Чүмкөнбөгөн кыздарды өлтүрүшкөн...
Кыргызстандыктардын афган согушундагы 11 сүрөтү
Чүмкөнбөгөн кыздарды өлтүрүшкөн...
Кыргызстандыктардын афган согушундагы 11 сүрөтү
Сүрөттөрдүн сакталып калганы өзүнчө бир керемет, себеби көп нерселерди тартууга тыюу салынган эле. Бүтүндөй тарыхты камтыган, катаал күндөрдү чагылдырган 11 сүрөттү тандадык...

Ар бир "афганчы" ардагердин атайын альбому бар, ал акварелдик сүрөттөр менен кооздолуп, жоокердин колу менен эң мыкты ыр саптары жазылган, эң маанилүү сүрөттөр чапталган. Аларды карап чыгып, ошол үрөй учурган жылдарды чагылдырган 11 сүрөттү тандап алдык.
Моджахеддер элдешүү маалында. Автору Чолпонбек Беккелдиев
Бул сүрөт 1987-жылы Баглан провинциясында тартылган. Сүрөттүн автору Чолпонбек Беккелдиев ошол күндөрү элдешүү жарыяланган деп эскерет. Андай учурларда моджахеддер өз кыштактарына келип, жакындары менен көрүшчү.

Ошондой күндөрдө да алар советтик жоокерлер менен кагылышпай кетчү эмес. Мисалы, жанынан өтүп баратып жоокерди жөөлөп же аркасынан түкүрүп кетишчү.
Афгандык айымдар. Автору Чолпонбек Беккелдиев
Согуштун ардагерлери афгандык айымдар советтик жоокерлерден коркушпагандыгын айтышат. Болгону алар жоокерлерге жүзүн көрсөтчү эмес, бейтааныш кишини көрөрү менен жүзүн беткап менен жаба калышчу. Эгер андай кылбаса, жергиликтүү тургундар ызырынып, аялдарды аеосуз жазалашкан.

Афганистанда кыздар 13 жаштан тарта паранжа жамынышчу. Бул ушул курактан кийин кыздарды турмушка берүүгө болот дегенди билдирген.
Туткундалган моджахеддер. Автору Майрамбек Бектемиров
Оң жактан экинчи турган шыңга бойлуу кишини карасаңыздар. "Афганчы" ардагер Майрамбек Бектемиров анын эки ирет колго түшкөнүн айтат.

"Бул пулеметчу жигитти дароо тааныдым, ал дагы мени тааныды. Биз эски тааныштардай бири-бирибизге баш ийкештик. Ден соолугун сурадым, ал башын ийкеди", — дейт Бектемиров.

Ардагерлер өз тарабындагы жарадарларды гана тургай, каршылаштарды да сактап калуу үчүн кан беришкенин эскеришет. Тоолордо бири-бирине ок атышчу, бирок санитардык бөлүмдө бир бөлмөдө болушаар эле. Бирок советтик жоокерлер моджахеддердин колуна түшүп калса, мыкаачылык менен эзишчү.
Өтө кооптуу сүрөт. Автору Олег Михайлов
Бир карасаң, бул тек гана афгандык Парван кыштагынан келген активист, студент жана окуучулардын топ сүрөтү. Бирок бул сүрөт 1984-жылдын 8-мартында тартылган. Ал кезде моджахеддер жамынбаган аялдарды жөн эле өлтүрүп коюшчу. Ал эми кайсы бир учурда афгандык кыздар жоолук салынбай, кыска юбка кийип, эч коркпостон көчө аралап жүрүшчү!
Памирлик кыргыздарды куткаруу. Сүрөт Качкын Саргазаковдуку
Афганистанга советтик күчтөр киргенин угуп, памирлик кыргыздардын ханы Рахманкул өз элин Пакистандын аймагына көчүрүүнү чечкен. Ал совет бийлиги памирлик кыргыздарды эзип коет деп ойлогон. Эл адам өтө алгыс аскаларга жөрмөлөп чыгууга аргасыз болушкан. Көпчүлүгү бийиктен кулап жан беришкен, куйкалаган күндөн жана оорудан көз жумушкан.

