Жаңы жылдан баштап айрымдар электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Чоо-жайы

© Sputnik / Евгений Переверзев / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Электр энергиясы боюнча маселе ноябрдын соңунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында козголгон.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат.
Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:
  • 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0