Дөң-Алыш
Фрунзедеги батирден
баш тарткан мугалим

Кочкордогу Дөң-Алыш айылынын баяны
Дөң-Алыш
Фрунзедеги батирден баш тарткан мугалим
Кочкордогу Дөң-Алыш айылынын баяны
Толкунданган айылдык мугалим Советтик Кыргызстандагы эң таасирдүү адамдын иш бөлмөсүнө баш бакты. Республиканын Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, бийлиги күч болуп турган Турдакун Усубалиев жылмая мейманына отурушун өтүндү.
— Куттуктайм, сиз мугалимдердин арасында алгачкылардан болуп Социалисттик эмгектин баатыры болдуңуз! Эми сизге баш калаага көп каттоого туура келет. Менимче, борбордо батириңиз болгону жакшы. Буйрукка кол коёюн.

— Турдакун Усубалиевич, мага батирдин кереги не? Андан көрөкчө, Дөң-Алышка дурус бир мектеп курдуруп бериңиз!

— Кандай принципиалдуу кишисиз... Мектеп да болот сизге, борбордон батир дагы...

— Жок, жок, сиз мени туура эмес түшүнүп калдыңыз. Мага батирдин зарылдыгы жок, мага мектеп керек...

Турдакун Усубалиев мугалим Көкөбай Мамбеталиевдин тилегин орундатып, мектеп курган. Андан бир топ жылдан кийин, бийликтен кеткен соң республиканын мурдагы жетекчиси Дөң-Алыш айылына келет. Ошол мугалимдин уулу Нукан менен узак баарлашкан. Кеп соңунда айтканы: "Эсиңе түйүп ал, бул жөн эле мектеп эмес, атаңдын үйү"…
Саясатчылардын алтын бешиги — Дөң-Алыштын тарыхы
Саясатчылардын алтын бешиги — Дөң-Алыштын тарыхы

Дөң-Алыш айылынын тарыхында кандуу окуялар көп. 1916-жылкы көтөрүлүштүн өлүм жазасына тартылган жол башчыларынын бири Канат хан ушул жерде төрөлгөнүн ар бир жергиликтүү тургун билет.

Эл арасында бул инсан тууралуу жылуу сөздөр көп айтылат. Канаттын атасын өлтүрүп кетишет. Кылмышкердин туугандары эки кыз, мал сунуштайт. Бирок болочок хан кундан баш тартып, кан төгүлбөсүн деп өз атасын өлтүргөн кишини кечирет.

Билим берүүдөн эч качан акча аяган эмес, анын эсебинен айылда мектеп-медресе курулган. Баса, дал ошол жайда келечектеги коомдук ишмер Ишеналы Арабаев билим алган.

Чагылган төбөдөн түшкөндөй 1916-жылы аскердик-тыл иштерине 19 жаштан 43 жашка чейинки жигиттерди, кишилерди тартуу боюнча падышанын буйругу чыкты. Бүт жер жүзү Биринчи дүйнөлүк согуш кучагында эле. Буйрукка бүтүндөй өрөөн каршы чыгат, ошондо калк Канатты хан көтөрөт. Хан көтөрүү салты бүт жасалып, ак кийизге отургузуп, ак боз ат мингизишет. Боз бээни курмандыкка чалышат. Канат хан падышалык аскерлер менен салгылашууну баштайт.

Анын жол башчылыгы менен Токмокту алышат. Козголоңду басыш үчүн Ташкенттен солдаттардын полку тартылат, Канат хандын бийлиги кулап, аны Верный (азыркы Алматы) шаарында өлүм жазасына тартышкан.

Кызыгы, белгилүү кыргызстандык инсандардын бир тобу дал ушул кыштакта туулган. Дөң-Алыш – Канат хан менен Ишеналы Арабаевден тышкары, алгачкы кыргыз тарыхчысы Осмоналы Сыдыков, мурдагы вице-премьер Бекболот Талгарбеков, мурунку коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кичи мекени.
Жергиликтүү жашоочулар ушунча көп тарыхый ишмерлердин алтын бешиги болушу суудан улам деп тамашалап калышат. Мында дайра башталат, ал эми кыргызда "Эл башы болгончо, суу башы бол" дешет эмеспи.

