Кыргызстанда малдын импорту бир нече эсеге өстү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүУйлар. Архив
Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Ушул жылдын январь-сентябрь айларында өлкө кеминде тогуз мамлекеттен мал алган. Эң алыскы Австралиядан асыл тукум койлор жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда малды импорттоонун көлөмү кескин өскөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.
Ушул жылдын январь-сентябрь айларындагы импорттун көлөмү:
  • жылкы менен эшектен — 2 712 баш (былтыр ушул убакта 560 баш алып келинген). Көбүнчө Россиядан, андан сырткары, Казакстан, Беларусь, Литва, Өзбекстан, Түркия, Польша жана Европа биримдигиндеги башка мамлекеттерден импорттолгон;
  • бодо мал — 31 614 баш (былтыр 4 314 болчу). Адаттагыдай эле Россия менен Казакстандан көбүрөөк алып келинген. Мындан сырткары, Беларусь, Чехиядан жана Европа биримдигиндеги башка мамлекеттерден жиберилген;
  • кой — 750 баш (былтыр 17 болчу). 648 кой Россиядан, калганы Австралиядан алынган. Бардыгы асыл тукум.
Буга чейин "Кыргызстандын малчылар союзу" бирикмесинин башчысы кыргызстандыктар Россиядан малды сатып алып, кайра Өзбекстанга сатарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0