“Теримди тирүүлөй сыйрышкан...”. Баткен коогалаңынын айтылбаган баяндары
1999-2000-жылдардагы коогалаңдын күбөлөрүн таап, баарлашуу үчүн Sputnik Кыргызстандын чыгармачыл тобу Баткен облусунун алыскы айылдарына аттанды. Чындап эмне болгонун ошол каргашаны өз жон териси менен сезгендерден сурап билдик.
Эски тамды көздөй баскан эки жаш анда жашаган кишинин көзүн тазалоого бет алды. Ниети бузуктардын колунда калган Зардалы айылынын тургундары согушкерлер милиционер менен мамлекеттик кызматкерлердин баарын атып өлтүрүшөрүн эбак эле түшүнүшкөн...

Улгайган адам өзүн өлтүрүүгө келишерин күн мурунтан билген эле. Милициянын мурдагы кызматкери баш кесерлердин алдынан жай тосуп чыгат. "Карып калган киши турбайбы!" — деп жиберет согушкерлердин бири. Бир нерселерди айтымыш болуп узап кетишет. Чачын бубак баскан кишини өлтүрүүгө алар даай алышпаптыр.
"Атамды ошондо Кудай сактаган. Ваххабиттер бийлик үчүн иштегендердин баарын атып өлтүрүшкөн. Адамдар бүт бүлөсү менен үй-жайын таштай кача баштаган эле. Бир жашка да толо элек кызым менен эч жакка кете албадым", — деп эскерет Зардалы айылынын жашоочусу Майрам Каримова.
Майрам Каримова
Зардалы айылынын жашоочусу
"Максатыбыз — Каримовдун бийлигин кулатуу!". Согушкерлер кайдан чыккан?
Адегенде тарыхтан баян салалы. 90-жылдардын башында Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов өлкөсүндөгү исламчыл уюмдардын бардыгын куугунтукка алат. Ага каршы баш көтөргөндөр Афганистанга качып чыгат. Бир топ жыл согушкерлердин лагерлеринде машыгып, алар өзбек лидеринен өч алууга кам көрүшкөн.

1996-жылы Өзбекстан ислам кыймылы түзүлгөн. Алар эл аралык террорчул уюмдардын эсебинен кенен-кесир каржыланган. Ал тургай, "Аль-Каиданын" маркум кол башчысы Усама бен-Ладен да бул согушкерлерди акча менен жабдыган деген аңыздар бар. Баткенди басып кирерден мурун алар бир нече миллион доллар жардам алышкан.
Өзбекстан ислам кыймылынын (ӨИК) согушкер отряддары Афганистандан Фергана өрөөнүнө оңой эле өтөбүз деген ойдо болушкан. Алдыда Тажикстан, андан ары Баткен районунун ашууларын ашуу гана калган
Башта террорчулар кыргыз айылдарына кол салууга ниеттенишкен эмес. Афганистандагы лагерлерде узак убакыт машыккан согушкерлер Өзбекстанга кирүүгө ашыккан. Жарандык согуш алоолонуп турган тажик жергесин исламчылар эч тоскоолсуз басып өтүшөт. Тарапташтары күтүп алчу жерге – алар көксөгөн Өзбекстандын Фергана өрөөнүнө аз калган, болгону кыргыз ашууларын гана ашып өтүү зарыл эле.
1999-2000-жылдары Баткен тоолорунда эмне болгонун түшүнүп-билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын видеоинфографикасына бир үңүлүңүз
"Биздин ыйык согуш кыргыз калкына багытталган эмес. Биз каримовдук режимди кулатууну көздөйбүз", — деп айтылган Өзбекстан ислам кыймылынын 1999-жылдын 6-октябрындагы билдирүүсүндө.
Тахир Юлдашев
Өзбекстан ислам кыймылынын лидери
Согушкерлердин кол башчылары ансыз да ички көйгөйүнөн жүдөп турган өлкө бөлөк бирөөлөрдүн күрөшүнө кийлигишпейт деп болжогон. Чакан республика алар басып киргенден алты күн мурун ого бетер чабалдай түшөт, себеби ал жактан россиялык чек арачылар чыгарылган болчу.

Исламчылар расмий Бишкектин алардын талабын четке какканына абдан таң калышса керек. Баткен облусуна өкмөттүн күчтөрү тартыла баштаган...
"Акча бербесеңер, баштары алынат!". Исламчылар барымтага алгандар үчүн кун төлөөнү талап кылышкан
…Зардалы аттуу кыргыз кыштагын каргаша 1999-жылдын 23-июлунда баскан. Адегенде жергиликтүү тургундар исламчыл согушкерлерге чын ыкластан мамиле кылышкан эле, себеби алар ун жана койду жүз долларлык купюраларга сатып ала башташкан.

