65 жыл толгон шаардан репортаж
Балыкчыга ашыгып келген
россиялык үй-бүлө

65 ЖЫЛ ТОЛГОН ШААРДАН РЕПОРТАЖ
Балыкчыга ашыгып келген
россиялык үй-бүлө

Ысык-Көлдөгү шаарлардын ичинен Балыкчыга туристтер азыраак келет. Миңдеген адам эч этибарга албастан, жыл сайын бул калаа аркылуу өтүп кете берет. Көп нерседен кур калышканын элес алышпайт, аттиң! Шаарды 15 саат кыдырдык, мында бир көрүүгө арзый турган жерлер арбын экен!
Быйыл Балыкчы калаасынын түптөлгөнүнө араң 65 жыл болот. Шамал аркырап согуп турган бул шаар бир топ жыл мурун ыкчам ыргакта өнүгө баштаган. Кейиштүүсү, ошондо курулган маанилүү объектилердин көпчүлүгү азыр жабылып, айрымдарынын иши токтоп турат. Кайсы бир кезде жергиликтүү порттон кемелер күн сайын каттачу.
Калаада кемечилик 1926-жылдан тарта өнүгө баштаган. Машинага караганда жүктү суу аркылуу ташуу арзаныраак түшкөн. Күндө ондогон кеме көл аркылуу каттап, көмүр, буудай ташып турар эле.
Борис Чумаков өмүр бою "Ысык-Көл кемечилиги" ишканасында эмгектенгенин айтып берди.
"Ысык-Көл боюнча жалпы 25тен ашык порт бар болчу. Бул тармак гүлдөп турган кезинде ишканада 500 киши бир нече кезмет менен иштеген. Моряктардын башкы көйгөйү эле шамал болчу", — деп эскерет ал.

Капитандын айтымында, Улан менен Санташ шамалы чоң кемелерди да көңтөрүп салчудай күчтүү согот.

"Республиканын курама командасынын үч баскетболчусу бороондо кайык менен чыгышат. Күчтүү толкун уруп, кайыкты көлдүн так ортосуна алпарып салат. Балдарды бир суткадай издеп, таап алганда аябай таң калганбыз. Экөө алдан тайып, бирөө гана бар күчүн топтоп жардамга чакырып жатыптыр. Ошол баланын аракетинен улам берки экөө аман калган", — деп баяндап берди мурунку кемечи.

Көмүр ташып келе жаткан 1300 тонналык баржа (кемеге чиркелген жүк ташыгыч) аңтарылганы капитандын алигече жадында. Жүктүн баары көлдүн түбүнө төгүлгөн... Ал кырсыктан соң комиссия чоң текшерүү баштайт. Анткени эмне болсо да айыптууларды табуу керек эле! Акыры күнөөкөр табылды, ал күчтүү шамал экен, көрсө!..

СССР ыдыраганы кемечилик иши да "кертилди". Ишкана бир топ жыл токтоп калды. Көлөмдүү кемелер жана баржаларды дат басты. Миллиондогон карыздан кутулуу үчүн кемелердин көбү сатылды.
Ошентсе да ишкананын жаңы жетекчиси Бакыт Жунушалиев кыйын кезең артта калганына ишенет.

"Ишкана бир нече ирет банкрот деп табылган. Көйгөй мага чейинки директордун келиши менен чечилди. Ал тургай, иш жыйынтыгы арта да түшкөн учурлар болду", — дейт Жунушалиев.

Ишкана кызматкерлери 2014-жылы аябагандай көп акча табышканын айтышат. Ишкананын кирешеси 1,5 миллион сомду түзгөн. Бирок түшкөн пайда карыздан кутулууга жетпей, кемелердин баарын "Кыргызкөмүр" компаниясынын балансына которушкан.

"Кайсы нукта өнүгүү керектигин билебиз. Бизде 56 киши иштейт. Күнүнө эки миң тонна көмүр жөнөтөбүз. 2019-жылдан тарта Караколго кеме жибере баштайбыз, бул ишкананын өнүгүшүн өбөлгөлөйт", — деп пландарынан бөлүштү Жунушалиев.

Ишкананын жаңы башчысы кемечиликтин өнүгүшүнө мындан ары да каражат жумшаларын айтат. Кызматкерлердин эс алуу чыгымдарын азайтуу үчүн пансионат куруу пландалууда.
Батирлер 8 миң сомго сатылган! Балыкчылык үч тургундун баяны
Батирлер
8 миң сомго сатылган!
Балыкчылык
үч тургундун баяны

Балыкчынын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү шаар менен тең чамалаш. Быйыл калаанын 65 жылдыгы. "Балыкчы - сүйүктүү чоң ата, чоң апалардын шаары. Балдар бой жетип, ийгилик жаратышат, биз неберелерди багабыз", — деп тамашалайт жергиликтүү тургун Гүлнура.
Чындап эле жаштарды кезиктириш кыйын экен мында. Көпчүлүгү мектепти аяктаары менен узап кетишет. Калаадагы кырдаалды өзгөртүүгө аракет көрүп 20 жыл мурда жеке ишкерлер экономикалык университет ачышкан. Бирок бир дагы студент андан диплом алып чыккан жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бандиттердин айынан ал окуу жай ошондой тагдырга кабылган. Университеттин жетекчилеринен алар "коргоого алып, көз салууга" акча талап кылышкан. Ал эми алар андай тобокелге барбастан, жогорку окуу жайды жаап салышкан.
Мындан тышкары, Балыкчы албууттанган шамалы менен таанымал. Бул шаарда Улан менен Санташ Ысык-Көлдүн башка аймактарына караганда катуураак согот. Мындан улам Балыкчынын пляждары анча популярдуу эмес. Чоң-чоң толкун болуп, куму кесек келет.

