Кыргызстанга күрүч кайсы мамлекеттерден келет? Тизмеде АКШ, Уругвай бар

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүрүч. Архив
Күрүч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Ушул жылдагы сегиз айдын ичинде өлкөгө дээрлик 2,9 миллион долларга бааланган күрүч импорттолгону маалым болду.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан август айына чейин Кыргызстанга сырттан 3 974, 1 тонна күрүч алып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Жалпы көлөм дээрлик 2,9 миллион долларга бааланган.
Кыргызстан күрүч алган өлкөлөр:
  • Казакстан — 2 892,9 тонна (мындан ары тонна көрсөтүлөт);
  • Россия — 564,9;
  • Индия — 265,6;
  • Пакистан — 134,7;
  • Өзбекстан — 33,8;
  • Бириккен Араб Эмирлиги — 30;
  • Иран — 25;
  • АКШ — 9;
  • Греция — 8;
  • Уругвай — 7;
  • Кытай — 2,1;
  • Болгария — 1;
  • Тажикстан — 0,1.
Жаңылыктар түрмөгү
0