3 миң сомдон сатылып жаткан көмүргө чектөө качан алынары айтылды

© Sputnik / Александр Патрин / Медиабанкка өтүүРабота коммунальных служб по подготовке к зимнему сезону в Кемеровской области
Работа коммунальных служб по подготовке к зимнему сезону в Кемеровской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Азырынча тоннасы 3 миң сомдук көмүр алууну каалагандар көп болгондуктан көлөмү боюнча чектөөлөр киргизилди. Бийлик аны кийинчерээк алып саларын айтууда.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте арзан көмүр алууга узун кезек жаралгандыктан ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана берилет деген чектөө коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Эртең менен борбор калаанын кайсы жеринде көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатылары айтылган.
"Узун кезек пайда болушу божомолдонуп, ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана берилсин деген чектөө коюлду. 1-декабрдан тарта бул чектөө алып салынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүнө убада берген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0