Бул шаарда ажырашуу деген жок
Алыскы Айдаркенден кабар
Бул шаарда ажырашуу деген жок
Алыскы Айдаркенден кабар
Балким, Айдаркен Советтер Союзу маалындагыдай сакталып калган жападан жалгыз жер чыгар: жолдору таптаза, балдар мектепке пионердик форма менен барат, ал эми имараттардын алдында Ленин атабыз жылмайып турат.
Айдаркенге биздин чыгармачыл топ кечке жуук кирип барды. Заңкайган үч кабаттуу мейманкана дээрлик бош экен. Биздин чыгармачыл топ жүгүн түшүргөнчө фотограф экөөбүз администратор менен сүйлөшүүгө жөнөдүк. Күтүүсүз конокторду утурлай бир эже тепкичтен түшүп келди, бул жердин чоңу экен. Фотограф ээн-эркин кеп баштагысы келип, мындай сөз таштады:
— Эже, бизге эң сонун бөлмөлөрдөн таба аласызбы?
— Сизгеби? Табылбайт го.
— Таптакыр болбойбу?
— Жок!
— Бул чоң кызга да жокпу?
— Ага да жок!
— Эже, Бишкектен жол тартып келдик, шайыбыз ооду. Эртең сиздердин шаарды тартабыз...
— Ааа! Мен силерди алмаштырып алган турбайымбы, кечиргиле! Кечээ бир салыкчы көңүлдөшү менен келип, ызы-чуу салып кеткен эле...

Көрсө жергиликтүү эжелер үй-бүлөлүк баалуулуктарга чоң маани берип, кирешеге да кайыл болуп, принциптеринен тайышпайт экен. Бул жерде СССР убагынан бери эч нерсе өзгөргөн эмес окшойт: хрусталь асмашамдар, эски типтеги эмерек, барельефтерде космонавттардын элеси түшүрүлгөн.
Биз менен бирге бул жайда Исфанадан келген, жашы жетелектер менен иш алпарчу милиция кызматкери да жайгашыптыр.

"Мында тынч, балдарга карата зомбулук жасалбайт, ата-энелер ичкиликтен алыс. Бирин-экин шок өспүрүм менен иш алпарыш керек, башка маселе жок", — деди ал.
Айдаркенде таңгаларлык тынч. Шаарда жалпы 11 миң киши жашайт, калааны түнкүсүн да кыдырууга болот, кылмыштуулук дээрлик жок.
Чындап эле бул абдан бөтөнчө бир шаар, республиканын башка жерлерине салыштырмалуу мында жергиликтүү тургундардан ажырашкандар чанда. Бишкекке караганда жергиликтүү калктын санына карата үйлөнүү үлпөтү көп өтсө да, өлкө боюнча орточо алганда ажырашуу деңгээли эки эсе төмөн. Алардын айтымында, жаштар өмүрлүк жолдошун өтө кылдаттык менен тандап алышат.

"Айдаркенде колуктуну эч качан ала качып алышпайт, андай адат негизи жок. Биздин кыз-жигиттер махабатка карап кадам ташташат. Тойду эми укмуш өткөрөт деңиз! Анүчүн атайын тойкана да курулган. Лимузин да алышат, артисттер келип ырдап, андай үлпөттөрдө бүтүндөй шаар калкы сайран курат", — дейт Светлана Баклина.
Айдаркендин тургундары ажырашуулардын аздыгына шаарда экинчи ирет үйлөнүүгө акча жоктугу себеп экенин айтып тамашалашат. Орточо 7-9 миң сом маяна үчүн мында баалар борбор калаага караганда алда канча жогору.

"Азык-түлүк Кызыл-Кыя, Кадамжай, Бишкектен ташып келинет. Алып сатарлар өз чыгымдарына жараша бааны арттырары турган иш. Эттин бир килосун 330, ундун бир кабын 1300, күрүчтүн килосун 110 сомдон сатып алабыз. Ооба, ушундай баалар коюлган. Сатып албай кайда барабыз?" — деп улутунат Сали Шарипов.
Арзыбаган акчага бул шаарда батир эле табууга болот. Бир бөлмөлүү батирлер төрт, үч бөлмөлүүлөрү болжол менен 8,5 миң доллар турат.

"Биринчи кабаттагылар көп өтпөйт, анткени, алар жер төлөгө жакын эмеспи. Мурда анда жылуулук тутуму бар эле, ал эми азыр шаарга жылуулук тараткан жай керектен чыккандан бери жер төлөдөн ным жыт урат. Электр менен жылуулоого туура келет", — деп түшүндүрдү Баклина.
Айрым батирлер таптакыр кароосуз калган, абалкы ээлери Россияга иш издеп кетишкен. Жаңы мекендин жарандыгын алганы өз үйлөрүнө жолду унуткандай.
Макрабат Туреева Айдаркенге Сох өзбек анклавынан жолдошу, үч баласы менен көчүп келген. Жарымы урап калган үйдүн экинчи кабатында турушат. Коңшулары жок, каалгаларда желе баскан чоң кулпулар.

