Москва шаарында Евразия конгресси өтөт. Кыргызстандан ким катышат?

© Фото / пресс-служба ЕАБРЕвразия өнүктүрүү банкын логотиби. Архив
Евразия өнүктүрүү банкын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Евразия конгресси — бийлик органдары, бизнес жана илим тармагынын өкүлдөрү ачык диалог кура алчу аянтча. Максаты — Евразия регионундагы олуттуу маселелерди чечүү жана улуттук экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 2-декабрда Москва шаарында Экинчи Евразия конгресси өтөт. Иш-чараны Россия өкмөтүнүн колдоосу менен Евразия өнүктүрүү банкы уюштурууда. 
Евразия конгресси — бийлик органдары, бизнес жана илим тармагынын өкүлдөрү ачык диалог кура алчу аянтча. Максаты — Евразия регионундагы олуттуу маселелерди чечүү жана улуттук экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
Бул жылы адистер ЕАЭБдин потенциалын ачуудагы бизнестин жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн ролун талкуулашат. Мындан тышкары, транспорт, логистика, суу-энергетика, азык-түлүк коопсуздугу жааттарындагы мамлекеттер аралык долбоорлор жана мамлекеттерди санариптештирүү боюнча сөз болмокчу.
Конгресске кимдер катышат:
  • "РЖД" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Олег Белозеров;
  • "ВЭБ.РФ" мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясынын төрагасы Игорь Шувалов;
  • "Банк ВТБ" башкармалыгынын президенти Андрей Костин;
  • "Яндекс" компаниясынын башкы директору Елена Бунина;
  • "Глобальная энергия" ассоциациясынын президенти Сергей Брилев;
  • ДСК "Автобан" ишканасынын башкы директору Алексей Андреев;
  • Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян;
  • Беларустун айыл чарба министри Иван Крупко;
  • Кыргызстандын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков жана башкалар.
Евразия өнүктүрүү банкы — Евразия аймагында инвестициялык ишмердүүлүк жүргүзгөн эл аралык финансылык уюм. 15 жылдан бери Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын экономикалык байланышын күчөтүү жаатында иштеп келет. Уставдык капиталы 7 млрд. доллар.
Жаңылыктар түрмөгү
0