Кыргызстан сентябрда 300 кг алтын сатты. Экспорттогон өлкөлөр

© Фото / пресс-служба НБКРЗолотые слитки НБКР
Золотые слитки НБКР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Быйыл баалуу металл экспорттоонун көлөмү 10 тоннадан кыскарган. Маселен, жайкысын 30 килограммдан аз сатылган.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Сентябрь айында Кыргызстан Швейцарияга 300 килограммдай алтын сатканын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алтын сатуу боюнча маалыматтар

Тогуз айда чет жактарга 4 тонна 456 килограмм 162 грамм алтын сатылган. Ал 251,4 миллион долларга бааланган. Ал эми сегиз айда 4 тонна 161,4 килограмм экспорттолгон.
Алсак, сентябрь айында Кыргызстан 294,7 килограмм баалуу металл сатты.
Жалпысынан ушул жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 тоннага көп алтын сатылып, чет өлкөлөргө 14,6 тоннадан ашык баалуу металл экспортко кеткен.

Алтын каякка сатылган

Кыргызстан быйыл Түркия, Россия жана Италия өлкөлөрүнө жалпы көлөмү ондогон килограммды түзгөн алтын сатты. Негизги кардар Улуу Британия болду. Алар 4,1 тонна алтын сатып алышкан. Бирок алака июнь айында эле токтотулган.
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду
Сентябрь айында Кыргызстан Швейцарияга жалпы наркы 16,2 миллион доллар турган 286,4 килограмм баалуу металл (Түркия менен Италия дагы бир нече килограммдан сатып алышты) сатты.
Бул акыркы жылдарда аталган Европа өлкөсүнө жасалган алгачкы экспорт болгон. Белгилей кетсек, мисалы, 2017-жылы ата мекендик алтындын негизги сатып алуучусу Швейцария болгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, 2019-2020-жылдары бул өлкөгө бир грамм да алтын сатылган эмес.

Алтын казуудагы абал

Мамлекеттик органдар 2021-жылы баалуу металл өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөй турганын өткөн жылы эле болжолдошкон. Алсак, Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кумтөр жана Талды-Булак Сол жээкте кен казуу иштери рудасында алтындын курамы аз болгон аймакта жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, "Кыргыз алтындын" өндүрүшү консервацияланышы күтүлүүдө. Бирок ошол эле маалда Жер-Үй (иш башталган) жана Чаарат алтын кендерин ишке киргизүү пландалган.
Эске салсак, май айында Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизилген. Жаңы администрациянын айтымында, кен пландалган режимде иштеп жатат жана өндүрүштүк тапшырмаларды аткара аларына ишендирүүдө.

Сатуу жана казуу боюнча абал

Киши доллар купюралар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Мигранттар быйыл Кыргызстанга көбүрөөк акча которду. 8 айлык статистика

Июнь айында 6,2 килограмм экспорттолсо, июлда бир грамм да чыгарылган эмес, ал эми августта 20 килограммдай алтын сатылган.

17-сентябрда Лондон ассоциациясы "Кыргыз алтын" аффинаждык заводун ишенимдүү сатуучулардын тизмесинен убактылуу чыгарып салганы белгилүү болду.
Сентябрь айынын соңунда Камчыбек Ташиев июнь жана июль айларында Кумтөр кенин иштетүүдөн 90 миллион доллар киреше түшкөнүн билдирген.
Октябрь айынын орто ченинде Акылбек Жапаров Кумтөр кени тышкы башкарууга өткөндөн кийин беш тоннадан ашык алтын казылып, 100 миллион сомдой пайда көргөнүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0