Бирок бийлик өкүлдөрүн согушкерлер эч аяган эмес. Басып кирген күнү эле кыргызстандык аскерлер чоң катачылык кетирет, эки подполковник, атайын кызматтын өкүлү, ошондой эле Баткен районунун акими барымтага алынат.
Согушкерлер адегенде Зардалы, Жылуу-Суу жана Коргонкыштактарын басып алышкан
Согушкерлер расмий Бишкектен Өзбекстанга өтүүгө жол ачууну талап кылып, ал аткарылбаса, туткунга алынгандар өлтүрүлөт деп коркутушкан. Террорчулар менен сүйлөшүүгө Зардалы айылынын башчысы Акмурза Тагаев жөнөйт.
"Алар кайда жашынып жатышканын биз так билчү эмеспиз. Капчыгайды Зардалы айылынын тургуну Бурхан ака экөөбүз көпкө кездик. Ал мурдараак террорчулар менен жолугуп, атүгүл, аларга кой сатууга да үлгүрүптүр. Бир убакта Бурхан ака ак чүпүрөк алып чыгып, башын чулгоону өтүндү. Көрсө, согушкерлер менен ушундай макулдашыптыр. Эгер ак кездеме байланбай келсе, жанында күч органдарынын өкүлү бар деп билип, дароо атып салышмак экен", — деди Тагаев.
Акмурза Тагаев
Зардалы айылынын башчысы
Айыл башчысы аларды автомат асынган он согушкер капыл-тапыл курчап калганын айтат. Алардын лидери ызырынып, Өзбекстанга өткөрбөй жатканы үчүн кыргыз бийлигин каарып кирет.
"Баса, биздин туткундар бир суткадан бери ачка, түнкүсүн бул аймактарда өтө суук. Эгер аларды тирүү көргүңөр келсе, тамак-аш, жылуу буюмдарды алып келгиле. Эмкиде силер эмес, генералдар келсин", — дейт согушкер.
Сүйлөшүүгө баргандар алардын айткандарын төкпөй-чачпай кыргыз аскерлерине жеткирет. Генералдар террорчуларга баруудан дароо баш тартышкан, аларды да барымтага алып коюшсачы? Зардалылыктар согушкерлерге кайрадан өздөрү эле барат.
"Согушкерлердин бири "эң жогоркуңарга" жеткир деген талап менен скотчко оролгон катты карматат. Дагы жаңы талап коюшат, 200 миң доллар, андан тышкары, 10 кап ун, 10 кой жана 5 кап картошка дешкен. Эгер алып келбесек, барымтадагыларды өлтүрүшөт экен", — деп эскерет Тагаев.
Зардалы айылынын көрүнүшү соңку 20 жылда эч өзгөргөн эмес. 1999-жылы баскынчылар ушундай эле абалында көрүшкөн
Эртеси күнү бандиттер алардын айткандары оюн эмес экенин ишарат кылышат. Штабга алардын колундагы полковниктердин бири бутун сүйрөп басып келет. Биздин аскерлерге жетери менен ал эс-учун жогото кулайт. Мазактагысы келген согушкерлер ага жыртык спорттук бут кийим, самсаалаган кийимдерди кийгизишкен. Ошондой ырайы менен капчыгайды аралай ал 20 чакырым жол баскан экен.

Барымтадан коё берилген ал кишинин колундагы катта эгер террорчулар каалаганын албаса, туткундагылардын баарынын башын кесип, атка жүктөп жиберишери жазылган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кундун өлчөмүн 200 миңден 50 миңге дейре түшүрүшөт. Акча Зардалыга алынып келет. Эми кой менен унду террорчулардын лагерине ким жеткирет деген маселе жаралат.

Акмурза Тагаев бүт айылды топтоп: "Биздин балдарды бошотуу үчүн согушкерлерге кой, ун жеткирүү керк. Дароо эскертейин, бул өтө кооптуу иш. 10 киши зарыл" дейт. Анын чакырыгына зардалылык 50 ыктыярчы үн кошот, бул кыштактын дээрлик бардык эркеги эле. Азык-түлүктү эшектерге жүктөшөт. Кербен акырын тоо тарапты көздөй бет алат...

Террорчулардын лагерине жетери менен айыл башчысына автомат такашат. Согушкерлер акчанын арасынан бир эле жасалма купюра табылса, башы кетерин эскертишет.
Мурдагы айыл башчы Акмурза Тагаев өз мекендештерин туткундан куткаруу максатында согушкерлерди издеп тоого бет алган. Ошол кооптуу "саякаты" эсинен эч кеткис болду
"Алар акчаны эсептегенче бир нече ирет жүрөгүм токтоп калчудай туюлду. Андан соң деле бизге бир нече саат бою мылтыктарын мээлеп турушту. Мага алгач барымтадагылар эбак өлтүрүлүп, бизди жөн гана алдап жатышкандай сезилген эле", — деп үшкүрүнө эскерет ал.
Бирок бир нече сааттан кийин Тагаев тоонун боорунан туткундагылар түшүп келе жатканын байкайт. Алардын кийим-кечесин чечип алып, үстүлөрүнө самтыраган бир нерселерди илишиптир. Өздөрүнүн жигиттерин көргөндө көзүнө жаш тегеренип... Ошентип алар толук куткарылган.
Кыргыз армиясы согушкерлер жашынган тарапты миномет менен аткылашууда
Кийинки окуялар акылга сыйгыс нукта уланган. Бир топ күн бою кыргыз армиясы миномёт жана тик учак менен каршылаштардын лагери жайгашкан болушу мүмкүн деген жерлерди аткылашат. Андан кийин жогорку аскер өкүлдөрү ошол кездеги президент Акаевге түштүк аймагы террорчулардан толук куткарылды деген рапорт берген. Албетте, жергиликтүү тургундар да, биздин аскерлердин көпчүлүгү да согушкерлер эч кайда кетпегенин, болгону тоолордо жашынып алышканын билишкен. Эл согушкерлерден чочулап, жоокерлерден аймактан кетпөөсүн өтүнүшкөн.

Бирок 20-августта кыргыз аскерлери Баткен облусунун тоолорунан кете баштаган, эртеси эле согушкерлер биздин айылды басып кирет. Бул катачылыгы үчүн ал убактагы коргоо министри Мырзакан Субанов дароо кызматтан алынган.
Милиционер кул болуудан баш тартып набыт болгон. Туткунга алынган айылдагы турмуш
Зардалыда жашоо кескин өзгөргөн. Экстремисттер мамлекеттик кызматкерлер менен милиционерлерди ырайымсыздык менен өлтүрө баштаган. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары дароо атып өлтүрүлгөн. Айылдыктар жаш милиционер Касымбек Шадыбековдун жырткычтык менен өлтүрүлүшүн азыр да үрөйлөрү учуп эскеришет.
ӨИК согушкерлери тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлгөн милиционер Касымбек Шадыбековдун саналуу сүрөттөрүнүн бири
Согушкерлер туткундалган милиционердин формасын чечип, тамтыгы кеткен кийимди кийгизип: "Сен биздин кулубуз болосуң. Бар, суу алып кел!" – деп буюрушат. Ошондо кыргызстандык милиционер түздөнө баскынчылардын көзүнө тике карап: "Силердей айбандарга кул болбойм! Эч качан! Мен өз өлкөмө ант бергем!" – дейт.

