Кыргызстанда кыздарды кантип ала качышат?
Сандар сүйлөйт
Кыргызстанда ар бир үчүнчү эркек анын кызын же эже-карындашын ала качып кетсе, эч кандай чара көрбөй турганын билчү белеңиз?
15 жаштан жогору кыздардын никеге туруу жолу
Ар бир 17 кыргызстандык кыздын бирөөсү өз макулдугу жок ала качууга дуушар болгон
Уурдалган келиндин турмушка чыгуусун канча аял-эркек туура деп эсептейт
Кыздардын макулдугу жок ала качуу көрүнүшү Нарын облусунда арбын кездешет. Андагы жергиликтүү тургундардын 39 пайызы ала качуу салтын туура деп эсептейт. Ал эми Жалал-Абад облусунда мындай жол менен турмушка чыккан келиндердин саны 10 эсеге аз. Ар бир онунчу облус туругуну бул көрүнүштү туура деп эсептейт
Аялдар менен эркектер ала качуунун негизги себептерин айтып беришти
Эркектердин ою боюнча, ала качуу жолу менен үйлөнгөн мырзалар кыздар менен таанышууга батына алышпайт

Ал эми аялдар мырзалар сүйүктүүсү башка адамга жар болуп кетет деп корккондуктан ушундай кадамга барышат деп эсептешет
Ала качууга дуушар болгон кыз эмне себептен ошол жерде калууга дуушар болот
Аялдар да, эркектер да уурдалган кыз элдин кебине калбаш үчүн барган жеринде жашап калышы керек деп эсептешет
Кыздын макулдугу жок ала качууга болгон мамиле
Беш кыргызстандыктын төртөө кыздын макулдугу жок ала качууга каршы
Эгер сиздин кызыңызды же эже-карындашыңызды ала качып кетишсе эмне кылмак элеңиз?
Редактор
Асель Минбаева

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Булак
БУУнун Кыргызстандагы калкты жайгаштыруу тармагындагы фонду