КАРАКОЛ
20 жылдан бери маркумдардын арасында жашайм
Караколдуктардын баяны
Каракол
20 жылдан бери маркумдардын арасында жашайм
Караколдуктардын баяны
Sputnik Кыргызстандын чыгармачыл тобу Ысык-Көлдүн эң белгилүү тамагына кошула турган сырдуу азыктын артынан жүрүп, андан да чоң нерсени таап алды. Шаңдуу кечеден кийинки ачуу-кычкыл шорподон кем калышпай кишини тирилтип койчу баяндарды тыңдадык. Биз Караколдо жайдын аягында болгонбуз. Андыктан макалабызга Ысык-Көлдүн аптаптуу ысыгы, жаңы даярдалган ашлям-фунун жыты сиңирилип, кызыл-тазыл сүрөттөр менен кооздолду.
Каракол укмуштуудай ашканасы түгүл таң калтырарлык меймандостугу менен да даңкталат. Туристтик калаада 300дөн ашуун конок үйлөрү катталган, бирок көбү туризм тармагында иш алып барат.
Бул шаардан жыл бою туристтердин аягы үзүлбөйт, жайкысын көлгө, жакынкы аймактардын табигый кооздугуна, ал эми кышкысын чокуларын ак кар баскан тоо кыркаларына суктанып, ырахат алуу үчүн келишет.
Жергиликтүү жашоочулар калаа 150 жыл оболу түптөлгөнүн сыймыктана айтышат. Ушул жерде болочок мамлекеттин тунгуч маданий курулуштары тургузулган. Ошончо мезгилден бери Каракол Пржевальск аталды, кайра эски атын алды, ошентип отуруп беш ирет ысым алмаштырган. 150 жыл аралыгында шаар өсүшкө да, кыйынчылыкка да көп дуушар болду.
Каракол көрүстөнүндөгү чуулгандуу бейит баяны
Каракол көрүстөнүндөгү чуулгандуу бейит баяны

Тахражи өмүрүнүн жарымын көрүстөндө өткөрдү! Бул киши ушул жерде эмгектенет: мүрзөлөрдүн айлана-тегерегин карап, дуба түшүрөт. Коңшулары жаатында жолдуу экендигин, эч ким ызы-чуу салып, таштанды таштабастыгын айтып тамашалайт.
"Маркумдардан чочулоонун кажети жок, ишенип коюңуздар. Ишим тынч, адамдарды акыркы сапарга узатам. Мурда Караколдо көрүстөндөр улут айырмачылыгы менен татар, өзбек жана кыргыз көрүстөндөрү деп бөлүнчү. Бара-бара адамдар бири-бирин улуту боюнча айырмалабай калышты, азыр мусулмандардын баары катар эле көмүлөт", — деди кароолчу.

Көрүстөндүн кароолчусу менен уул-келини да бирге турат. Алардан айырмаланып жубайы кызы менен өзүнчө, Караколдун борборунда жашайт. Тахражинин айтымында, башта ал жергиликтүү мечиттердин биринде иштеген.
"Дин тутунган үй-бүлөдө чоңойгом, чоң атам менен атам молдо эле. Кудайга ишенгенимден улам мени пионердин жана комсомолдун катарына алышкан эмес. Союз маалында жаман жашачумун деп айткандан алысмын, ал кезде ар биринин иши бар эле, бирок динге ишеним коомдо жат кабылданчу. Азыр баары тескерисинче, бирок элдин турмушу оңолдубу?" — деп толгонот биздин маектеш.

Тамашакөй караколчулар шаардын чет жакасындагы эң чуулгандуу эстеликти көрбөй кетпегиле дешкен. Качандыр бир кезде калаада күйөөсүнүн ала жипти аттамай адатынан азап чеккен аял жашаган имиш. Аңыз кептерге караганда, ал жолдошунун көзү өткөндө фаллос (эркектин жыныс мүчөсү) калыбында эстелик орнотуптур.
Караколдук көрүстөндүн кароолчусу Тахражи ал эстелик тарапка кош көңүл ээк кагып койду. Чын же калп деген жок.

"Ал кишини жакындан таанычу эмесмин, бирок укканым бар. Таксист болуп иштечү, өлтүрүп кетишкен. Эстелиги ошондой маанидеби же жокпу, билбейт экенмин… Элдин оозунда эмнелер гана айтылбайт, ага чоң маани берип, мүрзөгө сөз тийгизүүгө болбойт", — деди кароолчу.
Ысык-Көлдө торпедаларды
көп сынадык.
Үч кишинин үч башка баяны

Ысык-Көлдө торпедаларды
көп сынадык.
Үч кишинин
үч башка баяны

Совет убагында Караколдо ондогон өндүрүштүк заводдор күргүштөп иштеген. Бүгүн алардын бир убакта иштеп турганын ээн калган имараттар жана калаанын СССР ыдыраган соң турмуштан өз ордун таба албай калган жашоочулары гана эске салат.
Таңга маал Пристанда эки пенсионер менен балык уулап турабыз, бул Караколдон ыраак район. Карим Абдырахманов өмүр бою айдоочу болуп иштеп, силос менен мал ташыган.
"Кайсы бир кезде айдоочу элем, үйүм, жакшы машинам бар болчу. Кийин балдарым менен мамилем бузулуп, көчүп кетүүгө аргасыз болдум. Жалгыз бой, ишсиз калдым, майда-барат тыйын таап жан бактым. Азыр түштөнүү үчүн бир аз жан сактарга тыйын болсун деп балык уулайм. Беш миң сом пенсия жашоомо жетпейт", — деди ал.
Анын бир көчөдөгү коңшусу Акылбек Союз кезинде заводдордун биринде иштечү. Азыркы чакта ал киши неберелерине баш-көз болуп, чарба иштетип, кичинекей бакчасын карайт.

"Караколдун борборунда майда-чүйдө тыйын-тыпыр табууга болот, бирок мында, Пристанда кыларга иш жок. СССР тарагандан бери аябай кыйын болду, өз алдынча турмушка адамдар көнгөн эмес. Көпчүлүктүн чай сатып алууга да тыйыны жок эле, сабизди туурап кургатып, кайнак сууга демдеп ичишкен", — деп эскерди ал киши.

СССР кулагандан кийин шаардын жашоочулары Караколдон жапырт көчүп кете башташкан. Тамдарын сатууга да аракет кылышкан эмес, турак жай сатып алчу киши табылган эмес. Караколдо кыймылсыз мүлк 15 миң сом эле. Ошентсе да ушул тапта абал өзгөргөн.
Пристандын дагы бир тургуну Людмила Кононенконун айтымында, Караколдон көчүп кетишкен кошуналарынын көбү өз үйлөрүнө кайра кайтышкан.

Союз кезинде Людмила ал торпеда чыгарылчу "Улан" жашыруун заводунда эмгектенген. Анын милдети - ошол түзүлүштүн майда деталдарын иштеп чыгуу болчу.

"Жашыруун иш эле. Торпедалар көлдө сыналчу. Чочулабагыла, алардын зыяны моторлуу кайыктыкынан да аз. Бардык кооптуу элементтер агрегаттардан алып салынып, максатына жетерлик жөндөмү гана сыналчу", — деп эскерет мурдагы завод кызматкери.

Кайсы бир мезгилде Людмила башка өлкөдөн бакыт издөөгө аракет кылган. Бирок туулган шаарынан алыс жашай албасын түшүнгөн. Азыр анын россиялык пенсиясы бар, 15 миң сом караколдуктар үчүн чоң эле акча.
Мекенге алгач келгенимде
айран таң калгам..
КРдин мурдагы жарандары
Мекенге алгач келгенимде
айран таң калгам..
КРдин мурдагы жарандары

Юлия Кыргызстанда төрөлүп, бирок көп өтпөй ата-энеси Германияга жер которууну чечкен. 2018-жылдын күзүндө бийкеч 28 жылдан кийин биринчи ирет Кыргызстанга келген.
"Канчалык таасирленгенимди айтып болбойт. Көз жоосун алган табият, тоолор, таза аба. Адамдар жайдары. Апам бул өлкөдөн, үрп-адат, салттарынан көп кеп салчу. Жер которуу себептерин да айтып берчү, көрсө эл Германияга жакшы жашоо издеп көчүптүр", — дейт бийкеч.
Кыргызстанда анын үй-бүлөсүнүн алыскы туугандары калган, көбү КМШ же Европага иштеп кетишкен.

"Бул Кыргызстанга биринчи сапарым, соңкусу деп да айта албайм. Мында баары жакшы, ар бир аймак өзүнчө кызык. Орус тилин билгендигим мага көмөк болууда, анткени адамдар менен оңой сүйлөшүп кете алам", — деди ал.
Назира Караколдогу сулуулук салонунда иштечү, жолдошу Антон Бойко жүк ташуучу унаалар менен алектенчү. Алар Кыргызстандан 13 жыл мурун көчүп кетишкен. Андан бери бул түгөйлөр дээрлик ар жылкы эмгек өргүүсүн Кыргызстанда өткөрүшөт.

"Мында жашоого бардык шарттар: аба, тоолор, көл бар, бир гана кемчилик — каражат булагы жок. Казань шаарына кеткенбиз, себеби туруксуз иштер менен жан багып, керемет күтө берүүнүн кажети жоктугун түшүнгөн элек. Кыргызстандагы акыркы күндөр эсимде, кайгырып да, ошол эле убакта кубанычта элек. Ал жакта акча табууга шарттар көбүрөөк жараларын билгенбиз", — деди Назира.

Казанга көчүп барганы түгөйлөр өз иштерин улантышкан, болгону ошол эле ишмердик аларга көп киреше алып келген.

"Бул жакта жашап калууга ашыкмак элек, балдарга аябай жагат, бирок тилекке каршы, мында иш жок. Караколдо ата-энебиз, досторубуз жашайт, ошондуктан келип турабыз. Шаар жакшырып барат, муну көп нерселерден байкап жатабыз. Балдарды чоңойтуу бул жакта оор болмок, ошол себептен кетүүгө аргасыз болдук. Бул жактан жыл сайын чет өлкөгө бара алмак эмеспиз, Казандан Караколго ар жылы келип турууга акча табууга болот", — деп ой бөлүшөт Антон.
Таштанды ташталчу жерде кичи вагондо апам, таенем менен турабыз...
Жүрөк сыздаткан баян

Таштанды ташталчу жерде кичи вагондо апам, таенем менен турабыз...
Жүрөк сыздаткан баян

Караколдун таштанды ташталчу жайларынын бириндеги, калдыктардын жыты сиңген кичи вагондо үч киши жана кичинекей мышык жашайт. Тестиер Сережа апасы Марина экөө таштанды тартат, ал эми таенеси таштандыны иргейт.
Кенедей, ыңгайсыз вагондо бул үй-бүлө жайкысын күн кечирет, кышкысын сууктан коргоно таенесинин үйүнө көчүшөт. Марина күйөөсү түрмөгө түшүп калгандыктан, ушинтип таштанды таштоочу жайда жан багып калганын айтат.
"Жолдошум коңшу менен ичип отурган, ортолорунда жаңжал чыгып, мушташа кетишти. Мен эч нерсе кыла алган жокмун, анткени күйөөм кызуу кезинде андан аябай коркчумун. Кадимки такта менен коңшубузду өлтүрө чапты. Жолдошум ачуудан татып алса, ээ-жаа бербей калчу. Оголе көп мөөнөткө кесилди, качандыр бир уулумду көрөр-көрбөсүн да билбейм. Өз үйүбүздө жашагандан чочуп калдым. Уулумду алып убактылуу апамдыкына кеткем, анан бирөөлөр биздин үйүбүздү өрттөп кетишти", — дейт ал.
Анын уулу Сережа мектепке барбайт, себеби апасыныкындай эле баланын да майыптыгы бар. Мугалимден үйдөн сабак алат.

"12 жаштамын, таштанды таштоочу жай коркунучтуу, иштен кийин колубузду жууйбуз, тыкан болууга тырышабыз. Мындай жерде дос табууга болбой турганы гана өкүнүчтүү", — деп улутунат бала.
Маринанын энеси жана Сережанын таенеси Зильерхан Матыева кызын ишке алышпаганын, ал эми таштанды ташталган жайда кызы көз алдында экенин айтат. Баары биргеликте акча таба алышат.
"Караколдо биздейлер ондоп саналат, балким андан да көптүр. Аткара алганыбыз ушул иш, колубуздан келет. Бизге тааныштар акча, азык-түлүк жагынан жардамдашып турушат. Начар жашайбыз деп айта албайм, өзүм да, балдар да буга көнүп калышты", — деп түшүндүрдү ал.
Азыр Сережа апасы менен чогуу таенесинин үйүндө жашайт.
Миңдеген туристтер келет.
Үч ишкердин ийгилик жолу

Миңдеген туристтер келет.
Үч ишкердин ийгилик жолу

Фархад Расулов Караколдун эң таанымал ресторандарынын биринин кожоюну, эски канцеляриянын ордуна өз бизнесин негиздеген.

"2008-жылга дейре биздин ресторан өлкөдөгү миңдеп саналган кадимки эле ашкана болчу. 8 жыл аралыгында ашкана кеңейди, биз дагы алдыга умтулгубуз келди. Караколго келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүп, алар улуттук колориттен ырахат алчу, ошол эле учурда өздөрүнө жайлуу жер таба алышпаганын байкадым", — деп баянын баштады ишкер.
Дагы эки кабат кошумча куруп, иштин багытын кескин түрдө өзгөртүшкөн. Азыр мында туристтерди кайдыгер калтырбай тургандай кофе жасашат.

"Биз тобокелге салып, азиялык элементтерди камтыган европалык ашканага басым жасадык. Кечкисин ашканабыз менен официанттарыбыз меймандарды тейлөөгө жетише албай калышат. Бул туристтик калаа, чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн буруу менен биз, ишкерлер гана, алекпиз. Кафе, мейманкана иштетебиз, жаңы кардарларды тартуу үчүн улам бир өзгөчөлүктөрдү ойлоп табабыз. Туристтер менен кандай иш алып баруу туурасында бизге эч ким эч нерсе айткан эмес, биз өзүбүз ыгын таап кеттик", — деди ал.

Фархаддын айтымында, Караколго дүйнөнүн эң ыраак жерлеринен келишет. Бул жакта баары: тоолор, таза аба, көл бар. Барган сайын чет өлкөлүк коноктор карыялык доорлорун Кыргызстанда сүрүүнү каалашканын көп айтышчу болушту. Себеби Европага салыштырмалуу, Азияда баары арзан.

…"Номад" мейманканасынын башкаруучусу Закир Хуров жакынкы жылдары Караколдо кыймылсыз мүлк баасы көтөрүлүп кетерине ынанат.

"Бүгүнкү күндө Караколдо расмий түрдө 300 конок үйү катталган. Миңдеген адамдар бул жерде туризм менен оокат кылышат, бул турак жайдын баасына таасир этпей койбойт. Бир аз убакыт өткөн соң турак үйлөрү бишкектик элиталык батирлердин баасына теңелет", — деди ал.

Хуровдордун Nomad мейманканасы эки жыл башта ачылган, бирок ишкерлер туристтик чөйрөдө кырдаалды баалоого үлгүрүштү.

"Биздин биринчи кардар бишкектик белгилүү ишкер болгон. Ошондон бери ал ар эки айда бизге келип эс алып турат. Биз негизги басымды чет өлкөлүктөрдү тартууга жасаганбыз. Ошол принципке таяна баа саясатын түзгөнбүз, эң ылайык баада тейлөөгө аракет кылабыз. Караколдо 300 сомдон өйдө түнөк табууга болот", — деп түшүндүрөт башкаруучу.

Ишкердин айтымында, бизнеске өлкөдөгү революциялар чон сокку берди. Анын кесепетинен, туруксуз кырдаалдан улам туристтер Кыргызстанга келүүдөн чочулашкан. Азыркы тапта шаар кайрадан жандана түштү.

"Бирок дагы жакшырта турган жактарыбыз жок эмес, чет өлкөлүктөр талкаланган жолдорубузду жана крандан аккан кир сууну талкуулашканда уялып кетем", — деди ал.
…Караколдун чоң жолдорунун бириндеги мурдагы унаа жуучу жайдын ордунда азыр шаардын эң таанымал кофеканасы иштейт. Ал жайдын кожойкеси Айнура Жумабекова өз бизнесинин ийгилиги боюнча кеп салды.

"Адегенде хостел ачтык, кийин меймандар үчүн боз үй тиктик. Аябагандай арзан баа саясатын (суткасына 6-8 доллар) эске алып, буга чет өлкөлүктөр көп кызыга башташты. Атайын бөлүнгөн ашканага батпай баратышканда ушундай кофекана ачууну эп көрдүк", — деди ал.

Бул бийкеч Бишкектеги бир долбоорду да тескейт, ошондуктан хостел менен кофекананы анын кичүү иниси Көлбай жетектейт. Жаш жигит аталган жайда көп кардар болгондуктан маек курууга анчалык дилгирленбеди. Ал эми интернетте алардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ансыз да маалымат жайнайт.
"Бул ишти колго алганыма эки жылдын жүзү болду. Хостел түнөк үчүн, кофекана шам-шум этип, кофе ууртоо үчүн иштейт. Дегеле бул ишке киришкенибиз үч жылга таяп калды. Иш менен окуумду айкалыштыра алам, бухгалтердикти окугандыгымды эске алсам, бул абдан ыңгайлуу, анан да дайым англис тилимди өнүктүрүүгө шарт бар. Бардык кызматкерлерибиз чет тилде сүйлөшөт. Кечирип коюңуздар, сиздерге көп убакыт бөлө албайм, кардарлар менен иштөөгө тийишмин", — деп узады кофекананын башкаруучусу.

…Чет өлкөлүктөр эс алып жаткан жайдан чыгып баратабыз. Алар эртеңки күнүн кайда өткөрүү жөнүндө: тоого чыгуубу же күнгө кактануу үчүн көл жээгине барган оңбу деп кызуу талкуулап жатышат. Турист кыздардын бири Жыргалаңдын сүрөтүн көрсөтүп, досторуна эртеңки бара турган жери дайын экенин айтууда...
Комментарии
Автор
Асель Минбаева

Фото жана видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев