Баткен
Кайсы бир кезде таасири күч кыргызстандыктын үйүн
таап алдык биз

Кыштагындагы көйгөй кендирди кесет
Баткен
Кайсы бир кезде таасири күч кыргызстандыктын үйүн
таап алдык биз
Кыштагындагы көйгөй кендирди кесет
Эркинай эже мурдагы президенттин чуулгандуу кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун тууганы, башка аялдардын курчоосунда кир жууп жатат. Ар бир кийимге көбүргүчө самын сүйкөп, бирок сууну абдан сарамжалдоодо...
Мында өтө жыш өскөн тикенектүү бадал (катран) жергиликтүү тургундарды ачарчылык аралаган маалдарда далай ирет сактаган. Дал ушул өсүмдүктүн урматына Баткен облусунун бул айылы Катран аталып калган.
Икрамжан Илмияновдун үйүн табыш оор деле эмес, ал дөбөчөдө оолак жайгашып, башка тамдардан көрктүү курулгандыгы менен айырмаланат. Бирок мансарды бар бир кабат үйдө көптөн бери эч ким жашабагандай...

"Икрам ака бир жылдан бери бул жакка келе элек, ал эми ата-энеси Бишкекте турат", — дейт жергиликтүү тургун Эркинай Каримова. Ал ушул тапта Икрамжан мырза туулуп-өскөн Илмияновдордун эски тамында турат. Эркинай — мурдагы президент Аламзабек Атамбаевдин кеңешчисинин туугандарынан.
Илмияновдун бала чагы өткөн бул бир кабат там жаңы салынган заңкайган үйдөн алдаканча жупуну көрүнөт: терезенин жыгач алкагы эскирген, ак-көк боек, эскилиги жеткен сарай. Эркинайдын жолдошу жана тун уулу азыр тоодо мал багат. Анүчүн Илмияновдордун үй-бүлөсүнө таандык койдун башына 150 сомдон төлөнөт.
Эркинай үй оокаты менен алек. Үйдө суу түтүгү жок, мындан улам ал сууну жакын жердеги дайрадан ташыйт. Суу ташуу үчүн күнүнө арыкка он жолу түшүп чыгат.

"Биз албетте, сууну кайнатууга аракет кылабыз, бирок кээде баары бир чийки да ичип калабыз. Күн өтө ысый баштаганда жаман, ал кезде ылай суунун үстүнө калкый баштайт. Андай убакта ичүүгө дегеле мүмкүн эмес", — деп үшкүрүнөт Каримова.
Суунун сапатына селдин жүрүшү да таасир этет, топурак, таш суунун агымына аралашат. Айтмакчы, Катран кыштагында жакында эле сел жүргөн. Айсалкын Маматованын үйүндө трактор күрүлдөп иштеп жаткан чагы, селдин калдыгын күрөп жүрөт.
"Беш жыл мурун да үйүмдү сел каптаган. Ошол жылдан бери эле кол менен таш чыгарып келдим. Мына, бакчаны таштан арылтып бүтүп, бир нерсе эгейин дегиче, кайра сел жүрдү! Кечээ эле 10 КамАЗ топурак, таш чыгардык, дагы да чети оюла элек. Бүт өмүрүмдү бакчамдагы ташты тазалап өткөрөмбү?!" — деп наалынат аял.
Бул көйгөй деле эмес, кеп селдин арыктарды бузуп, тургундардын көпчүлүгүн суусуз калтыргандыгында.
"Арык менин үйүмдөн ыраак деле эмес, болгону жарым чакырым. Ал эми башкалар эшек минип же машина менен суу ташууга аргасыз, дайра ушунчалык алыс. 16-кылымда жашап жаткандай абалдабыз", — деп баяндады Маматова.

Жергиликтүү тургундар төбөсү көрүнгөн жердешине ыраазы, ал бийликте турганда жол салынган. Убагында Икрам аканын өзү да айылдыктардан жардамын аяган эмес. Колунан баары келген кеңешчи өз кичи мекениндеги суу көйгөйүн чечүүгө күчү жетпеди.
Өйдө жактан мал-салдын өлүгүн салып жиберишет, биз ошол суудан ичебиз. Ноогардан тургундары
Өйдө жактан мал-салдын өлүгүн салып жиберишет, биз ошол суудан ичебиз. Ноогардан тургундары
Баткен облусунун Ноогардан айылында абал андан да начар: арыктан суу беш күн гана агат. Андан соң кыштактын экинчи бөлүгүнө суу жеткириш үчүн кайра беш күнгө тосулат.

Алик Сайитовдун бакчасы жапжашыл, аныкында мөмөсү оор баскан анар дагы, курамынын төрттөн бир бөлүгү канттан турган курма да өсөт.
"Ал аябай таттуу. Бул бак Кыргызстанда жападан жалгыз. Алгачкы үч жылда начар өсүп жаткан, бара-бара оңолуп кетти. Аны 2003-жылы Өзбекстандан сатып алгам. Агезде бир профессор жаңы сорт чыгарып, өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган экен. Аспиранттар менен жең ичинен сүйлөшүүгө туура келген", — деди Сайитов.

Багбандыкында тикенексиз малина (дан куурай) жана күрөң түстүү помидорлор өсөт, аны Сайитов Москвадан тымызын алып келген. Ал жакта бир топ жыл ЖЭКте иштеген. Анан албетте, анын бакчасында Баткендин чыныгы өрүктөрү да жок эмес.

"Бул сорттогу көчөттү жакшы тааныштарга гана сатышат. Булар кургатууга эң ылайык: күн алдында агарып, тиштегенде үбөлөнмө боло түшөт. "Твиксти" татып көрдүңүз беле, муну да ошондой элестетиңиз ", — деп сүрөттөп берди ал.

Жыл сайын суунун тартыштыгынан бул түшүмү мол бакча куурап калуу коркунучуна кабылат. Эпчил багбан ыгын таап алган, майда тешикчелери бар чоң бөтөлкөлөрдү орноткон, мында тамчылатып сугарылып, суу да сарамжал пайдаланылат. Бирок кээ бир учурда суусуну канганча суу ичүүгө да тартыштык жаралат.

"Беш күн суу бар, беш күн жок. Мал да бар, аларды да сугаруу зарыл. Бүтүндөй айыл аймагы ушинтип күн кечирет, мында жыйырма миңден ашуун киши жашайт", — деди Сайитов.
Айыл тургундары мурда арыктын тазалыгы текшерилип келгенин, бирок азыр суу башындагы кыштактарда агымга таштанды ташталып жаткандыгын айтып кейишет. Кээде суудан үй жандыктарынын өлүктөрү да чыгууда.

Уулжан Камилжан кызынын короосунда үйлөтүлгөн чоң бассейн турат. Бирок ал үйдөгү беш үчүн эмес. Дал ушул бассейнде беш күн үчүн суу топтолот.
Уулжандын суу тазалоодо өз ыкмасы бар, үч күн тундурат, андан кийин гана кайнатат. Мындай тазалоодон кийин ичүүгө жарай турган сууну алат. Бирок, ал мойнуна алгандай, балдарына көз салууга үлгүрбөй калат, балдар балалыкка салып чийки суудан жутуп алышат.

