3 миң сомдук көмүр сатылып жаткан кампадагы абал. Дрон менен тартылган видео

© Sputnik / Акылбек БатырбековПродажа угля по 3 000 сомов за тонну в Бишкеке
Продажа угля по 3 000 сомов за тонну в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Sputnik агенттигинин кабарчылары 3 миң сомдук көмүр сатылып жаткан жерге барышты. Кампанын жетекчиси көмүрдүн баасы кымбаттабай турганын айтууда.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Ага кезек күткөндөрдүн саны улам көбөйүүдө. Жериндеги абалга Sputnik агенттигинин кабарчысы көз салууда.
Кампанын жетекчиси Султанбек Жолдошбаев учурда ал жерде 200 тонна көмүр бар экенин айтты.
"Кечээ 200 тонна көмүр алып келишти. Кара-Кечеден дагы машиналар келе жатат. Азыр кезек күткөндөр көп, бирок баа көтөрүлбөйт. Тизме түзүлүп, алып сатарлар кирип кетпеш үчүн ар биринин документтерин карап жатабыз", — деди ал.
Кадрлардан кезекте 150дөй киши турганын көрүүгө болот.
Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөт деп убада берген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0