30 түтүн Памирге оор абалда кайтышкан. Ардагер Качкын Саргазаков кыргыздарга советтик бийлик көмөктөшө баштаганын айтат. Кыштакка тамак-аш, күйүүчү май алып келишкен. Медиктер да элди карап турушчу.
Афгандык балдар жана советтик жоокер. Сүрөт Чолпонбек Беккелдиевдин жеке архивинен
Жергиликтүү балдар биздин жоокерлерди айланчыктай беришчү, аскерлер да балдарга коюлтулган таттуу сүт, момпосуй карматып, погондогу жылдызчаларын көрсөтүшчү. Ал тургай көптөгөн балдар орус тилин өздөштүрүп алышкан. Жергиликтүү балдарга мандарин ооз тийгизгени "афганчы" ардагер Чолпонбек Беккелдиевдин дале эсинде.
Дүкөн. Сүрөт Чолпонбек Беккелдиевдин архивинен
Эгер сүрөткө үңүлө карасаңыз, артында ак кийимчен дүкөнчү кишини байкоого болот. Анын каймана аты "Синема" эле. Күндүзү открытка сатып, кечкисин ал советтик жоокерлер үчүн кино койчу. Бул дүкөндө белгилүү индиялык актрисалардын сүрөттөрү менен аябай кооз плакаттар сатылчу.
Медайым жана Ротарунун ыры. Сүрөт Чолпонбек Беккелдиевдин архивинен
Ошол күнү балдардын болушунча эс алгысы келет, электр энергиясы жок, музыкалык концерт үчүн солдаттар дизелдик агрегаттарды туташтырышкан. Медайым Наталья Чугунованын ыры бардык жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурган. Баары концертке, ал кыздын аткаруусундагы София Ротарунун "Луна" аталган таанымал ырын угууга чуркашкан.
Президентти куткарган киши. Сүрөт Курманбек Сапаевдин архивинен
Сүрөттө оң жакта турган спорттук кийимчен кишини караңыз. Анын ысымы Курманбек Сапаев. Сүрөт Саланг ашуусундагы кайгылуу окуядан бир жылдан соң тартылган...

Ошол күнү советтик жоокерлердин колоннасына граната ыргытышкан. Сапаев БТРде бараткан, снаряддар жаап, жүзүнө металлдын сыныктары чачыраганын эскерет. Ок өпкөсүнө тийип, кийими канга чыланган аскерди көргөнүн айтып берди. Өмүрүн тобокелге салып Сапаев ага карай умтула, бронетранспортерду четке сүйрөйт. Беш мүнөт өтпөй, жарадарды чыгарып бараткан жерге, мунай түтүгүнө снаряд тийип, жалбырттаган жалын чыгат.

Эртеси күнү гана Курманбек Сапаев Советтер Союзунун Баатыры Руслан Аушевди өлүмдөн сактап калганын билет. Кийин Аушев Ингушетия Республикасынын тунгуч президенти болгон.
Тизелей калып жерди өпкүлөгөнбүз. Жаныбек Тентековдон алынган сүрөт
Май айындагы Фрунзедеги кишилердин кадимки сүрөтү эле көрүнөр бир караганда. Бирок береги сүрөттөгү экөө Мүзүрбек Мамбеталиев (оңдо) жана Жаныбек Тентеков (солдо) Афганистандан жаңы келген кези эле. Мекенде жашырынган моджахед бурчтан чыга калбайт, мында алардын курдаштары аеосуз өлүмгө кабылбайт, душмандын снарядынан эми чочулоонун кереги жок...

Ардагерлердин айтымында, учак Кыргыз ССРине конгондо жоокерлердин көбү жашып, айрымдары тизелей мекендин топурагын өпкүлөшкөн. Балдардын бири жакшы саамалык баштаган, беретин коңшусуна сунуп, анысы акча салган. Ошентип беретка колдон колго узатылып, Ташкенттеги аскердик госпиталда дарыланып жаткан жолдошторуна белек-бечкек алуу үчүн каражат топтошкон.
Афганистанда мурдагы СССРдин тургундарына кандай мамиле жасашкан. Адил Жумабаевдин жеке архивинен
Тик учак учкучу Адил Жумабаев бир нече жолу Афганистанга учкан. Советтик өлкөлөрдүн жарандарын жылуу маанайда эскеришкен жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдөн ырахат алат. Афгандыктардын көбү ошол убакты республиканын тарыхындагы эң сонун доор деп аташат. Эл СССРдин Афганистанга болгон салымын унутпайт, советтик адистер тарабынан курулган бир топ мектеп, жол, ишканалар азыркыга дейре ошол убакты эске салып турат.
Комментарии
Редакторлор: Асель Минбаева, Карина Разетдинова, Алмаз Батилов

Дизайнер:
Даниил Сулайманов

Жетекчи: Эрнис Алымбаев

Сүрөттөр ардагер афганчылар тарабынан берилди