Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОктябрьский таможенный пост в Екатеринбурге
Октябрьский таможенный пост в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Мындай чечим ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
ЕАЭБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода алакасынын көлөмү коронавируска чейинки мезгилден ашты
Мындан улам "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын 103-беренесине, "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык, бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча тиешелүү чаралар аныкталды:
  • "жашыл коридор" – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;
  • "сары коридор" – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;
  • "кызыл коридор" – "бажылык жана башка документтерди, (же) маалыматты текшерүү" жана "бажылык текшерүү" бажы контролунун формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.
"Жашыл коридор" боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгилениши шарт. Буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте "жашыл коридордон" башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.
Чек арада көзөмөлдү өтүп жаткан жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
ЕАЭБ чек арасында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды
Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталгандан тартып товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды.
Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда катталса, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.
Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0