Милициянын жаш кызматкерин аёосуз жазалашкан, артынан башын алууга аракет кылышат. Жаны үзүлө электе аны көмкөрөсүнөн чуңкурга ташташат. Согушкерлердин бири аны атып салмайынча, бир топко чейин жаны аябай кыйналган экен. Касымбектин сөөгү Баткен коогалаңынан бир нече айдан кийин табылды...
Экстремисттер Зардалыдагы мечитти өздөрүнүн штабына айландырышкан. Жоокерлер кыштакты алардан куткаргандан кийин колдонулган бир топ шприц табышкан. Кыязы, согушкерлер баңгизатын пайдаланышкан өңдөнөт
Согушкерлер Зардалыга кирип келишкенде алар айыл башчы Акмурза Тагаевдин изине түшүшкөн. Аны жашырууга аракет кылгандардын көзү тазаланарын айтып коркутушкан. Акмурза ага өзүн бир улгайган апа сактап калганын эскерет.
"Алар мени ар кай жакты тинтий издешкен. Бир кемпирдин үйүнө чуркап кирдим, коркконумдан ага жагдайды жарытарлык да түшүндүрө албадым, согушкерлер өтө эле жакындап калган. Ал мени килемге орой коюп, үстүнө отуруп алды. Андан: "кетип кала көрбөңүз" деп гана сурандым. Террористтер келгенде: "Силердин мусулмандыгыңар кайсы? Мусулмандар элге ушундай кыянаттык кылабы?" – деп кыйкыра баштады кемпир. Тигилер ага эч нерсе кылышпады. Түн жамына гана ал үйдөн чыккам", — дейт Тагаев.
Акмурза Тагаев
Зардалы айылынын башчысы
Террорчулар жаңы тартип киргизип, штабы катары жергиликтүү мечитти ээлешкен. Мындан ары ар бир тургун намазга жыгылсын деп буйрук беришкен. Зардалынын жашоочулары айрымдар сүрөөлөрдү билбегени байкалып калбасын деп чочулай, өздөрүн анык мусулмандай көрсөтүүгө тырышканын эстешет.

Ошондой эле коменданттык саат киргизилген: күүгүм тарткандан баштап үйдөн чыгууга тыюу салынган. Согушкерлердин кол башчысы дароо эле Зардалынын жаш тургундарына айылдан чыгып кетишин буюрган. Бул буйругу менен ал калкка кам көрүп жаткандай көрүнгүсү келгенин айтышат күбөлөр.
"Айылда жаш кыздар, балдар көп экен. 70 желдетим бар, ар бири үчүн жооп бере албайм. Ач кулактан тынч кулак, жаштар бул жактан кетип калышсын", — деп буюрган ал.
Экстремисттерден коргоно эл өз конуштарын таштай качышкан. Ошол каргашалуу убактын күбөлөрү айрым үйлөрдө дасторкон жазылган бойдон калганын эскеришет
Баткен окуясынын ардагери Чолпонбек Жээналиев согушкерлердин кыргыз жергесиндеги кылыктарын иренжий эскерет. Террористтерди ыйман жолундагы мусулман деп да атоого тил барбайт.
"Согушкерлер исламга жамына халифат курууну көздөшкөн. Бирок ошол адам сөрөйлөр мусулман көрүстөнүн кандай мазактаганын өз көзүм менен көрдүм. Тосмолорду сындырып, айрымдары көрүстөндө заңдап кетишкен. Мусулман киши кантип ошондой пастыкка барсын? Жеткен шүмшүк гана көрүстөнгө кол салар", — дейт аскер.
Чолпонбек Жээналиев
Баткен окуясынын ардагери
Баскынчыларга ошол убактагы Ички иштер министрлигинин Баткен районундагы Курама отрядынын жетекчиси, генерал Шейшенбек Байзаков таамай мүнөздөмө берет.
"Аларды бандиттик түзүмдөр деп көркөмдөп атап коюшкан. Ала кушту атынан аташ керек, алар азгын, элден чыгып калгандар эле. Маселен, алардын башчыларынын бири Ферганада жергиликтүү милиция кызматкерин өлтүрүп, башын алып, анын дарбазасына илип койгон. Арасында биздин жарандар да болгон, мисалы, мамлекеттен ун уурдап соттолгон үч бир тууган. Алар эки кыргыз кыштагынан 450 топозду Тажикстанга айдап өтүшкөн. Элдин акыркы оокатын тартып алышкан", — деп белгилейт генерал.
Шейшенбек Байзаков
генерал-майор
"Тирүүлөй теримди сыйрышкан". Согушкерлер жаңы туткундарды кантип алган?
24-августта өкмөттүк күчтөр кайрадан Баткендин капчыгайларына кайтат. Аскерлердин аракетинен майнап чыкпайт. Генералдын өзү колго түшөт! Анарбек Шамкеев япон геологдорунун лагерине барат. Алардын спутник байланышы бар экенин билген, андай техника биздин аскерлердин түшүнө да кире элек кез. Экстремисттер кол салган убакта унаада Шамкеев айдоочусу, байланышчы менен бирге эле.

Кол салгандарды генерал Шамкеев гана кызыктырган, байланышчыны дароо атып салышкан. Айдоочуну бир Кудай сактаган. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда ал машинанын алдына кире качып, алдына жармаша жашынып калат. Бандиттер автомат менен жерди аткылай, баалуу туткунду кармап, тез эле из жашырышкан...
Жергиликтүү тургундардын айтымында, генерал Шамкеевди дал ушул жерден кармап кетишкен. Андан ат чабым ыраакта япон геолог чалгынчыларынын лагери жайгашкан эле, алар да туткунга түшкөн
Генералды Япониядан келген төрт геолог менен бирге кармашкан. Төрт күндөн соң дагы 9 милиционерди туткунга алышкан. Барымтадагыларды исламчылар дегеле аяшкан эмес...

