Акылбек Жапаров: аткаминерлерге көмүр маселесин чечүүгө эки жума убакыт берем

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Жапаровдун айтымында, учурда аткаминерлердин шалаакылыгынан республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери отун, электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат берген.
"Учурда аткаминерлердин шалаакылыгынан республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, бардык аймактар көмүр менен 100 пайыз камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында белендөө электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек", — деди Жапаров.
Көмүр менен самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасы эмнеге кымбаттап жатканын түшүндүрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы калк арасында электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин, ошол эле учурда керектөөчүлөрдүн жана социалдык объектилердин жарыгын өчүрүүгө жол берилбеши керектигин кошумчалаган.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров көмүргө карата бааны атайылап жогорулатууну алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүүнү тапшырган. Анда Бишкек мэриясынын, Энергетика министрлигинин, ИИМдин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, Салык кызматынын өкүлдөрү иш алып барышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0