"Лексусту" чанып "Хаммер" минчүбүз — Кыргызстандагы кыштактын баяны
"Лексусту" чанып "Хаммер" минчүбүз — Кыргызстандагы кыштактын баяны
Кулунду айылынын жашоочулары бир нече жыл илгери Москвага барып, соода кылып келүү үчүн учак ижаралашчу. Алардын айтымында, атагы чыккан "Виа Гра" айылдын сахнасында ыр созсо, турак үйлөрдүн баасы заматта Бишкектегиден да асмандап кеткен.
Жашгылт түстөгү эки кабат тамдын алдында үйдүн кожоюнун маектешүүгө көндүрүү далалатында турабыз. Беш жыл мурун ал коңшу Тажикстанга бензин сатуу менен байлык топтогондордун бири эле, бирок өз бизнеси боюнча үн каткысы келбеди.
— Байке, кандай болгонун айтып берип койбойсузбу эми?
— Мен эч нерсе билбейм. Мунун баары курулай кеп (күлүп).
— Бул сиздин үйүңүз да, чынбы?
— Мен ижарага алгам, батирчимин.
— Бүтүндөй бир хансарайды ижарага алдыңызбы?!
— Ишенбей турасызбы? Анда кароолчусу экен деп жазып койгула.
— Машина кимдики анда?
— Билбейм, бир аялдыкы.
— Жубайыңыздынбы?
— Балким (жылмайып).


Ошол доордун миллионерлери өз байлыгы тууралуу ачык айткысы жок, анан да соңку беш жылда ал байлыктан калган мүлк да азайды.
Күнүнө 3000 доллардан тапчубуз! Кулундунун укмуштай байышы
Күнүнө 3000 доллардан тапчубуз! Кулундунун укмуштай байышы
Жергиликтүү тургундар үчүн "казына" күтүүсүз табылган: 2011-жылы Россия күйүүчү майга болгон бажы төлөмүн 44 пайызга жогорулатып, ал эми Өзбекстан коңшу өлкөгө поезд каттамдарын токтоткон.

Тажикстанда күйүүчү майдын жапырт таңсыктыгы башталган: май куюучу жайлар бир кишиге 20 литрден ашык сатчу эмес, бир жыл ичинде АИ 92 үлгүдөгү май 70 пайызга кымбаттап кеткен! Айдоочулар баанын өсүшүнөн улам бир нече литрлеп гана сатып алып калышкан.
Тажикстан менен коңшулаш турган кулундулуктар акча жасап алууга шартты дароо баамдашкан. Анткени Кыргызстанга россиялык күйүүчү май бажы төлөмдөрүсүз ташып келинчү, ашыкчасын кошуналарга сатууга эмнеге болбосун дешкен.
2011-жылдын 11-ноябрындагы
бензин баасы
37,11 сом

Кыргызстан
69,84 сом

Тажикистан
Бел жакасында 50дөн ашуун май куюучу жай ачылып, ал эми жолдор бензин ташуучу унааларга толуп калган. Аты-жөнүн ачыктагысы келбеген Айбек ошол жылдары мамлекеттик органдарда иштеген. Анын айтымында, ошондо адамдар тез эле байып кетишкен.
"Бир бензин куюучу унаадан адам 10 миң долларга чейин таап койчу. Бир айда чек ара аркылуу 15 миллион литрге чейин май ташып өтүшчү! Бул иш менен ар бир жергиликтүү тургун алектенген", — деди ал.

Кулундулуктар кыштакта кымбат баалуу унаалар пайда болгонун улутуна эстешет. Lexus ишке салынчу кадыресе унаа болуп калган, эл көзүнө Hummer минип калышкан. Анан калса, коңшусунукунан жок дегенде бир айга жаңыраак болсун деп эң соңку чыкканына жетүүгө умтулушчу.

Россиялык "Виа Гра" кыштак клубунда ырдагандыгы, сойкуканасы бар кумарканалар жана бандиттердин таасир талашкандыктары туурасындагы аңыздар да айыл аралап келет. Кулундуда үйлөрдүн баасы 15 миң доллардан кыркка чейин көтөрүлгөн.
Ишкерлер коомдун да муктаждыгын унут калтырышпаганын Кулунду айыл округунун башчысынын орун басары Жамалидин Абдираимов эскерет.