Азыр айылда 3 миңдин тегерегинде калк жашайт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кыштакта мектеп окуучулары менен пенсионерлер эле калган. Жаштар жакшы жашоого жол издей борборго же Россиянын шаарларына аттанышкан.
Премьер-министр жашаган үй
Премьер-министр жашаган үй

Дөң-Алыш айылында бир там башкалардан өтө жаңы, жайлуулугу менен айырмаланып турат. Бирок бир нече айдан бери анда эч ким жашабайт. Акыркы болуп Жеңилдик Абылгазиева — азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы турчу. Ал былтыр июлда дүйнөдөн көчкөн.
Үйдүн ачкычы Кайыпбек Эралиевдин колунда. Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кайыпбек Эралиев ага-ининин балдары. Ал өкмөт башчынын балакай кезин да көргөн.
"Биз чогуу өскөн жокпуз, баламдай болуп турбайбы! Мухаммедкалый ушул короодо чоңойду, биздикинде көп калчу. Бул тамды атасы каза болгондо апасы үчүн курган. Ошол убакта ал премьер-министр болорун ким билиптир", — дейт Эралиев.

Болочок өкмөт башчынын класс жетекчисин да издеп таптык. Нукан Көкөбаевдин пенсияга чыкканына бир топ болду, бирок өзүнүн белгилүү окуучусунун атын унутпайт. Айтымында, бул окуучусу сабакты мыкты окучу, жаңы жылдык кечелерди алып барчу.
"Ал "Жаздын 17-ирмеми" тасмасындагы ырды да аткарар эле. Мухаммедкалый класста староста болуп, бул милдетин да мыкты аткарган. Биздин класс дайым Жаңы жылда директордун атынан куттук кагазын алганы өзгөчө сыймык эле", — дейт карыя.

Айылда премьерди аябай жакшы көрүшөт. Мектеп менен оорукананы ремонттоого жардам бергенин, асфальт төшөөгө көмөктөшкөнүн айтышат. Сейрек келгенин, мейманга баш багууга убактысы болбогонуна да кейип өтүштү.
Өлүп калган илбирс үчүн
10 күн күрөшүшкөн.
Өзгөчө музейдин тарыхы

Өлүп калган илбирс үчүн 10 күн күрөшүшкөн.
Өзгөчө музейдин тарыхы


Биз чай ичүүдөн баш тарта албадык, мурдагы мугалим Нукан Көкөбаев убактыбыз аз дегенибизге болбой журналисттерди үйүнө киргизди.
Чай үстүндө атасынын тасма тартууга болчудай баянын айтып берди. Көкөбай Мамбеталиев да уулу сымал биология мугалими болгон. Балдар өз жеринин табиятын жакшы таанысын деп жаныбарлардын кебин жасай баштайт.
"Экспонаттар үчүн жаныбарларды эч ким өлтүргөн эмес. Өлүп калган айбанаттарды таап алган эл алып келип берчү. Атам чымын-чиркей жана өсүмдүктөрдүн коллекциясын да топтогон. Кийин мектептин бир кабинетинде музей ачкан. Балдарга кызык болсун деп атам колунан келгенин бүт жасады", — дейт Нукан Көкөбаевич.
Кочкорлук мугалимдин даңкы тез эле эң жогору жактагыларга угулат. Республиканын Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин жеке буйругу менен экспонаттар борбор шаарга алып келинген. Опера жана балет театрына коюлуп, фрунзеликтер бир ай бою көрүшкөн.
Ошондон кийин Көкөбай Мамбеталиевди Социалисттик эмгектин баатыры наамын тапшыруу үчүн Москвага чакырышат. Турдакун Усубалиев айылдык мугалимди тосуп алуу үчүн машина бөлдүрөт. Жеке жолугушууда республика башчысы мугалимге баш калаадан батир сунуштайт, бирок ал баш тартып, андан көрө мектеп курууну өтүнөт. Педагогдун өтүнүчү аткарылат.
"Көп жылдан кийин Турдакун Усубалиев менен баарлаштым. СССР урагандан кийин, 2000-жылы ал депутаттыкка аттанганда биздин айылга келди. Абдан кейиди, анткени аны менен жолугушууга эч ким келбей койгон. Биз сүйлөшүп отуруп калдык. Усубалиев биздин мектептин курулуш тарыхын айтып берип, бул жөн эле мектеп эмес, менин атамдын үйү экенин кошумчалаган", — деп эскерет Нукан Көкөбаев.

Айтмакчы, бир топ жылдан кийин тарых кайталанат. Анын мурдагы окуучусу Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр катары айылга келет.

"Кортеж келди, Мухаммедкалыйды курчаган киши көп — министрлер, губернатор... Мени көрө калып жаныма келип, баарынын көзүнчө учурашты. Мектепке кирип кет десем, макул болду", — дейт мугалим.

Өкмөт башчысы музей үчүн өзүнчө имарат курууну сунуштайт, бирок Нукан агай баш тартат. Мектептин ремонттолгону андан маанилүү экенин айтат.

"Мектеп башта 200 окуучуга ылайыкталып курулса, азыр анда 700 бала окуп жатканын түшүндүрдүм. Министрлердин бири: "Өзүңүзгө музей ачып берүүнү сунуштап жатса, мектептин ремонтун сурайсыз да" – деп таң калган. Жыйынтыгында мектеп гана ремонттолбостон, кошумча корпус да курулду", — дейт мугалим.
Азыр Нукан агай өз уулу менен мектептин музейине айбанаттардын коллекциясын толуктап келет. Маселен, алар абдан баалуу артефакт — ак илбирстин өлүгүн алышкан.

"Ак илбирс таманынан жабыркап, реабилитациялык борбордо кармалып турган. Өлгөнүн угуп уулум анын денесин алууга жөнөгөн. Кагаз машакатынан улам өлгөн айбанатты биз 10 күнчө ала албай жүрбөдүкпү! Уулум аткаминерлердин кабинеттерин акмалап, создуктурсак, айбанаттын териси бузулуп кетерин айтып баары менен урушуп чыгат... Андай болсо өлүктү жөн эле өрттөп салабыз дегендерин угуп уулум ыйлап жибере жаздаптыр... Кудай жалгап суранып жатып алдык", — дейт Нукан агай.
Бир-эки күндөн кийин реабилитациялык борбордун кызматкерлери айылга келишет. Мектепке эле өлүп калган илбирстин зарылдыгы бар экенине ишене алышкан эмес. Мугалим анын терисин сатканы жатат деп ойлошкон экен.

"Бир айдан кийин журналисттерди, бардык жетекчилерин топтоп мектептин музейине келип кетишсин дедим аларга ошондо. Чындап эле ачылышка келишти, ал түгүл ачылыш тасмасын кесишти. Илбирсти бизге берип туура кылгандарын моюнга алышты", — деди мугалим.

Карыя мугалимдин да өз атасындай эле бир эрежеси бар – эл ага эмне алып келсе да кабыл алат. Болбосо, алар таарынып калышы ыктымал.

"Быйыл мага түлкүнүн үч бачикисин алып келишти. Суу толгон чуңкурга түшүп, чөгүп кетишкен экен. Алып келишти, бирок териси бузулуп, жүнү түшө баштаптыр. Азыр аларды оңдоого аракет кылып жатам, атайын аязга чыгардым. Эгер калыптандыра алсам, анда аларды музейге берем", — дейт мугалим.
Жергиликтүү тургундар мутант жандыктарды да алып келишет. Мисалы, музейге жалгыз көздүү козу жана эки баштуу музоо коюлган. Музейдин эң коркунучтуу душманы — күбө. Мектептин окуучулары терилерди атайын каражат менен тазалап турушат.
Ушул тапта мектеп музейи — айылдын башкы көркөм жайы. Жергиликтүү тургундар аны бүт меймандарына көрсөтүшөт. Нукан Көкөбаев мурда мында картошка өстүрүү менен алек болгон россиялык бизнесмен боюнча да айтып берди. Ал жаныбарларга абдан кызыгат экен, музейге да кайдыгер караган эмес. Экспонаттар россиялык ишкерге абдан жаккан…

Ошол бизнесмен кыштакта фермерлер үчүн тренинг өткөрмөк болуп, талаага мектептен парта, отургучтарды суратат. Август болчу, мектепте каникул, директор каршы болбоду.
"Ал парталар кандай абалда экенин көрүп, жардам берүүнү убада кылган. Бир нече күндөн кийин Москвадан телефон чалышат. Жанагы ишкер 15 класска парта, отургуч, такта, шкаф буюртма кылыптыр! Өзү айылга алып келерине сөз берген. Карагылачы биздин мектепти, кандай кооз!" — деп кубанат мурдагы мугалим.

Нукан агай бизди мектептин эшигине чейин узатып келди. Мектеп анын атасы үчүн эле эмес, өзүнө да, ошондой эле өз уулуна да үй болуп калган.
Соңку сөз ордуна
Соңку сөз ордуна

Айылдан узардан мурун жергиликтүү дүкөндөн суу сатып алалы дедик. Эч ким жок, сатуучу да бир жакка чыгып кетсе керек. Беш мүнөттөн кийин келди.

— Эмнеге жаап чыкпадыңыз?
— Эмнеге бекитем?
— Уурдап кетишсечи?
— Бизде эч ким эч нерсе уурдабайт.
— Кызык...
— Силер кызыксыңар шаарыңарда...
Автор
Асель Минбаева

Фото жана видео
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев