Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол

© Sputnik / Табылды Кадырбеков3 жана 5 сомдук тыйындар. Архив
3 жана 5 сомдук тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Евразия өнүктүрүү банкынын божомолу боюнча, Кыргызстанда экономикалык өсүш болот. Бирок ага саясий туруктуулук жана Кумтөр кенинин иштеши зарыл.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы 2022-жылга карата макроэкономикалык божомолду жарыялады.
Белгилей кетсек, документте азыркы абал жана 2023-жылга карата божомолдор айтылган. Төмөндө Кыргызстан тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Азыркы абал

Бул жылы экономиканы калыбына келтирүүгө жардам берип жаткан тармактардын алдында кызмат көрсөтүү жааты турат. Ошондой эле бул катарда кен казуу жана кайра иштетүү тармагы бар (Кумтөрдү кошпогондо).
Айыл чарбасында артка кетүү болуп, бул кургакчылык менен байланыштуу экени айтылды. Ал эми курулуш тармагынын алдыга жылбаганы өнүгүү перспективасынын аныкталбаганы менен түшүндүрүлөт.
"Биз экономиканын калыбына келишинин эң жогорку көрсөткүчтөрү 2021-жылдын соңуна жана 2022-жылдын башына туура келет деп божомолдоп жатабыз. Анткени алтынды өндүрүү кайра жолго коюлат. Баамдап көрсөк, быйыл өлкөдө ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 3,7 пайызга жогору болот. Ал үчүн "Кумтөр" ишканасы план боюнча иштеп, саясий туруктуулук болушу шарт", — деп айтылат документте.
Ошол эле учурда өлкөдө белгисиздиктин деңгээли жогору болуп жатканы айтылууда. Евразия өнүктүрүү банкы "Кумтөр" соңку кварталда алтын өндүрбөсө, экономикалык өсүш 1-2 гана пайыз болуп каларын айтууда.

Келерки жылга карата божомол

Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Улуттук банк ири көлөмдө доллар саткан себебин түшүндүрдү

Кыргызстандын ИДПсы 2022-жылы 4,5 пайызды түзөт. Мурдагы божомолдорго салыштырмалуу бул ирет айрым көрсөткүчтөр төмөндөтүлдү. Бул кургакчылыктын кесепетинен айыл чарбасында жоготуулар болуп жатканына байланыштуу.

"Пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири 2022-жылдын биринчи жарымына чейин ар тармакка тоскоолдуктарды жарата берет. Бир четинен өлкөдөгү эртеңки күндүн бүдөмүк болушу инвестиция тартууда кыйынчылыктарды жаратат. Бюджеттин тартыштыгы 1,1 пайызга төмөндөйт", — деп айтылат маалыматта.
Акча которуулардын өлкөгө агымы көбөйүп, бул ички абалга оң таасирин тийгизет.

2023-жылы абал кандай болот

Экономиканын өсүү динамикасы дагы деле Кумтөр кениндеги өндүрүштөн көз каранды болот. Алдыдагы эки жыл ичинде кенде алтын иштетүү 15,3 (2022-жылы) жана 1,8 (2023-жылы) пайызга өсөт деп божомолдонууда.
ИДПнын көлөмү 2023-жылы бир аз жайыраак болуп, 2,5 пайызга чейин жетери күтүлүүдө.
Евразия өнүктүрүү банкынын божомолу боюнча, сырттан кирген акчалардын көлөмү көбөйгөндүктөн, өлкө ичинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап өсөт.
Ошондой эле эпидемиологиялык абал турукташып, дүйнөлүк транспорттук байланыштар калыбына келе баштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0