"Эл иштеген, салык төлөп турган. Ошондо жылдык бюджет 47 миллион сомду түзүп, биз республикалык бюджеттен дотацияга муктаж эмес элек, эч кимден көз каранды болбой калганбыз. Ал каражатка администрациянын имаратын оңдоп, айылдыктарга атайын техника сатып алганбыз", — деди ал.
"Жигулилер" Hummer унааларын
сүрүп чыгарды:
бензин бейишинен кийинки турмуш

"Жигулилер" Hummer унааларын сүрүп чыгарды: бензин бейишинен кийинки турмуш
Бирок бара-бара ал дүрбөлөңдүн күүсү алсырай баштаган. Биринчиден, бизнес ири ишкерлердин колуна өтөт, экинчиден, кыргызстандыктар бааны жогорку деңгээлде кармап тура албай калышкан.

"Тажикстанда калк абдан биримдиктүү экен. Алар анык бир баадан жогору сунуш кылбоо боюнча өз ара макулдашып алышыптыр. Ал эми биз бааны мурдагы калыбында кармоодо андай өжөрлүктү көрсөтө албадык, бири арзан сатуудан баш тартса, бири төмөндөтүп берди", — деп баян салат мамлекеттик кызматкер Айбек.

Азыркы тапта Hummer унааларынын ордуна кулундулуктар "Жигули" минип калышты. Бул да тегин жерден эмес: көптөгөн мигранттар Мекенге топтогон акчасына сатып алган россиялык өндүрүштөгү унаасын айдап келишет. Анан айылдаштарына автомобилдерин жүз миң сомго сатып, жол киресин актап алышат.
Ошондой "Жигули" Кулундунун чоң көчөсүндө токтоп турат. Он беш жашар кыз АИ 92 үлгүсүндөгү майды 45 сомдон сатууда. Үстүнө көп деле кошулбайт: жакынкы Исфанада ал 44 сом, ал эми Бишкекте 42 сомдон турат.

"Негизинен аны таксисттер алат. Аз-аздан, бир алганда 5 литрден куйдуруп кетишет", — деди өспүрүм ишкер кыз.
Айылда жашылча-жемиш өстүрүү кайрадан колго алына баштады. "Бизнес-инкубатор — Кулунду" коомдук фондусунун кызматкери Нурали Пайзиев мында жер иштетүүгө эң сонун шарттар бар экендигин айтат.

"Биздеги жагымдуу аба шарты жылына эки ирет түшүм алууга мүмкүндүк берет. Жашылча-жемишти негизинен Тажикстанга сатабыз. Былтыр пияз жакшы сатылган, быйыл аны баары айдады. Бирок пияз сууну көп талап кылгандыктан, азыркы тапта сугат суунун жетишсиздиги сезилип жатат", — деди ал.
Мал багуу мында анча пайдалуу эмес, жайыттар тез эле куурап кетет. Кээде суу элдин өзүнө жетпей каларын айтат Кулунду айыл округунун башчысынын орун басары Жамалидин Абдираимов.

"Айыл округунда сууну электр кыймылдаткычтары көтөрүп чыгарат, натыйжада бир топ эле кымбатка түшөт. Инфраструктураны суу өзү аккандай кылып куруу зарыл. Жамгыр жааганда ар жолкусунда түтүктөрдү тазалоого туура келет. Ушул себептен өткөн жумада 26 миң тургун алты күн бою таза суусуз калды", — дейт ал.

Анан да Кулундуда арак сатып алууга болбойт. Үч жыл мурда жергиликтүү активисттер имамдар менен биргеликте дүкөндөрдү кыдырып, ичимдик сатуу чеки иш экендигин айтып түшүндүрүп чыгышкан. Азыр ачуу сууну жактыргандар үч чакырым ыраактагы коңшу айылга бет алууга аргасыз.
Кыргызстанда алачык менен одуракай хансарайлар тыгыз жайгашкан башка айыл болбосо керек. Ээн, каралбай, керектен чыгып калган май куюучу жайлар жол боюнда жайнайт
Автор
Асель Минбаева

Фото жана видео
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев