Алабай 20 миң долларга сатылган
Бишкекте ит уруштан кантип акча табышат?
Алабай 20 миң долларга сатылган
Бишкекте ит уруштан кантип акча табышат?
Кечки саат 10го чукул Бишкектеги жер тамдардын биринин короосуна эки жүздөй эркек киши чогулду. Мында ит уруш өтмөкчү. Көрүүчүлөргө катуу кыйкырууга жана сөгүнүүгө тыюу салынат. Ит уруш түнгө жакын өткөндүктөн, коңшулар милицияга кайрылбагыдай тынчтыкты сактоо зарыл.
Жара тарт!
Жара тарт!
Ит урушка күбө болуу оңой эмес: бул жакка ит багуучулар жана ушул тегеректегилер гана чакырылат. Дээрлик бардык көрүүчүлөр бири-бирин ысымдарынан тааныйт.
Бүгүн мыкты ит наамы үчүн онго жакын таза кандуу алабай таймашат.
Үйдүн короосунда токтотулган унааларда мурдатан беттешип келген Акжолтой менен Хан мелдешти күтүп турат. Экөө тең беш жашта, бир салмакта, болжол менен 65 килограмм.
Жеңиш Акматов Акжолтой аттуу итин машыктырат
Машыгуулар уруштан эбак эле башталат. Иттер ыраак аралыкка — күнүгө 10-15 чакырымга чуркашат. Алардын көтөрүмдүүлүгүн өрчүтүү үчүн моюндарына атайын жасалган оор каргы (5 килогграммга чейинки салмактагы) тагылат. Мелдешке чейин айбанаттарга суудан бөлөк тамак берилбейт. Бул алардын урушка бүт дитин коюп, абдан жандуу жана болушунча ызырына салгылашуусу үчүн жасалат.
Айтмакчы, иттер камчыланганга чейин гана үрүп, ырылдай алышат.
...Мына иттерди аянтка алып чыгышты, ансыз да жай баарлашуулар тына түштү. "Азиаттардан" каргылар алынды. Бир саамдан соң Акжолтой Ханга атырылды, иттер бири-бирине жаактары карышканча тиш сала башташты.

— Жара тарт! — деп кубаттады көрүүчүлөрдүн арасынан бирөө.

Хан акырын ырылдап алды эле, ал эми бул одоно эреже бузуу болуп саналат экен...
Калган эки раундда иттер дым этпей уруша берди. Хан атаандашынын арткы таманын тиштеп алды.

"Акжолтой, кана, тур!" — деди чогулгандардын арасынан бирөө.

Уруш убагында иттер бир дагы ирет куйруктарын түшүрүп, бири-бирине үргөн жок. Үчүнчү айлампада иттердин жүнү кан боло түштү, Акжолтой алдан тайып, жүзүн буруп кетти. Анын каршылашы да чаалыгыптыр.

— Иттерди эки жакка алгыла, — деп буюрду калыс.

Уруштун жыйынтыгында Кыргызстандын оор салмактагы чемпиону болуп Акжолтой табылды. Хан биринчи раундда чоң ката кетирип, атаандашына ырылдагандыгы үчүн утулуп калды.
Акжолтойдун кожоюнуна байге катары баклажан түстүү, жүз миң сомдук "Жигули" тийди. Жеңүүчүнүн таманын дармек менен тазалап, азыраак тамак беришти. Хандын ээси "майдандан" итин колуна көтөрүп алып кетти.
Ит уруштарды ким уюштуруп, канча каражат табышат?
Ит уруштарды ким уюштуруп, канча каражат табышат?
Уюштуруучулар Кыргызстандагы ит уруштардан көп акча табылбастыгын айтышат. Ит урушка өз жаныбарын катыштырууну каалаган ар бир кишиден 7 миң сомдон алынат, ал эми көрүүчүлөр үчүн кирүү акысы — 200 сом. Жыйналган акча жеңүүчүлөрдүн байгелери үчүн эки "Жигули", муздаткыч жана телевизор сатып алууга өп-чап жетет.
ит багуучу Адил Тулгабаев
Өлкөдөгү эң тажрыйбалуу ит багуучулардын бири Адил Тулгабаев алабайлар менен акча табуунун бирден бир ыкмасы уруштан кийин чемпиондорду сатуу экенин айтат. Бирок андайга ит багуучулардын көбү барбайт.

"Кытай жана Казакстандагы ит уруштардан эң көп табышат. Ал жакта чоң байге сайылып, жеке амбициялар коюлган соң кишилер адамгерчиликтен таят... Арабыздагы багуучулардын биринин итин 20 миң долларга сатып алышкан, анткени, анын дараметин байкашкан", — дейт ит багуучу.

Анын айтымында, чемпион иттердин күчүктөрү башкаларга караганда кымбатыраак. Эң арзан баа — 200 доллар.
Уруштан кийин иттер эмне болот?
Уруштан кийин иттер эмне болот?
— Сылап көрүңүз. Мен жанында турганда сизге тийбейт.

— Рахмат.

— Кожоюну жанында кезде сизге үрбөйт дагы. Мен узап кетсем, тиш салат...

Айбек Самсалиевдин дөбөтү Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон. Азыр алты жашка чыгып калды. "Уруш карьерасынын" жылдарында ит көп жараат алып, эки азуусунан айрылган.
"Соңку мелдеште таманы (туягы) сынып кетиптир. Элес албапмын, дароо байкаганымда уруштан чыгарып алмакмын", — деп кейийт Айбек.

Ал жарааттан бери эки жылдан ашты. Иттин денесиндеги такты жүн басып кеткен.

"Интернеттеги роликтерди көрүп алып, көпчүлүк биз иттерди ур уштардан кийин ыргытып салып же уруштун кызыгын арттыруу үчүн бири-бирин өлтүрүп тынышканча мушташтырышат деп ойлошот. Бирок биз иттерди өзүбүз багып чоңойтобуз, алар үйлөрүбүздү кайтарат, балдарыбыз менен ойношот!.. Менин чемпионумдун баяны эле өзгөчө, ал жасалма уруктандыруу менен туулган. Анын ата-энеси бири-бирин жактырбагандыктан, аргасыз ушундай кадамга барганбыз. Мындай убара тартып, каражат жумшагандан кийин майданда өз итимдин өлүшүнө кантип жол берет элем?" — деп таң калат ит багуучу.
Кыргызстандагы ит уруштарды уюштуруу канчалык мыйзамдуу?
Кыргызстандагы ит уруштарды уюштуруу канчалык мыйзамдуу?
Ит уруштарды өткөрүүгө тыюу салган мыйзам өлкөбүздө жок. Бирок юрист Владимир Плужник баары бир мындай беттештерди өткөргөндөр жазага тартылышы ыктымал экендигин белгилейт. Маселен, эгер жаныбарларга алардын өлүмүнө же майыптыгына алып келген жаман мамиле жасалгандыгы далилденсе, бул үчүн 5-10 миң сом айып салынат.

Эки жыл мырын жергиликтүү активисттер социалдык медиада ит уруштарды өткөрүүгө тыюу салуу өтүнүчүн (петиция) жайгаштырышкан. Ага интернетке тарап кеткен питбуль менен алабайдын айыгышкан беттеши чагылдырылган тасма себеп болгон. Биринчиси соңунда жан берген... Петицияга эки жыл ичинде 1845 киши кол койгон.

Өз кезегинде "азиаттардын" багуучулары жана ит уруштардын уюштуруучулары беттештерде ырайымсыздыкка жол берилбестигин айтышат. Мындай мелдештер болгону жоокерлер ээрчитчү (боец — ред.) иттерди ылгоо ыкмасы экендигин айтышат.
Автор
Светлана Федотова

Фото
Табылды Кадырбеков, Светлана Федотова

Дизайнер

Даниил Сулайманов