткараева турган. Советтер Союзу ыдыраганда аталган айылдагылар жумушсуз калган, ал эми бул айым кайын сиңдиси экөө апасынын даярдоо ыкмасы менен каттама жасап, жол боюнда сата башташкан.

"Таптакыр акчасыз калганда кайын сиңдим көчөгө чыгып, ары-бери өткөн соодагерлерге каттама сатууну сунуштап калды. Күнүнө 20 каттама жасачумун, андыктан, тапканыбыз өп-чап жетчү. Бул иш менен үй-бүлөмдү багып кете аларыма көзүм жетпегени менен башка көмөк көрсөтөр ишим жок эле", — деп эскерет Ракыя эже.
Ушул тапта Чолок айылында "Апамдын каттамасы" аталышындагы 20 жай бар. Алар күнүнө 200 каттама жасап, 50гө жакын самоор кайнатышат.
Ракыя Чоткараева менен Гүлзат Койгелдиеванын кайненеси да бирге иштешчү. Келини жаш баласын көтөрүп жумушка келип, оор кезде кайненесине кол кабыш кылган.

"Кайненем 1996-жылы кайнатамдын өзү өткөндөн кийин, жол боюна боз үй тигип, каттама жасай баштады. Кардарлар көбүнесе соодагерлер болчу. Түнкүсүн да иштеп, өнөктөштөрүнүн күндүзү сатылбай калган каттамаларын сатып, казан, самооорлорун кайтарып калчы. Кайненемдин бүгүн көзү жок, бирок иши уланууда" – деди Гүлзат.
Келиндер ишти адеп баштаган кезди да эскеришти. Агезде алардын жол боюна илип койчу жарнакка да каражаты жок эле. Кардарлар аларды бул жерге элди дагы көп тартууга баннер жасатууга көндүрүшө турган. Акыры бирөө жарнак жасатып келип, каттама менен коноктошкондуктан, жарнактын акысын да алган эмес. Азыр айылдагы бардык кафелер бирдей аталат.
Кардарлар эч нерсени
өзгөртпөөнү өтүнүшөт
Кардарлар эч нерсени
өзгөртпөөнү өтүнүшөт

Кыргызстандык белгилүү инсандар жана саясатчылар – Чолок айылынын дайымкы меймандары. Маселен, өткөндө эле ырчы Арсен үй-бүлөсү жана КР премьер-министри жан-жөкөрлөрү менен келип кетишкен. Мындагы ишкер эжекелердин айтымында, артист өзүн абдан жупуну гана алып жүрүп, чарпаяда тамактанып кетсе, өкмөт башчынын тобу өзүнчө бир боз үйгө жайгаштырууну өтүнүп, 40 каттамага буюртма кылышкан. Тамактанып бүткөн соң үч миң сомдун тегерегинде төлөп, андан тышкары да аз-маз чай акысын калтырышкан.

"Ар кыл адамдар баш багат, байы да, кедейи да. Баары бизде үйдүн дасторконундай даамдуу, кафебиз жайлуу экендигин айтып, эч нерсени өзгөртпөөнү өтүнүшөт", — деди Гүлзат Мусаева.
Эрмек Шерикбаев Ысык-Көлдөн Кара-Балтага жол алып баратып тааныштары даңазалай кеп кылган Чолок айылына кайрылган.

"Мага аябай жакты. Бала кезде апам дал ушундай каттама жасаар эле. Ошондой эле пияз, каймак кошулчу, укмуш даамдуу экен! Чыныгы каттама кандай болорун кызыма көрсөтөйүн деп үйгө да оротуп алдым", — дейт карабалталык тургун.
Метрлеген чуңкурлар
кол менен казылган

Метрлеген чуңкурлар
кол менен казылган
Ракыя Мендешева бүгүнкү күндө Чолок кыштагында ар бир тургунга иш бар экендигин айтат.

"1990-жылдары жумуш жок, кара жанды карч уруп акча табууга мажбур болдук. Оор кезең, эл ач убак эле... Ушул чакта көрүп тургандарыңыздын баары мээнет менен курулду. Мурда Чолок айылында суу түтүгү жок болчу, аны кантип орнотуп алдык билесиздерби? Бизден ыраак эмес жерде завод бар, ал түтүктөр менен камсыз кылды. Анан айылыбыз менен ашарлап чуңкурларды казып алдык!" — деп бөлүшөт Ракыя айым.

Анын айтымында, канча көп жай ачылса, кардарлар ошончолук көп болууда. Эгер мурда чайды аялдар гана кайнатып келсе, азыр бул иштин милдетин эркектер алган.

"Жакында биз менюга сууга бышырылган жумуртканы коштук. Меймандар ыраазы, күнүгө жүздөгөн жумуртка жана каттаманын жанына бир нече кило камкаймак кетет. Баары өзүбүздөн, табигый жана баасы арзан", — деди Мендешева.
Чакан кафенин ээси Ира Чоткараева Ысык-Көлгө кетчү жаңы жол курула баштаганда бул алардын бизнесине доо кетирбегей эле деп чочулаган. Бирок, тескерисинче, соңку убакта кардарлардын саны артууда.

"Биз азыктарды чын ыкласыбыз менен даярдайбыз, дасторкондо дайым сууга бышырылган жумуртка коюлат. Бир табакка 5-10 каттамага чейин салабыз, кардарлар түгөтө алышынча жейт. Узап баратышкандарында биз алардан канча каттама жешкенин өздөрүнөн сурап, алардын жообуна жараша эле эсептейбиз. Балким, ушундан да уламбы, акыркы кезде кафебиздин кардарлары арбып барат" – деди Ира айым.
"Апамдын каттамасы" жайларынын бардык кызматкерлери салык төлөп, Соцфондго да төлөм төгүп, мыйзам чегинде иш алпарышарына ынандырышты. Кардарлардан чакан акы алынат, бирок кафелердин жумушчулары айына 15 миң сомдон маяна алышат. Жергиликтүү ишкерлер ремонтко да акча алып коюуну унуткарбай, тейлөөнү жакшыртып, бизнести кеңейтүүнү кыялданышат.
Пикирлер
Автор
Светлана Федотова

Фото жана видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев