Мишустин: ЕАЭБ жарандары союздагы каалаган мамлекеттен кредит ала алат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүБанк филиалындагы кыз. Архив
Банк филиалындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Бүгүн өкмөт башчылары жарандардын кредиттик тарыхын алмашуу боюнча келишимге кол коюшат. Ага ылайык, жарандар насыя алууда бирдей укукка ээ болот.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин жарандары аталган өлкөлөрдөн кредит ала алат. Бул тууралуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.
Анын айтымында, беш өлкөнүн жарандары кредиттердин тарыхы боюнча маалымат алмашуу жөнүндөгү келишимге ылайык, союздагы өлкөлөрдүн аймагында кредит алууга бирдей укукка ээ болот. Документке бүгүн кол коюлат.
"Жарандын паспорту кандай болбосун, банктар анын кредиттик тарыхын текшере алат", — деп "Sputnik Жакынкы чет өлкө" Telegram каналы Мишустинге шилтеме берип жазды.
Эске салсак, ЕЭАБдин курамына Россия, Беларусь, Казакстан, Армения жана Кыргызстан кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0