"Жолдошум бул үйдү сатып алууга канча коротконун билбейм, бирок мында жашоо кишини коркутпай койбойт. Аргабыз канча, башка турагыбыз жок", — деп үшкүрөт аял.
Тээтигинде Назира Алиева сейилдеп жүрөт. Беш жашар кызын жетелеп алган. Кызын таята-таенесиникине жеткиргени келиптир. Бир нече күндөн кийин кайра келген жагына кайтууга аргасыз.

"Москвада иштейм. Башта тазалагыч элем, кийин тиш доктурдун жардамчысы болуп орноштум. Чет жерде бала менен кыйын, бул жакта жашоону самайм. Бирок Айдаркенде кайдагы иш?" — деп суроо салат маектешибиз.

Ошентсе да жергиликтүү тургундар Айдаркенде баары оңолорунан үмүт үзүшпөйт. Завод иштеп турса болду эле дешет.
Чынылап сымап ичкен адам менен тааныштык
Чынылап сымап ичкен адам менен тааныштык

Шаардын жаралышы тууралуу бир уламыш бар. Жергиликтүү элдин баяны боюнча абалкы заманда арзуусуна баш-оту менен багынган Айдар аттуу жигит жашаган экен. Сүйгөн кызынын атасы алардын үйлөнүшүнө каршы чыгып, байкуш жигитке канжар урат. Айдаркендин топурагы алдындагы алтын канга боелот.
Чындап эле жер алдында тонналаган сымаптын сульфиди бар. Сыртынан ал кочкул кызыл түстөгү чегилген алтындын бөлүкчөлөрү сымал көрүнөт. Эгер бул металл болбогондо мында эч кандай шаар турмак эмес, Айдаркен 1941-жылы азыркы шаардын чет жакасында шахтасы менен завод курула баштаганда түптөлгөн.
Анын жетекчиси Толубай Салиев — катаал киши. Алтургай анын сымап ичип жаткан төрт жыл мурунку тасмасы интернетте бар. Ага 700дүн тегерегинде пикир жазылып, көпчүлүк анын эмне болгонуна кызыккан. Салиевдин көзү тирүү тургай, жанда жок чечкиндүүлүгү менен айырмаланат.

"Сымапты ичүү кооптуу эмес, анын буусунан дем алуу коркунучтуу. Бирок коопсуздук техникасы сакталса, эч нерсе болбойт. 20 жыл ичинде биздин кызматкерлердин биринен да сымап дарты табылган эмес", — деп баяндайт ал киши.

Директор сымапты өз колубуз менен кармалап көрүүгө уруксат берди. Укмуштай оор металл, сымап куюлган кружканы кол сунуп көтөрүп туруш өтө кыйын. Үстүндө сымаптын толкуну менен чакан бир таш чайпалат.
Толубай Салиев чечкиндүү кадам жасап көнгөн. 8 жыл мурун ишкананы аз жерден таптакыр жаап кое жаздашкан. Ошондо ал заводдун бир нече жумушчусу менен бирге Бишкекке бет алып, агездеги президент Роза Отунбаевага жолугууну көздөгөн.

"Мындай сымап жана сурманын уникалдуу кени дүйнөдө өтө аз. Эгер Кыргызстан аны казуудан баш тартса, албетте, бул башка өлкөлөргө пайдалуу. Саткындар заводдун өзүнөн да табылды. Өндүрүш зыяндуу экен деген имиш чыгарышты. Албетте, ага эч кандай далил жок болчу, экологияга өндүрүш дээрлик таасир этпейт. Ошентип заводду сактап калганбыз", — деп эскерет Салиев.

Аныгында статистика да Салиевдин сөзүн айгинелейт, Айдаркенде өлүм деңгээли дээрлик төмөн — миң кишиге 4,4 адам. Өлкө боюнча бул көрсөткүч 5,5 кишини түзөт.
Жер алдындагы Кыргызстандын көрүнүшү кандай? Шахтага саякат
Жер алдындагы Кыргызстандын көрүнүшү кандай? Шахтага саякат

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары ишкана бүтүн сакталып калган. Салиев муну "эл талап-тоноого жол бербеди" деп түшүндүрөт. Ага окшогон заводдордун далайынан эч нерсе калган жок, жабдыктарын чачыратып сатып тынышпадыбы. Антсе да, 9 жыл мурун Айдаркен сымап комбинатынын шахтасы талап-тоноочулардан табият өзү коргогондой – аны суу каптап кеткен.

