Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят?
Sputnik Кыргызстандын иликтөөсү
Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят?
Sputnik Кыргызстандын иликтөөсү
Бул макаланы окуган соң Бишкекте жана Чүй облусунда кайсы май куюучу станция канча көлөмдө жеткирбей куярын билесиз. Бардык табылган фактылар боюнча Финпол кылмыш ишин козгоду.
Биз "Ауирдин", "Газпром", "Партнер нефть", "Роснефть", Bishkek Petroleum, Brent, Petrovector, Red Petroleum компанияларынын жана ири ишканалардын курамына кирбеген дагы эки май куюучу жайды текшерип көрдүк.

Дээрлик ар бир бренддик май куюучу жайда 20дан 500 миллилитрге чейин жеткирбей куюшат экен (нормасы 25 миллилитрге чейин). Бул жерде дүйнөгө аты чыккан ири ишканалар тууралуу дагы кеп болуп жатат.

Мындай иликтөөнү баштоого Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандардын кайрылуусу себеп болду. Алар май куюучу бекеттер канчалык так иштерин текшерип берүүбүздү өтүнгөн. Мындан улам биз биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзүү сунушу менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрылдык.

Ведомствонун төрагасы Бакир Таиров кызматкерлерине тапшырма берген соң май куюучу жайлардын товарларын сатып алалы деп чечтик.
Алгач эки ирет текшерип көрөлү деп ойлогонбуз. Биринчиси — сынамакка өзүбүз үчүн. Анткени мындай иликтөөнүн чындап зарыл экенине көзүбүз жетиши керек эле. Экинчиси — Стандартташтыруу жана метрология борборунун ("Кыргызстандарт") метролог адистери менен биргеликте.

Бирок биз баштаган учурда май күюучу жайларга иликтөө тууралуу маалымат жетип калгандай күмөн саноолор пайда болуп, эки эмес, төрт ирет текшерүүгө туура келди.
Алгачкы текшерүү. Чалгындоо
Алгачкы текшерүү. Чалгындоо
Бензиндин аз куюлуп калганын атайын 10 литрлик ченөөчү аппараттын жардамы менен билишет. Анын шкаласы 100 миллилитрге чейин жетишсиз же ашыкча куюлуп калганын көрсөтө алат. Бирок биринчи текшерүүдө көпчүлүк май куюучу жайларда куюлган бензиндин деңгээли керек болсо шкалага дагы жетпей жатты.
Биз АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди сатып алып, Финполдун ченөөчү аппаратын колдонуп жаттык. "Кыргызстандарт" ишканасынын текшерүүсү биз колдонгон аппарат болгону 25 миллилитрге гана жаңылып калышы ыктамыл экенин аныктады.

Эксперимент боюнча эч кимде күмөн саноо болбош үчүн, ченөөчү аппаратты алып келе жаткан, толтурган жана шкаланы текшерген учур тынымсыз видеого тартылды.
Алгачкы текшерүүдө 10 май куюучу жайдын тогузунда жеткирбей куюлары бергилүү болду. Болгондо дагы жетөөндө куюлган майдын деңгээли жада калса шкалага дагы жеткен жок. Тагыраагы, канча бензин жетпей калганы белгисиз бойдон калды.
"Биринчи текшерүү иштери иликтөөнүн канчалык максаттуу экенин аныкташ үчүн жасалды. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн аны эксперттердин катыштыгы жок эле ишке ашырдык. Мында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун май куюучу жайларында майды жетишсиз куюу фактыларын катталды", — деди Финполдун ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү.
Качан гана май куюучу жайлардын ишинде күмөн жараткан маселелер бар экенине Финансы полициясынын көзү жеткенде, "Кыргызстандарттын" адистери менен чогуу иликтөө иштерине кириштик.
Экинчи текшерүү.
Күтүүсүз жыйынтык
Экинчи текшерүү.
Күтүүсүз жыйынтык
Метрологдорго текшерүүгө чыгары тууралуу бир күн калганда айтылды. Алар 10 литрлик ченөөчү аппарат жана бир литрлик колба ала келишти (колбаны кем куюлган майдын көлөмү шкалага жетпей калган учурда колдонуу үчүн).

Бул жолу дагы мурда текшерилген эле май куюучу жайларга бардык. Бирок айрымдары техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей жактандыктан, башкасына барууга туура келди.
"Ауирдин"
Бишкек, Лебединовка айылы
100 мл
10 литрге
жетпей калганы
"Газпром Нефть"
Махатма Ганди көчөсү менен Жибек Жолу проспектиси кесилишет
80 мл
жетпей калганы
"Партнер Нефть"
"Аламүдүн" базарынын жанында
25 мл
жетпей калганы
"Роснефть"
Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилиши
100 мл
ашыкча куюлганы
Bishkek Petroleum
айланма жол менен Кант шаарына бара жаткан жолдун кесилиши
20 мл
жетпей калганы
Brent
Жаш Гвардия проспектиси менен айланма жолдун кесилиши
200 мл
жетпей калганы
Petrovector
айланма жол менен Кант шаарына бара жаткан жолдун кесилиши
0 мл
жетпей калуу аныкталган жок
Red Petroleum
Ибраимов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши
80 мл
жетпей калганы
"РСК" ( ири ишкананын курамына кирбейт)
айланма жолдо, Төмөнкү Норус айылына жакын
170 мл
жетпей калганы
"BNG" ( ири ишкананын курамына кирбейт)
айланма жолдо, ГЭС-5 аялдамасына жакын
500 мл
жетпей калганы
"Ауирдин"
Бишкек, Лебединовка айылы
100 мл
10 литрге
жетпей калганы
"Газпром Нефть"
Махатма Ганди көчөсү менен Жибек Жолу проспектиси кесилишет
80 мл
жетпей калганы
"Партнер Нефть"
"Аламүдүн" базарынын жанында
25 мл
жетпей калганы
"Роснефть"
Лев Толстой жана Матыев көчөлөрүнүн кесилиши
100 мл
ашыкча куюлганы
Bishkek Petroleum
айланма жол менен Кант шаарына бара жаткан жолдун кесилиши
20 мл
жетпей калганы
Brent
Жаш Гвардия проспектиси менен айланма жолдун кесилиши
200 мл
жетпей калганы
Petrovector
айланма жол менен Кант шаарына бара жаткан жолдун кесилиши
0 мл
жетпей калуу аныкталган жок
Red Petroleum
Ибраимов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши
80 мл
жетпей калганы
"РСК" ( ири ишкананын курамына кирбейт)
айланма жолдо, Төмөнкү Норус айылына жакын
170 мл
жетпей калганы
"BNG" ( ири ишкананын курамына кирбейт)
айланма жолдо, ГЭС-5 аялдамасына жакын
500 мл
жетпей калганы
Эки жолку текшерүүнүн жыйынтыктарында айырма пайда болду. Экинчисинче майды күбөрөөк куюп беришти. Мындан улам Финансы полициясында маалымат арабыздан чыгып кеткенби деген күмөн саноо пайда болду.
"Биринчи жана экинчи тергөөдөгү айырмачылыктар боюнча өзүнчө териштирүү жүрүп жатат. Ошондой эле ыкчам тергөө иштерине катышкандардын арасында кимдир-бирөө май куюучу жайлардын жетекчилигине маалымат берип койгон деген версия каралууда", — деп айтышты Финполдон.
Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаевдин айтымында, анын кызматкерлери кара май сатуу бизнесиндегилерге билдирип коюшу мүмкүн эмес. Анткени алар менен байланышы жок.

Дагы бир кызыктуу нерсе, Аданбаевдин пикири боюнча, диспетчерлер компьютердик программалардын жардамы менен майдын жетишсиз куюлушун көзөмөлдөй алышат.
"Мага IT-адистер май куюучу жайларда атайын кнопкаболорун айтып беришкен. Жумушчулар текшерүүчүлөрдү көргөндө дал ошол кнопканы басып коюшу ыктымал. Негизи май куюу жайлары майды ашыкча куюп берип, өздөрүнө залака тийгизбейт да", — деди "Кыргызстандарттын" жетекчиси.
Маектин аягында ал кызматкерлеринин арасында май куюучу жайларда иштеген тааныш, туугандары барлар, аларга алдын ала кабар берип коюшу мүмкүн деген версияны акырына чейин жокко чыгарган жок.
Үчүнчү текшерүү. Метрологдорсуз
Үчүнчү текшерүү. Метрологдорсуз
Андан соң май куюучу жайларды дагы бир ирет кыдырып чыктык. Мунусунда метрологдор жок, бирок заманбап, мурдагыдан да так чөнөөчү аппараттын жардамы менен текшермей болдук. Колубузга кесипкөйлөр көтөрүп жүргөн ченөөчү аппаратты алдык. Ал дагы тиешелүү сыноодон өтүп, "Кыргызстандарт" колдонууга жарайт деген сертификат берди.

