АӨБ Бишкекке 120 электр автобус сатып алууга акча бермей болду

© AFP / ROMEO GACADАзия өнүктүрүү банкы (АӨБ) имараты. Архив
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Долбоордун алкагында 120 заманбап аккумулятордук электр автобустары сатып алынып, эки троллейбус базасынын инфраструктурасы жаңыланат.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкекке аккумулятордук электр автобустарын сатып алууга жана шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга 50,65 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына чыкты.
Каржылоо пакети 25 миллион доллар насыядан, ушул эле суммадагы гранттан жана Жогорку деңгээлдеги технологиялык фонддун 650 000 долларлык каржылоосунан турат.
"Долбоордун алкагында 120 заманбап аккумулятордук электр автобустары сатып алынып, эки троллейбус базасынын инфраструктурасы жаңыланат. Мындан тышкары, автобустардын ылдамдыгын жогорулатуу жана Бишкектин борборундагы коомдук транспорттун ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн 3,5 чакырымдык жашыл мобилдүү пилоттук коридору түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор абаны тазартууга, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтуу жана жол тыгындарын жеңилдетүүгө багытталган.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Кыргызстан Беларустан автобус сатып алууну көздөп жатат
"Бул долбоор Кыргызстандын транспорт тармагын узак мөөнөттүү электрлештирүү боюнча биринчи кадам болуп саналат. АӨБ өлкөдө электромобилдерди өнүктүрүү жана жеке сектордун катышуусуна мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн өкмөт менен тыгыз кызматташат", — деген банктын энергетика боюнча адиси Йоханнес Фогель.
АӨБ Бишкектин абасын транспорт булгай турганын кошумчалады. Акыркы жылдарда унаалардын жана кичи автобустардын саны тез өскөнү абанын кирдешине алып келген.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы олуттуу экенине карабастан, Кыргызстан транспорт үчүн күйүүчү майдын импортуна өтө көз каранды. Анын ичинде транспорт сектору парник газдарынын абага тарашынын 28 пайызын түзөт", — деп белгиленет уюмдун билдирүүсүндө.
Электр автобустар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кары-картаңдарга жана балалуу жүргүнчүлөргө ыңгайлуу экени айтылат. Электр автобустарынын жаңы паркы өлкөдө өндүрүлгөн кайра калыбына келген энергияны колдонот.
Жаңылыктар түрмөгү
0