Жаңыбай Кадыров ошол туткундардын арасында болгон. Мурдагы милиционер исламчылардын колунда 56 күн жүргөнүн айтып берди.
Мурдагы милиционер Жаңыбай Кадыров ошондогу башынан өткөргөн коркунучтуу күндөрдөн алигиче тирдене элек. Ал согушкерлердин колунда эки айча туткунда калган
"Чөнтөгүндө болгону 8 патрону бар 9 милиционерди согушкерлерге эмнеге жөнөтүшкөнүн алигүнчө түшүнө албайм. Бизди түндө колго түшүрүштү, көз ачып-жумганча болду баары, биз эмне болгонун түшүнүүгө да үлгүрбөй калдык", — деп эскерет Жаңыбай.
Жаңыбай Кадыров
мурдагы милиционер
Ал моджахеддер милиционерлерди кантип мазактаганын төкпөй-чачпай айтып берди, согушкерлер мамлекеттик кызматкерлерди жек көрүшкөн.
"Буттарымды өйдө каратып, башымды ылдый салаалатып бакка асып коюшту. Бычактын мизин мойнума узакка чейин такашты. Башымдагы ушул тырыкты көрдүңүзбү? Согушкерлердин бири теримди тирүүлөй сыйрууга аракет кылган. Мамлекеттен акча алуу — арам иш экенин кайра-кайра кайталашчу", — деп эскерет эски милиционер.
Жаңыбай туткундан бошотулуп келгенден кийин деле бүлөсү башынан көптү өткөрдү, үйдүн кожоюну сыртка чыккандан чочулап, өзүнөн өзү дүрбөлөңгө түшүп, коркунуч басчу болгон
Кадыров бир ай бою сыз тоо үңкүрлөрүндө кармалып турушканын айтат. Күн куру эмес сабашчу, согушкерлер жандуу "оюнчуктардан" кыя өтө алышчу эмес. Алар жөн эле көңүл ачуу үчүн гана туткундагыларды улам шылдыңдашкан.
"Колу-бутубуз бош коюлбайт, дайым байлануу. Башыбызды да өйдө көтөрүүгө тыюу салышкан, уктап калган колу-бутубузду чоюп алууга аракеттенсек эле согушкерлер автомат менен жерди аткылап киришчү. Эптеген эле тамак беришчү: күн сайын 9 эркек кишиге эки ууч катыган нан! Аны ар бирибизге экиден нан тийгидей кылып бөлүштүрчүмүн. Эгер кимдир бирөөбүзгө чоңураак тилим тийип калса, эртеси күнү ал эң кичирээгин алчу", — дейт ошондо туткунда калган мекендешибиз.
Барымтадагыларды улам бир жерден башка жакка айдашкан. Жаңыбай согушкерлердин дагы бир жосунсуз эрмегин эскерет, туткундардын басыгы жайлап калса эле, алардын эки бутунун ортосуна автоматты коюп атышкан, ал ок ачкан сайын аланы аябай оорутуп турган.
"Бизди генерал Шамкеев жана төрт япон геолог чалгынчы кармалып турган Зардалыга алып келишти. Ар кай жакка жайгаштырышты, алар үйдө, биз ат сарайдабыз. Кантсе да үңкүрдөн кийин сарай бизге беш жылдыздуу мейманканадай эле сезилген", — деп баяндайт ал.
Исламчылар бардыгын, ал тургай, япондорду да намазга жыгылууга мажбурлаган. Туткунда калган жараныбыз согушкерлердин өздөрү да дин боюнча көп талашып-тартышканын эстейт, айтымында, алар исламдын ар кандай агымын карманышкан. Баса, алардын ортосунда улуттар аралык жаңжал да улам тутанып турган.

Бара-бара туткундагыларга өлкөдө алардын тагдыры эч кимди түйшөлтпөгөндөй туюлчу болгон. Убакыт узаргандан узарат. Артынан издеп, куткарууга келишеринен түңүлө башташкан. Ошол убакта барымтадагыларды куткаруу үчүн бийлик аргасы түгөнө жол издеп жатканынан алардын кайдан кабары болсун?
"Кабулда мага өлүм өкүмү чыккан". Туткундагыларды куткаруу тарыхы
Аларды бошотууга парламенттин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун салымы чоң. Террорчуларга байланышуу үчүн ал Афганистанга аттанууга аргасыз болгон. Талибан элчиси менен кыргызстандык парламентарий Дубайда кезиккен.
"Ким менен кезигүү кызыктырганын айтканымда ал ачуулана Афганистанда террористтер жок деп кыйкырып кирди. Намазды биргеликте окуйлу дедим, элчи макул болду... Натыйжада ал мага жашыруун рейс менен Кабулга учууну сунуштады", — деп эскерет Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу
парламенттин мурдагы депутаты
Барымтадагыларды куткаруу үчүн Жогорку Кеңештин ошол убактагы депутаты Турсунбай Бакир уулу Афганистанга учууга аргасыз болгон
Жогорку даражалуу жүргүнчүлөр чек ара көзөмөлүнөн өтүшпөдү, аларды документ да сурабастан учактын трампына чейин алып келишти. Салондогу борт коштоочу да узун сакалдуу экен.
"Көккө көтөрүлгөн маалда учак эмнеге мынча ылдый учуп баратканын сурадым. Башка жүргүнчүлөр бул аргасыз чара экенин, эгер өйдөрөөк оболонсок, анда НАТОнун ракеталары атып түшүрөрүн айтышты", — деп баян салат ал.
Аэропортто жогорку даражалуу жүргүнчүлөрдү Jeep унаалары менен пулемётчон кишилер тосуп алды. Ар бурчта кара желектер желбирейт. Кечке маал кыргызстандык депутат жайгашкан мейманкананы кишилер тегеректей, аны менен Өзбекстан ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев жолугууну каалаганын айтышат.

Сүйлөшүүлөр он күндөй жүрөт. Исламчылардын лидери кайра эле аткарууга мүмкүн болбогон — террорчуларды Өзбекстанга өткөрүү талабын коёт. Он күнгө созулган сүйлөшүүлөр кайрадан туңгуюкка такалат.
"Стандарттык дипломатиялык ыкмаларды пайдалануу алар менен сүйлөшүүдө эч кандай майнап бербей турганын билдим. Алар менен Курандын тилинде сүйлөшүш керек болчу. Динден мисал келтирип, алардын талаптары эмнеге негизсиз экенин кайра-кайра түшүндүрүп жаттым", — дейт ортомчу.
Турсунбай Бакир уулуна сакалынын өтө кыскалыгынан улам Кабулду кыдырууга тыюу салынган. Эгер кыргызстандык ал эрежени этибарга албай койсо, сакалы өскөнчө 45 күнгө зынданга салынмак.
Кабулда кыргызстандык парламентарий бир нече жолу өлүмдөн калган. Маселен, сакалынын алардыкынан кыскалыгы үчүн деле камап коюшмак
Депутат ошол күнү Кабулдан учак менен кетмек, бирок аны дал аэропортто кармашкан. Талибдер бул сүйлөшүүлөрдөн эч кимдин кабары жок деген ишенимде болушат, бирок Бакир уулунун Афганистанга болгон сапары боюнча бардык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып кетет. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев журналисттерге барымтадагыларды куткаруу аракети боюнча кенен айтып берген экен.
"Мени байлап коюшту, өлтүрө тургандарын айтышты. Афган атайын кызматтарынын өкүлү мени келесоо деп келекеледи. Биздин сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан убакта Баткен тоолорундагы согушкерлерди учак менен аткылоого камынып калышкан экен, буга Тахир Юлдашев аябай ачууланды. Бишкекке, Улуттук коопсуздук министрине телефон чалдым. Ал киши учактар Кыргызстандыкы эмес, өзбек тарапка таандык экенин айтып, бир жолун таап качып чыгууга кеңеш берди", — деп эскерет саясатчы.
Качып чыгууга мүмкүн эмес эле, депутатты катуу кайтарышкан. Мекендешибизди Япониядагы журналисттер куткарган. Алар террорчулардын колунда төрт геолог чалгынчы туткунда экенин байма-бай чагылдырып турушкан. Алардын макалаларынан улам Өзбекстан авиациясы Кыргызстандан узаган. Ошентип Турсунбай Бакир уулу да Афганистандан аман чыгат.