Дагы деле 10 литрден бензин сатып алдык, бирок үлгүсүАИ-95. Алгач ченөөчү аппаратты эрежеге ылайык суулап алдык. Абанын температурасы дагы нормага ылайык келди.

Мурда кем куюп коюу фактысы катталбаган же катталса дагы 80 миллилитрден ашпаган ири ишканалардын станцияларын тандадык.
"Газпром Нефть"
айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилиши
510 мл
10 литрге
жетпей калганы
"Партнер Нефть"
Ахунбаев көчөсү, 2б
220 мл
жетпей калганы
"Роснефть"
Салиева жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши
25 мл
жетпей калганы
Bishkek Petroleum
Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилиши
260 мл
жетпей калганы
Petrovector
айланма жол менен Кант шаарына алып барчу жолдун кесилиши
100 мл
жетпей калганы
Red Petroleum
айланма жол менен Алматы көчөлөрүнүн кесилиши
80 мл
жетпей калганы
"Газпром Нефть"
айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилиши
510 мл
10 литрге
жетпей калганы
"Партнер Нефть"
Ахунбаев көчөсү, 2б
220 мл
жетпей калганы
"Роснефть"
Салиева жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши
25 мл
жетпей калганы
Bishkek Petroleum
Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилиши
260 мл
жетпей калганы
Petrovector
айланма жол менен Кант шаарына алып барчу жолдун кесилиши
100 мл
жетпей калганы
Red Petroleum
айланма жол менен Алматы көчөлөрүнүн кесилиши
80 мл
жетпей калганы
Төртүнчү текшерүү.
Кайрадан метрологдор менен

Төртүнчү текшерүү.
Кайрадан метрологдор менен
Иликтөөдөн эч кимди күмөн санатпаш үчүн дагы бир ирет метрологдор менен биргеликте иш алып бардык. Текшерүүлөр мурдагы эле ыкма менен өткөрүлдү. Эң ири ишканалардын май куюучу жайларын текшердик.

Алдыдагы текшерүүлөр тууралуу "Кыргызстандарттын" адистерине бир нече күн мурда айтылып, иш-чаранын өзүнө май куюучу жайлардын башкаруучулары катышты. Мында дагы жыйыктыктар мурдагылардан бир топ айырмаланды.
"Газпром Нефть"
айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилиши
200 мл
10 литрге
ашыкча куюлганы
"Партнер Нефть"
Ахунбаев көчөсү, 2б
"Роснефть"
Жибек Жолу проспектиси, 261Б, Чыгыш автобекети тарапта
20 мл
жетпей калганы
Bishkek Petroleum
Ахунбаев менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилиши
70 мл
жетпей калганы
Red Petroleum
айланма жол менен Алматы көчөлөрүнүн кесилиши
90 мл
жетпей калганы
"Газпром Нефть"
айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилиши
200 мл
10 литрге
ашыкча куюлганы
"Партнер Нефть"
Ахунбаев көчөсү, 2б
"Роснефть"
Жибек Жолу проспектиси, 261Б, Чыгыш автобекети тарапта
20 мл
жетпей калганы
Bishkek Petroleum
Ахунбаев менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилиши
70 мл
жетпей калганы
Red Petroleum
айланма жол менен Алматы көчөлөрүнүн кесилиши
90 мл
жетпей калганы
Май куюучу жайларга айдоочуларды жазгырууга жол берилеби?
Май куюучу жайларга айдоочуларды жазгырууга жол берилеби?
Кыргызстандагы май куюучу станциялардагы жеткирбей куюу фактыларын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын метрологиялык көзөмөл башкармалыгы аныкташы керек. Жетекчиси — Айнура Ахмеджанова. Анын айтымында, бул жайлардын ишин көзөмөлдөөгө бир нече фактор тоскоол болуп келет.

Биринчиден, башкармалыкта кызматкерлер жетишсиз экени айтылат. Штатта 14 киши бар. Алар бир гана май куюучу станцияларды эмес, башка объектилерди дагы текшериши зарыл.

Экинчиден, мыйзамга ылайык текшерүү тууралуу 10 күн мурда билдирүү жиберилиши керек.
"Пландалган текшерүү учурунда майдын жеткирбей куюлуп жаткандыгы тууралдуу факты таба албайсың. 10 күн ичинде кемчиликтерди жоймок түгүл, жаңы май куюучу жай куруп койсо болот да. Анткен менен кээде пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүп, 40тан 200 миллилитрге чейин жеткирбей куюу фактыларын табабыз. Ошол эле учурда ак дили менен иштеген ишкерлер да бар", — деди Ахмеджанова.
Анүстүнө 2018-жылы ишкерлик субъектилерин текшерүүгө эки жылдык тыныгуу жарыяланган.

