Кыргызстанда акыркы тогуз айда элге 27,4 млрд. сом насыя берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары. Архив
Сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Быйыл насыя алгандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу азайганы менен берилген чакан кредиттердин көлөмү өсүүдө.
БИШКЕК, 17 ноя — Sputnik. Өлкөдө 2021-жылдын январь-сентябрь айларында чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 27,4 миллиард сом өлчөмүндө кредит таратылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Кредит алгандардын саны 490 миң адамдан ашты. Алар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10 пайызга кыскарды, ал эми берилген насыянын көлөмү, тескерисинче, 17 пайызга өскөн.
"Микрокредиттер Ош облусунда (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,4 пайызы) көп берилген. Экинчиде Бишкек шаары (17,8%) турат. Ошондой эле Чүй (14,2%) жана Жалал-Абад (14%) облустарынын жарандары алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Былтыр кайсы аймактан канча киши чакан кредит алып, эмнеге жумшаган. Тизме
Тогуз айда берилген насыялардын жалпы көлөмүнүн 36 пайызынан ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарга багытталган. 30 пайызга жакыны айыл чарба ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн берилген. 10 пайыздан ашыгы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндөгү долбоорлорго жумшалса, 9 пайызга жакыны курулушка багытталды.
Ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 3,8 пайызга кыскарды.
2021-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда төмөн болуп 91,2 пайызды түздү.
Жаңылыктар түрмөгү
0