300 млн. долларлык доо. Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утту

© Sputnik / Жоомарт УраимовMegaCom уюлдук компаниясынын имараты. Архив
MegaCom уюлдук компаниясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
"Пенвелл" компаниясы 2017-жылы кыргыз өкмөтү MegaCom ишканасындагы инвестициясын тартып алганын айтып, арбитраждык сотко даттанган.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан MegaCom уюлдук компаниясы боюнча эл аралык арбитраждык соттон толугу менен утуп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Сот бүтүп, карыздар төлөндү. Министр Тарых музейи качан ачыларын айтты
Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында арбитраждык курам доогердин Кыргызстандан 298 миллион доллар өндүрүү талабын четке каккан.
Министрлер кабинети 5-ноябрда бул арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку сотуна өтүнүч берүүнүн мөөнөтү аяктаганын белгилейт.
"Кыргыз тарап дээрлик 300 миллион доллар болгон талашты биротоло утту деп расмий түрдө айтууга болот. Доогер өзүнүн инвестицияларын Кыргызстанда коррупциялык жол менен алгандыгына байланыштуу арбитрлердин курамы анын талаптарын алгылыксыз деп эсептеди. "Пенвеллдин" 2005-жылдын октябрь айында "БиМоКом" (MegaCom) компаниясын сатып алышы, андан кийин 49 пайыз акциясын ошол кезде Алексей Елисеев көзөмөлдөгөн "Форнтек" ишканасына сатышы "Пенвелл" компаниясынын КРдеги инвестициясы коррупциялык жол менен алынганын далилдейт", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин министрлер кабинети 30 жылдык эгемен тарыхта Кыргызстан инвесторлордун даттануусу боюнча коррупциялык иштерге аралашканын негиз кылып эл аралык соттон утуп алышы биринчи ирет катталганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0