Былтыр Мамэкотехинспекция 46 май куюучу бекетти текшере алган. Анда 18 гана мыйзам бузуу табылган. Эгер 25 миллилитрден ашык май куюлбай калса, ал колонканы кемчиликтер жоюлмайынча иштетүүгө тыюу салып коюшат.
Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери текшерүү иштерине эки ирет эксперт катары чакырылды, бирок келүүдөн баш тартышты. Финполдон билдиришкендей, ведомство алгач текшерүү пландалып жаткан объектилердин тизмесин сурап, андан кийин катышпай турганын билдирген.

Sputnik агенттигинин кабарчысы менен маек учурунда Ахмеджанова буга колу бошобогону жана кадр тартыштыгы себеп экенин айтты.
Жеткирбей куюу атайын программанын жардамы менен көзөмөлдөнөбү?
Жеткирбей куюу атайын программанын жардамы менен көзөмөлдөнөбү?
Айнура Ахмеджанова билдиргендей, 2016-жылы ИИМ кызматкерлери Мамэкотехинспекция менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында Ысык-Көл облусунудагы май куюучу жайлардын биринин атайын жабдуусун алып койгон. Анын айтымында, ошол кезде чындап эле компьютердик программанын жардамы менен жеткирбей куйса болору аныкталган. Бирок ал иш кандайча аяктаганы белгисиз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган иликтөөнүн жыйынтыгын билүү үчүн Ички иштер министрлигине расмий кат жолдогон. Бирок ведомствонун маалымат кызматы кылмыш ишинин номерин билбей туруп, комментарий бере албасын айтты. Ошондой эле министрликтин бул иш менен алектенген кызматы жоюлганы, ал эми кызматкерлер пенсияга чыгып кеткени белгилүү болду.
"Азыркы технологиялар менен майды жеткирбей куюш үчүн чоң аракеттин кереги жок. Колонкада пломбанын бары-жогу дагы маанилүү эмес. Бардыгы компьютердикпрограмманын жардамы менен жасалат... Мен бул маселени көтөргөм, бирок жыйынтык жок", — деди Ахмеджанова.
Sputnik агенттигинин кабарчысы Россиянын Автоунаа ээлери федерациясынын жетекчиси Сергей Канаев менен байланышты. Ал бир жылдан бери майды жеткирбей куйгандар менен күрөшүп келет. Тилектештери менен биргеликте бир машинаны кайрадан жабдуулап чыгышкан. Тагыраагы, бензин куйчу бакка ченөөчү аппарат орнотушкан.
Канаев дагы май куюучу жайлар өз пайдасы үчүн компьютердик программаны колдонушу мүмкүн деген ойдо. Анын айтымында, факты жүзүндө куюлган майдын көлөмү диспетчердик пункттан жөнгө салынып турат.
"Программаны каалагандай ыңгайлаштырып алса болот. Зарыл болгон учурда май куюучу жумушчу операторго колундагы брелоктун жардамы менен белги берип коет. Атургай айрым станцияларда бензин багын толтуруунун бир нече режими бар. Биринчисинен экинчисине которулуу үчүн 10 гана секунд талап кылынат", — деди федерация жетекчиси.
Бирок ал бул программа боюнча расмий органдардын тастыктоосу жок экенин айтат. Анткени май куюучу жайларда бул программанын бар-жогун эч ким текшербейт, бул тууралуу ага май куюучу станцияда иштегендер өздөрү айтып берген.

Ошондой эле Канаев азыркы текшерүү системасы замандан оголе артта калганын кошумчалады.

Финансы полициясы алдамчылык боюнча шектенип, "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Сотко чейин өндүрүштүн алкагында жыйналган материалдар төргөөгө жөнөтүлөт.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 10 май куюучу жайдан күйүүчү майдын үлгүлөрүн алып, канчалык сапаттуу экенин текшерип көрдүк. Бул тууралуу өзүнчө макала даярдайбыз.
Автор
Максат Элебесов

Фото жана видео
Табылды Кадырбеков, Максат Элебесов, Нурис Алымбаев, Эмил Садыров, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы

Которгон
Бегимай Бакашева

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эркин Алымбеков