Кыргыз ЖМКлары Япония өкмөтү согушкерлерге 5 миллион АКШ долларын төлөп берүүгө макул болгонун жазышкан. Ошентсе да расмий Токио бул маалымат боюнча ак же көк деген да эмес.

Шай оодарган сүйлөшүүлөрдөн кийин Тахир Юлдашев беш туткунду бошотууга макул болгон. Турсунбай Бакир уулу туткундар кармалып турган Баткенге жөнөйт.
Япон геолог чалгынчыларынын туткундан бошотулгандан кийинки биринчи кечки тамагы
"Генерал Шамкеев согушкерлерге экөөбүз жакын дос экенибизди айтыптыр, бирок биз эч качан көрүшкөн да эмеспиз. Ошентсе да согушкерлер экөөбүздүн "достугубуздан" шектенбеши керек болчу. Мени көрүп эле генерал көзүнө жаш ала: "Туке!" – деп кыйкырды. Ошол эле күнү аны бошотуп кетүүмдү өтүндү", — дейт мурунку депутат.
Генералдын өтүнүчү президент Акаевдин биринчи кезекте жогорку даражадагы аткаминер жана чет өлкөлүктөрдү куткаруу талабына карабастан, аткарылган жок. Турсунбай Бакир уулу өз алдынча чечим кабыл алат. "Маанилүү" туткундар куткарылгандан кийин карапайым милиционерлер унуткарыларын билген. Ошентип барымтадагылардын баары бошотулган.

Ушул күнгө дейре аларды куткарууга бөлүнгөн япон өкмөтүнүн 5 миллион доллары тууралуу ар кыл божомолдор айтылат. Согушкерлерге акча жеткен эмес деген да аңыздар жок эмес, жогорку даражадагы аткаминерлердин бири ал акчаны энчилеп алган имиш.

Туткунга алынгандар күздүн орто ченинде, тагыраагы, 19-октябрда бошотулган. Ошол эле убакта жай бою согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда аёосуз согуш жүргөн.
Кыргыз кыштагындагы кандуу окуя. Кечирилгис катанын чоо-жайы
29-августта Кара-Тейит айылынын тургуну Абдилазиз Сулайманов керээли-кечке талаада жүрүп, кечке маал үйүнө кайтат. Тамдын кулпусун алмаштырышы керек эле, ага бардык куралдарын чогултуп, ишке киришет. Абдилазиз ыраактан 34 жаштагы аялынын чакадагы ысык суу менен арык тарапка баратканын байкайт.
"Кызыңды жуунтканы баратам!" — деп жылмайган жубайы.
Өзбекстандын Куралдуу аба күчтөрүнүн учактары жаңылыштык менен Кара-Тейит кыргыз кыштагын соккуга алган. Натыйжада төрт киши набыт болгон
Алты жашар Урмат Абдилазиздин эң сүймөнчүк кызы эле. Ал кулпуну оңдоону улантат… Күтүүсүздөн жарылуу болуп, Абдилазиздин кулагы туна түшөт. Дендароо абалда бозала чаң болгон жүзүн жууганы арыкка жетет. Бирок суу негедир кызгылтым түстө эле...

Эки жагын карап, көргөн көзүнө ишене албады: өзүнөн бир нече метр нары жакта таанылгыс болуп калган эки адамдын сөөгү жатат. Бул жубайы менен кызы эле...

Абдилазиз эс-учун билбей эле жакындарына ашыгып барды, бирок кеч болуп калыптыр, эбак жан беришкен экен. Алардын сөөгүн жерден аяр ала үйгө жакын көтөрүп барды. Кайдагы үй, анын деле урандысы калыптыр. Кызы менен аялынын сөөгүн кийизге оройт.

Абдилазиз бир убакта калган чүрпөлөрү карап турганын байкады. Үйүн бомбалап кеткен учак кайра кайтышы ыктымал деген ойдон чочулап, үч баласын көтөрө, айылдан качып жөнөйт.

Эки баласын колуна алып, үчүнчүсүн – эң кенжесин мойнуна отургузган. Тээтигинде, жардын боорунан ага милиционерлер кол булгалайт.
"Тезирээк биз жакка! Учак кайра айланып келе жатат!", — деп кыйкырды алар.
Абдилазиз баш калкалар жерге болгон күчүн жыйнай чуркады, бирок көтөргөнү үч баласы. Ошондо милиционерлердин бири далдоодон чыгып, ага жардамдашат. Эң кенжесин алып, кайра жар тарапты көздөй чуркайт.
Абдилазиз Сулайманов ошол бомбалоодон аялы менен кичкинтай кызынан ажыраган
Учактын күүсүн кулагы чалат. Абдулазиз далдоого чейин чуркап жете албасын аңдайт. Ошондо балдарын жерге жаткыра, аларды өз денеси менен калкалайт…

Учак алыстаган маалда кенже баласын куткарууга чуркаган жанагы милиционердин курсагы жарылганын көрөт...
Абдилазиздин уулу өз үйүнүн урандысында отуруп, сүрөтчүнүн өтүнүчү менен сүрөткө түшүүдө
1999-жылдын 29-августунда эмне болгону алигүнчө так белгисиз. Өзбекстандын аба күчтөрүнүн эки учагы Кара-Тейит кыштагына ондонгон аба бомбасын таштаган. Экинчи айлангандарында полковник Мурзали Бөрүбаевдин командачылыгы менен кыргыз замбирекчилери учактарга ок аткан. Эч кандай жабыркабастан алар Кыргызстандын аба мейкиндигинен узап кетишкен.
Бомбалоодон төрт киши каза таап, отуздан ашуун жаран жаракат алып, 20 чакты үй талкаланган. Ошондо эмнеге өзбек тарап согушкерлерди эмес, жай жарандарды бомбалаганы кеңири коомчулукка алигүнчө табышмак. Учкучтарда жаңылыш координаттар болгону гана айдан ачык.
Талкаланган тамдардын ордун айылдын жашоочулары мал кашаага айландырышкан
Тажрыйбалуу учкуч, полковник Сергей Соломатовдун айтымында, баары бир кырсыктын алдын алууга пилоттордун чамасы келбейт болчу.
"Андай бийиктиктен сен баары бир алдыңда согушкерлер же калк жашаган айыл бар экенин көрбөйсүң. Исламчылардын лагерине чабуул жасоо буйругун беришкен бир жолу. Айтылган жерге жеттик, бомба таштоого даяр элек, анан сигналды — кызыл ракетаны байкап калдык. Көрсө, ал аймакты андан мурун биздин күчтөр ээлептир, бизге ал туурасында эч ким билдирген эмес", — дейт учкуч.
Мурдагы президент Аскар Акаевдин буйругу менен курулган үйлөр азыркыга чейин турат. Жергиликтүү тургундар аларды кыш менен оңдоп алышкан
Кара-Тейит айылында бомбалоодон кийин иш кызып, эл талкаланган тамдарын курууга ашыккан. Курулуш аяктаган убакта ал жакка президент Аскар Акаев өзү барат. Ошондо Абдилазиз мамлекеттин ал убактагы башчысынын жанына келип: "Эми мен кантип жашайм?" – деп суроо салган. Акаев үндөгөн эмес.
"Бузулуп кеткен тушенка беришчү". Өкмөттүк күчтөрдүн көргөн күнү
Согушкерлер техниканын эң соңку үлгүлөрү менен жабдылган. Заманбап үн тыңдагычтар менен алар өкмөттүк күчтөрдүн ар бир кыймылын сопсонун билишкен.
"Алардын жабдыктарынын баасы менин бир жылдык маянама тең эле. Ал убакта биз айына 500 сом алчубуз", — деп эскерет ошондогу туткундардын бири, милиционер Жаңыбай Кадыров.
Жаңыбай Кадыров
мурдагы милиционер
Биздин армия абдан кыйналды. Президент Аскар Акаев Кыргызстанды армиясыз, "экинчи Швейцарияга" айлантарын кайра-кайра кайталачу. Депутаттар трибунадан аскер күчтөрүнө кеткен чыгымды кыскартуу демилгесин улам көтөрүп калышчу. Анда Кыргызстандын башына Баткен окуясындай мүшкүл түшпөчүдөй туюлчу.

Мунун баары барып-барып армиябызга таасир этти, ал андай коогалаңды жөнгө салууга таптакыр даяр эмес экен. Мамлекет жадагалса, жоокерлерин тамак-аш менен камсыздай алган эмес.
Кыргызстанга согушкерлер басып киргенче көп саясатчылар жаш республикага армиянын зарылдыгы жок деп болжошкон. Натыйжада өлкө Баткен коогалаңына таптакыр даярсыз болуп чыкты
"Бир машина консерва жүктөп келишти бизге. Карасам, бардык банкалар көөп турат. Жоокерлерди эмнеге бузулуп кеткенин алып келесиңер деп тилдеп киргем. Көрсө кампа эскирип кеткен консерваларга толуп калыптыр. Өзүм да бир нече ирет ууландым ал тушенкадан, андан кийин жетекчилик менен катуу айтыштык", — деп эскерет полковник Орозбай Колубаев.
Орозбай Колубаев
эскерет полковник
Аскерлерге бүт өлкө билек түрө көмөктөшө баштаган ошондо. Кыргызстандын ар жеринде жылуу кийим-кече, тамак-аш, акча топтоо пункттары ачылган. "Вечерний Бишкек" гезитине жарыяланган Т.Барсукова аттуу жарандын катын окудук.
"Баткенге мен да жардам бергим келет. Бирок акчам жок. Бир нече көйнөк, шым же балдардын курткасын тигип бере алам. Тынчтык, сүйүү үчүн бул менин кымындай салымым болсун. Балдар жылып калышсын, Баткен качкындарына жеткирүү үчүн кийим-кечени кайда тапшыруу керек?" — деген суроо менен кайрылган бишкектик тургун.
Тамеки чыгаруучу бир ишкана Баткенге аябай көп тамеки жөнөткөнү туурасында да кеп жүргөн. Болгону ал белек белгисиз себептер менен жоокерлерге жетпей эле жергиликтүү дүкөнчүлөрдүн текчелеринде сатыла баштаган...

Көптөгөн тажрыйбалуу аскер кызматкерлери өз кесиптештеринин кесипкөйлүктөн артта калганын белгилешет. Бир тобу погондорун "тааныш-билиштик" менен алгандыктан, аскердик аракеттер эмне экенин билбегендер да болгон. Офицерлердин көбү өмүрүндө колуна курал кармап көрбөгөндөр эле.

Баткен окуясынын катышуучусу Чолпонбек Жээналиев офицерлердин алгачкы жыйынын унута элек.
Армияга ыктыярчылар: спортчулар, мергенчилер, Афганистандагы согуш ардагерлери да жардамга келишкен
"Бөлмөгө батальондун командири кирип келди, баары жайбаракат отурушат, алардын эч бири чини жогору аскер менен кантип учурашуу керектигин эстешкен жок. Ошондо ордумдан туруп: "Офицер мырзалар, ордубуздан турабыз!" – деген команда бердим. Себеби кабинетте аскерлер гана эмес, мугалимдер, малчылар, инженерлер да отурган. Алар алдыда эмне күтөрүн элестете дагы алышкан эмес...
Бардык кем-карчына карабастан өкмөттүк күчтөр баары бир согушкерлерди сүрүп чыгарышкан. Августта Баткен тоолорунда миңдин тегерегинде исламчы согушкан. Айылдардын жашоочулары жоокерлерди өз куткаруучуларындай эле тосуп алган.
"Эл согушкерлерден өтө кооптонгон. Зардалыны кантип бошотконубуз эсимде. Жергиликтүү тургундар алды-артын карабай качышкан. "Кайда качып баратасыңар? Биз келдик го!" – деп таң калгам. Эми эч качан ал жакта жашабай тургандарын айтышкан", — деп баяндайт Орозбай Колубаев.
Баткенге 4000 качкын барган, стадиондо жайгашууга аргасыз эле. Курал көтөрө чыккан ыктыярчылардын — Афганистан согушунун ардагерлери, аңчылар, спортчулардын саны арбыган.

1999-жылдын 17-сентябрында согушкерлер катуу чабуулга өткөн. 150 чакты исламчы Сырт блокпостуна кол салган, аларга болгону 30 жоокер, сержанттар каршылык көрсөткөн. Ошол салгылашта 20 согушкерди, эң башкысы, алардын ичинде кыргыз жоокерлери өзгөчө кооптуу террорчу Абдували Юлдашевди жок кылышкан.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, дал ушул жерде өзгөчө кооптуу террорчу Абдували Юлдашев жок кылынган.Согушкерлер кол башчысынын сөөгүн алууну көздөп, кыргызстандык аскерлерге болгон күчү менен чабуул койгон
Криминалдык чөйрөдө ал "Манжасыз Абдулазиз" деген каймана ат менен таанылган, согушкердин үч манжасы жок эле. Мекени Өзбекстанда ал эки милиционерди өлтүргөндүгү үчүн бир топ жылдан бери издөөдө жүргөн. Абдували өзбек абактарында анын атасы, жубайы, бир туугандары жазасын өтөп жатышканын сыймык менен айтчу.

Бирок ошол жеңиш жети кыргызстандыктын өмүрүн алды. Учкуч, полковник Сергей Соломатов ошол күндөрү согуш майданынан окко учкандардын сөөгүн ташыган. "Жүк-200" менен тик учак бир калктуу пункттан экинчисине жетүүгө далбастаганын унутпайт, чоң муздаткычы бар морго табылбай коёт...
"Ошко учууга аргасыз болдук. Ага чейин маркумдардын сөөгү көпкө туруп калган... Оштогу диспетчерлер кимдердин сөөгүн алып баратканыбызды укканда "бул биздин балдар, майлуусуулук баатырлар" деп күйпөлөктөп калышты. Бүт бригада тикесинен тик турду. Тек гана бир полковник боюнча жагымсыз пикирде калгам. Андан тик учакты жууп чыгуу үчүн эки жоокер менен хлор берүүсүн сурандым. Биз көпкө учтук, кандай жыт каңырсыганын түшүнөт чыгарсыздар. Ал мурдун чүйрүй, эмнеге өзүбүз жууй албай турганыбызды шылдыңдай сурады. Мурундан ары бир койгум келген эле ошондо аны", — деп эскерет учкуч.
Кандуу салгылаш болгон жерге Мекен үчүн шейит кеткен жети кыргызстандык жоокерге эстелик орнотулган
Кыргыз жоокерлерине авиация жардамга келген. Бара-бара согушкерлер күчтөн тая баштаган. Айыгышкыс салгылашууга карабастан, басып алган айылдардын улам бирин таштап кете башташкан.

22-ноябрда мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнүн түштүгү куткарылганын жар салган.
"Аскердик күч жана катуу кысымга туруштук бере албаган бандиттер маскара болуп Тажикстандын тоо кыркалары көздөй бет алып, андан ары Афганистанга сүрүп чыгарылды", — деп билдирет ал.
Мамлекет башчысы да, аскердик аткаминерлер да али эч нерсе аягына чыга электигин билишкен...
Снайперлер көңүл ачуу үчүн гана жоокерлерге ок аткан. Жаңы жортуулдун жүрүшү
Бир жылдан кийин Кыргызстанда кырдаал таң каларлык багытта өзгөрө баштаган. Армияга көбүрөөк көңүл бурулуп, өлкө президенти Аскар Акаев аскердик окууларга өзү катышкан. 1999-жылдын күзүндө республиканын түштүгүндө чек арачылар пайда болгон. Алардын баары бекер коюлбаптыр...

Августтун башында кыргыз-тажик чек арасынын аймагына жүздөгөн согушкерлер агыла баштайт. 11-августта кичинекей Мазар калктуу пунктунда салгылашуу башталган.

Жүз чакты экстремист кыргызстандык блокпостко кол салат. Согушкерлер жоокерлерди капыстан басып, ырайымсыздык менен өлтүрүшкөн.
"Исламчылардын арасында снайперлер болгону айтылат. Жоокер балдарды эрмектей бирде чекеге, бирде аласына, бирде жүрөккө мээлей атышкан", — деп эскерет полковник Орозбай Колубаев.
Орозбай Колубаев
эскерет полковник
Майор Жылдызбек башка аскерлер менен бирге жардамга жөнөгөн. Капчыгайда жоокерлер тузакка түшкөн, көзгө атар дароо командирди атып өлтүрөт. Бир нече кыргызстандыктын өлүмүнөн соң башка аскерлер чегинүүгө аргасыз болгон.
Кыргыз армиясынын жоокерлери баскынчылар менен салгылашууда
Бирок көп өтпөй өч алышты. Адегенде согушкерлердин тобу капитан Петр Жарковго кабылат. Кыргызстандык чек арачылар аларга дароо ок ачат. Александр Тарандын тобу менен бирге биздин жоокерлер исламчыларга граната ыргытышат. Аскерлерге атайын багыттагы "Скорпион" көмөккө келген.

Кийинчерээк согуш талаасынан ондогон согушкерлердин сөөгүн эсептеп чыгышкан. Кыргызстан тараптан 15 киши набыт болгон. Бир апта аралыгында экстремисттер өлкөнүн булуң-бурчуна сүңгүүгө аракет кылган, бирок биздин аскердик күчтөр алардын мизин кайтарган.
Тасма тартылган окуя. Америкалыктар да туткунга түшкөн
Сан-Францискодон келген төрт жаш альпинист Баткенге туристтик жолдомо менен келишкен. Алар эң кооптуу маалда келип, тоого да коштоочусуз чыгышат. Террорчулар үч жаш жигитти, бир турист кызды көрүп калып, аларды аткылап жатып ылдый түшүрүшкөн.