Сууну 2017-жылдан баштап гана сордура башташкан. Шахтанын тереңдиги 662 метр, бул 220 кабат имараттай бийиктик. Суу менен ылайдан анын жарымын гана арылта алышты.
Биздин чыгармачыл топ лифт менен ылдый түшүп баратат. Үстүбүздө 220 метрлик жер. Чоң өтүктөрүбүз ылайга тыгылат. Теребелдеги караңгылыктан киши чочуйт, жалгыз жарык булагыбыз – башыбыздагы каскалардын фонариги. Сансыз чаташ бул жолдордо телефон тартпайт.
Кендин башкы инженери Абдумиталиб Базарбаев биздин түмөн суроолорубузга жооп бергенден чарчабайт.
— Бул жакта адашып кетишиңиз мүмкүн го!
— Ооба, мүмкүн!
— Эгер ошондой болуп калса, эмне кылуу зарыл?
— Дубалдын түбүнө отуруп, түтүктү таш менен ургулаш керек. Ошондо сизди оңой табышат.
— Түшүнүктүү. Шахтерлор кайда дааратканага барышат? Бурчтаргабы?
— Чоң кыз, кантип андай болсун! Каңырсыган жыт каптабайбы анда! Үстүгө көтөрүлүшөт, бирок алты саат нөөмөткө чыдаш кыйын деле эмес.
— Азыр жер алдындагы сууну насос менен сордурушат тура. Эгер алар бузулуп калсачы?
— Мында 10 насос иштейт, алардын баары бузулбайт.
— Эми кокус бузулуп калса, шахтаны кайра канча убакытта суу каптап кетиши мүмкүн?
— Бир саат өтүп-өтпөй баарын басып калат.
— Анан биз набыт болобузбу?
— Жок, мында кошумча чыгыштар көп. Жер үстүндө 15 мүнөттө болуп каласыз.
2009-жылы шахтадагы электровоздор суу алдында калган. 9 жылдан кийин алар даттан тазаланып, оңдолуп, кайрадан рельске коюлду.

"Андай электровоздун жаңысы 70 миң долларды чапчымак. Баары бир Советтер Союзу маалында иштин көзүн билишчү! Карагылачы, металлдын калыңдыгын, азыр мындай жабдык жасай алышпайт", — деп түшүндүрөт Абдумиталиб Базарбаев.
Бир килограммы 40 доллар турган металл. Бирок муну сизге эч ким сатпайт
Бир килограммы 40 доллар турган металл. Бирок муну сизге эч ким сатпайт

Совет убагында бул жерде сымап казышчу, ал аскер өнөр жайында кеңири пайдаланылат. Эми ишкана сурма менен флюоритти чыгарат. Сурманы аккумулятор өндүрүүчүлөр алышса, ал эми флюорит боек өндүрүшүндө колдонулат.

"Азыр Кыргызстанда ушундай шахталар калган жок. Кайра куруу жылдарынан кийин Якутияда иштегем, аларда жагдай биздегиден да жаман. Бул уникалдуу жер", — деп үшкүрөт Базарбаев.

Ишкананын заводунда СССР чагынан калган станоктор азыр да жарактуу. Алардын кээ бири эбак 80 жылга толгон! Сөздүн ачыгы, жаңыларын сатып алууга заводдун ашык миллиондору жок. Баса, станоктор башында да алар менен тең жумушчулар турат, Айдаркенде жаш кадрлар жетишпейт.
Жумушчулардын айтымында, заводдо уулуу сымап буусу чыкпайт, баары механизациялаштырылган. Бизге сымаптын баллонун көрсөтүштү, ага 34 кило суюк металл куюлат. Бир даанасы 1360 доллар турган баллонду Индия, Россия, Улуу Британия сатып алат.
Сымаптын боз одуракай блоктору анча бааланбайт, тоннасы 7000 долларга сатылат. Кээде Россия жана европалык өлкөлөрдөн буюртма түшүп калат. Кыргыз сурмасына кытайлык заводдордон талап күч.
Ушул тапта завод Айдаркендин төрт жүздөй тургунун иш менен камсыз кылат. Андан бөлөк иш дээрлик жок. Шаардын чет жакасындагы жайыттар баарына жете бербейт.

Шаарды тартып бүтүп, андан узап баратабыз. "Жолуңар шыдыр болсун!" деп айдаркендик мейманкананын каардуу администратору жылмайып кала берди.
Пикирлер
Автор
Асель Минбаева

Фото жана видео
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев