Адис: кыргызстандыктар Россиядан алган малын Өзбекстанга сатып жатат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКороодогу уйлар. Архив
Короодогу уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Эксперттин айтымында, кыргызстандыктар Россиядан абдан көп мал сатып алып, кайра Өзбекстанга сатып жатат.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өзбекстанда Россиядан алынып Кыргызстан аркылуу "транзит" менен өткөн мал сатылып жатат. Бул тууралуу "КР малчыларынын бирикмеси" ассоциациясынын президентинин кеңешчиси, финансылык институттардын биринин жетекчиси Тилек Ашимов билдирди.
Бишкекте россиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтүп жатат. Ага катышкан Ашимов өткөн жылы ага досу телефон чалып, Кыргызстандагы мал чарбачылыгында абдан активдүү аракеттер жүрүп жатканын билдирип, жарандар Россиядан көп мал алып жатканын айтканын белгиледи.
"Мен кырдаалды изилдей баштадым. Кытайдын рыногу бизге, албетте, кызыктуу. Бирок жаныбызда айыл чарба багытындагы малга муктаж Өзбекстан бар. Бул өлкөнүн жарандары бизден мал ала баштаган. Көрсө, Россиядан сатып алынган мал Кыргызстанга алып келинип, кайра Өзбекстанга сатылып жаткан экен", - деди Ашимов.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиа өнөктөшү болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0