Кыргызстанда кумшекер боюнча абал кандай экени айтылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүКумшекер. Архив
Кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Билдирүүгө караганда, өлкөдөгү кант рыногунда "Кайыңды Кант", "Кошой" сыяктуу ишканалар басымдуулук кылгандыктан монополиялык абал түзүлүп, көп деле өзгөрүү байкала бербейт.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Антимонополияга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кумшекер рыногундагы абал тууралуу маалымат берди.
Билдирүүгө караганда, өлкөдөгү кант рыногунда "Кайыңды Кант", "Кошой" сыяктуу ишканалар басымдуулук кылгандыктан монополиялык абал түзүлүп, көп деле өзгөрүү байкала бербейт.
Учурдагы абал:
  • Кыргызстан жылына 100-110 миң тонна шекер сарптайт. Ата мекендик өндүрүүчүлөр анын 50-60 пайызын жабат. Калганы Россия, Беларусь, Украина, Казакстандан алынат;
  • электр энергиясына жана спиртке болгон суроо-талап күчөгөндүктөн кант жыл башынан бери 22 пайызга кымбаттап, дүйнөлүк рынокто акыркы төрт жылдагы рекордду жаңылады;
  • Россияда ноябрь айынын башында канттын баасы жогорулады. Андыктан ал жактан импорттолгон шекердин баасы дагы кымбаттап жатат;
  • жыл башында кумшекердин килограммы 53,8 сом болсо, азыр орто эсеп менен 68,2 сомго жетти;
  • "Кайыңды Кант" ишканасы бүгүнкү күндө дүңүнөн алган кардарларга 62,5 сомдон 50 килограммдык мүшөк) жана 62,7 сомдон (25 килограммдык мүшөк) сатууда. Ал эми "Глобус", "Народный", "Фрунзе" сыяктуу ири соода борборлорунан 61,7 сомдон (62,15 сом салыктын кошкондо) алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0