Чет элдиктерди туткунга алуу согушкерлерге жага бербей калган, ири өлчөмдө кун талап кылууга болмок да. Бирок колго түшкөн альпинисттер өздөрү качып кутулган. Алардын баяны боюнча китеп жазылып, тасма тартылган. Туткундан бошонгон туристтер согушкерлердин бирин жардан ары түртө качышканын баяндашкан.
Америкалык альпинисттер менен өзгөчө чиеленишкен окуя. Алар туткундан кантип кутулганы боюнча алигүнчө так маалымат жок
Бирок биздин жоокерлер акыры ошол "өлтүрүлгөн" исламчыны кармашкан. Ысымы Равшан Шарипов болчу. Айтмакчы, колго түшүргөн маалда ал нан жабууга камыр жууруп жаткан экен, камыр жабышкан колуна кишен тагылган. Айтымында, ошол күнү ал туткундарды жалгыз кайтарган.
"Турист кыз менен шыңга бойлуу америкалыкты Сабыр кайтармак. Бирок ошол таңда ал азык-түлүк алыш үчүн чыгып, көпкө кармалды. Суу ичким келди, туткундагылардын бири мага суу куюлган идишин сунду. Бир сааттан кийин эс-учумду жоготупмун. Адегенде мени ууландырышты деп ойлогом. Эсиме келгенде туткундагылар качып кеткенин түшүндүм", — дейт колго түшкөн согушкер.
Тергөөчүлөрдүн баамында, Шариповго эч ким эч нерсе ичирген эмес, ал өзү эле уйкуга кеткен. Америкалыктар кыргыз тоо кыркаларында беш күн адашып жүрүшкөн. Чарчап-чаалыккан туристтер кыргыз блокпостуна туш келишет. Аскерлер төрт америкалыктын ушунчалык ач болушканын, эч нерсеге карабай жанталашып тамак жеп киришкенин эскеришет.
Армия менен элдин жеңиши. Баскынчыларды кантип кууп чыгышкан?
"Кармалган согушкерлердин көрсөтмөсү боюнча кандуу согуш тутантууга быйыл экстремисттердин лидерлери 2 миллион доллар бөлгөн. "Ислам желдеттерин" укмуш жабдышкан, ар биринин колунда четтен келген радиостанция бар, ай сайын экстремисттерге орточо 500 доллардан төлөнөт", — деп билдирген ошол убактагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков басма сөз жыйынында.
Болот Жанузаков
Коопсуздук кеңешинин катчысы
Ошондой болгону менен күзгө жуук алар алсыздана түшкөн. Согушкерлер үч тарапка каршылык көрсөтүүгө аргасыз болушкан, аларды бир убакта кыргыз, өзбек жана тажик аскердик күчтөрү кысымга алган. Согушкерлерде жоготуу көп болуп, дары-дармек, азык-түлүк жана ок-дарынын тартыштыгы чыгат.

ӨИК жол башчысы Тахир Юлдашевдин катуу жарадар болгону боюнча имиштер айтыла баштаган. Кийинчерээк Юлдашев талибдерге кошулуп кеткен. Террорист андан туура он жылдан кийин, тагыраагы, 2009-жылы гана америкалык учкучсуз учактын ракеталык соккусуна кабылып каза тапкан.
Снайпер жайнаган журналисттердин алдында сүрөткө түшүүдө. Баткен коогалаңы убагында жаңжал чыккан аймакка ЖМК өкүлдөрү көп келген
Ал окуяларга катар эле Кыргызстанда аскердик күчтөр аймакты согушкерлерден арылтууну уланткан. Көктө тик учактар айланып, экстремисттер жайгашкан жерлерди бомбалашкан. Өкмөттүк күчтөргө жергиликтүү тургундар жардамын аяшкан эмес.

43 жаштагы чабан Абдыбек Чыналиевдин баяны да кеп кылууга арзыйт. Түн бир оокумда анын үйүнө жети согушкер кирип келет. Чыналиев коркуу сезимин жеңип, чакырылбаган конокторду дасторконго чакырат. Кой союп, казан кайнатат.
"Үйдө жайгашканыңыздар кооптуу, кошуна-колоңдордун көзүнө илинип калышыңар ыктымал. Андан көрө силер тамакты кой короодо ичкиле", — деп сунуштайт кожоюн.
Согушкерлер макул болушат. Койчунун үйүндө аялы, үч баласы болот. Чыналиев шыбыш алдырбай терезени түшүрүп, аялын балдары менен үйдөн чыгарып жиберет. Жакынкы айылга жетүү үчүн алар караңгыда дарыяны кечип өтөт. Ошол маалда малчы террорчуларга тамак берет.
"Менин кетишим керек, эгер койду жайып чыкпасам, коңшулар шектениши мүмкүн" — деп амалданат чабан.
Согушкерлер аны кое беришет, себеби алар үйдө койчунун үй-бүлөсү бар, өзү кайда барат эле деп ойлошкон... Чыналиев эң жакынкы блокпостко биздин жоокерлерге кабар берүү үчүн чуркайт. Аскерлерге тик учак да көмөккө келет. Согушкерлердин аргасы түгөнөт. Атышууда эки кыргызстандык да шейит болгон.
Баткен согушунун ардагерлери ар кай жердеги ашуулардан согушкерлерди тазалоо айрыкча татаал болгонун моюнга алышат
Кызыгы, согушкерлер кан майдандан дайым окко учкан санаалаштарын алып кетүүгө тырышышкан. Балким, аларды шарият боюнча жерге берүүнү каалашкандыр, мүмкүн жөн гана аларды жүздөрүнөн таанып калышат дешкен чыгар.

Өкмөттүк күчтөрдүн багына аба ырайы да жардамга келген. Күзүндө ак кар чулганган Баткен тоолоруна киши чыга алгыс болуп калат. 4-октябрда командачылык аскердик күчтөрдүн чыгарылганын жарыялайт...

Эки жолку баскында 54 кыргызстандык набыт болгон. Кеминде 64 согушкер жок кылынган, так саны, албетте, эч кимге белгисиз. Жашоо өз нугунда уланууда. Коркунуч эмне экенин элестете да албаган жаңы муун чоңоюуда...
Авторлор
Асель Минбаева, Светлана Федотова

Фото
Эмиль Садыров, Табылды Кадырбеков, Александр Ким, Эрлан Сатыбеков
Пайдалануу үчүн сүрөттөрдү берген Турсунбай Бакир уулуна ыраазычылык билдиребиз

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Которгон:
Айнагүл Сапарбек кызы