Евро менен алтын кымбаттады. Узак дем алышта баалар кандай өзгөрдү

© Photo / Pexels / PixabayКурс евро к сому
Курс евро к сому - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан мезгил-мезгили менен негизги валюталардын курсу, күйүүчү майдын наркы жана алтын куймалардын баасы тууралуу кабарлап турат.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Төрт күнгө созулган дем алыш күндөрү доллардын курсу билинер-билинбес өзгөрдү. Евро менен алтындын баасы жогорулап, күйүүчү май мурдагы наркында калды.
Улуттук банктын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Кыргызстандыктар 6 жылдан бери миллиард сомго алтын сатып алышты
Евро бүгүн дүйшөмбү күнкүгө салыштырмалуу 10 тыйынга (97,7 сом) кымбат. Рублдин курсу бир аз жогорулаган. 
Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат. "Газпром нефть Азия" май куюучу түйүндөрүндө АИ-92 маркасындагы бензин 56,9 сомдон сатылууда.
Алтын куймалардын айрым түрлөрүнүн наркы сезилерлик кымбаттады. Маселен, бир граммы 85 сомго баасын жогорулатып, дээрлик 9 миң сомдон сатылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0