Тизмеде Түштүк Африка да бар. Кыргызстандын балын жеген өлкөлөр

© AFP / MARCO BERTORELLOБанкалардагы бал. Архив
Банкалардагы бал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Өлкөдө өндүрүлгөн балды алган мамлекеттердин ичинде Россия, АКШ, Кытай өңдүү ири державалар, алыскы өлкөлөр дагы бар.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын январь-сентябрь айларынан бери Кыргызстандан кеминде эле 24 өлкө бал сатып алган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган.
Жалпы жонунан 1 миллион 263,1 миң долларга 291,5 тонна бал экспорттолгон. Көлөмү жагынан алганда былтыркы жылга салыштырмалуу аз (325, 1 тонна). Бирок быйыл бул азык кымбат (1 миллион 135, 1 миң доллар) сатылды.
Кыргызстандын балын сатып алган мамлекеттер:
  • Сауд Аравия — 64 тонна (мындан ары тонна менен);
  • Бириккен Араб Эмирлиги — 56,8;
  • Кувейт — 31,3;
  • Япония — 25,6;
  • Малайзия — 20,4;
  • Россия — 20;
  • Испания — 19,1;
  • Франция — 17,8;
  • АКШ — 16,1
  • Корея Республикасы — 5;
  • Катар — 4,7;
  • Бахрейн — 2,7;
  • Казакстан — 2,3;
  • Иордания — 2,1;
  • Өзбекстан — 1,9;
  • Германия — 0,4;
  • Кипр — 0,1;
  • Кытай — 0,1;
  • Оман — 0,1;
  • Улуу Британия — 0,1;
  • Түркмөнстан — 0,1;
  • Түштүк Африка — 0,1.
Мындан сырткары, Ирландия менен Канадага бал чыгарылган. Канча кеткени так көрсөтүлгөн эмес, бирок 1,2 миң доллар деп бааланган.
Маалыматта 0,7 тонна бал экспорттолгону айтылып, бирок кайсы мамлекеттерге кеткени жазылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0