"Бул суудан улам балдардын ичи көп ооруйт. Башка аргабыз барбы? Баарына чыдайбыз. Негизи бул суу ичүүгө жарабайт, бирок айла жок", — деп үшкүрөт бул айым.
Ич оору менен бейтаптар жергиликтүү доктурларга көп кайрылат, айына беш киши түшөрү айтылды. Ноогардандын фельдшердик-акушердик пунктунун башчысы Бүбүмайрам Аширалиева: "Көбүнесе кадимки уулануу менен бүтөт. Бирок айрым учурда суу менен гепатит вирусун жугузуп алышат. Жылына мындай учур 8-10 кез катталат. Бул сууну таптакыр ичүүгө болбойт", — деп белгилейт.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бийликке байма-бай кайрылуу да эч кандай жыйынтыгын берген эмес. Медиктер мугалимдер менен чогуу көйгөйдү чечүүгө тырышып келишет. Маселен, алар мектеп окуучуларына сууну кайнатуу маанилүү экендигин түшүндүрүшөт. Ошондой эле аларга эхинококкоз жана гепатит тууралуу жат жазуу жаздырышат.
Баткендин ар бир төртүнчү тургуну таза сууга муктаж.
Бийлик эмне дейт?
Баткендин ар бир төртүнчү тургуну таза сууга муктаж.
Бийлик эмне дейт?

Нурбек Садырбеков
Бирок арыктагы суудан ичүү тек гана вирус жана инфекцияга кабылтпайт. Медицина илимдеринин доктору, уролог, Улуттук госпиталдын жалпы урология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Садырбеков мындай суунун курамында бөйрөккө терс таасир эткен туз жана минерал өтө эле көп экендигин айтат.

"2007-жылы түштүк аймактарындагы эркектердин саламаттыгын текшергенибизде бөйрөк жана табарсыктагы таш оорулары суу түтүк шарттары жок Баткен облусунда эң күч алган. Ал жакта көпчүлүк дайра, арык жана булактан суу ичет", — деп белгиледи дарыгер.

Расмий статистикага ылайык, дал ушул Баткен облусунда суу жагдайы абдан курч. Ар бир төртүнчү баткендик тургун таза сууга жетпейт. Баткен облусунда он үйдүн бири гана суу түтүгү менен жабдылган. Кыргызстандагы эң төмөнкү көрсөткүч ушул аймакта.
Аскар Токтошев
Ичер суу менен жабдууну өнүктүрүү департаментинин директору Аскар Токтошев Баткен облусун суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү эбак болгонун, кеп чуулуу "Таза суу" долбоору туурасында экенин белгиледи. 2000-жылдардын башында донорлор миллион доллар бөлгөн, бирок олчойгон акчанын багыты башкага бурулуп кеткен.

"2012-жылы аймакты суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу одоно мыйзам бузуулардан улам токтотулган: сапатсыз түтүктөр орнотулган, жемкорлук да жок эмес. Жыйынтыгында инвесторлордун ишениминен чыктык, кийинки беш жыл бою аны калыбына келтирүү менен алыштык", — деди ал.

Топтоо-курулуш иштерине каражат бөлүүнү өкмөт төрт жыл илгери гана баштады.

"2014-жылы айылдарды суу менен камсыздоого алгач ирет 25 миллион сом бөлүндү. Жылдан жылга сумма өсүп, быйыл он эсеге көбөйдү. Ошентип Баткендеги он эки айылды суу менен жабдууга жетиштик", — деп белгиледи Токтошев.

Аткаминердин айтымында, ушул тапта Ислам өнүктүрүү банкына чоң үмүт артылган.

"Баткен облусунда эле 61 кыштакты камтууну көздөп турабыз. Долбоорго жалпы 40 миллион доллар бөлүнгөн. Аймакты суу менен камсыздоо концепциясы инвесторлор тарабынан жактырылган, эми документтерди даярдап, тендер өткөрүү зарыл. Топтоо-курууга ыңгайлуу болгон убакта – эмки жылдын март айынан тарта иш баштоо үчүн насыялык макулдашуулар боюнча процедураларды быйыл өткөрөбүз", — деди ал.

Дале таза сууга жете элек Ноогардан айылынын тургундары качандыр бир кезде бургулоо иштери жүргөнүн, бирок абдан начар аткарылганын эстешет. Айылдыктардын колунда акча болгонунда алар өздөрү эле суу түтүгүн курууну колго алышмак. Буга жүгөрү же өрүк сатуу менен каражат топтоо мүмкүн эмес, ал эми айылда андан башка жумуш жок.
Автор
Асель Минбаева

Фото жана видео
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев