Бензиндин баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынышы мүмкүн. Токтом долбоору

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүАвтоунаага май кую. Архив
Автоунаага май кую. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Жөнгө салуу 90 күнгө созулмакчы. Негизги максаты — күйүүчү жана майлоочу майлардын баасынын кескин кымбаттап кетишине бөгөт коюу жана калкты күйүүчү май менен өз учурунда камсыздап туруу.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги күйүүчү майга болгон бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизүүнү көздөп жатат. Мындай токтом долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.
Жөнгө салуу 90 күнгө созулмакчы. Негизги максаты — күйүүчү жана майлоочу майлардын баасынын кескин кымбаттап кетишине бөгөт коюу жана калкты күйүүчү май менен өз учурунда камсыздап туруу.
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Бишкектен аймактардагы ири шаарларга жол кире кескин кымбаттады. Салыштыруу
Токтом кабыл алынып калса, дизель майына, АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге жогорку баалар коюлмакчы.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизген. Тагыраагы, быйылкы жылдын октябрынан декабрь айына чейин салыктын өзгөрүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Анда акциз салыгынын ставкасын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленген.
Андай болбой турган болсо, нефтетрейдерлер төмөнкүдөй эки сценарийди божомолдоп келишет:
  • чыгымга учурап иштеп жаткандыктан, өлкөдөгү бардык май куюу жайлар жабылат;
  • күйүүчү майды ташып келүүнү токтотпош үчүн жылдын аягына чейин баа 8 сом 90 тыйынга, бирок дароо эмес этап-этабы менен көтөрүлөт. Мисалы, октябрдын аягына чейин 1,5 сомго, ноябрда 4,9 сомго, декабрда 2,5 сомго жогоруламакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0