Ошондой эле шамал Балыкчыга ар кайсы жактан жеңил-желпи таштандыларды чогултат. Бир жолу шаардын борборун желим баштык, бөтөлкө сыяктуу таштанды каптап кетип, экологдор катуу тынчсызданышкан. Бирок көйгөй чечилбеген бойдон калган.
Качандыр бир кезде Балыкчыдан арзан балык сатып алуу үчүн коңшу өлкөдөн кардарлар келчү. Азыр балыкчылыктар, тескерисинче, балык сатып алганы Бишкекке барып келишет. Бирок аны башка жактан алып келгенин эч качан мойнуна албай, көлдүкү деп ишендиришет.

Акыркы 20 жыл ичинде Балыкчыдагы үй менен батирлердин көпчүлүк бөлүгү бош калган. Жашоочулар кыймылмыз мүлкүн эч кимге сата албай, айласыздан кара кулпуга кайтартып коюп өздөрү баса берген. Анткен менен акыркы кездерде абал жакшырып калгандай, анткени айрым тургундар үйлөрүнө кайта баштады.
Шаарда жагымдуу бир көрүнүш байкалууда. Соңку жылдары Балыкчыда кыймылсыз мүлктүн баасы бир нече эсеге көтөрүлгөн.
Ремонту жок бир бөлмөлүү батирлер беш миң доллар, ал эми бардык шарты бар, ремонттолгон эки бөлмөлүү батирлер 15 миң долларга сатылат. Бирок турак жай баасы дайым мындай болгон эмес, маселен, Алмаз Койчиев чоң тамды болгону 8 миң сомго сатып алууга үлгүрүп калган.
"Үйдү мен 2000-жылдары сатып алгам, ошондо катуу кризис эле. Мага үйүн саткан кишилер Россияга иштеп кетишкен. Көпчүлүгү батирлерин сата албай, ээн калтырып кете беришкен! Эгер ошондогу кризис болбосо, мындай тамды сатып ала алмак эмесмин", — деди Алмаз.

Тилекке каршы, Балыкчыда жумуш өтө эле аз. Жергиликтүү калк колунан келишинче оокат кылат. Кээ бири мамлекеттик кызматта, айрымдары өз күчү менен кыбырап иштешет. Мисалы, Алмаз Койчиев үйүнө жүк ташуучу унаа оңдоочу жай ачып алган.

"Үй-бүлөнү багыш керек, андыктан, көбүнесе дем алышсыз иштейм. Калаада жакшы механиктер аз. Менин ишим жетишерлик, тургундардын көбү жүк ташуучу чоң авто айдашат. Андай унаалар ремонтту тез-тез талап кылат эмеспи", — деди ал.
Анархан Жусубакунованын айтымында, шаардагы иш жагдайы өтө эле кейиштүү. Ал балдарына жардамдашуу үчүн колундагы жалгыз батирин сатууга бел байлап турат.

"Өзүм кароолчу болуп иштейм, тапканым өп-чап, бирок жоктон көрө жогору. Акча топтоп, балдарга жардам беришим керек. Жайында батирди сатыкка чыгарам го", — деди ал.

Ал кенже баласын үйлөнтүү үчүн акча топтоп жүрөт. Батири сатылса, акчанын көп бөлүгү тойго кетерин да жашырбайт.
Кыргызстандан кылымдык
тарыхы бар батирлүү болгон россиялык үй-бүлө

Кыргызстандан кылымдык
тарыхы бар батирлүү болгон россиялык үй-бүлө


Балыкчыдагы кабаттуу эски үйлөрдөн Россиядан көчүп келген бир үй-бүлө батир сатып алган. Ал имараттын курулганына 100 жыл толот. Полу жана тепкичтери калың жыгачтан, ал эми шыптары дагы бир кабат бата турганчалык бийик. Ал үйдүн бардык тургундары алтымыш жаштан ашкан адамдар.
Антонина Деревянкина жаңы мүлкүн бизге жетине албай көрсөтөт. Мындай батирди Россиядан анча акчага ала албайсың!

"Сыртта көл, батирибиз да сонун, имараттын тарыхый мааниси бар. Жолдошум экөөбүздүн түбүбүз ушул эле Ысык-Көлдөн, 20 жыл мурун жайлуу турмуш самап Россияга кеткенбиз. Заматта эле баары укмуш болуп кетпесе да тыңып калган элек. Бирок топурак тартып туруп алды, анан ар жылы жайкысын Балыкчыда бололу деп чечтик", — дейт россиялык жаран.

Антонина мекенин дээрлик 20 жыл көрбөй, кусага баткан. Ошончо убакыт өтсө да анын баамында шаар мурдагы калыбынан эч жазган эмес.
"Аябай сагынган элем, Ысык-Көлдү көргөндө көзүмө жаш тегеренди! Табияттын кооздугунан ырахат алгым келчү, турак жай сатып аларыбыз менен унаа ижаралап көлдү тегеренип чыктык!" — деп бөлүштү Антонина айым.

Ал эс алуучулар кеткенден кийинки калган таштандыга нааразы.
Автор
Светлана Федотова

Фото жана видео

Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Мамлекеттик кинофонофотодокументтер
борбордук архиви

Жетекчи

Эрнис Алымбаев