Тогуз айда өлкө экономикасынын финансы тармагы 46 млрд. сомдук киреше тапты

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
2021-жылдын январь-сентябрь айларында экономиканын финансы секторунда 609 уюм, анын ичинде Улуттук банк иш жүргүзгөн.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Акыркы тогуз айда өлкө экономикасынын финансы секторунун бардык субъектилеринде өсүш болду. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2021-жылдын январь-сентябрь айларында аталган сектордо 609 мекеме, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 312 күрөөкана, 153 микрокредиттик уюмдар, 105 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруучу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.
"2021-жылдын тогуз айында аталган уюмдар тарабынан 46 миллиард сомго жакын киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 11,4 пайызга көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 62 пайызын банк сектору, 17 пайыздан ашыгын микрокредиттик уюмдар жана 14 пайызын ломбарддар камсыздады", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 6,7 пайызга көбөйүп, 31 миллиард сомду түздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0