Бишкекте дизель майы кымбаттады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
10 күн мурда Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майдын баасын мындан ары жогорулатпай кармап туруу аракети өлкөдө май куюучу жайлардын иштебей калышына алып келерин айткан.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Акыркы эки күн ичинде Кыргызстанда дизель майы бир сомго кымбаттап кетти.
Өткөн аптадагы жума күнгө салыштырмалуу өлкөдөгү ири май куюучу жайларда бензиндин баасы ошол бойдон калды. Ал эми дизейль майынын баасы "Газпром нефть Азия" компаниясынын май куюучу жайларында бир сомго кымбаттап, "Роснефть" АЗСтеринин баасы менен теңелди. Учурда бир литри 53 сомдон сатылууда.

Күйүүчү май көйгөйү

21-октябрь күнү Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майдын баасын мындан ары жогорулатпай кармап туруу аракети өлкөдө май куюучу жайлардын иштебей калышына алып келерин айткан.
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Бензиндин баасын ооздуктоо. Монополия менен күрөшкөн агенттиктин чечимдери
Октябрь айынын башында Россиянын нефть иштетүүчү компанияларында күйүүчү майдын тоннасы 100 долларга кымбаттаган. Буга эки фактор себеп болду. Биринчиси — товардын тартыштыгы, экинчиси — ага болгон суроо-талаптын өсүшү. Ошол эле учурда эки ири завод оңдоо иштерине жабылган. Октябрда баалардын кескин өсүп кетиши республиканын аймактарында 40тан ашык май куюучу жайдын иш токтотуусун шарттады. Бааны ички рынокто мындан ары кармап туруу аракеттери бардык май куюучу жайлардын жабылышына себеп болот. Бүгүнкү күндө бензиндин бир литринин өздүк наркы сатылып жаткан баасынан 8,9 сомго кымбат.
Андыктан нефтетрейдерлер күйүүчү майды ташып келүүнү токтотпош үчүн жылдын аягына чейин баа 8 сом 90 тыйынга, бирок дароо эмес, этап-этабы менен көтөрүлөрүн божомолдошкон.
Жаңылыктар түрмөгү
0