Улуттук банк ири көлөмдө доллар саткан себебин түшүндүрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Шейшембиде өлкөдө 70,3 миллион доллар сатылган. Улуттук банк быйыл жалпысынан 555 миллион АКШ валютасын сатыкка чыгарган.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Улуттук банкы акыркы валюталык интервенцияны суроо-талап көп болгондуктан жасаган.
Башкы банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 23-ноябрда 70,3 миллион доллар сатканын белгиледи. Эске салсак, бул 2010-жылдан берки эң ири суммадагы интервенция болуп саналат.
"Суроо-талаптын көп болгону ички жана сырткы сезондук факторлорго байланыштуу. Бүгүнкү күндө ички валюталык рынокто абал салыштырмалуу туруктуу. Улуттук банк ички жана сырткы валюта рыногундагы абалга байкоо салып турат", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк быйылкы жылы алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн турукташтыруу үчүн накталай эмес түрдө 517 миллион 50 миң доллар жана накталай 38 миллион доллар сатканын белгиледи.
Өткөн жылы 518,5 миллион доллар сатылган, анын 52,5 миллиондон ашыгы накталай болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0