Кымбатчылык жагынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан алдыга чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүГипермаркеттеги сатып алуучу
Гипермаркеттеги сатып алуучу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, Кыргызстанда көбүнесе күйүүчү май, көмүр, тамак-аш сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баасы көтөрүлдү.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын октябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда байкалды. Бул тууралуу Статистика комитети кабарлады.
"Сентябрга салыштырмалуу биримдикке мүчө бардык мамлекеттерге керектөө баалары жана тарифтер жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүттү кайра иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жыл башынан бери Кыргызстан кайсы товарларды сыртка көп сатты. Статистика
Тагыраагы, бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө карата инфляциянын деңгээли 1,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда бул көрсөткүч Россияда — 1,1, Беларуста — 0,9, Казакстан менен Арменияда — 0,7 пайыздан болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда көбүнесе күйүүчү май, көмүр, тамак-аш сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баасы көтөрүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0