Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу
"Фрунзе чүрөгү" кантип тандалган?
Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу
"Фрунзе чүрөгү" кантип тандалган?
1988-жылы Бишкектеги Спорт ордосуна эл жыкжыйма болуп, бут коерго жер калган эмес. Көшөгө артындагы толкунданган жапжаш кыздар көп сыноодок өтмөк, эң татаалы – сахнага купальникчен чыгуу эле.
"Фрунзенин сулуусу" аталууга топ кыздар ат салышкан, алгачкы тандоого үч жүздүн тегерегиндеги катышуучу келген. "Фрунзе сулуусу – 88" сынагынын уюштуруучусу Гүлмира Бектемишева ал убакта сулуулук индустриясынын катаал мыйзамдарынан элдин эч кабары жоктугун эскерет.
"Тандоо туруна бир топ убактыбызды коротуп алдык. Кыздар андай сынак кандай өтөрүн, катышуучулар кандай талаптар менен тандаларын билбеген кез. Психологиялык көйгөйлөрү ачык байкалган кыздар да арбын эле алардын арасында", — деп эскерет Бектемишева.
Катышуучу кыздардын айтымында, андай сынактарга катышуу ошол мезгилде коом тарабынан катуу сынга алынып, сулуу деп табылган селкилер үй-бүлөсүнүн бетине көө жапкан адам катары каралган. "Агезде өзүн жакшынакай деп саноо уят катары кабылданчу" дейт экинчи орунду ээлеген Гүлнара Өмүркулова.
"Манекенщица деген кызмат ал убакта дал өзүндөй болбосо да ушул багытта эмгектенчүмүн. Ошол чакта модель деп кийимдерди элге көрсөткөндөрдү аташчу. Ошондо манекенщицалардын баары сынакка катышууну чечкен, алардын ичинде мен да бар элем. Апам андай чечимим үчүн мени аябай тилдеген, анүстүнө эл алдына купальникчен чыкмакпыз да", — деди ал.
Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн подиумдарында мода көрсөтүп жүргөн тажрыйбалуу манекенщицалардан тышкары кадимки кыздар да сынактын финалына чейин жеткен. Шоунун катышуучусу Татьяна Кучеренко ошол жапырт жетишсиз убакта эл алдына чыгуу үчүн кандай шартта даярданганын эскерди.
"Чачымды чебер чач тарач Ирина Гашинская жасап берген. Ал экөөбүз "Момент" клейин колдонуп, чачыма жалтыраган майда таштарды чаптап чыкканбыз. Сатыкта бир өңчөй купальниктер эле, ошондуктан ойлонуп, фантазия менен кайра бычып, кайра тигип чыгыш керек эле. Мен ийне-темене менен купальнигиме жалтырак жиптен орок-балканы сайып чыккам. Силер байкагандай, кайрат-күчүбүз жетиштүү болчу", — деди Кучеренко.
Сынак Спорт ордосунун сахнасында өткөн. Сүрөтчү Александр Федоров залдагы орун тургай, тепкичтерден бут коерго жер калбаганын эскерет.
"Бүгүнкү күндө сулуулар сынагына катышкан кыздардын жасалгасы эч бир кынтыгы жок, бирок бир аз супсагыраак сезилет. Ал эми ошол мезгилдерде баары жөнөкөй, атургай сахнага да советтик көшөгөлөр илинген. Азыр бардык катышуучулардын бойлору узун, арык. Ал кезде сынакка ар кыл келбеттеги кыздар катышкан. Ошол үчүн сынак элге жакын сезилген", — деди ал.
Азыркы сынактардан "Фрунзе чүрөктөрүнүн" дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү бар эле. Бүгүнкү күндө кыздар үчүн бардык тапшырмалар бир өңчөй: сахнаны бир нече ирет айланып басып, калыстардын жөнөкөй соболдоруна жооп беришет. Кээ-кээде гана сулуулар үчүн акыл таймашын уюштуруп же өз өнөрлөрүн көрсөтүүнү талап кылышат.
1988-жылы кыздардын тыш келбети башкы маселе эмес болчу, мисалы, катышуучулар кызыл чеке болуп мушташкан жигиттерди арачалап же гүлдөрдү топтоп гүлдесте жасоого тийиш эле. Иш-чаранын уюштуруучусу Гүлмира Бектемишованын эскерүүсүнө таянсак, ал тапшырмаларды ойлоп табуу үчүн узакка баш катырышкан.
"Маселен, кече көйнөктөрү тартыш болчу, ошол себептен, биз кыздардан көрүүчүлөрдүн көз алдында өздөрүнө көйнөк даярдоону талап кылдык. Алардын колунда беш метрден кездеме, заколка жана курлар гана бар эле", — деп айтып берди Бектемишева.
Калыстар тобунун курамында ошол убактын бүт чыгармачыл интеллигенциясы - легендарлуу режиссер Геннадий Базаров, советтик кино жылдызы Гүлнара Чокубаева, белгилүү сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакиров бар эле.
Жыйынтыгында үч жеңүүчү: үчүнчү орунга Элмира Кылычева, экинчиге Гүлнара Өмүркулова, ал эми Фрунзенин эң татынасы болуп Валерия Решетникова аныкталган.
"Валерия моделдик ишке абдан ылайык болчу, анын бою өтө узун — 1,8 метр эле. Кийин ал Москвага бүткүл союздук сулуулар сынагына кетти. "СССРдин сүйкүмдүү сулуусу –90" сынагынын биринчи вице-чүрөгү деп аталган. Кийин турмушка чыгып, Таллинге көчүп кеткен", — деди Бектемишева.
Башка жеңүүчүлөрдүн дагы тагдыры белгилүү: Элмира Кылычева бир нече жыл мурун Италияга жер которгон, ал эми Гүлнара Өмүркулова бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап, төрт балалуу болгон. Ушул тапта Бишкекте турат.
"Сынак бүт калаага дүң болгон. Ар ким ар кандай таасирленген: маселен, мага көчөдөн эле бирөө жакын келип, сулуу деле эмес экенимди айтчу. Тескерисинче, башкасына жакчумун. Жеңүүчүлөргө белектер жакшы болчу, мен Германияга жолдомо алгам, Элмира Югославияга барып келген", — дейт ал.
"Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон" татына Татьяна Кучеренко азыр Пензада жашайт. Аталган наамга татыгандыгы үчүн алган хрусталь графини азыр да өзүндө сакталуу.
"Сынактын эртеси биз элге таанымал болуп ойгондук. Көчөдө баратсам аты-жөнүмдөн да эмес, сынактагы катар номерим менен: "Салам, 23! Биз сага күйүп-быштык, — деп кол булгалашчу. - Өзүнчө бир керемет кез эле", — деп эскерди ал.
"Фрунзе чүрөгүндөгү" чоң ийгиликтен кийин Кыргызстанда гана түгүл, бүтүндөй Борбордук Азия боюнча сулуулар сынагы биринин артынан бири өтө баштады. Азыр "Кыргызстан сулуусу" атыгуу үчүн жылына эки ирет ат салышышат, ар бир шаар, университет, ал тургай мектептер да өз чүрөктөрүн тандашат.

Бирок азыркылар баеолук жана ак ниеттүүлүк боюнча дал ошол алгачкы кыргызстандык сулуулук сынагына тең келе албайт, анда кыздар чачтарына жалтырак таштарды "Момент" клейи менен чаптап, кийимдерин жалтырак-жултурак менен өздөрү кооздошкон.
Автор
Асель Минбаева

Фото

Александр Федоров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев